Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Сот залынан

Гезиттер жалаа жапканбы же?..
2-июнь күнү Биринчимай райондук сотунда А.Салиевдин "Алиби" жана "Де-факто" гезиттерине берген доо арызы каралды. Ушуну менен райондук деңгээлдеги сот аягына чыкты. Сот эки гезитти А.Салиевге бир миллиондон моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Ошондой эле "Алиби" гезитиндеги макаланын авторуна 3000 сом айып салынды.
Окуянын жүрүшү мындай болгон эле. "Алиби" гезити январда минтип жазып чыккан:
Президенттин инисинин ишин ким тергейт?
2007-жылдын 21-мартынан 22-мартына караган түнү болжол менен таңкы саат 4:00 чамасында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүнүн №100 үйүнүн тушунда адам өлүмү менен аяктаган каргашалуу окуя болгон. Бир эмес үч машинанын тебелендисинде калган Молдакунов Акбар окуя болгон жерде көз жумган...
...Жогоруда Акбарды үч машина тебелеген деп айтып өттүк. Алардын биринчиси, тагыраагы биринчи шектүү адам же "негизги кылмышкер" Салиев Асылбек Жаныбекович болушу толук ыктымал. Себеби, маркум Акбарды биринчи ирет 54-91ВА мамлекеттик номерлүү "Хундай Сонато" автомашинасынын айдоочусу сүзүп алып, Акбарды оор абалда калтырып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Ал автокырсыкка мүнөздүү көрсөткүчтөрү бар автомашина алыс эмес жерде Октябрь көчөсүнүн №303 үйүнүн короосунан МАИ кызматкерлери тарабынан табылган. Бул машинага Салиев Асылбектин тиешеси бар экендигин машинанын салонунан табылган мобилдик байланыш кызматы үчүн Кател компаниясына төлөнгөн квитанция далилдейт. Бул номердин абоненти Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн 189-үйүнүн 83-батиринин тургуну Салиев Асылбек Жаныбекович болуп чыккан...
Андан ары:
...Акбарды адегенде сүзүп алышы мүмкүн болгон Салиев Асылбек Жаныбекович президент Бакиевдин жакын иниси кылмышка тиешеси бардыгын далилдеп турса да, суракка алынган эмес...
...Бул кырсыкка экинчи адам милициянын кызматкери Жакпиевдин да тиешеси бар. Ал жолдо жаткан Акбарды тебелетип алып, токтоп жолдон чыгарууга аракет кылып жатканда "Фольсваген-пассат" В58-94G мамлекеттик номерлүү автомашина менен А.Ташкулов да тебелетип кетип, чала жан Акбар ошол жерде каза болгон...
...Ал эми чала жан Акбарды өлтүрө тебелеген А.Ташкулов адегенде шектүү деп саналып камакка алынып, кийин ага КРнын кылмыш кодексинин 121-беренесинин 2-бөлүгү (коркунуч абалда калтыруу)жана 281-берененин 2-бөлүгү (транспорт каражаттарынын кыймылын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылып, алыска кетпейм деген тил кат менен бошотулган...
Урматтуу Президент!
Ушул окуянын чын төгүнүн тиешелүү органдарга кайрылып убара болбой эле коюңуз, болгону үй-бүлөлүк форматта чай үстүндө отуруп эле сураштырып көрсөңүз ашыкча болбос. Молдакуновдор үй-бүлөсү таянган тоосунан айрылып отурат. Буга сиздин, мыйзамдын аткарылышына кепил болгон өлкө башчысынын жакын тууганынын да катышы бар болушу мүмкүн дегенге толук негиз бар. Ылайым андай болбой эле койсун, бирок фактыларды кантип жашырабыз?
Ал эми "Де-факто" гезити:
Жаныш Бакиевдин баласы жоопко тартылабы?
