Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Жүгү уйда болсо да, дымагы төөдө…

"№1 - патриот" Назарбек Нышановдун бейпатриот жоруктары
Ой тобо, мурдун такай шамалга кармаган абжир, эптүү адамдарга айла жок, кандай жагдай, кырдаал болбосун өз кызыкчылыгына оодарып, пайдасын көрүп калууга умтулушат да турушат экен. Мындайлардын сүйгөн ыкма усулу "аты чыкпаса жер өрттөп", ага да канааттанбаса "өзүн-өзү өрттөп", иши кылса кандай гана болбосун, упай топтомой, андан да эң башкысы батыштагы уюмдардын назарына эптеп илинүү. Ал уюмдар демократияны коргоп атат, режимге каршы күрөшүп атат деген шылтоо менен буларга аянбай акча жөнөтүп турушаары маалым. Тамагы айрылганча кыйкырып жүргөндөрдүн көпчүлүгү бүгүн жакшы офистерде отуруп, жакшы кийинип, тоюнуп дегендей өз "ишмердүүлүктөрүнүн" үзүрүн көрүшүүдө. Демек, акыбети кайтып атса керек да… Бүгүнкү күндөгү экономикалык кыйчалыш кырдаалды да жаза кетирбей пайдаланып калууга умтулгандар арбын. Төмөндө алардын бири туурасында кеп козгодук.
"Кыргызстандын патриоттору" деген аты өтө уккулуктуу да, салмактуу да саясий партия жакында өлкөнүн "Эркин жана адилеттүү өнүгүүсүнүн негизги программасын" көтөрдү. Айрым өтө "оригиналдуу" жерлерин айтпаганда, программа өзгөчөлөнгөн деле документ эмес, жөн карапайым тилге оодара, ток этээрин сүйлөсөк баягы эле "антүү керек, минтүү керек" сыяктуу "баалуу" кеңештердин, акыл үйрөтмөйлөрдүн тизмеги. Партиянын лидери Н.Нышанов мырзанын өзү жөнүндөгү кепке келсек, калың элдин катмарында аты-жыты көп деле белгилүү эмес адам болуп чыкты. Тескерисинче, анын "патриоттук ишмердүүлүгүнүн" бейпатриот жактарынан кабардар болгондор арбын экен.
Нышанов мырза өткөн жылы жүз коррупционердин аты-жөнүн жарыя тизмектеп, жөн гана атап койбой аларды жоопкерчиликке тартуу талабын кошо айтып чыккан. Бирок билишибизче, ашепке аша чаап коррупциядан алыс аттуу-баштуу бир топ адамдарды кийирип жиберип а кишилер да өзү да, уят болгон дешет. Илекер, эптүү журттун далайы Акаевдин заманында тыштан келген кредиттердин аркасынан бутка туруп, байып баштаганда Н.Нышанов да Базаркоргондун райондук бейтапканасындагы жөнөкөй, жарыбаган педиатр врач кесибин Ош, Жалалабат облустарын агрардык реформалоо фондусунун өкүлү кызматына алмаштырып, аталган облустардын агрардык тармагын көтөрүүгө баш-оту менен киришти. Өкмөттөн бөлүнгөн 1 миллион сомдон ашуун кредиттик каражаттарды "шилтеп" койгону билинип калып, 1998-жылы камалган. Ал эми 2000-жылы Бишкектин Биринчимай райсоту тарабынан шылуундугу үчүн 13 жылдык абак мөөнөтүнө өкүм кылынган. Өзү муну элге "Акаевге импичмент жарыялап, кол чогулта баштаганы үчүн" деп түшүндүрөт. Абактын үчүнчү жылында мунапыска илинип бошоп чыккан, бирок байысам деген үмүтү соолмок тургай ого бетер ээлендирип, абак керебетинде жатып алып шашылбай түзгөн түркүн-түс пукта пландары менен чыкты. Ири афераларды жүргүзүү үчүн жөнөкөй өкүлдүн кызматын ээлеп туруу жетишсиз экендигин, аның үчүн ишенимдүү калканыч керек экенин эми жакшы түшүнгөн экс-педиатр "Кыргызстандын патриоттору" деген шаңдуу, сүрдүү, аты жугумдуу саясий партия түзүп, кайрадан ишке киришти. Оңдой берди болуп дал ошол учурда Акаевдин оппозиция менен ымаласы жакшы келишпей, кырды бычак жагдай курчуп турган. Ошондон уламдыр, Н.Нышанов радикалдуу оппозициянын катарына жеңил сүңгүп кирип кетти да, демократиянын идеалдары үчүн жалындуу күрөшкерлердин бири болуп чыга келди. Чындап келгенде бул адамдын тээ тереңде катылган максаттары таптакыр башкача болчу. Көп өтпөй элге да, бийликке да ал оппозиционер катары таанылды, билинди. Тактап айтканда башкы максат жүзөгө ашты, калганы фоксчулар айткандай, колдун иши эмеспи…
Н.Нышанов Бишкекте "Лига антикризис" аттуу коомдук уюм ачып, калкка үстөк пайызы жок, узак мөөнөттүү кредит алып бергенге жардам көрсөтөм деп чыкты. Сыртынан элге күйүмүш эткен бул иш чынында тыкыр ойлонулган, эсеп-чоту электен далай өтүп акыбет пайдасы күтүлгөн чоң афера эле.
Мунун өкүлчүлүктөрү Ош шаарында ачылып, иштерман кызматкерлер элден киши башына 100 сомдон акча чогултуп башташты. Б.а. мүчө болом дегендер ай сайын 100 сомдон взнос төлөп турууга тийиш.
Учурда түштүктүн үч облусунан эле жалаң мүчөлүк акыдан 500 миң сомдон ашуун акча чогултулду. Кредит алсам дегенге эки көзү төрт айылдыктардан акча алганга дейре дешип бизнес-план түзүп берүү менен да ар биринен үч миң сомдон алып жатышат. Бирок "Лига-Антикризис" коому түзүлгөндөн бери анын бир да мүчөсү убада кылынган кредиттерди алыша элек, бул аферадан азап тарткан 6 миңден ашуун адамдын кантип опоңой алданганына таң каласың, укук коргоо органдарынын деле мурдун балта кесчүдөй түрлөрү жок.
Н.Нышанов мырза болсо маселен, И.Пак сыяктуу ("Рентон-групп") качаарга ою да жок, кенен сайрандап, беймарал жүрөт. Албетте, эл арасынан эмне үчүн уюм убадасын аткарбай жатканына кызыккандар деле жок эмес, андай акылдууларга Н.Нышановдун берээр жообу белен: бийлик АКШнын, Батыш Европанын жинине тийип, туура эмес багытта иш тутуп жатат, ошондуктан алар кредит берүүдөн баш тартып жатышат, бирок жибишсе эле эле сөзсүз беришет, болгону күтө туруу керек, ж.б.у.с. кесмени илип, элдин санаасын тынчтандырууда.
Ал эми уюмдун өзүнүн ичиндеги шекшингендерди Н.Нышанов аяп койбойт, мисалы, каражаттардын кайда жумшалып жатканын белгиси келгендерди жумуштан токтоосуз кууп салып жүрдү. Чыдамы түгөнгөн мүчөлөр отчетуңду бергин деп жарга такашканда төрага Н.Нышанов "Лига-Антикризис" коомдук уюму өз ишин токтотту деп буйрук чыгара салат да, дооматыңар болсо, сотко кайрылгыла деп чыга берет. Эч ким жүз сом үчүн сотко бербээсин жакшы билген Н.Нышанов ошо эле "көп түкүргөн көлдөн" каалагандай "балык кармап жеп", тагдырына да, өз акылына да ыраазы. Анын "күнүнө жылынгысы" келген карапайым калк болсо капитализм доорунда "бекер быштак чычкан кармаган капканда" гана болоорун дагы эле түшүнгүсү жок, коррупцияга каршы "айгышкан күрөшкө" жамынган нышановдор каратып туруп тоноп жаткандары эсине да келбейт шекилди. Биз болсок элдин аң-сезими бүгүн башкача, жогору дейбиз, кайдан…
Бахтияр ШАМАТОВ



