Коомдук-саясый гезит
№15, 06.06.08-ж.




◄◄◄
  Андай эмес, мындай…

ЖКнын жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитеттин төрагасы Жусуп Жээнбеков:
"Айыл чарба министрлиги статкомго айланган"
- Жусуп Амражанович, айыл чарба министрлигинин бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан ишин ойдогудай деп айтууга болобу?
- Ачыгын айтыш керек, бүгүнкү күндө айыл чарба министрлиги суунун берки жээгинде жүрсө, дыйкандар аркы жээгинде жүрөт. Министрлик жалаң статистикалык маалыматтарды чогултуп каттаган башкармалыкка айланган,. Маселен айталык, кимдин канча тоогу бар, ал канча жумуртка тууду, ошонун гана эсебин алып отурушат. Практикалык түрдө элге көрсөткөн эч бир жардамы жок. Мына Ногоев акыркысы болуп, 6 министр алмашты, иште болсо алдыга жылуу деген байкалбайт, дагы Ногоевдей жыйырма министр келсе да министрлик бүгүнкү структурасы менен элге жакшылык кылбайт. Ошондуктан айыл чарбасы бүгүнкү шарттарга жараша толук реформаланууга муктаж. Министр менен сүйлөшүп, муну кылбасак болбойт деп айтып жатабыз.
- Кечиресиз, айыл чарбасындай ири тармакты реформалоо оңой-олтоң иш болбосо керек, бул кепти угуп келатканыбызга да көп эле болду. Сиздин оюңузча реформанын эң башкы делинген багыттары кайсылар болушу керек?
- Айыл чарбасын реформалоодо биз эң негизги үч нерсени турмушка ашырууга тийишпиз. Биринчиси, айыл чарба корпорациясын түзүп, элдин өндүргөн продукциясын сатып алып туруу маселесин коюп жатабыз. Экинчиси, айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетип чыгуучу тармакты жандандыруубуз зарыл. Биз сырье (чийки продукция) сатпастан аны полуфабрикат түрүндө сатканга жетишүүгө тийишпиз.
Үчүнчүдөн, айыл чарба кооперацияларын түзүү жөнүндөгү Президенттин жарлыгы чыкты, колдогу бар айыл чарба техникаларын топтоп, аларды оңдоп түзөө боюнча базасын кошо түзүп, айдап себүү, оруп жыйноо иштерин комплекстүү жүргүзө турган МТСтерди кайрадан түптөө абдан керек болуп турат. Учурда республикага 12 миң кытайлык жана белорустук тракторлор келген. Буларды акча бергендерге таратып ийбестен, МТСтер аркылуу ар бир райондун климаттык шарттарын эске алуу менен ырааттуу түрдө берилип турса иштин алдыга жылышына гана өбөлгө болмок. Мына ушу үч маселени чечмейин, бизде айыл чарба тармагынын оңолушу кыйын. Анткени мындан он жети жыл мурун жүргүзүлгөн реформа айыл чарбасын түгөл талкалап, анын запкысын эми бүгүн тартып жатабыз.
Өзүбүздүн колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалангандын ордуна, башка мамлекеттерден продукция сатып алып жатканыбыз, ошо мамлекеттердин айыл чарбасын колдогонубуз болуп жатат. Андан көрө продукцияны өзүбүздүн дыйкандардан мамлекеттик заказ катары базар баасында сатып алганды колго алсак болбойбу?
- Азык-түлүк маселеси бүгүн өзгөчө орунга чыкты, министр А.Ногоев буудай аянтын көбөйтөбүз дегенин укканбыз. Бирок жер-жерлердеги аянттар тескерисинче айдалбай калып жатканын өткөндө коллегаңыз Б.Наргозуевдин өз оозунан уктук.
- Коллегамдын кайсыл жерлерди кыдырып келгенинен кабарым жок, бирок буудай аянттарын көбөйтүүдөн буудайга карк болуп көмүлүп калабыз деген пикирди мен туура көрбөйм. СССРдин убагында гектарынан 30 ц чейин алынып турган буудай түшүмү бүгүн 20-22ге чейин ылдыйлады, мындан ары дагы ылдыйлай берет. Себеби севоборот, жерди айландырып айдоо деген жок, ар ким өз жери менен өзү каалагандай алпурушуп отурат, бирөө пахта эксе, жанындагы кошунасы бадыраң айдоодо. Кыскасы, аянтты көбөйткөн менен анын түшүмдүүлүгү ойдогудай болбогон соң пайдасы жок. Андан көрө аз гана саз гана принцибинде иш тутканыбыз оң эмеспи.
- Кооператив түзгөндөргө мамлекет кандайча колдоо көрсөтмөкчү?
- Көйгөй маселе - тээ илгерки колхоз, совхоздордон калган 500 млн сомдук карыздарды реструктуризациялашка убакыт жетти. Бул дегеле өнбөгөн карыздар. Эгерде дыйкандар бүгүн кооператив түзсө ал эртең эле сазга отурат. Анткени баягы карыз жоюлмайын мойнуна илине берет. Учурда бул карызды жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору иштелип бүтүп калды, кабыл алынса дыйкандар үчүн бул да чоң стимул болмокчу.
Кийинки маселе, тилекке каршы Кыргызстандагы бирден-бир "Айылбанкы" жок дегенибизге болбой сатылып кетти, ошону кайрадан күчтөндүрүп, дыйкандарга узак мөөнөттүү, аз пайыз үстөгү менен кредиттерди берүү жагын чечишибиз керек. Негизи "Айылбанкы" мамлекеттин акчасына муктаж деле эмес, жайнаган фирмалардын портфелдерин көтөрүү операциясын "Айылбанкы" аркылуу жүргүзүп койсо эле кредиттик каражат маселеси чечилмек. Кредит алган дыйкан каражатын буга, тигиге деп тактап бөлүп, өзү менен өзү болмок.
Кыскарта айтканда, бүгүнкү турмуштун реалдуулугу айыл чарбасына комплекстүү мамиле кылуудан башка натыйжалуу жол жок экенин тастыктады.
Маектешкен
Бахтияр ШАМАТОВ




