Коомдук-саясый гезит
№15, 06.06.08-ж.




◄◄◄
  Көйгөй

ЖК депутаты Жангороз Каниметов:
"ЖОЖдорду акционерлештирүү пайда алып келбейт"
Өлкөнүн билим берүү тармагы жыргатарлык деле абалда эмес экени баарыбызга эле маалым. Аз убакыттан бери ушул тармактагы ЖОЖдорду акционерлештирүү маселеси көтөрүлүп келатат. Ушул маселе тууралуу, деги эле билим берүү тармагындагы олуттуу көйгөйлөргө азыноолак кайрылып, Жангороз Каниметовду кепке тарттык.
- Жангороз Каниметович, сиз ЖКдагы билим берүү илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин мүчөсү катары билим берүү тармагындагы орчундуу көйгөйлөргө токтолсоңуз?
- Биз азыр билим берүү тармагы боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп жатабыз. Мектептердин билим берүү деңгээли төмөндөп кеткени, техникалык базасынын начардыгы бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселе. Жоопкерчилик, тарбия маселеси да алдыңкы орунда турушу зарыл. Мугалимдер кандай гана бийик жоопкерчиликти мойнуна артып жүрсө, ата-энелердин да жоопкерчилиги ушундай эле деңгээлде болушу керек. Билим берүү системасындагы эң ахыбалы оор бул мектеп болууда. Ал эми ЖОЖдордогу негизги маселе-жакшы кесип ээлеринин даярдалбай жаткандыгы, билим деңгээлинин төмөндүгү. Канчалаган адистер окуу жайды бүтүп алып, дипломун колуна кармап, ишсиз жүргөнү коомдогу социалдык проблеманы түзүүдө. Ал эми ушул окуу жайларда сапатсыз билим бергендин кесепетинен канчалаган адистер адашып жүрөт.
- Мындай көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себеби эмнеде?
- Бул көйгөйлөрдүн башкы себеби жанагы эле сапатсыз билим берүү. Биринчиден китептердин сапатына көңүл буруу керек. Мектептерге жаңы китептердин 37%ы гана барат экен. Бирок ал китептердин жарымына окуучулар эмес, мугалимдер да түшүнбөйт. Жанагы деңгээли төмөн адистер кайра даярдоо курстарына барып, билимин жогорулатышсын. Анан эң чоң маселе-бул мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү.
- ЖОЖдорду акционерлештирүү мамлекетке канчалык деңгээлде пайда алып келет?
- Акционерлештирүү дегенди туура түшүнүү керек. Бүгүнкү күнү баарын бирдей акционерлештирип салуу такыр туура эмес. Кыргызстанда мурдатан бери сапаттуу билим берип келаткан бир катар окуу жайлар бар, аларды акционерлештирүүдөн алыс болушубуз керек. Ал эми жанагы мамлекеттен да акча алган, бирок пайда алып келбеген айрым окуу жайлар бар. Бирок да алардын бардыгын эмес, бирөөнү гана акционерлештирип көрүү керек. Аймактык ар бир облустагы ЖОЖдорду ушул бойдон калтыруу зарыл. Бул идеянын дагы экинчи жагы бар болчу. Акционерлештирилбей калган ЖОЖдордун бардыгы мамлекеттин эсебинен 100% камсыздалышы керек деген. Бизде азыр мындай мүмкүнчүлүк жок да. Бүгүн ЖОЖдор 90% контракттын эсебинен жашап жатышат. Окуу жайларын акционерлештирүү бүгүнкү биздин шартта мамлекетке пайда алып келбейт. Жалпы ЖОЖдорду акционерлештиребиз деген акылга сыйбаган иш.
- Акционерлештирилген окуу жайларда көптөн берки эмгектенген кызматкерлер акционерлердин коллективине кириши керек деген талаптар айтылды…
- Сөзсүз кириши керек. Мисалы, мурдагы колхоз маалында завод, фабрикалар тараганда ошол жерде эмгектенген кызматкерлердин үлүшү тийген. Окуу жайларда окутуучунун эмгеги бар, ошол эмгегине жараша үлүшү сакталып калуусу зарыл. Жаңы кожоюн келип туруп, баарын таратып, болгонун тартып алуу таптакыр туура эмес.
- Сырттан окуу бөлүмдөрүн жоюу тууралуу пикирлер айтылып келет, бул маселенин күңгөй-тескейине токтолсоңуз?
- Сырттан окутуу деген болбогон нерсе. Баягы өткөөл мезгилде билим берүү системасын сактап калуунун эле жолу болгон. Сырттан окуган кесиптердин пайдасы деле аз. Мисалы, педучилищаны окуп бүтүп, иштеп анан сырттан окуса анда башка кеп. Сырттан окуган студенттердин санын тез аранын ичинде кыскартыш керек.