  Чатак

Кыдыралиевдин "крышалары", Жумуковдун өзүм билемдиги же кооперативге эмне үчүн бийликтегилер бут тосушат?
Таанышың болсо таңкасың
Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнүн Таранбазар айылынын 80ге жакын адам үлүшү менен мүчө болуп кирген "Ак Жол" агротехникалык сервисинин жамааты акыйкаттыкты издеп, жети баштуу желмогуздай болгон коррупцияга каршы күрөшүүдөн чарчады.
"Таанышың болсо таңкасың" дегендей Орозмат Кыдыралиев "Ак жол" техсервисин, көз боюмочулукка салып, жасалма жол менен элдик менчикти, мамлекеттик саясатты колдоп түзүлгөн кооперативди жеке менчик кылып тартып алып, эми мынтип өзү да иштете албайт, элге да мүмкүнчүлүк бербей отурган чагы. Анда сөз ирети менен болсун:

Ак жолдун ээси ким?
Оболу "Ак Жол" техникалык сервиси жөнүндө: Бул техсервис 1994-жылы уюшулган жана өзүнүн уставы, мөөрү бар, 2007-жылы мамлекеттен калган карызын толугу менен төлөп, элдин менчиги болуп ажыратылган. Азыркы учурда 80ге жакын мүчөсү бар.

