Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Гайд-парк

Келесоо соттошуулар
Кырсык каш-кабактын ортосунда. Бирок ошентсе да ага кырсыктай, кокустуктай жана маңдайга жазгандан мамиле кылуу керек. Эгер кырсык бирөөнүн кесепетинен болсо, анда ал жазасын алууга тийиш.
Жакында Америкада Стивен Ченг деген мырза Манхэттендик стрип-клубду сотко берди. Себеби, Стивен мырза стриптиз көрүп отуруп, аябай кызыгып кетип, стриптизерша кызга өтө жакын отуруп алган. Бий учурунда кыз бутун өйдөгө көтөргөндө, туфлисинин бийик такасы анын көзүнө катуу тийип, өзүн оодара койгон. Ушуга арданып Стивен мырза клуб менен соттошуп жатат.
Бул окуяга байланыштуу британиялык "Миррор" гезити дүйнөдөгү дөөдүр соттошуулардын рейтингин жарыялады.
1. 1999-жылы АКШнын Орландо шаарында океанариумда касатканын бассейнине Дэниел Дюкс аттуу жигит чөгүп кеткен. Анын ата-энеси океанариумдун администрациясын сотко берип, бир канча млн доллар талап кылышкан. Алар жырткычты зыянсыз макулук катары рекламалагансыңар деп кине коюшкан.

2. 1997-жылы америкалык бир жигит атын Жэк Асс (англисче жэкас - эшекти түшүндүрөт) деп өзгөртүп алган. Азыр ал MTV телеканалын сотко берген. Телеканалдагы "Жэкасс" шоусунда Жэк Асстын аты мыйзамсыз, уруксатсыз колдонулуп жаткан имиш.
3.1995-жылы Калифорниянын Сан-Хосе шаарында Анна Аяла аттуу аял "Вендис" ашканасын сотко берген. Себеби, анын соусунан кишинин сөөмөйү чыккан. Бирок иликтөөлөрдөн кийин сөөмөйдү Анна өзү салып койгондугу аныкталган. Бирөөдөн кара ниеттик менен акча өндүрүп алам деп, Анна 9 жылга камалып кеткен.

4. 2000-жылы Калифорнияда бир серфер кесиптешин сотко берген. Көрсө, келаткан толкунду кесиптеши "уурдап" алган экен. Бирок сот ишти кароодон баш тарткан, анткени алар "ага келаткан толкунду бирөө уурдап алганын карап туруп, канчалык жабыр тартканын" аныктоого мүмкүн эмес дешкен.

5. 1995-жылы Канаданын Онтарио шаарында 52 жаштагы Линда Хант өз компаниясынын салтанатында көп ичип алып, мас абалында машина айдап, кырсыкка кабылган. Өз жетекчилигин сотко берген. Анын арызында жетекчилик ага мас абалында машинага отурууга уруксат бербеши керек болчу деп айтылат. Соттун жыйынтыгында Линда компаниядан 300000 доллар утуп алган.

6. 2006-жылы Америкада Аллен Хекард аттуу мырза белгилүү баскетболист Майкл Жордан менен "Nike" фирмасынын негиздөөчүсү Фил Найтты сотко берген. "Nikeтын" рекламасындагы Майкл Жордандын Алленге окшоштугу аны аябай жабыркаткан имиш. Бирок көп өтпөй Аллен арызын кайра алган.

7. 1991-жылы Америкада Ричард Овертон аттуу мырза "Anheuser-Busch" пиво компаниясын сотко берген. Компаниянын "Буд" пивосунун рекламасында пиво ичкен адамга купальникчен жаш улан-кыздар келишет. Ричарда канчалык пиво ичсем да купальникчен улан-кыздар келбей жатат деп арызданган. Ал компаниянын рекламасы ката жана алар убадасын аткарбайт деп айыптап, экинчи сотто пиво сатып алган акчасын өндүрүп алган.

8. NBC телеканалындагы "Түнкү шоуда" реклама, белек катары көрөрмандар тарапка футболка атылат (пневматикалык замбиректен). Бир жолку шоуда футболка бир көрөрмандын көзүнө тийип, ал телеканалды сотко берген.

9. 1999-жылы Нью-Йоркто "күлкүлүү" кырсык болгон. Туалетте отурган канадалык турист Эдварт Скварек даарат кагазын алайын деп алга бир аз жылганда унитаз жылып кетип, байкуштун жыныс мүчөсүн кыпчып калган. Эдварт "Starbucks" мекемесин 1 млн долларга өндүрүп берүү арызы менен сотко кайрылган. Анын аялы Шерри да мекемени секстен бир топ убакытка куру калтырганы үчүн 500 миң доллар төлөтүп алуу үчүн сотко кайрылган.

10. АКШнын Сан-Диего шаарында Элтон Жон менен Билли Жоэлдин концерти болуп, көрүүчүлөр өтө көп келген. Антракт учурунда аялдар туалетинде кезек өтө узун болуп кетип, чыдабаган аялдар эркектердин кабинетине кирип барышкан. Аялдар кирип келип калган учурда даарат ушатып жаткан Боб Глейзер "менин жеке сырыма болгон укугум бузулду" деп шаар бийлигин 5.4 млн долларга сотко берип, бирок процесс натыйжасыз болгон.

Мышык ийгилик алып келет
Япониянын "Wakayama" компаниясында иштеген мышык компаниянын кирешесин 10%га өстүрдү.
Мындан 2 жыл мурун компания чыгымдардын көптүгүнө Киси станциясын жабууга аргасыз болгон. Станцияда кызматкерлер менен кошо Тама аттуу мышык жашачу. Кызматкерлер кетсе да, Тама кетпей станцияны байырлап калып калган. Станция кийин кайра ачылып, Таманы жетекчи кылып дайындашкан. Ага билет сатчу кассадан орун беришип, эмгек акысына бекер тамак бере башташкан. Мышык тууралуу уккандар кызыгып, жүргүнчүлөр атайын ушул станцияга келе башташкан. Натыйжада мышык ак жолтой саналып, азыр ардактуу кызматкер. Ага арналып северниклер жана китеп чыгарылды.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!