- Республиканын көпчүлүк аймактарында мектептер жетишсиз экен…
- Республикада абалы начар, деңгээли төмөн мектептер көп. Мурда мугалимдерде да патриотизм деген сезим күчтүү болчу, социализмдин идеялары менен жашап келген. Бүгүн материалдык кызыкчылык жогору туруп калды. Патриоттук сезими жок адам мамлекеттин өнүгүшүнө таасир бере албайт. Биз биринчи нан дейбиз дагы, анан билим дейбиз. Демек билим алуу үчүн алгач жашоо-шартың болушу керек экен. Согуш жылдарында мектепти бүтүп эле окутуучу болуп калышкан. Азыр да ушундай коркунуч бар, мектепти бүтүп эле мугалим болмой. Азыр мындай көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнүн жолдору бар, тапса болот.
- Китепти окуучуларга аренда акысын албай бекер берүү тууралуу Президенттин буйругу чыкты эле, бирок бул аткарылбай, окуучулар мурдагыдай эле китепке акча төлөшүүдө, демек бул каражат айрым гана адамдардын капчыгы үчүнбү?
- Президентибиз ушул өңүттө абдан жакшы идея киргизген. Бирок мындай карап турсаң, ушундай өткөөл мезгилде китептин арендасын төлөөнү киргизүү туурабы деп ойлойсуң. Арзандын пулу татыбайт дегендей, акча төлөп алганда жоопкерчилик дагы жогору болот. Экинчи четинен мамлекетке аз да болсо тыйын-тыпыр түшөт экен. Өткөн жылда эле 100 млн сомго жакын каражат жыйналып, ошого кайра китеп чыгарылды. Демек ал акчалар кайра эле китеп чыгарууга жумшалат. Мамлекеттин казынасынын бир бурчуна тыгынчык болуп калат экен.
- Мектепке бирдей форма киргизүүнүн канчалык деңгээлде пайдасы бар?
- Чынын айтканда, базардагыга караганда кийимдин баасын арзан кылыш керек. Экинчиден кийимдин ыңгайлуулугу, тыкандыгына маани берилиши керек. Ар кандай эмес, бир форма кийсе окуучу да жоопкерчиликтүү болот. Мектеп формасы окуучуну тазалыкка, тыкандыкка, жоопкерчиликке үндөйт.
- Сиз айтып өткөн көйгөйлөрдү чечүүдө тиешелүү министрлик талаптагыдай иштеп жатабы?
- Ачыгын айтыш керек, колунда болсо эле бир нерсе кылайын деп жатат. Аракеттери бар. Колдо болсо дагы көп нерсе жасайт элем деп эле тургансыйт.
- Маегиңизге рахмат!
Маектешкен Жазгүл ИБРАЕВА




  Кудай да сактанганды сактайт

2011-2013-жылдары Кыргызстанда катуу жер титирөө болушу мүмкүн
Кытайда май айындагы катуу жер титирөө болуп, канчалаган адамдын өмүрүн алып кетти. "Кырсык каш-кабактын ортосунда" демекчи, дайыма күттүрбөй, кокустан келет. Бул ирет да дагы үч айдан кийин жайкы Олимпиадага даярдык көрүп жаткан Кытай мамлекетине табияттын бул кырсыгы өтө чоң сокку болду. Дал ушул чоң окуяны үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кытай бийлиги кырсыктын жана адам өлүмүнүн көлөмүн жашырууга аракет кылууда. Анткен менен акыркы маалыматтарга ылайык зилзала болгон Сычуань провинциясында өлгөн адамдардын саны 60 миңден ашып, 250 миңге жакыны жарадар болгондугу айтылууда. Баарынан да бул аймактагы тоолор урап, эки айылды бүтүндөй сел алып жана суу сактагычтын тосмосунан жарака кеткендиги элдин үрөйүн ого бетер учурууда. Кокус суу сактагыч бузулса, бүтүндөй айыл, кыштак, шаарларды шыпырып, азыркыдан бир нече эсе көп адам өмүрү кыйылышы мүмкүн.
Эми "Керегем сага айтам, келиним сен ук" демекчи, өзүбүздөгү абалга кайрылалы. Кыргызстан эң оболу сейсмикалык коркунучтуу аймакта жайгашкан өлкө. Кытай менен да кошуна. Башкасын айтпаганда деле өткөн жылы Кочкор менен Баткендеги, быйыл (туура бир жылдан соң) Ош облусунун Алай, Карасуу райондорундагы күчү 6-7 баллдык жер титирөөлөрдүн кесепети экономикабызга оңой эмес зыян келтирди.
