Коомдук-саясый гезит
№15, 06.06.08-ж.




◄◄◄
  Ишчара

"Коррупцияга каршы күрөштүн" алдыңкы сабында айрым коррупционерлер да бар
Кечээ Бишкекте "Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги" деген тема астында эларалык конференция өтүп, анын ишине чет элден чыкырылган коррупция күрөшчүлөрү жана эксперттери катышышты.
Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли жөнүндө, анын өлкө өнүгүүсүнө тийгизип жаткан кесепеттүү таасири туурасында буга дейре көп айтылып да, жазылып да келет, бийлик тарабынан бир топ практикалык иш-аракеттер да көрүлүп жаткансыйт, ошого карабай республикада коррупциянын деңгээли дагы эле болсо жогору бойдон калууда. Муну президент К.Бакиев өзү деле танбайт, ал муну конференциянын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда да моюнга алды. "Бул же тигил маселени ийгиликтүү чечүү үчүн ириде андай маселенин бар экенин моюндаш керек. Биз өкүнүп болсо да моюнга алууга тийишпиз, башка өлкөлөр сыңары эле Кыргызстан да коррупция көйгөйлөрүнөн чет эмес, - дейт К.Бакиев.
Илгерки бийликтин тушунда гүлдөп өсүп, кенен бутак жайган коррупцияны бир нече жыл ичинде эле түбүнөн кыркып соолутуп таштоого албетте, мүмкүн эмес. Арийне мында жалаң жарлык, токтом, буйруктарды ондоп чыгарган менен алардын күчү алсыз. Бул кырсык илдетке жалпы коомчулукту, калайык калкты түп көтөрмөйүн, аны менен күрөшүү Дон Кихоттун жел тегирмендер менен согушканындай эле майнапсыз, куру убара боло берээри анык болуп калды. Бүгүнкү күндө элдин баары эле ким таза, кимдер коррупционерлер, ачык эле көрүп- билип турат, атүгүл андай коррупционерлердин өзү баш болуп коррупцияга карата "аеосуз күрөштүн" алдыңкы саптарында турушкандыгы да маалым. ММКлар алардын аттарын кашкайта атап да жүрүшөт, анан эле эч бир жыйынтык чыкпай атса күрөшүп атат дегенге ким ишенет?
"Биз коррупциялык кылмыштардын азаюсуна жана жоопкерчиликтин катуулашына өбөлгө боло алган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кылмыштык жана кылмыштык-процессуалдык мыйзам актыларына кийирип, коррупция менен күрөшүү жөнүндөгү мыйзамдын өзүн да жакшыртуубуз зарыл. Жаңы мыйзамдарды кабыл алуудан мурда аларды антикоррупциялык экспертизадан сөзсүз өткөрүүнү кийиришибиз керек, - деди К.Бакиев.
Бакыт ЖОЛДОШЕВ

