Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Тунугу кетти жылдыздын,
Туйгуну кетти кыргыздын

Дүйнөлүк маданият, азыркы адабият, Кыргыз Республикасы жана анын эли орду толгус чоң жоготууга учурады. 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты.
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Улуттук Академиясынын академиги, Бүткүлдүйнөлүк илимдердин жана искусствосунун академиги, Лениндик, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, Эларалык Джавахарлал Неру жана "Этрурия" сыйлыктарынын лауреаты, дүйнө өлкөлөрүнүн көптөгөн орден медалдарынын ээси, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси, "Ысыккөл форумунун" президенти Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданияттын өнүгүүсүнө, дүйнө элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого баа жеткис салым кошту. Анын ысымы, чыгармаларын окурмандардын бир нече мууну окуп, тарбияланган дүйнөлүк адабияттын классиктери менен бир катарда турат.
Улуу жазуучунун чыгармачылыгы аркылуу аалам кыргыз элинин рухий дүйнөсү, анын бай маданий мурасы менен таанышууга мүмкүндүк алды. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адам өнүгүүсүнүн жалпы дүйнөлүк процесстерине, азыркы дүйнөдөгү личносттун калыптануусуна таасирин тийгизди. Атамекендик жана дүйнөлүк басма сөз жазуучунун чыгармаларын дүйнөлүк көркөм адабияттын жогорку жетишкендиги катары баалайт.
ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматов дүйнөдөгү эң окумдуу жазуучулардын бири болуп эсептелет. Анын чыгармалары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн мектептеринин жана жогорку окуу жайларынын окуу программаларына киргизилип, 170тен ашуун тилге которулган, чет элде жалпы 60 миллиондон ашуун нуска менен басылган. Жазуучу-гуманист тынчтык жана гуманизм идеяларын жан үрөп жактаган. Өз чыгармачылыгында жана ар тараптуу коомдук ишмердүүлүгүндө дүйнөлүк маданият менен адабияттын улуулугун ынанымдуу далилдеген.
Дүйнөдөгү бардык окурмандары анын талантына, "Айтматов феноменине" таазим этишет.
1960-1980-жылдары жазуучу жогорку мамлекеттик органдардын депутаты, көптөгөн өкүлчүлүктүү форумдардын жана конгресстердин делегаты болгон. Чыңгыз Айтматов "Новый мир" журналынын жана "Литературный газетанын" редколлегиясына кирген. Өзүнүн чыгармалары үчүн Айтматов үч жолу - 1968-, 1980-, 1983- жылдарда СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган.
Чыңгыз Айтматов 1986-жылы аскерий, экологиялык, экономикалык катаклизмдердин алдын алууга жөндөмдүү жаңы планеталык ой жүгүртүүнү калыптандырууга кызыкдар ЮНЕСКОнун, футурологдордун, жазуучулардын жана сүрөтчүлөрдүн өкүлдөрүнүн башын кошкон Ысыккөл форумун уюштуруунун демилгечиси болгон.
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин улуттук жана дүйнөлүк маданий мейкиндикти өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымын, ошондой эле көп кырдуу коомдук-саясый жемиштүү ишмердүүлүгү эске алынып, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен 2008-жыл Чыңгыз Айтматов Жылы деп жарыяланган.
Эл жазуучусу Ч.Т Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу КР Президентинин Жарлыгы менен 2008-жылдын 14- июну Кыргыз Республикасында Аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргыз элинин чыгаан уулу менен коштошуу 14-июнда саат 9. 30 дан 11.30 га чейин Улуттук филармониянын имаратында болот.
Чыңгыз Айтматовдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлат.















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!