Коомдук-саясый гезит №15, 06.06.08-ж. |
Астапуралла Баалар менен таң атат да, баалар менен күн батат "Базарга барсаң бактыңан көр" деген кеп бүгүнкү турмушка таптакыр коошпой туру. Анткени каалаганыңды арзан сатып алып, базардан бактылуу кайткан күндөр эх, капкайда алыс калды. Баалар күн эмес, саат сайын өсүп жатат. Кымбаттабаган жалгыз эле "Полет" тамекиси калды, ширеңкеси менен. Эл деген эл экен, айласы жок алыбатат дагы эле, базар болсо базарлыгынан гана түтүп аткандай. Эт жебесе туралбаган кыргыз азыр этке жакындай албай, баасын алыстан көрүп эле айланып каччу болду. Калк ичинде баалар туурасында шумдук имиштер жүрөт, ишенбейин десең зымырап өсүп атканы, ишенейин десең анын бети курусун, аркысын айткандан да коркосуң. Өйдө тараптагы жигиттер болсо "белиңерди бек буугула, дүйнөлүк тенденция" деп алакан жайышат, ого бетер элдин жүрөгүн түшүрүп. Көтөрдүк деген айлыктары куюндаган баалардын артынан кууп жетмек тургай, чаңына караандабай калды. Арийне, Чудиновдун өкүмөтү бул ахыбалга оозун ачып карап турат дегенден такыр алыспыз. Бирдемелерди чечкен, жасаган болупатышат, бирок алардын жок дегенде бири сезилээрлик болсочу… Өткөндө өкүмөттүн өкүлү Э.Мамыров мырза "өлкөдө азык-түлүк таңкыстыгы деле жок, болгону баалар гана кымбат" деп айтып депутаттар гана эмес, Эшимкановдун "жашигине" жабышып отурган калың элди кошо эсейтти. Тооба, өкүмөттүн адамы да ушундай "кызык" кепти сүйлөйт тура дешип итиркейи кармаган көпчүлүк теле бетине жаба түкүрдү болуш керек. Ушу жерден шойкомдуу саясатчы В.Жирновскийдин "Я сам не понимаю, магазины ломатся от еды, но никто ее не покупает" деген сөзү эске түшөт. Эл сатып алалбагандан кийин азык-түлүк таңкыстыгы деп анан башка эмнени айтышыбыз керек? Магазиндер майышып турганы менен карапайым журт китлап жеп күн көрүп жатпайбы? Болгону "баалар гана кымбат" имиш… Министрлердин бүтүндөй армиясынан (башка митекорлорун айтпаганда) турган өкүмөт жок дегенде эң башкы азык - ундун бааларын көзөмөлдөгөнгө шайы келбей турат, ун "жебеген" бул мырзалар "матрезервде баланча тонна ун бар", "казактардан түкүнчө тонна ун келет, дан келет" дешип көңүлдөрү ток. Буудайдын аянтын көбөйтөм деди эле айылчарба министри А.Ногоев, көрсө бу да жел сөз экен, буудай аянттары кагаз бетинде гана көбөйүп, иш жүзүндө тескери экенин көзү менен көрүп күбө болуп келген депутат Б.Наргозуев танбастыр. Дегеле министр мырзанын аз-маз "шыпырылтып" иймейи бар окшойт, өткөндө быйылкы чегирткелерди каратуп туруп былтыркы деп айтып жибергенден кийин эл арасында ушундай шек күчөдү. Абыройлуу, наамдуу, бирок ээрде жок экономисттердин айтымына ишенсек, республика бүгүн жалаң сырттан келген (импорт) тамак-ашка көз каранды, элди багат дешкен менчик чарбакерлер элди бери кой, өзүлөрүнүн кара курсагы менен алек, алардын ИДП (ВВП) дагы үлүшү чөмүчкө чогултсаң толбочудай. Быт-чыт бөлүнгөн майда бул чарбаларды бүгүн "бөрү жеп", Күмөндөр айтмакчы дыйкан чарбалардын көбү чыйкан чарбаларга айланган, эптей албай, же берип жибергенге көзү кыйбай, айласы алты кетип тургандар бүгүн толтура. Кыскасы, карапайым кыргыздын күнү бүгүн баалар менен атып, баалар менен батып турган учур. Баалар көкөлөгөн сайын элдин маанайы ылдыйлап барат, мындай кризистик кыйын учурларда совет өкүмөтү мукураган элдин камын көрүп, атайын дүкөндөрдү ачмак, карточкабы, талон кийиреби, иши кылып калктын өзгөчө аз камсыз болгон катмарына жан-алы калбай колдоо көрсөтмөк. Социализм деген менен өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдө деле мындай учурда мамлекет элин талаага таштап койбойт. Бизде болсо бул жөнүндө кимдир бирөөлөр ойлонобу да жокпу, ким билет. Эгерде кырдаал ушу бойдон курчуп отурса, жакынкы келечекте оппозициянын деле кереги жок болуп калчудай. Дегеле