Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Ырмаек

Обончу, ырчы Жамиля Муратова:
"Эмне үчүн жаш ырчылар элди алдашат"
- Жамиля эже, кийинки учурда сизди сахнадан көп көрбөй калдык...
- Сахнага чындап эле аз чыгып калдым. Себеби, азыр жакшы концерттер жок, өзүм да күнүмдүк концерттерде катышкым келбейт. Кээде элиталык программаларга чакырып калышат, ошондо барып ырдап коём.
Азыр М.Күрөңкеев атындагы окуу жайда эстрадалык вокал боюнча сабак берип жатам. Балдарды үйрөтүү менен алекмин.
Өзүмдүн ыр жыйнагымдын, жаңы ырлардын үстүндө иштеп, съемка кылып, диск, плакаттарымды чыгарып жатам. Эки альбом чыгарганга жетиштим.
- Сиздин апаңыз да бир убакта комуз чертип чыккан эле. Сиз апаңыздан комуз үйрөнө алдыңызбы?
- Апам мага үйрөтүүгө аракет кылган, бирок мен пианистка болгондуктан, комуз үйрөнө алган жокмун. Бирок темир ооз комуз үйрөнгөнмүн. Апам азыр деле оркестрде. Кыргызстанда айткыякта ойногон жалгыз аял.
- Сиз көп ырлардын автору, мыкты композиторсуз. Ушул убакка чейин канча ыр жараттыңыз?
- Азыркы учурда сексенге жакын. Анын бир тобун өзүм аткарам, калгандарын башкалар ырдап жүрөт.
- Сиз ырларыңызды ырчыларга тандап сунуштайсызбы же сизге заказ берип жаздырышабы?
- Өзүм тандайм. Ырды ошол аткаруучу элге жеткире, аткара алабы, байкап анан берем. Элге ырларымды алгыла деп ырдан коммерция жасабайм. Ичиңен чыккан ырларың балдарыңдай эле болуп калат да. Ата-эне баласын кантип сатсын, сатпайт да. Кээде-кээде гана ырымы деп сунуштагандар болот. Негизинен ыр сатпайм. Мен ырларымды баа жеткис деп ойлойм.
- Сиздин чыгармачылыгыңызга жездебиз кандай көз карашта?
- Канча жыл болду чогуу жашаганыбызга, бирок, бир жолу да чыгармачылыгыма каршы болгон эмес. Кайра колунан келип, мүмкүнчүлүк болсо жардамын аябайт. Менин чыгармачылыгым өзүмө эле таандык болгондуктан, ал угарман катары жакшы оюн айтат.
- Сизди машина айдайт дешет…
- Жок, мен машина айдабайм, машина айдагандан корком. Бир убактарда машинам болгон, аны бир себептерден улам сатып жибергенбиз. Буйруса күздө машина алсак, окуп үйрөнүп, права алганга аракеттенем. Болбосо жолдошум же уулум айдайт.
- Уулуңуз кандай кесиптин ээси болууну каалайт?
- Уулубуз Адилет юридикалык колледжде окуп, быйыл аяктаганы турат. Өзүнүн кесиби менен гана иштейт го. Эмнеси болсо да элдин керегине жараган, ыймандуу, адептүү адам жана аман болсо болгону.
- Ырларыңыз кайсы учурда жаралат?
- Менин ырларым кайсы жерден болбосун жарала берет. Кээде ваннада жуунуп жатканда да илхам келип, ыр жаралып калат. Ыр күтпөйт экен.
- Гастролдоп жүргөн убактарыңызда эсте калган окуялардан айта кетсеңиз?
- 1997-жылдары Айчүрөк Иманалиева экөөбүз Ош тарапка кеч күздө гастролго жөнөдүк. Сосновкадан өткөндө посттон "Жол жабык, силердикиндей автобус менен өткөнгө болбойт" деп өткөрбөй койду. Анан башка жолду көрсөтүп берген балдар бар экен. Алар биздин автобусту башка жак менен айдатышты. Автобус бир жагына кыйшайып араң өтүп баратат. Биз коркуп, жүрөгүбүз түшүп, жөө өтө турган болдук. Капкараңгы, коркунучтуу, күн суук, колдорубуз менен таянып, татаал жерлерден, арыктардан өтүп, жолго араң чыктык. Жамгыр аздан жаап жатат. Аңгыча бир фаранын жарыгы келип калса болобу. Көрсө, алар бизди мурдатан эле көрүп, ушул жол менен өтүп келе жатышат деп алдыбыздан тосуп турушкан милициялар экен. Биз абалды түшүндүрдүк. "Ушинтип кыйналып жатып, элге концерт бергени баратыпсыңар" деп бизди өткөрүп жиберди. Ошондогу үшүгөнүм, колдорубуздун ылай болгону эсимден такыр кетпейт.
- Азыркы чыгып жаткан жаш ырчылар жөнүндө оюңуз кандай?