  Сот залынан

Жалаабы же...
2-май күнү Биринчимай райондук сотунда А.Салиевдин "Алиби" жана "Де-факто" гезиттерине берген доо арызы каралды. Ушуну менен райондук деңгээлдеги сот аягына чыкты. Сот эки гезитти А.Салиевге бир миллиондон моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Ошондой эле "Алиби" гезитиндеги макаланын авторуна 3000 сом айып салынды.
Сот процессине "Алиби" гезитинин башкы редактору - адвокат Б.Жээнбеков келген жок. Ал сот тууралуу билген, чөнтөк телефону өчүк экен дешти. Макаланы жазган кабарчы У.Иманалиев гана келди.
Доогердин адвокаттары коюп жаткан доо-арызын түшүндүрүп, соттон канааттандырып берүүнү өтүнүштү.
ММК тууралуу мыйзамга ылайык ар бир маалымат текшерилип, такталып анан берилүүгө тийиш. Жогорудагы гезиттердеги маалыматтар текшерилбестен, атайын жоопкерчиликтен качуу максатында суроо белги менен жазылган деди адвокат.
Коргоочусу жок У.Иманалиев бул окуя саясатташып кеткен деп билдирди.
"Де-факто" гезитинин редактору Ч.Орозобекова бул макаланы жазуу менен редакция максатына жеткенин айтты, ушул макаладан кийин 8 айдан бери токтоп турган сот иши жылып, жол кырсыкка тиешеси бар адамдар жоопко тартылып, маркумдун үйбүлөсүнө компенсация төлөнүп берилиптир.
Гезиттин коргоочусу Ш.Майчиев макалада суроо белги коюлган, демек, ал ырастоо эмес, суроо маанисиндеги пикир болгонун айтты. Бул боюнча Жогорку соттун чечмелөөсү бар экен. Ал эми А.Салиевдин адвокаттары жалаа тууралуу беренеде жалаа болушу үчүн адамдын аты-жөнү толук айтылбаса да, ал экенин бирдирген малыматтар болсо жетишерлик экендигин айтып, аталган гезиттердеги макалаларды окуган адамда бул кылмышка А.Салиевдин тиешеси бар турбайбы деген ой пайда болот, ошондуктан бул жалаа, президенттин туугандарын жаманатты кылуу үчүн атайын басым коюлуп жазылган деп далилдеп берди.
Андан кийин сот даттануучунун арызын жарым-жартылай канааттандырып, жогорудагы гезиттерди А.Салиевге жалаа жапкандыгы үчүн айыптуу деп таап, гезиттерди 1 млн сомдон чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди. Ошондой эле бир айдын ичинде эки гезит тең жогорудагы макалаларын төгүндөгөн макала басууга милдеттүү болду.
Мыйзамга ылайык эки гезит тең соттун чечимине макул болбой Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен даттанганы жатышат.