2007-жылы 21-марттан 22-мартка караган түнү таңкы саат төрттөрдө Бишкек шаарынын Жибек жолу көчөсүнүн №100 үйүнүн жанынан Акбар Молдокулов бир эмес, үч машинанын тебелендисинде калган. Ал окуя болгон жерде көз жумат. Биринчи болуп сүзгөн машина Жаныш Бакиевдин баласы Салиев Асылбек Жанышбековичке таандык экендигине айрым далилдер бар. Бул машинанын салонунан табылган мобилдик телефон аркылуу түшкөн звоноктор Москва көчөсүнүн 189- үйүнүн 83-квартирасынын тургуну Салиев Асылбек Жанышбековичке тиешеси бар экендигин Кател компаниясы тергөөдө көрсөтүп берген. Андан кийин сүзгөн эки машина дагы жөн кишилер эмес өңдүү. Акыр бул машиналардын ээлери да жогор жактан бир таяныч табышкан сыяктуу... деп жазган.
Бул макалалар жарык көргөндөн кийин анын каарманы - Салиев Асылбек Жаныбекович туура эмес маалыматтар анын арнамысына жана кадыр-баркына шек келтиргендиги үчүн ал гезиттерди сотко берген болчу. Сот процесси бир топ убакытка созулуп, райондук деңгээлдеги отуруму жыйынтыкталды.
Соттун жүрүшүндө эмнелер аныкталды?
1. Кател телефону А.Салиевдики эмес
"Алиби" гезити машинаны Асылбек Салиевге таандык болушу мүмкүн дейт. Ага машиненин ичинен табылган квитанция далил болгон. Бирок териштирүүнүн натыйжасында мындай маалыматтар аныкталган. Квитанцияда Салиев А.Ж. деп көрсөтүлгөн, Асылбек Жаныбекович деп көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле "Кателге" акча төлөгөн А.Ж. Салиевдин паспорттук маалыматтары жазылган. Ал маалыматтар Асылбек Жаныбековичтин паспорттук маалыматтары менен дал келбейт. Анда "Алиби" белгилегендей А.Ж. Салиевдин жашаган дареги көрсөтүлгөн эмес.
Ал эми "Де-факто" гезити андан ары кетип, машиненин ичинен квитанция эмес, телефон табылган жана ал Асылбек Салиевге тиешелүү экендигин Кател компаниясы далилдеп берди деп жазат. Бирок соттун жүрүшүндө Кателден эч кандай справкалар көрсөтүлгөн эмес.
2. Машина да Асылбек Салиевдики эмес
Эми машинеге токтолсок. Маркум Молдакунов Акбарды биринчи сүзгөн машине (54-91ВА номерлүү "Хундай Сонато" автомашинасы) А.Салиевге эмес, "Бишкек" ЭЭАда шугулданган ишканага катталган. Жана айдап жүргөн К.Өмүракунов ал ишкананын жетекчисинин айдоочусу болуп чыккан.
3. Акбардын өлүмүнө К.Өмүракунов себепкер
Адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдар тарабынан шектүү делип кармалган К.Өмүракуновдун иши сотто далилденип, айыптуу деп табылган. Маркум Акбардын энеси, эжеси жана жесири материалдык жардам көрсөтүлгөндөн кийин К.Өмүракуновго дообуз жок деп кат беришип, анын негизинде мыйзамга ылайык К.Өмүракунов кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.
4. Асылбек Салиев кырсыкка тиешеси жок
Жогорудагы аргументтерден тышкары дагы бир факт - Асылбек Салиевдин кырсык болгон учурда башка жакта болушу. Ал ошол учурда Бишкекте эмес, Жалалабат шаарында болгон.
5. Мыйзамдар бузулду
Ар бир массалык маалымат каражаты маалымат берерден мурда аны текшерүүгө милдеттүү. Бирок эки гезит тең айтылган маалыматтарды текшерген эмес. Ошондой эле тергелип жаткан иштерди чагылдырууда маалыматтары тергөөчүнүн уруксаты менен гана берилүүгө тийиш. Ал эми бул жерде эч кайсы гезит уруксат суроо өтүнүчү менен эч кимге кайрылган эмес.