- Жаш ырчылар чыгышы керек. Заманга жараша баардык нерсе болгону жакшы. Менин бир гана аларга каалоом, жаш аткаруучулар музыкага, ырга болгон табиттерин жогорулатса, сабатын жойсо, Кыргызстандагы эле жетишкендиктерге карай бербей, жалпы эларалык искусствого карап, классиканы терең окуп, музыканын жанрларына көңүл бурушса, чыгармачылыкта курсакты тойгузууну көздөбөй, эмгектенишсе.
Жакында бир жолугушуудан бир бала, "Эгер ооруп калсак, айла жок фонограмма менен ырдашка туура келет да" - дейт. Эмне үчүн элди алдаш керек?! Андан көрө, ырчысыңбы, сахнага чык да, "менин ден соолугум болбой жатат, эмкиде ырдап берем" деп элге түшүндүр, эл түшүнөт. Эл аны түшүнмөк түгүл, анын ачык сүйлөгөнүнө ыраазы болуп, кийинки анын концертине аншлаг менен келет. Мындай деңгээлдегилер ыйык руханият,бийик музыканы бир курсагы үчүн алмаштырып жүргөн, аз убакыт жанып, кайра жалп өчө турган "лампочкалар".
- Жеке концертиңизди берсем деген оюңуз барбы?
- Күзгө даярданып жатам. Концерт уюштуруу оңой эмес, бирок, ага карабай каражат керек эле деп чыгармачылыгымды көмүп койбой, башка жол, башка ыкмалар менен элге жеке концертимди тартуулайын деп жатам. Менин ырларымды аткарган бүт ырчылар катышат.
- Кандай китептерди окуйсуз?
- Үйдөн эң улуусу болгонгобу, айтор эрке болуп чоңойгом. Бирок, ата-энемдин жакшы тарбиясы менен ушул эрезеге жеттим. Ата-энебиз бизди китепке көп көңүл бурдуруп, китепти көп окутчу. Азыр да мен жаккан китеп көрсөм, бир түндө эле окуп бүтүп коём. Тарыхый чыгармаларды окуганды жактырам. Китеп кымбат болсо да сатып алам. Чоң атамдан калган китептерге чейин чогулткам.
- Ашканада кандайсыз?
- Ашканада баарын жакшы эле жасайм, бирок, жумуштан абдан чарчагандыктанбы, кийинки учурда тамак жасабай калдым. Тамакты көбүнчө апам жасайт. Мен мантыны жакшы жасайм. Кесме, беш бармак, камыр тамакты жакшы көрбөйм.
- Жан-жаныбарлардан эмнеден коркосуз?
- Быжыраган майда курт-кумурскалардан жана жыландан корком.
- Жашоодогу сүйүнгөнүңүз эмне?
- Сүйүнгөнүм таңды көрүп, өмүр кечирип жатканым, күндө келип күтүп олтурган балдарыма билим бергениме сүйүнөм.
- Кайсы майрамды жакшы көрөсүз?
- Жакшы көргөн майрамым 9-май Жеңиш күнү. Себеби бул майрам бир нерседен улам пайда болгон эмес. Чындыгында эрдиктин күчү менен тарыхта калган майрам. Бул күнү кино көрсөм ыйлап, жүрөгүм менен кабыл алып майрамдайм.
Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА




  Кул заман, пул заман

Сахалин сапары
(Башы өткөн сандарда)
Алардын чет жерлердеги 28 өкүлчүлүгү бар имиш, эми алар жөнүндө кайран сөздү коротуп отургуң да келбейт. Сүйлөгөн сөздөрүн, берген маектерин окусаң карапайым киши түшүнүп, "ии, булар муну жасап атыптыр" деп сүйүнүп окугудай мыдыр бир нерсе болсочу. Жалаң тээ өйдөдөгү дүйнөлүк маселелерден кеп урушат, БУУнун (ООНдун) адам укугу ж.б. боюнча сөз кылышат, иши кылса катуу иштеп аткандай түр көрсөтмөйбү деген ойго кептелесиң. Же мейли, чет жактарда калып кеткен бомуждарды тим коелу, ушу кышта "өзүбүздүн" эле канча бомуждар тоңуп өлдү? Килтейген социалдык коргоо министрлигин дыркырата кубалап таратып жиберсе жарашат эле ушундан соң. Кишилер көчөдө тоңуп өлүп атса орустар айткандай какое на хрен это министерство соцзащиты?! Анан кантип өсөбүз, кантип оңолобуз кокуй? Айла жок, сөз жок. Эгерде министрди алып ыргытса ал эртеси эле оппозиционер болуп кайра чыга келет да өзү учурунда кыла албаганды кылбай атасыңар деп кайра бийлик бечарага асылат. Ушундай туңгуюк айлампа. Бул кай заманда барып токтойт көз жетпейт. Айтылуу жазуучу агабыз Мар Байжиев айткандай азыркы депутаттар (бийликке десең да жараша берет) парламентке эл үчүн кызмат кылганы эмес, оокат кылганы үчүн гана барышат дегени чын эле окшобойбу? Бомуждардан башталган бушаймандын арты минтип саясатчыларга тийип жатышы табигый нерсе эмеспи. Анткени алар деле биздин атуулдар, ал эми өз адамдары жөнүндө кам көралбаган мамлекеттин мамлекет экени кайсы? Атагы таш жарган Темирлан (аксак Темир) бир кезде "мусулмандарды башкарыш үчүн бир колуңда камчы, бир колуңда бал чөйчөк болушу керек" деген кепти бекеринен айткан эмес экен деп калдым.
