Коомдук-саясый гезит
№15, 06.06.08-ж.




◄◄◄
  Экөө

Актер, куудул Марат Жанталиев жубайы Асел Доронбаева менен.
1990-жылы баш кошушкан. Бир уул, эки кыздын ата-энеси.
- Марат мырза, кыз менен таанышуу да өзүнчө кызык эмеспи. Жубайыңыз менен таанышкан күндү эстесеңиз...
- Экөөбүздүн таанышканыбыз аябай кызык болгон. Үйбүлө курууну кеч ойлогондуктан, жубайым менен кечигип таанышкам. Жалаң иш деп жүрө берип, убакытты уттуруп коюпмун. Ата-энем үйлөн деп шаштырганда гана бир топ жашка келип калганымды билбедимби. Ошондо гана үйбүлө курууну ойлоп, шашылыш түрдө кыз издей баштадым. Мен барбаган жатакана калган жок. Бишкекте канча жогорку окуу жайы болсо, ошонун баарына досторум менен барып чыктык. Алар улам бир кызды "четкий экен" деп көрсөтсө, аны менен таанышууга ашыгып, ээрчип калабыз. Бирок, ал кызга жакындаганда эле апкаарып мен артта калып калам. Менин ордума кыздар менен досторум таанышат. "Үйлөнө турган сен болсоң, үйлөнгөн биз таанышып жатпайбызбы. Бол эми бирөөсүн танда!" деп күйүп-бышышат.
- Уялчаак белеңиз?
- Уялчаак болбосом дагы үйлөнүүнү мурда пландабагандыктан, кыз тандоодон сүрдөгөм. Чынында тели-теңтуштарымдын арасында бойдок мен эле калгам. Баары үйлөнүп-жайланып калгандыктан, баары жапырт мага ылайык кыз издей башташкан. Кыз издеп жүргөнүмдү уккан ата-энем да сүйүнүп, "баланчанын, түкүнчөнүн кызы бар экен" дешип, айылдан тапкан кыздар менен тааныштырышкан.
- Ошончо кыздын ичинен эч ким жаккан жок беле?
- Ал мага жакса, мен ага жакпай калам. Мен ага жаксам, ал мага жакпай калат дегендей кеп да. Ошентип, маңдайыма Аселди жазыптыр, Аселге 29 жашымда үйлөнгөм.
- Акыры жубайды өзүңүз тапкан экенсиз да?
- Кайын агам (азыр көзү жок, каза болуп калган) тааныштырган. Экөөбүз Кыргызфильм киностудиясында чогуу иштечүбүз. Бир күнү чогуу иштеген балдар менен сүйлөшүп олтурсам "сен бойдоксуңбу?" деп сурап калышты. Кайын агам "Менин карындашым бар, азыр айылда. Жогорку билимдүү" деп калды. Анан ошол эле жерден Карабалтанын Карасуу айылына жөнөп калдык. "Барган сайын эле кур келет экенсиңер" деп досторум менен кошо аялдары да ээрчип алышты. Ошентип он чакты киши топурап жөнөдүк. А жерге барсак, мен тааныша турган кыздын сиңдиси (балдызым) дипломун майлап, аларда да майрам болуп жаткан экен. Кайнагам "тигине менин карындашым" деп көрсөтүп калды. Көрсөтүп койгондон кийин баарыбыз эле аны карап калыппыз. Ары басса да карайбыз, бери басса деле карайбыз. Кайнагам: "Конокторго Асел карындашым чай куйсун" деп калды. Колу колуна тийбей, буту бутуна тийбей Асел бизди тейлеп жүрөт. Андай мамилесине ичим жылып, ичимден жактырып мен олтурам. Аңгыча балдар дагы: "Марат, куурчактай кыз экен, эми ушуну албасаң өл ээ..." деп кулагыма шыбырап, "бүгүн ала качабыз" деп чыгышты. Досторумдун келинчектери да Аселдин башынан бутуна чейин сынашып, макташты. Кызды чочутуп алабызбы деген кыязда бир аз "отказ" кылгандай ишарат кылдым. Ошентип ал күнү кайнагамдын тааныштарыныкында түнөп калдык. Эртең менен эрте туруп кыздын үйүнө кайра бардык. Ала качабыз деп ээлигип калган досторум: "Карабалтанын токоюна барып съемка кылабыз, сен да киного түшөсүң" дешип Аселди эптеп эле сыртка чыгара калсак деген ниетте алдай башташты. Асел ишенип, макул болуп калды.
