Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Экөө

Ильгиз Айтматов өмүрлүк жары Розалия Жээнчороева менен
Эки кыз, бир уулдун ата-энеси.
- Ильгиз Төрөкулович, жаштыгыңызга кайрылсак, жубайыңыз менен алгач качан, кандай шартта тааныштыңыз эле?
- Москвада аспирантурада окуп жүрүп, диссертация жазып, ага байланыштуу үч жылдан кийин кайра Кыргызстанга кайтып, Жалалабаттагы Сумсар тоо-кен ишканасына барып калдым. Эми ал кезде узун бойлуу суналган жигит кезим. Анан бизди мектепте, институтта баягы жалпы коммунисттик тарбиялоодо силер кыздардын сулуулугуна карабагыла, негизгиси билимдүү, иштерман болсун деп окутуучулар көп айтышар эле. Анын баары аң-сезимге сиңип калган да, мен да иштерман, акылдуу, маданияттуу, түшүнүктүү кызга жолуксам экен деп көңүлдөнө баштадым.
Сумсарга барып жатаканасынан орун алайын деп каттоо бөлүмүндө турсам, бир сулууча келген кыз өтүп баратат. Үнүмдү катуураак чыгарып, эми мени сулуу кыздарга коңшулаш жайгаштырып кой деп тамаша салдым. Тиги кыз мени бир карап коюп, андан ары басып кетти.
- Ал кызга коңшу болдуңузбу анан?
- Жок, мени башка жакка жайгаштырды. Эртеси башкарма менен сүйлөшүп шахтага түштүм. Түшүп, забойго барсам, үчөө тамеки тартып турушат, кичинерээгин иштетип коюшуптур, анысы тим эле күчтөнүп чоң балка менен таштарды талкалап атат. Чоңдоруна тийишип калдым, эмне, кичинекей забойщикти иштетип коюп турасыңар десем, күлүп калышты. Көрсө, форма кийген, каскачан кичинекей забойщик - бала эмес эле Геология институтунан изилдөөгө жиберилген аспирант Розалия экен. Астырттан карап, баягы сулуу кызга окшоштурсам, ал өзү. Күжүрмөндүгүнө, күчтүүлүгүнө тан бердим. Ошондо эмнегедир болду-болбоду ушул менин келинчегим болот го деген ой кетти. "Коммунисттик эмгектин ударниги" деген төш белгисин да байкап койдум.
Эртеси Розалияны тааныган менин тааныштарым жолугуп калып, кечинде шахматты шылтоолоп, Розалия менен тааныштырмак болушту. Ошентип тааныштык, бир маалда шахматты биздин алдыбызга жылдырышты. Эки-үч жолу жүргөндө эле мага "мат" койсо болобу. Мына ошол күндөн баштап экөөбүздүн ортобузда сезимдин көпүрөсү курулуп, көпкө сүйлөшүп жүрдүк. Кудайга шүгүр, азыр үч балабыз бар: Жамийла, Ервен, Жибек. Төрт неберенин чоң атасымын.
- Адам баласында сүйүү түбөлүктүү эмес, ал алгач алоолонуп күйөт, бирок акырындык менен өчө баштап, көнүмүш адатка айланып калат дешет... Сиздин жашоо практикаңызда сүйүү кандай болду?
- Алгачкы аруу сезимиң, албетте, жок болуп кетпейт, бирок жаралган сүйүүнү бапестеп багып алыш турмуш жолун аттаган жубайлардан, экөөнүн мамилесинен, жашоо шартынан да көз каранды болот. Көнүмүш адатка айланган чакта дагы бири-бирине болгон сезим сакталат, анткени сүйүүнүн ар кандай түрү болот да.
- Розалия Жаманкуловна, Ильгиз Төрөкуловичтин пикирине сиздин көз карашыңыз кандай?
- Толугу менен кошулам, маселен биздин ортобузда азыр да махабат сезими жашайт. Ал үчүн мен үйгө шашып тургандай шарттарды түзөр элем. Эгер үйүң таза, тамагың даяр, күлүп-жайнап тосуп алаар бирөө болсо, ким эле үйүнө баргысы келбесин.
- Эс алуу күндөрүн кандай өткөрөсүздөр?
- Эс алуу күндөрдө конокторго барабыз, сейилдеп басабыз, неберелерибизди паркка алып барып ойнотуп келебиз. А Ильгиз айрыкча базар кыдырганды жактырат. Көчөдөбү, магазиндеби элдер үймөлөктөшүп кандайдыр бир буюмду алып жатышса, менин ой-боюма койбой, сөзсүз кезекке туруп алмайын кетпейт. Айтор, эл менен аралашып жүргөндү жакшы көрөт. Жер иштеткенге кызыгат.