  Зермаек

Кубанычбек ИСАБЕКОВ, ЖК вице-спикери:
"Канадалыктар каалаган жагына бара берсин"
29-майда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен канадалыктардын ортосунда Кумтөр боюнча жаңы келишим ратификацияланмак, демилгечилердин айтымында анда биздин үлүшүбүз көбөйүп, акчага маарый баштамакпыз. Кыргызстан тарап өзүнө пайдалауу бир топ талаптарды койгон болчу. Биринчиден, үлүш көбөймөк. Экинчиден, салыктар жана башка төлөмдөр төлөнүп, бюжетке олчойгон акчалар түшмөк. Үчүнчүдөн, "Центерранын" директорлор кеңешинде биздин мүчөлөрдүн саны 3кө жетип, биздин кызыкчылыкка дал келбеген чечимдерге вето койгонго укук алмак... сыяктуу талаптар.
Ага чейин КР Жогорку соту Кумтөр боюнча бир келишим менен жаңы 3 лицензиянын ишмердигин токтотуп койду.
Кыргыз тараптын талаптарын уккандан кийин канадалыктар да чоочуп, Канадага барып келип, өзүнчө чогулуштарды өткөрүп, өз ара сүйлөшүп жатышкан.
Анан эле 29-майда жаңы келишим каралбай калды да, канадалыктар Кыргыз өкмөтүн Эларалык арбитражга бермекчи болуп чыгышты. Себеп - Кыргыз өкмөтү белгиленген убакта келишимди ратификациялабай койду - сөзүндө турган жок дешти.
Ушул окуялардын себебин билүү үчүн Жогорку Кеңештин "Кумтор" боюнча адиси" - вице-спикер Кубанычбек Исабеков менен маектештик.
- Кубанычбек мырза, көптөн күтүп жаткан жаңы келишим ратификацияланбады. Себеби эмнеде?
- Биринчи, өкмөттүк комиссия апрелде канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Комиссия бир айдын ичинде биздин талаптарды эске алып парламентке алып келишмек. Тилекке каршы, азырга чейин эч нерсе жок. 19-майда өкмөттүк комиссия канадалыктар менен жолугушуп, жаңы келишимдин долбоорун карашып, анан бизге жиберишмек. Канадалыктар келишкен жок. Премьер-министр чакырса да келишпеди. Биздин суроолорубузга кат жүзүндө да, оозеки түрдө да жооп да беришкен жок. Анысы аз келгенсип, "Центерранын" директорлор кеңешин биздин талап боюнча эмес, өздөрүнчө 8ден 11ге көбөйтүп алышты. Бизден эч кимди киргизишкен жок. Биздин өкүл А.Жакыповдун каршы добуш бергенине "чихать" этип коюшкан жок.
Азыр бизде коркунуч пайда болду. Алар Америкадагы жана Монголиядагы "Центеррага" караган кендерди сатып ийишсе да биз билбей калышыбыз мүмкүн.
- Эми алар эларалык сотко кайрылып жатышпайбы...
- Алар эки маселе боюнча кайрылганы жатышат. Биринчиси, бийик тоолуу коэфициент.
Мен буга кийлигишкем. Өкмөттүн токтомунун негизинде алар эки жылдан бери жумушчуларына бийик тоолуу коэффициент төлөп келатышат. Башка кендерде бийик тоо коэфициенти мурда эле киргизилген. Алар ошону төлөбөшүбүз керек деп жатышат.
Экинчиси, жер салыгы боюнча. Бул бүт дүйнө жүзүндө колдонулуп келаткан эреже.
Алтын кенин курууга Жетөгүз району 10070 га жер бөлүп берген. Ал жер жайыт жана айыл чарбасына жараксыз жер болчу. Алар ошол кен казып жаткан жерлерине жайыт катары салык төлөп жатышкан. Мен ага да кийлигишкем. Анан алар төлөп беребиз дешкен. Бирок такыр төлөшө элек. Ошондуктан биз ошонун баарын төлөтүп алууга аракет кылып жатабыз.
- Алар ал жерлер ошол бойдон калган, өнөр жай жери катары өткөрүлгөн эмес дешпедиби.
- Анын баары калп. Өкмөттүн токтому турат. Алар кийники алган үч жер үчүн али да токтом чыга элек. Бирок алар ал жерлерди казып, алтын алып, сата да башташты.
- Алар Кыргызстан келишимди убагында ратификациялабады деп айтып чыгышты го...
- Сотко бере берсин, бара берсин, билген жерине барышсын. Эларалык соттогулар деле сокур эмес болуш керек. Алар да алгач биздин ички мыйзамдарды карап көрөт да, ошондой төлөнсүн десе, төлөгүлө деп айтат.
- Сиз өткөндө биз эларалык сотто утулуп калышыбыз мүмкүн дедиңиз эле...
- Утулушубуз мүмкүн. Себеби, биздин эларалык сотто соттошуу тажырыйбабыз жок. Биз былтыр өкмөткө ушул боюнча тапшырма бергенбиз, эларалык уюмдар менен келишим түзүү боюнча, акча да бөлүп бергенбиз. Бирок ал ишке ашкан жок.
- Экономикалык өнүгүү министри А.Жапаров эларалык сотто биз 300 млн долларга жакын чыгым тартабыз деди. Ал эмне болгон чыгым?
- Мен Жапаров мырзанын бул цифраны кайдан алганын билбейм. Ал эмне, Кумтөрдүн адвокатыбы? Бул маселе эмнеден улам чыгып жатканын мен жакшы билем. Ошол эле Орозбек Дүйшеевдин позициясын да жакшы түшүнөм. Мурда депутат болуп турганда Кумтөргө каршы сүйлөп жүргөн, а азыр болсо, аларды колдоп жатат.
- Демек, канадалыктар бизди тоотпой жаткан турбайбы?
- Алар биздин талапты эске албай туруп, директорлор кеңешинин мүчөлөрүн көбөйтүп алышты. Экинчиден, эми алар Монголия менен АКШдагы кендерин сатып жиберсе да биз эч нерсе кыла албай калабыз. Ал эмес билбей дагы калышыбыз мүмкүн.
- Эми аларды күтүп отура беребизби же өз алдыбызча да аракет жасайбызбы?
- Биз алгач биз койгон акчаларды, төлөмдөрдү төлөп бергиле, анан сүйлөшүүгө барабыз деп жатабыз. Келишимдин ратификациясы канадалыктарга абдан керек. Мыйзамдуу жол менен ратификация болгондон кийин гана алар аны эки жакка көтөрүп бара алат.
Биз корко турган эч нерсебиз жок. Соттошсо соттошо беребиз?
Алтын КАЗИЕВ
P.S. Кумтөр боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңештин Эларалык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык комитети карап, жаңы жагдайларга байланыштуу кайра иштеп чыгуу үчүн өкмөткө кайра жиберди. Андан кийин Отун энергетика комплекси жана кендерди пайдалануу комитети да карап, алар да өкмөткө кайра жиберди.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!