  Бир собол

- Айыл чарба министрлигинин бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан ишине кандай баа бересиз?
Жалалидин Салахутдинов,
ЖК депутаты:
- Айыл чарба министрлигинде, менимче толук кандуу иш жүргүзгөнгө бүгүн жетишээрлик полномочиелери жок. Ошондуктан кеп жалгыз эле министр А.Ногоевдин өзүндө эмес. Килтейген чоң министрлик бүгүн жер-жерлердеги дыйкан, фермер чарбаларына иш жүзүндө колдоо көрсөталбай жатат. Бул ведомствону рынок заманына ылайык кайра түзбөсө болбойт. Биз жакында бул боюнча көлөмдүү программа иштеп чыгып өкмөткө сунуштадык. Кабыл алынса көп нерселер өзгөрөт. Ал программада негизги басым айыл чарбасын үрөн, жер семирткичтер менен камсыздоо, маркетинг кызматы, тышкы рынок менен кандай иштеш керек, мына ушуларга жасалган.

Айнура Кенжебаева,
ЖК депутаты:
- Айыл чарба министрлигинде күчтүү адистердин командасы топтолгону менен, министрликтин өзү СССР убагындагыдай түзүлгөн бойдон калып жатат. Ошондуктан муну азыркы шартка жараша түп-тамырынан бери кайра түзүү керек, балким аны министрлик деп атабай, атын башкача атасак да болот. Бүгүн агрардык тармак толук бойдон менчикке өтүп, анда менчиктин негизги төрт түрү пайда болду. Мындай шартта мамлекет тармак өндүргөн продукцияны сатып алып турууну жана тышкы рынокко чыгарып сатууну уюштуруу менен бирге, агрохимияга, мал чарбачылыгына кошо көңүл бурууга тийиш. Министрлик болсо бүгүнкү турпатында бул иштерди аткара албайт, ошондуктан ишинин натыйжасы ойдогудай болбой жатат.

Бекташ Кылычбеков,
экономика илимдеринин кандидаты:
- Агроөнөржай комплекси деп коет, азыр аны унутуп калышты көрүнөт. Мына ушу нерсе бизде талкаланган. Ар ким өз түйшүгү менен, дыйкан өзүнчө, малчы өзүнүкү менен убара. Айыл чарба министрлигинин өзүнүн баш оорусу көп. Айыл чарбасын көтөрөбүз десек өкмөт башчысы И.Чудиновго айыл чарбасын мыкты билген агроөнөржай комплекси боюнча бир орун басар керек.

Тураталы Мамытбеков, фермер:
- Айыл чарба министрлигине Дүйнөлүк Банк, Азия өнүгүү Банкы тарабынан көлөмдүү инвестициялар тартылып келатканын угуп эле жүрөбүз. Бирок бул биздей карапайым дыйкан, фермерлерге оңой менен жетпейт окшойт. Министр А.Ногоевди телевизордон гана анча-мынча көргөнүм болбосо, а киши жетектеген министрлик эмне иш менен алектенгенин дурус биле бербейт экем.