Көз боёмочулук
Бирок "Ак жол" техсервисин эч кандай тиешеси болбосо да, бир күн да ал жерде иштебеген, Көкарт айыл өкмөтүнүн тургуну Бахтияр Кыдыралиевди атасы Орозмат Кыдыралиев убактылуу Курманбек айыл өкмөтүнө каттого кое коюп, көмүскө, эч кимге билгизбей жасалма (фиктивный) документ даярдап, сатып алган. Муну "Ак жол" техсервистин мүчөлөрү - биз да билген эмеспиз. Кийин белгилүү болду.
Ал эми документ жасалма экенин 2007-жылы 12-24-сентябрда текшерген Кыргыз Республикасынын Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмү аныктап, акты түзүлгөн.
Бул актыда 1994-жылдын 28-декабрындагы №827 буйругуна жана Архангель айылдык кеңешине караштуу "Ак жол" техсервиси ишканасынын эмгек жамаатынын 1994-жылдын 29-декабрындагы жалпы чогулушунун чечимине негизденип, Сузак районунун мамлекеттик администрациясы №50 буйрук чыгарган деп көрсөтүлгөн да, "Ак жол" агротехсервисине караштуу мүлк жалпы элдин мүлк үлүшү болуп эсептелет деп жыйынтык чыгарган.
Ал эми 2006-жылы 23-августа Курманбек айылдык Кеңешинин аймагындагы дыйкан, фермердик жана жеке чарбалардын чогулушунда С.Ирсалиев чогулуштун төрагасы, С.Мамашев катчысы болуп "Ак жол " агротехсервисинин бардык имараттары борбордук мастерской станоктору менен, машина туруучу бастырма, жеке ишкер Бахтияр Кыдыралиевге келишим аркылуу сатылсын жана төлөм каражаты төгүлсүн деген токтом чыгарган. Ушундай эле чогулуштун дагы бир токтомун чыгарышкан. С.Ирсалиевдин чогулушта болгон эмесмин, мен актай барака кол койгомун деп прокуратурага берген түшүнүк катынан кийин, О.Кыдыралиев тарабынан ошол эле эле документке Н.Акушев жетекчилик кылган деп дагы бир документ жасашкан.
Ушунун өзү эле чогулуштун жасалма экенин далилдеп жатпайбы. Ал эми эки чогулуштун катчысы деп жазылган С.Мамашев, мен катышкан эмесмин, менин колум эмес, жасалма деп билдирген
Б.Кадыралиевдин дагы бир жалганы - Айылдык кеңештин 12 депутаты Б.Кыдыралиевге борбордук мастерскойду станоктору менен жана кошумча курулуштарын өткөрүлүп берилишине, калыбына келтирип берилишине макулдук кат берди дегени туура эмес болуп чыккан. Түшүнүк кат алганда "Биз Б.Кыдыралиев менчикке алышына макул эмеспиз" деп түшүнүк кат беришкен.
Бирок, Сузак райондук агрардык департаменти калыс чечим кабыл алуунун ордуна Орозбек Кыдыралиевдин жан досу М.Жумуков жең ичинен колдоп, жеке кызыкчылыгы менен түзүлгөн комиссия Б.Кыдыралиевге өткөрүлүп берилсин деп сунуш беришкен, буйрук чыгарышкан. Ж.Жумуков Архангель айылдык кеңешине караштуу "Ак жол" техсервиси ишканасынын эмгек жамаатынын 1994-жылдын 29-декабрындагы жалпы чогулушунун чечимине негизденип, Сузак районунун мамлекеттик администрациясы №50 чыгарган буйругунун башын аттап кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.
Ошондо да комиссиянын мүчөсү А.Токоматов кол койбой койгон. Бул буйрук тууралуу бизге, "Ак жол" техсервисинин мүчөлөрүнө мыйзам боюнча кат жүзүндө маалымат билдирилген эмес.
М.Жумуков тарабынан Б. Кыдыралиевге "Абай" ЖКЧсына менчикке алуу боюнча укугу тууралуу күбөлүк берип салган. Б.Кыдыралиев М.Жумуковдун аяш уулу. Мында мамлекеттик кызмат боюнча мыйзам бузулган. М.Жумуков кызмат абалынан пайдаланган. Кыскасы, 2007-жылы 12-24-сентябрда текшерген Кыргыз Республикасынын Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттигинин тактамасын уруп да коюшкан жок.
Ушундай эле укук элдин менчиги катары биздин "Акжол" тех сервисинин мүчөлөрүнө да берилген. Биздин да күбөлүгүбүз бар. Облустук юстициялык башкармалыктан каттоодон өткөн мыйзамдуу документтерибиз бар.
"Ак жол" техсервиси жана айыл өкмөтүнүн жамааты "Аудит эксперт" аудитордук кызматына, регионалдык агрардык саясат кызматына, облустун губернаторуна кайрылып, натыйжада 2007-жылдын 24-апрелинде элдик жамааттын катышуусунда жалпы чогулуш өткөрүлүп, анда сервиске тиешелүү мүлктөрдү элдик жамаатка калтырылсын жана Б. Кыдыралиевге сатылсын деген фиктивный токтомун жокко чыгарган токтом кабыл алганбыз.
"Аудит эксперт" аудитордук кызматы да текшерип, техсервис жалпы жамааттын үлүшү экендигин аныктаган.