бүгүн эл оппозицияга эмес, президенттин, өкмөттүн кол алдындагы аткаминерлердин камырабастыгына, кайдыгерлигине жана алсыздыгына көңүл кайт болуп да, заары кайнап да турат. Ошондуктан аттуу-баштуу саясатчылардын, эксперт билермандардын арасында бүгүн "2005-жылкы март революциясы келээрки революциянын жанында баланын ойнундай эле кеп болуп калбаса болду" деген чочулоолордун айтыла баштаганы жөн жерден чыкпасы белгилүү. Не дейбиз, кудай сактасын дей туралы. "БТП" маалыматы: 1 кг кант - 30-35 с. 1 кг күрүч - 47-50 с. 1 кг кой эти - 190-200 с. 1 кг уй эти - 170-180 с. 1 кг ун - 23-26 с. Бахтияр ШАМАТОВ Тобо дебеске арга жок… Адамзат тамак-аш кыяматына кабылабы? Ааламда башталып жаткан глобалдуу азык-түлүк кризиси адамзаттын төбөсүнө домоклдун кылычындай асылып туру. Дүйнөлүк Банктын эсебине ишенсек, эгерде азык-ашка баалардын өсүшү жайлабаса, жер шарында итке минген кедей адамдардын саны эки эсеге өсүп, эки миллиардка жетет. Баалардын болсо токточу түрү жок. Аналиктердин айтымында, азык-түлүккө баалардын жапырт өсүшү дүйнөдөгү салттуу энергетика булактарына болгон баалардын өсүүсү менен шартталууда. Алардын баасы агрардык өндүрүштүн реалдуу наркынын үчтөн бирин түзөт. Ошол эле учурда агрардык технологиянын бардык элементтери - айыл чарба машиналары, жабдуулар, кайра иштетүү ж.б. кымбаттоодо. Азык-түлүк кризиси кедей мамлекеттерге гана эмес, өнүккөн бакыбат өлкөлөргө да таасирин тийгизүүдө. Айталык, немистер, француздар, голланддар тамак-ашка буга чейин үйбүлөлүк бюджеттин 12-14 пайызын коротушса эми, бул 25 пайызга өсүп жетти. Ал эми Гаити, Мисир, Камерун, Мавритания, Мозамбик, Сенегал өңдүү африкалык жана азиялык мамлекеттерде ачкачылыктан көтөрүлгөн козголоңдордун кабарын угуп жатабыз. Мындай өлкөлөрдүн катарында коңшулаш Өзбекстан жана Тажикстандын аттары да атала баштады. БУУнун азык-түлүк боюнча дүйнөлүк Программасынын жетекчиси Жозат Шерандын айтымында, учурда ачкачылыктын таптакыр жаңы түрү байкалууда. Б.а. дүкөндөрдүн текчелери тамак-аштан ийилип турганы менен аларды сатып алууга адамдардын чамасы чак. Дүйнөлүк Банк 2009-жылда азык-түлүк таңкыстыгына 1.2 млрд доллар бөлүп, анын ичинде 200 млн доллар кедей өлкөлөргө грант катары берилүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле дүйнөлүк айыл-чарбасын колдоо да азыркы 4 млрддан 6 млрд долларга көтөрүлүүсү пландаштырылууда. БУУнун эксперттери тамак-ашка болгон жогору баалар дүйнө жүзүндө, бери эле дегенде, 20 жылга чейин кармалып тураарын божомолдошууда. Адисттердин саресебинде 2017-жылга чейин дүйнөдө уй этине баалар 20%га, күрүчтүкү 30%га, буудай, сүт 60%га, өсүмдүк майы 80%га өсөт. Мындай кымбатчылык миллиондогон адамдарга сокку уруп, ачарчылыкка алып келет. Буга кургакчылык, жогорку муктаждык, биоотундун кымбаттыгы кошул-ташыл болоору турулуу иш. Бакыт ЖОЛДОШЕВ Бусик минбесең жөө бас… Теледен көрсөткөн кызыл автобустар кайда? Шаар аталарынын, транспорт жагын чойгон аткаминерлердин "шаарды муниципалдык транспортко карк кылабыз, ызылдаган бусиктерди кыскартабыз" дешип келаткандарына бир топ жылдардын жүзү болду. Иш жүзүндө болсо албетте, көрүнүш башка, кыскара турган бусиктер азаймак тургай ого бетер жер жайнап, батпай кетти. 1-июндан тартып жол кире кымбаттаса алардын саны дагы өсөт. Ушул эле жыл башында КТР борбордук аянтта тизилген Кореядан келген кыпкызыл жаңы автобустарды кайра-кайра көргөзүп, убада этилген автобустар келген турбайбы деп эл да жетиналбай сүйүнгөн эле. Анан ал автобустардын ошо бойдон дайны чыкпай кетти. Чүй жана Тынчтык проспектилери менен жүрүп аткан 14, 199 номурлуу эки гана кызыл автобустун көзгө чалдыкканы болбосо, калганын көрбөйбүз. Ай сайын шаарга 15тен 20дан жаңы автобус келип турат дешкени, шаар чиновниктеринин жөн эле жел сөзү экенине эми ынанып турабыз. Баса, элдин элеги жок оозунда жанагы кызыл автобустар эчак бирөөлөрдүн менчигине айланып кеткен имиш. Менчик ээлери автобустарды 14, 199 каттамдарга эки бөлүп айдатып, үзүрүн көрүп жатышат. Жол акысы бусиктердики менен бирдей, эртең булар да кирени көбөйтмөкчү. Кантсе да чындыгы бардай. Шаардык транспорт департаментинин деректири М.