- Таласка барып турасыздарбы?
- Албетте, барып турабыз. Элин-жерин сагынат эмеспи. Жерибиз бар, аны иштетебиз.
- Ильгиз Төрөкуловичти бактылуу кылдым деп ойлойсузбу?
- Биз экөөбүз тең бактылуубуз. Ар дайым бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, сый-урмат менен жашап келатабыз. Балдарыбыз, неберелерибиз, алектенген жумушубуз бар. Бизди колдогон элибиз бар. Мындан ашкан бакыт барбы?
- Маегиңиздерге чоң ырахмат.
Маектешкен Жамийла ЖАКЫПОВА
"Бишкек таймс", 2004-жыл,


Коомдук ишмер Роза АЙТМАТОВА өмүрлүк жубайы Эсенбек АЛЫМКУЛОВ менен
1959-ЖЫЛЫ БАШ КОШУШКАН. БИР УУЛ, БИР КЫЗЫ, ТӨРТ НЕБЕРЕСИ БАР.
- Роза эже, Чыңгыз Төрөкуловичтин дүйнөлүк атак-даңк алышы сизге да кандайдыр бир милдеттеме берсе керек...
- Албетте, ар бир кадамың, баскан-турганың эл көзүнө алына баштайт. Бир аз этият боло баштайт экенсиң. Ошол фамилияга татыктуу болушуң керек болуп калат. Бирок мен үчүн бул анча деле кыйынчылыкка турган жок. Андай болушум керек, мындай болушум керек деген жокмун. Мурда кандай болсом, ошол бойдон калдым.
- Фамилияңыздан пайдалана алдыңызбы?
- Жок, биздин үйбүлө андайга жокпуз, эч кимибиз аракет кылган жокпуз. Чыңгыз Төрөкулович да "силерге андай кылайын, мындай кылайын" деген жок. Окууну бүткөндөн кийин Илимдер академиясына бардым. "Мүмкүн болсо ушул жерде иштейин дедим эле" дедим. Макул деп кабыл алышты. Ал кезде кыргызча окуган жаштардын академияга кириши өтө кыйын эле, ал эмес мектептерге кирүү да кыйын болчу. Менин фамилияма карашты окшойт.
- Айтматов Айтматов болгондон кийин айрым адамдардын, жетекчилердин мамилеси өзгөрсө керек.
- Мен тааныбаган адамдар көп учурашчу болду. А жетекчилик тараптан эч өзгөрүү деле болгон жок. Кафедра башчылыгына сунуш кылышты. Бирок мен партияга өткөн эмес элем. Ошондуктан кафедрабашчы болбой калдым. Кийин кайра куруу убагында гана кафедра башчылыгына жана проректорлукка дайындалдым.
- Чыңгыз агайга азыр кандай мамиле кыласыз? Бир туугандайбы же коомдук, мамлекеттик ишмердейби?
- Бир тууганча эле мамиле кылам. Бирок ага эмне иш кылып жатканымды айтпайм. Бир жолу Кыргызстанга келгенде үйүнө бардык. Роза Отунбаева да бар болчу. Анан ал киши менин ишимди айтып салып жатпайбы "Роза Төрөкуловна да ушундай НПОдо иштеп жатат" деп. Агам унчуккан жок. Кетээрде гана "Роза, сен токтой турчу" деди. Кабинетине алып кирип, "Сен эмне, феминистка болуп кеттиңби?" дейт. "Жок, феминистка эмесмин, гендеристкамын" дедим. "Аның эмне эле?" дейт. Түшүндүрдүм. "Макул, бирок феминистка болбо" деди. Ишим тууралуу көп айтпайм. Жеңем билет, ошол айтат окшойт.
- Ал киши алыстан келгенде сизге белек ала келчү беле?
- Ала келчү. Азыр да алып келип турат. Келген сайын белек берет.
- Эмне белектерди берет?
- Эми ар кандай белек берет. Кийимден тартып, башка буюмдарды да тартуулайт. Бир жолу Люксембургга бардым. Биз жакта ал кезде турмуш-тиричиликтик электротехникалар жок болчу. Жолдошум айткан окшойт. Кетээрде агам "эмне алып берейин, микроволновка аласыңбы?" деди. Мен "Биз кыргызбыз, кыргызда кыз төркүнүнө барса кийит кийип келет. Мени агасынан эмне кийип келиптир дешет. Мага модный кийим алып бер" дедим. Мени чоң дүкөнгө алып барды. Көпкө тандадым, аябай карадым. Агам чарчаганча кыдырдык. Кымбатынан алдырдым.