Ара төрөлгөн соттук чечимдер
Ишенген кожом сен болсоң, алды-алдынан тал карма демекчи, ишенген, чече турган кожоюнубуз Маматжан Жумуков болсо, Сузак райондук прокуроруна кайрылсак, ал Айбек деген кызматкерине тапшырган. Б.Кыдыралиев биздин техникаларды тартып алды, кайтарууга жардам бериңиз десек, ал кайра акчасын төлөгүлө, биз аудит чакырып силерди текшеребиз дейт. Айлабыз кеткенде соттошууга өттүк.
Жалалабат областынын райондор аралык сотттун соту А.Айжигитов М.Жумуковдун буйругун жокко чыгарган. Бирок күбөлүк жокко чыгарылган эмес. Буйрук жок болгондон кийин буйруктун негизинде берилген күбөлүк да жокко чыгарылышы керек эле. Ошондуктан биз Жалалабат областынын райондор аралык сотунун чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылып, облустук сот Б.Кыдыралиевге жазылган күбөлүк, келишим туура эмес, мыйзамсыз, бул мүлк "АкЖол" техникалык сервисинин мүчөлөрүнө таандык деп аныктап, өкүм чыгарган. Ошого карабастан Б.Кадыралиевдин атасы О.Кыдыралиев жана анын досу Сузак райондук агрардык департаментинин жетекчиси М.Жумуков тарабынан бизге ар кандай бут тосуу, кысым көрсөтүү уланып, ишибизди жылдыртпай жатат. Соттун чечиминдеги талаптарды тебелеп, Кыдыралиевдин туугандары "Ак жол" техсервисинин имаратына мыйзамсыз киришип, өзүм билемдик кылууда. Акыйкат биз тарапта экенин билип, айлалары кеткенде бизге күбөлүк берилсин деген Сузак райондук администрациясынын буйругун жокко чыгартышкан. Силердики туура, мыйзамдуу аракеттериңдерди жасай бергиле деген Сузак районунун акими Ж.Максуталиев ал буйрукту кайра калыбына келтирди.

Бактыярдын "крышалары"
Ал эми облустун губернатору К.Масировго кайрылганыбызда, ал биринчи орун басары, айыл чарбасын тейлеген Ж.Курбановго дайындаган. Ал сот чечет деп четте карап турат. Ал ортодо анын райондук жетекчиси М.Жумуков өзү билип, өтүгүн төргө илип, билгенин жасап жатат.
Анысы аз келгенсип Б.Кыдыралиев Сузак филиалындагы №18 лизинг компаниясынан тракторду мыйзамсыз сатып жибергендиги үчүн кылмыш иш козголуп, издөө жарыяланган. Какаганга муштаган болуп ал козголгон иш Сузак районунун прокуратурасынын кызматкери Бахтиярдын досу Айбек Алтынбек уулуна тийген. Ал аны издеп таппай жүрөт. Бирок Б.Кыдыралиев ачык эле эл аралап, эмне кыла аласыңар, колуңардан эмне келет эле дегенсип кайра бизди "көрсөтөм" деп коркутуп жүрөт. Айкайлап, адвокат болуп атасы О. Кыдыралиев жанында. О.Кыдыралиев болсо Көкарт айыл өкмөт башчысы болуп жүргөндө жеп ичип, жакшынакай техсервисттерди талкалап, майкандап жок кылган. Анысын өзү да мойнуна алып, "жедим, ичтим бирок мени эч ким жоопкерчиликке тарткан жок" деп чогулушта айтып мактанып жүрөт. Анан Президенттин кооперативге бириккиле деген агрардык саясатын жерге тебелеп, бир кишинин кызыкчылыгын бийик койгон бийликке жамынып алган коррупционерлерге каршы күрөшө турган күч бар экенине ишенип, ишенбей отурган чагыбыз.
"Ак жол" техникалык сервисинин жамааты 80 мүчөсүнүн атынан
С. Исмаилов, Т.Абжанов, М.Калдарбаев, К.Байсаков













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!