Чымырбаевдин айтымында 30%дан ашуун льготниктери бар Бишкек үчүн жаңы автобустар өзүн-өзү деле актабайт экен, ал эми транспорт тармагындагы инвестициялык жагымдуу шарттар жөнүндө кеп кылып да кереги жок. Дегеле унаа чиновниктеринин айткандарына мээң жетпейт, ар кимиси ар кайсыл сөздүн башын бир чалып сүйлөй беришеби дейсиң… Министрликтегилер бирди айтса, мэрияда болсо дагы башка кеп. Орун басар транспорт министри Эркин Исаков биздин гезитке берген маегинде "кытай фирмасы ачылат, автобустар алардыкы, ал эми иштеген шопурлар жана түшкөн салык биздики болот" деп орун басар башынын жоопкерчилиги менен бекем айтып, элди катуу ишендирген эле. Эми Кытай фирмасы эмес, кытайлар жиберген автобустардын өзүнүн дайнын таппай калдык. Ишкерлери да, шопурлары да баягыда жакшы төпөштөлгөндүктөн алды-артын карабай дыр коюшкан окшойт, деле шаарда кытайдын бир да автобусу бүгүн көрүнбөйт. Бишкек шаарынын муктаждыгына 400 автобус, 200дөй троллейбус кенен жетчүдөй дейт департамент деректири М.Чымырбаев. Буга жетишкенге өзүбүздүн чамабыз чакталуу, ал эми инвесторлор унаа берүүдөн мурда алар өзүн-өзү актайбы, жокпу, биринчи кезекте ошого кызыкдар. Албетте, пайда түшпөсө кайсыл инвестор келиши мүмкүн? Демек тарифтерди да, жеңилдиктерди да реформалоо зарылдыгы бар. Бирок кыргыздын реформасы деген кандай жүргүзүлөөрүн өзүбүз жакшы билебиз да, муну сыпайылатып отурбай эле талкалоо деп түшүнгөнүбүз туура болоор, анткени эгемендик тарыхыбызда не деген ири, бүлүндүргүч, элдин кызыкчылыгын уруп да ойнобогон иштер ушу реформалоо деген шылтак астында жүргүзүлдү, жүргүзүлүп да жатат. Транспорттун аткаминерлери болооруна көз жетпеген ишти дагы эле болот, болот менен тил эмизгенден тажачудай түрү жок. Эми белорустар чыгарып жаткан "Неман" автобусу жөнүндө кыялданышууда. Эл аралык конкурста мыкты деп табылган бул автобусту азыр белорустар эл аралык рынокко чыгарып сатып, үзүрүн көрүшүүдө. Кыргыздар автобустан кысылып атыпсыңар, ала койгула деп даярдап турган жери жок, жадагалса троллейбустарын 50 пайыздык наркын алдын-ала төлөмөйүнчө бербейбиз деп өткөн жылы Минскиге троллейбус сурап барган биздин жигиттерди сылык-сыпаа артка узатып коюшкан. Атаңгөрү, акча эле болсо троллейбусту вагондоп басып келмекпиз дешип бушаймандана кайтышкан жигиттер итапкан алыс сапарга ушундай "майда баратты" ойлонбой туруп убара болушканын кара, биякта туруп бооруң ооруйт. Кыскасы, Бишкекти бусиктердин туткунунан бошотуп, кенен-чонон, ыңгайлуу, заманбап автобустарды алып келебиз деген сөз ишке ашпас куру жомок экени көрүнүп калды. Автобус келет дегенден мурда жайнаган бусиктердин артында турган таасирлүү адамдар керек болсо Бишкектин көчөлөрүн бөлүп-бөлүп, сатып алып болсо да өзүлөрүнүн майлуу сүттүү бусик - бизнесин жүргүзө беришет дегенге көбүрөөк ишенсек түк жаңылышпайбыз! Башта автобустарды көбөйтүү жөнүндө өктөм кеп кылып келаткан шаар Мэри Д.Үсөнов мырзанын капысынан унчукпай калганынан улам ал адамдардын таасири канчалык, өзүңүз аңдап биле бериңиз окурман. Учуржа бусиктер транспорт паркынын 90-95%зын ээледи, дагы эле өсүү жолунда. Баса, департаменттегилер эми автобустарды алуу бюоюнча азиялык инвесторлор менен кызматташканы жатабыз деген кезектеги "кесмени" шаардыктардын кулагына илишүүдө. Негизи туура, иш жок болсо да, иш жүрүп жаткандай түр көрсөтүүнүн өзү да саясат эмеспи… Бахтияр ШАМАТОВ |
|
|