6. Аргументтер суу кечпейт
Эки гезит тең соттук териштирүү учурунда "Кател" компаниясынан эч кандай справкаларды, машине тууралуу МАИнин справкаларын көрсөтө алышкан жок. Ошондой эле маркумдун эжесинин каты, ага прокуратуранын берген жообунун көчүрмөлөрүндө эч кандай кол, дата коюлган эмес жана эч ким тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмес.
7. Жарандын абийирине, кадыр-баркына шек келди
Гезиттер кылмышка тиешелүү деп жазган Асылбек Салиев мындай чындыкка коошпогон маалыматтар менин адамдык беделиме, ар-намысыма шек келтирип, менин коомчулуктун алдында, биринчиден, киши өлтүргүч, экинчиден, мыйзамдарды сыйлабаган, анан ташбоор адам катары көрсөтүү аракеттерди болду деп эсептейт.
Жогорудагы фактылардын негизинде сот "Алиби" жана "Де-факто" гезиттериндеги маалыматтар чындыкка дал келбейт жана алар А.Салиевдин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирет деп таап, чечимин чыгарган.
Байкап отурган кишиге жогорудагы гезиттер журналисттик вазийпасын эмес, эптеп жылчык болсо эле президенттин, анын туугандарынын беделине шек келтирип, элге тескери пикир жаратуунун аракетинде тырышып жаткандай туюлуп кетет. Өздөрү "ылайым андай болбой эле койсун", "биз А.Салиевди күнөөлүү" дегенден алыспыз дегени менен фактылары жетишсиз болсо да айыптын баарын президенттин тууганына жаап, коомдук пикир жаратуунун амалында сыяктанат.
Алтын КАЗИЕВ




  Кармаша бербей каткырышып да алалы

Көк "Асмандан" "розыгрыш"
1-апрелге карата "Асман-пресс" гезити "розыгрыш" уюштуруп, соттошуп жаткан А.Салиев менен "Алиби" жана "Де-факто" гезиттеринин ортосунда тамаша уюштурган.
Бирок бул маек тамаша экенин гезиттердин редакторлору ошол учурда билген эмес. Эртеси гезитке жарыялангандан кийин гана жаамы окурман журту менен чогуу билишти.
Журналисттик турмушта ар кандай жагымсыз да, жагымдуу да окуялар болот, арада көңүл ачкан да, алдаган да, коркуткан да, эскерткен да, тамашалаган да, шылдыңдаган да учурлар кездешет.
Төмөндөгү окуяда журналисттерди журналисттер тамашага чалган экен. Окуп жылмайып коюңуздар.



Бабырбек Жээнбеков, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Асылбек Жаныбекович, өзүңүз чалып койгонуңузга рахмат"
- Алло, Бабырбек Жээнбеков бар болду бекен?
- Бар. Ким сурап жатат?
- Мен Асылбек Жаныбекович. Мен тууралуу гезитиңерге туура эмес маалымат кеткен экен. Ошол маалыматты кимден алганыңарды тактап коеюун дедим. Бишкекке келсем досторум гезитти алдыма таштады. Жаман абалда калдым. Менин акыбалымды түшүнүп жатсаңыз керек да. Ал маалыматты кайдан, кимден алдыңар?
- Биз бул маалыматты шаардык прокуратурада иштеген Досматов дегенден жана каза болгон баланын эжеси Бегайдан алганбыз.
- Силер эмне маалыматтын чын бышыгын билбей эле жарыялап жибересиңерби?
- Бул жерде биздин эч кандай күнөөбүз жок. Маалымат бергендер күнөөлүү.
- Эгер мен кылмыш кылсам кантип алдынан өткөнгө кудуретим жетпесин. Атам айтмакчы кун төлөйт элек да. Чынын айтып коеюн, бул жерде менин кылдай да күнөөм жок.
- Биз болгону колубузга тийген маалыматты жарыялап жибергенбиз. Асылбек Жаныбекович, өзүңүз чалып койгонуңузга рахмат.