Деги адам баласынын эркине баш ийбеген табияттын бул кырсыгынан кыргыз өкмөтү, кала берсе карапайым эл кандай сабак алды? Тилекке каршы эч кандай. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү акимдер менен өкүмдөр чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү менен (ошону менен өздөрү да "май кармаган бармагын жалайт болуп) гана алектенүүдө. Азыркы мезгилде бул иш кыргыз чиновниктеринин түздөн-түз милдетине айланып, ошону менен эле табият кырсыгын кыйратып жеңгендей жогору жакка рапорт берип калышты.
Ооба, үйү бузулуп, кыштын кычыраган чилдесинде көчөдө калган үйбүлөгө көмүр, тамак, кийим-кече керек. Бирок "жакырчылык менен күрөшкөндөн мурда аны жаратпай эле коюш керек болчу" дегендей, ошол үйлөрдү жок дегенде 8-9 баллга чейин туруштук бере тургандай кылып сапаттуу куруу же жер силкинген учурда кантип сактануу жөнүндө эч кандай иш чаралар көрүлө элек. Сейсмологдордун маалыматы боюнча 2011-2013-жылдары Кыргызстандын аймагында 8-9 баллдык жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Мындан тышкары 2011-жылы күн ысып, ал жер титирөөнү күчөтөт. Ысыката жаракасы боюнча чоң жер титирөө 1885-жылы болгон (9-10 балл). Окумуштуулардын эсептөөсүнө ылайык 100-115 жылда мындай табигый чоң кырсык кайталанып турат. Демек, жакынкы жылдары бул цикл кайталанышы мүмкүн.
Кудай деле сактанганды сактаймын дейт экен. Андыктан, качан гана жер силкингенде "Кудай сактай көр" деген сөздү оозанып, кайра токтогондо унутуп койбой, айттырбай келген кырсык учурунда адам өзүн кантип алып жүрүүнү билип алса, жок дегенде өзүнүн эң кымбат өмүрүн сактап каларында шек жок.
Дагы бир өкүнүчтүү жагдай, биздеги имараттар дале болсо сапатсыз курулууда. Сейсмология институтунун директору К.Абдрахматовдун маалыматы боюнча кокус жогоруда айтылгандай жер титирөө болсо, эң оболу Бишкек шаарын айланта курчаган жаңы конуштардагы сокмо үйлөрдүн сексен пайызы картон кагаздай чачылып калышы мүмкүн. Ал эми борбордогу сейсмикалык талапка ылайык салынгандар аздыр-көптүр туруштук берет. Бирок азыркы учурда Бишкек шаарынын өзүндө эле 300гө жакын ар кандай имараттар салынып жатат. Алардын дээрлик баардыгын чет элдик курулуш компаниялары ЖЧК түзө коюп, алеки заматта бүтүрө коюп, үйдү саткан соң, кумга сиңгендей жок болуп кетүүдө. Себеби алар тышы жалтыраган менен ичи калтырак, баардык сейсмикалык талаптарга жооп бербеген үй салгандыктан, эртең жооп берип каларын эң жакшы билишет. Кыскасы, бүгүнкү күндө Бишкекте курулуш чоң бизнеске айланып, сапатка көңүл бурулбай калууда.
Ким эле өзүмдү басып калган үй салайын десин. Бирок "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип", айрыкча айыл жериндеги карапайым калк курулуш материалдарынын кымбаттыгынан үйдүн жер пайына бетон куя албай, таш тизип эле, дубалын ылай менен тургузуп жатат. Албетте, байлар каалагандай сапаттуу, заңгыраган көз жоосун алган кабат-кабат "особняк" салып жатат. Булардын да мээнети өзүнө буюрсун. Тилекке каршы кокус чоң кырсык болсо, Кытайдагыдай дале кедей-кембагалдар жабыр тартат.
Ошондуктан өкмөт жаңыдан курулуп жаткан имараттарды мамлекеттикинен баштап, жеке адамдардыкына чейин катуу көзөмөлгө алып, цемент, кирпич, темир сыяктуу курулуш материалдарын карызга бериш керек. Ошондой эле сейсмология институтунун адистери тарабынан кырсык учурунда адам өзүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу китепчелер чыгарылып, мектеп окуучуларына окутуу зарыл. Мисалы, дүйнө жүзү боюнча жер титирөө өтө көп катталган Японияда адамдарга мектеп партасынан баштап эле бул багытта атайын сабактар өтүлөт. Ошондуктан алар жер титирөө учурунда бизге окшоп жүрөгү оозуна тыгылып коркпойт. Көп кабаттуу имараттары да сейсмикалык талапка ылайыкташтырылып салынгандыктан, анчалык жабыркабайт.
Кыскасы, Кытайдагы чоң зилзаладан биздин чиновниктер сабак алып, жогоруда айтылган тиешелүү чараларды кечиктирбей көрүүгө тийиш.
Эмилбек МОМУНОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!