- Топ бала жүрсөңүздөр дагы эч нерсе сезген жок беле?
- Байкемдин достору, чогуу иштеген коллективи деп ойлогондуктан ала качуу оюна келген жок. Бирок, кайын эжем кыраакылык кылды. Ал бир нерсени сезип калдыбы, айтор, "Асел, бул жакка келчи" деп үйгө кийрип кеткен боюнча чыгарбай койду. Анан ошо бойдон шүмүрөйүп кетип калдык... Бирок, кайсы жакта иштерин билип алганбыз. Быстровкадагы кайсы бир гезитте журналист болуп иштейт экен. Ал жакка эки досум менен издеп барып Аселди ресторанга кийридик. Агезде акча кенен болгону менен шампанский "дефицит" (таппай аябай убара болгонбуз) болчу. Ал күнү сыйлап, эртеси ачык айтып, Бишкектеги үйүмө алып келдик. Жеңем жоолук салып, отургузуп коюп, айылга сүйүнчүлөгөнү кетти. Ошентип баш кошконбуз. Кыз-жигиттей болуп деле сүйлөшкөн деле жокпуз. Кийин "ошондо бир да балмуздак алып берген эмессиң" деп айтса, эстеп алып күлгөнбүз. (Күлүп) Эми андан бери канча жыл өттү. Ошондон бери бирден алып берсем дагы "тоннага" жетип калды го...
- Улууңар уул турбайбы. Мырзалардын көбү тунун "эркек бала болсо экен" деп тилешет экен. Сиз дагы ошенттиңиз беле?
- Улуу балабыздын аты - Адилет. Албетте, артымдан туяк калса экен деген ниетте эркек баланы тилейсиң. Чынын айтсам, өзүм кеч үйлөнгөндүктөн аны деле ойлогон жокмун. Келинчегим аман-эсен көз жарып алсын деген гана ниетти жүрдүм. Келинчегимдин боюнда 7 айлык болуп калганда айылдан жайкы каникулга келген эки карындашымды жеткирип, айылга кеттим. Ал жакта эки күн жүрүп үйгө келсем, алдыман кошунам чыгып: "Сүйүнчү, эркек уулдуу болдуң" десе, "Эмнеге" деп чоочуп кетиптирмин. Көрсө, келинчегим төрөп коюптур да. 1, 200 салмакта 7 айлык болуп төрөлгөн Адилет ваакумда бир ай жатты. Апамдын эмгеги менен бала болду десем жаңылбайм. Бир кезде апам бакса, азыр ата-энемди багып айылда.10-классты бүттү. Кийинки кызыбыз Алтынбүбү, 7-классты аяктады. Фортепьянодо жакшы ойнойт. Шубин атындагы музыкалык мектебинин фортепьяно классына барат. Биз бий жагын тандап бергенбиз. "Жаш кыял" бий ансамблине 3 жашынан баштап барып, 4-5 жыл бийледи. Анан фортепьяного кызыгып, ошол жагына ооп кетти. Кичүү кызыбыз Адел, 2-классты бүттү.
- Чоң ата, чоң апанын колунда өскөн балдар өз ата-энесин "байке, жеңе" деп калышат эмеспи. Адилет сиздерди ошентип атайбы?
- Ата-энемди "ата, апа", бизди "папа, мама" дейт. Айылдан "Кыдыктын баласымын" десе, бул жакка келгенде "Мараттын баласымын" деп эки жактын тең көңүлүн алат.
- Эки жактын эрке баласы турбайбы?
- Атам, апамдын тарбиясы жакшы болгондуктан эркелебейт. Мектепти бүтсө колубузга келет го. "Мектепти бүткөндөн кийин окуусун улантканы силердин колуңарга барат. Силердин эле балаңар" деп ата-энем күлүп калышат.