- Колдон келсе, ушундай мен тууралуу туура эмес маалыматтарды жазбай жүргүлөчү. Кандай болбосун тактап алсаңар болмок экен. Анан да мени кыргыз тилин билбейт деп жазып жиберипсиңер. Мен кыргыз болгондон кийин кантип кыргыз тилин билбейт деп жазып жибергендер болду. Сиздерге чалып жатканымдын себеби, тил билгенимди дагы бир ирет далилдеп коеюун дедим.
- Өзүңүздүн телефон чалып койгонуңузга ырахмат.




Чолпон Орозобекова, "Де-Факто" гезитинин башкы редактору:
"Де-факто" гезитинин сиздерге эч кандай жаман ою жок"
- Алло, саламатсызбы?
- Саламатчылык.
- Бул Чолпон Орозобековабы?
- Ооба, ким сурап жатат?
- Бул мен, Асылбек Жаныбекович.
- Ким? Асылбек Жаныбекович? Каяктан чалып жатасыз?
- Кыргызстандан.
- Кыргызстанга келдиңизби?
- Келдим. Бул маалыматты кайдан алдыңар?
- "Алиби" гезитинен алганыбызды жакшылап карап көрсөңүз макалада көрсөткөм. Болгону кошумчалап, жабырлануучуга жан тартып жазып койгом. Телефондон эмес, жолугуп сүйлөшсөк жакшы болбойт беле. Сиз менен сүйлөшүп жатканыма кубанычтамын.
- Мен азыр шаар четиндемин. Жолукканга мүмкүнчүлүгүм жок.
- Эс алып жатасызбы?
- Ооба, мен да мекенимди, элимди сагындым. Бөлөк бөтөн жерде окуп, иштеш кандай кыйын. А сиздер бул жакта каалагандай эркин жашайсыздар да.
- Эс алып жатам десеңиз, мен сизге суктанып жатам.
- Суктанычтын деле кереги жок. Ар бир адам эс алганга укуктуу. Мен биринчиден, мамлекеттик чиновник эмесмин. Же Кыргызстанда "важный" фигуралардан эмесмин. Саясатка эч тиешем жок. Ал тургай айыл өкмөтү да эмесмин. Мен сизге окшогон эле жөнөкөй адаммын. Эгер мен жогорку кызматта турсам мен жөнүндө ушундай маалыматтарды таркатсаңар болмок. Мен жаш, өсө турган кыргыздын жигитимин. Менин келечегим кең. Ушуга окшогон туура эмес маалыматтар менин өмүр баяныма жазылып калышын каалабайм. Мен өз чындыгым үчүн күрөшөм.
- Анда мен сизге жолугуп, интервью алайын.
- Мен интервью бербейм.
- Эмнеден коркосуз?
- Мен эч нерседен коркпойм. Кылмыш кылсам коркот элем. Корко турган кымындай да күнөөм жок. Силердин гезитте мени кыргызча билбейт экен деп жаздыңар. Мен ошону далилдеш үчүн өзүм чалып жатам. Мен жеримди, тилимди сүйөм.
- Анда эмнеге адвокатыңар орус болуп, сот орусча жүрүп жатат?
- Мен ал орус тилдүү адвокаттарга ишенем. Кыргызбы, оруспу сот процессинде сенин күнөөң жок экенин далилдеп бериши керек. Туурабы?
- Сиз менен сүйлөшкөн мага абдан жакты. Эми качан жолуксак болот?
- 2-3 күндөн кийин шаарга түшөм.
- Шаарга түшкөндө мага сөзсүз чалып коюңуз.
- Бирок, менин сизге телефон чалганымды жазып ийбеңиз. Мен дагы бир туугандарым менен сүйлөшүп анан бул маселени чечем.
- Эгерде жазсакчы?
- Сиз мени көрбөй туруп, жанагы макаланы жарыяладыңыз. Азыр дагы көрбөй туруп жазам деп жатасыз.Эгер эртең мен танып кетсемчи.
- "Де-факто" гезитинин сиздерге жаман ою жок.
"Асман-пресс", 2008-жыл, 1-апрель.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!