- А сиз эмне белек бересиз?
- Мен көп деле белек бербейм. Менден эч нерсе албайт. Мени аяйт. Той-топурга кошумча алып барсам, "Жөн кой, өзүбүздүкү жетет" деп болбойт, бирок мен да болбой, ырымын жасайм. 75 жылдыгына туугандар биригип, ак кийизден жасалган кементай, суусар тебетей тартууладык.
- Үйбүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.
- Жолдошум медик. Манас районунан болот. Бир уулум, бир кызым, төрт неберем бар. Уулум үйбүлөсү менен Америкада. Кызым бул жерде.
- Жолдошуңуз менен кандайча таанышып калдыңыздар эле?
- Анда Жазуучулар үйүндө - агамдыкында турчубуз. Аскар (Аскар Айтматов) тогуз айлык наристе болчу. Сабактан барып, аны ойнотчумун. Бир күнү скверге алып чыктым. Ал коляскада, а мен журнал окуп отургам. Гезит кармаган бирөө өттү. Караган жокмун. Кайра артка өттү. Ары-бери өтө берди. Акырын карасам, узун бойлуу татынакай жаш жигит экен. Кайра окуп кирдим. Мен отурган скамейкага отурду. Ошол кезде Аскар ыйлап калды, аны алып скамейкага отургузуп койдум. Ал жөн отурбай, тиги жигитке асыла кетти. Төш чөнтөгүндө алтындан авторучкасы бар экен, ошону жулуп алды. Мен дароо "кой, бер бирөөнүн буюмун" деп, ручканы алып берсем, жөн коюңуз, ойной берсин деди. Ошентип таанышып кеттик.
- Туугандарыңыз кандай кабыл алды?
- Баары эле жакшы кабыл алды. Эч кимиси каршы болгон жок.
- Кудайга ишенесизби, динди карманасызбы?
- Кудайга ишенем, бирок динди анча карманбайм. Намаз окубайм, орозо кармабайм. Бирок туура жүргөнгө аракет кылам. Жаман айтпайм, уурулук кылбайм... Биз менен бир кыргыз кыз иштеди. Христиандык сектага кирип кеткен экен. Мени ошол жакка аябай үгүттөдү. "Аякта эмне кылам?" десем, "бирөөгө жамандык кылбайсыз, калп айтпайсыз, уурдабайсыз, ичкилик ичпейсиз" дейт. "Мен ансыз деле андай иштерди жасабайм да. Мусулман эле бойдон калам" дедим.
- Нан жапканды, казы-карта жасаганды, жөргөм өргөндү, бозо салганды билесизби?
- Жаш кезде анын баарын жасачумун. Азыр болсо аларды жасабайм, жаш да келип калды, жумуш да көп, кол бошобойт.
- А таар, килем согуп, кийим тиге аласызбы?
- Жок. Мен кофта токучумун. Азыр көз жетпейт. Чоң атам, азыркыча айтканда, модельер болгон экен. Ал өнөрүн улуу кызы Айымкүл алыптыр. Ал Талас өрөөнүнө белгилүү модельер болуптур. Азыр менин кызым кийимди жакшы тигет. Мага кудай андай талант берген эмес экен.
- Сизге кудай кандай талант бериптир?
- Мага деги эч кандай талант бербептир. Орточо эле жумуштар колуман келет.
- Келиниңиз Америкага кеткенче аны жумшап, кайнене болуп каада күткөнгө жетише алдыңызбы?
- Бир жылча жумшадым. Каадалуу кайнене боло албайт экенмин. Келиним менен подружка болдум.
- Өзүңүз келиндик кызматты кандай аткардыңыз?
- Келин болуп кайындарымдын колунда көп турган жокмун. Биз тез эле шаарга көчүп кеттик. Бул жагынан мага "повезло". Алар мага сый мамиле жасашат.
- Эже, азыр айылга кеткиңиз келеби?
- Мен айылга барганды жакшы көрөм. Бирок шаардагы шартка көнүп калдым да. Бир чети жашым да келип калды. Шарт болбосо кыйналат экенсиң. Айылда шаардагыдай шарт болсо жашай бермекмин.
- Маегиңизге рахмат.
"Бишкек таймс". 2004-жыл













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!