- Сиз жогоруда жубайыңызды журналист болуп иштеген дедиңиз. Өз кесиби менен иштеп жатабы?
- Жок. Ал убакта бир жерден экинчи жердеги ишке орношуу кыйын болчу. Иш таппай жүрүп, балалуу болуп калдык. Анан ошо бойдон үйдө олтуруп калды. Асел КУУнун орус тил факультетин бүткөн. Өзүнүн айылында бир жыл орус тилинен сабак берип, мугалим болуп иштептир. Кийин газетада бир жыл эле иштеди. Экинчи жылы мен "илип" кетип жатпаймынбы.
- Жубайыңызды биринчи көргөндө сырткы келбети жакты беле же мүнөзүбү?
- Албетте, биринчи сырткы келбетке көз түшөт. Тыпылдап көп кишини тейлеп, кылган кызматы, жаркылдаган мүнөзү жаккан.
- Баш кошкон күндү белгилейсиздерби?
- Башында бир жыл, эки жыл деп белгилеп жатчубуз. Ырчы Сайра Момунбаева "жыгач тоюңар турбайбы" деп эки жыгач кашык берген. Ал азыр деле бар.
- Көпчүлүк жерде кайын эне менен келиндин мамилеси келишпей калат го. Апаңыз менен жубайыңыздын мамилеси кандай?
- Апамдын үч эркек уулу бар. Кызы жок. Ошондуктан келиндеринин баарын өз кызындай кабыл алган. Азыркыга чейин бардык ишти келиндери менен кеңешет. Асел экөөбүз үйлөнгөн жылы апам операция болуп ооруканага жатып калган. Ошондо Асел апамдын жанында болуп, жакшы караган. "Айланайын Аселим өз апасындай карап, бакты" деп апам ырахматын айтып, ыраазы болгон.
- Азыр апаңыз канча жаштын чайын ичип олтурат?
- Апабыз 70 жаштын, атабыз 75 жаштын чайын ичип олтурушат. Баш кошкондоруна да 50 жыл болуптур. Кош майрамдарды буюрса күзүндө өткөрөлү деп жатабыз. Экөө тең өмүр бою врач болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыгышты.
- Эмнеге ата-энеңиздин жолун жолдогон жоксуз?
- Бала кезден экөөнүн эмгегин көрүп калгандыктан болгум келбей калган. Күн-түн дебей, конокто болобу, үйдө болобу, айтор, кайсы убакыт болбосун чакырып кете беришчү. Келечекте врач болуумду ата-энем аябай эле каалашты. Бирок, оорукананын жыты мурдумда сиңип калгандыктан, оор кесипти көрүп калгандыктан болгум келген жок.
- Эмне себептен актердук кесипти тандадыңыз?
- Каяктан жүрүп артист болуп калганым деле эсимде жок. Бала кезде айылга гастролдоп артисттер көп барышчу. Артисттер кол жеткис кишилер болуп мага кызык көрүнө беришчү. Алардын жашоосуна да кызыкчумун. "Ал артисттин баласы же аялы" десе, "алардын да балдары болобу?", "аялы болобу?", "алар дагы чай ичишеби?" деген суроолорго жооп издеп кыйнала берчүмүн. Акыл-эс кирип калганда гана түшүнгөм. 7-8-класста окуп жүргөндө гезиттен "Кыргыздрамтеатрга эки жылдык студия ачылды" деген жарыяны көрүп калып, ошондон баштап артист болом дей баштагам. Бир эжелерди ээрчип Бишкекке келип, экзамен тапшырып өтүп кеттим. Москвага барып да сыноодон өтөсүңөр деп калды. "Баланын көңүлү калбасын, орус тилин билбесе кайдан өтмөк эле. Баары бир өтпөйт" деп ата-энем жөнөтүп калышты. Бирок, ал жактан дагы өтүп кеттим. Башында каршы болгону менен азыр атам менен апам "биздин бала" деп сыймыктанышат.
- Жогорку окуу жайында, мектепте кандай окугансыз?
- Жогорку окуу жайда жакшы окуп, институтту кызыл диплом менен бүткөм. Мектепте да "эң жакшы" деген баага окугам. Алтын медаль алайын деп калганда мугалимдер атайын эле эки сабактан төрт коюп коюшкан.