"БТП" маалыматы:
Республиканын буудайга болгон жылдык керектөөсү үрөндү, тоютту кошо эсептегенде 1 млн 200 тоннаны түзөт. Анын 700 миң тоннасы республикада өндүрүлсө, калганы сырттан ташылып келет.
Суу майга жылдык керектөө 60 миң тонна. Анын 60-65 пайызы сырттан келет. Кумшекерге жылдык керектөө 120 миң тоннаны түзсө, Кыргызстан анын 12 миң тоннасын гана өндүрөт.
Калктын 75% айыл чарбасында эмгектенет. Айыл чарбасынын ИДПга кошкон үлүшү 30%ды түзөт. Айыл чарбасынын негизги донорлору - Дүйнөлүк Банк жана Азия өнүктүрүү Банкы.
2007-жылдан баштап, жалпы көлөмү 205.3 млн долларлык инвестиция тартылууда. Анын 127.9 млн доллары кредиттик, 39.45 млн доллары гранттык каражаттар.
Япония өкүмөтүнөн грант катары 160 комбайн, 126 трактор бөлүнсө, Кытайдан 1205 трактор сатылып алынган.
Даярдаган Бакыт ЖОЛДОШЕВ

Колдо бар алтындын…
Жакынкы келечекте суу эң кымбат товарга айланат
Азык-түлүк кризисинен башка дагы бир ааламдык көйгөй - суу таңкыстыгы адамзатка коркунуч туудурганы турат. Жакынкы убакытта суунун наркы нефтиникинен да аша чаап кетээрин эксперттер эскертип жатышат. Нефтинин таңкыстыгы азырынча божомолдордо гана күтүлсө, ал эми суу таңкыстыгын адамзаттын үчтөн бири өз жону менен сезүүдө. Дүйнөдө 2.3 млрд адам сууга таңкыс болсо, анын ичинде 1 млрд адам таза сууга муктаж. 400 млн адам таптакыр сууга жетпесе, жылына 3.5 млн адам чаңкоодон каза болууда. Суу таңкыстыгы өзгөчө байкалган жакынкы жана Орто Чыгыш, Түндүк Африка жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн көпчүлүгү нефтинин укмуш бай запастарына ээ. Бирок, тилекке каршы нефти менен чаңкоону басууга түк мүмкүн эмес. Суу талаш-тартыштары аалам алкагында улам күчөп, маселен, акыркы элүү жыл ичинде 500дөн ашуун ири суу жаңжалдары жүз берип, анын 20сы аскерий кагылуушуулар менен аяктаган.
Учурда 40ка жакын өлкөлөр өзүлөрүнүн геофизикалык абалынан улам суу таңкыстыгына туштугуп турушат. Алар сырттан гана келчү сууга көз каранды. Бирок адам баласынын чарбалык ишмердүүлүгү жана алдын-ала ойлонулбаган демилгелери суу ресурстарына күч келтирип, "чаңкоосу күч" өлкөлөрдүн жылдан-жылга саны өсүүдө. Акыркы жүз жыл ичинде дүйнөдөгү сугат жерлердин аянты 40 млн гектардан 400 млн гектарга көбөйгөн. Шаарлардын жана өнөржайдын өсүшү да суу таңкыстыгын күчөтүүдө. Алар сууну керектегенден тышкары аны ыпыластоого да үлүшүн кошууда. Маселен, жыл сайын 2 млн тонна акыр-чикир суу менен кошо агып чыгууда. Дүйнөдө суусу таза делинген дарыялардын саны да кыскарууда, мисалы Европадан аралап аккан 55 дарыянын 5сү гана таза. Ал эми Азиядагы шаарларды аралап аккан дайралардын дээрлик бардыгы бүгүн таза эмес. Абал өзгөчө Кытайда курч, мындагы 600 шаардын 550сүнүн жашоочулары таза сууга муктаж.
Климаттын жалпы планета боюнча жылуулукка чулганып баратышы да өз таасирин тийгизүүдө. Көп жылдык мөңгүлөрдүн өтө ылдамдык менен ээрип жаткандыгынан, алардан келчү суунун көлөмү да азайып барат. Кыскартып айтканда, суу бара-бара алтынга тете болчудай. Мөлтүр, тунук суулардын үстүндө жашаган биз, кыргыздар чынында бак-таалайлуу эл экенбиз. Бирок муну биз азырынча аңдап, түшүнө элек окшойбуз шекилди. "Жаман айтпай жакшы жок" демекчи, балким келечек бактыбыз ушу суубуздан ачылып кетсе ажеп эмес.
Даярдаган Бакыт МУРЗАЛИЕВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!