- Бала кезде шок болсоңуз керек?
- Бала кезде (күлүп) өлө жоош, өлө былтыйган бала болчумун. Байкем тентегирээк болчу. Ата-энем ага баарын (фотоаппарат, аккордеон, деги койчу бардык нерсени) алып беришчү. Мен таарынып эле, бурчта турчумун.
- Ошол жоош бала бүгүн белгилүү актер, куудул. Киного тартылуу кыйынбы же сахнада ойноо кыйынбы?
- Экөөнүн тең эки башка технологиясы, кыйынчылыгы бар.
- Сахнада интермедияны Айнура айым менен көп аткарасыз. Өнөктөшүңүз Сакиштен жубайыңыз кызганбайбы?
- Кызганса сахнага чыкпайт элем да. Гастролдоп көп чыгабыз. Ошондо "Маратты сага тапшырдым" деп колуна салып берет. (Күлүп) Ага жага бербей калып, артыман ээрчип, бура бастырбайт десең...
- Спорт, ичимдик, тамекиге мамилеңиз кандай?
- Спортко жокмун. Ичимдикти болсо Сакиш менен Гүкүштүн туулган күндөрүндө ичип коем. Тамекини жакшы эле тартам. Азыр аны таштоонун аракетинде жүрөм.
- Жакын досуңуз ким?
- (Күлүп) Са-акиш... Досум да, "душманым" да ошол...
Марат мырзанын жубайы Асел айым менен да таанышып, ага азыноолак суроо узаттык.
- Асел айым, Марат мырза үйдө кандай жар, кандай ата?
- Марат сахнада элди күлдүрүп жүргөндүктөн "үйдө да силерди күлдүрсө керек" деп элдин көбү сурап калышат. Андай эмес, үйдө такыр башка адам. "Серьезный" киши. Марат үйбүлөсүн аябай жакшы көрөт. Чыгармачыл адам гастролдоп көп кетет эмеспи. Гастролго чыгаардын алдында бардык нерсени алып келип берип кетет. Кайсы жакта жүрбөсүн ал-акыбалыбызды сурап, бат-бат телефон чалып турат. Бир сөз менен айтканда камдуу ата, жакшы жар.
- Кемчилиги деп кайсы сапатын белгилейсиз?
- Кемчилигибиз - кара жумушка жок. Там салганга, устачылыкка, чөп чапканга, кой сойгонго жокпуз.
- Чыгармачылыгына кандай баа бересиз? Сын айтасызбы?
- Чыгармачыл адамды бирөө сындап турбаса ал өспөйт. Сындоо кишинин кемчилигин толуктоо деп түшүнөм. Андыктан, биринчи кезекте сынды үйбүлө айтыш керек. Сынды көп айтам.
- Мисалы?
- Мисалы, Айнура экөө сатиралык интермедияны көп аткарышат эмеспи. Анын баары эле мага жага бербейт. Өтө аша чаап кеткен жерлерин айтам. Өтө эле кыйкырып, кажылдашып кеткен жерлерин сындайм.
- Сынды кандай кабыл алат?
- Туура эле кабыл алат.
- Чыгармачыл адамдын жубайы болуш кыйын бекен?
- Кыйын эле. Чыгармачыл адам бир жерге турбай изденип турушу керек. Ошондуктан, чыгармачылыгына тоскоол болбоюн деп бардык кыйынчылыкты түшүнүү менен жеңдим. Мараттын үйдө көп болбогонуна көнүп калдым.
- Өз кесибиңизди аркалабай, үйдө олтуруп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Бир аз өкүнүч бар. Бирок, баладан өткөн бакыт жок дегендей, балдарымды аябай жакшы көрөм. Алардын алыстап кетсем эле сар-санаа боло берем. Ошондон улам, иштебей калган болушум керек деп ойлойм. Бирок, дагы эле болсо эмгектенүү планда бар. Иштөөгө эч убакта кеч эмес. Андыктан буюрган күнү ишке чыгам го деп ойлоп жатам.
- Маегиңиздерге чоң ырахмат.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!