Акыркы убактарда Сахалинди жазып келатып эле "башка жактарга" көп кирип кетчү болдум. Өткөндө Каркыра жүрүшүнө алаксып кеткем. Өзүм ошо Түпкө күйөө бала болсом, анан кайын журтта тигиндей саясый окуялар болуп, саясатчылар жумуртка менен "ташбараңга" алынып атса менин Сахалинди айтып отуруп алганым чекилик иш болбойбу. Бечара оппозициячылар элди, бийликти Акаевдин убагындай көрүп эле каңкайып кирип барышканын кара… Ал жактын губернатору эр экен, минтип иштеп турса оппозиционерлер дагы далайга чейин көл тарапка баспас болот шекилди.
Сахалин жөнүндөгү бул жолку баянды да арыраак жылдыра туруш керек болуп жатат, анткени дагы бир чоң окуя болуп атыптыр, өзүм да ишенбей турам. Мектепти бүтүп кеткенибизге туп-туура, тоголок 30 жылдын жүзү толуптур быйыл! Ошондуктан өзүм жетпесем да гезит аркылуу окуткан агай эжейлерге, классташтарга салам жолдоп, жүрөктө жүргөн каалоо тилектеримди билдирип койгум келди, бу да парз эмеспи…
Урматтуу бизди окуткан агай-эжейлер! Мен, Шаматов Бахтияр, Лейлек районундагы Ю.Гагарин атындагы орто мектептин 1978-жылдагы 10 "г" классынын бүтүрүүчүсү, сиздердин баарыңыздарга сагынычтуу салам айтам жана баарыңыздарга башымды төмөн ийгим келет! Муну жөн эле айтыла жүрчү сыпайы, дүжүр сөз деп ойлобогула! Алгачкы тамганы тааныткан Өсөров Икрам агайдан тартып (а кишини өтүп кеткен деп угам, жаткан жери жайлуу болсун) уядан учурган Камчыева Сапаргүл эжейге чейин баарыңарды унутпай, ичимде ар бириңерге эсенчилик тилеп жүрөм. Ражапова Дархан, Назаров Жуманазар, Айтемиров Сатыбалды, Саатов Курбан, Аззамов Дыхан, Толукбаев Кенже, Азиреткулова Касагүл, Момунов Жумаш, Сулайманов Рахманкул, Асанов Ташполот, Жумагулов Ислам, Саматов Мамыт, Жумабаев Гадай, Максутов Бөрүкул, Уламова Пазилет, Калмурзаева Айнагүл, Айдаров Үүраим, Кошматов Төрөкул, Азимов Абдирашит, Мустапаев Абдулла, Муктарова Замира, Туракулов Махмадамин, Оморова Клара эжей, агайлар, баарыңарга чоң рахмат, өтөгөн эмгегиңерди, кылган жакшылыгыңарды биз унута элекпиз, антүүгө акыбыз да жок деп ойлойм! Мен азыр артка кылчайып карасам, силер совет доорунун бактылуу, барктуу мугалимдери, биз болсо бактылуу окуучулары болгон экенбиз. Эми ал заман түштөй сезилет. Ким билет, чыккынчы Горбачев болбогондо совет өкмөтү дале тура бермекпи аттиң…
Бул жаңы заманды жеригендик эмес, ар бир адамда боло келген кусалык, сагыныч маанайы. Ностальгия деп коюшат эмеспи. Экинчиден, мугалимдердин бүгүнкү кудайдын боору ооруурлук ахыбалын көрүп-билип эле турабыз го. Өзүлөрүнөн башканы ойлобогон журтбашылардын бул кейпинде дагы далайга чейин мугалимдердин ооматы кайра келчүдөй эмес. Мен сиздерге аманчылык, узак өмүр тилейм. Буюрса көрүшүп калаарбыз дагы. Эң башкысы мен өмүр бою силердин атыңарга бир да так түшүрбөскө аракет кылып келе жатам. Мен сиздер менен дайыма сыймыктанам!
Урматтуу классташ мырза, айымдарым! Эми силерге айтчу кепти уккула. Отуз жылдык деп оолугуп тургандырсыңар, кут болсун майрамыңар! Чогулуп калчу болсоңор жакшы отуруп, классташтардын ар бирин эстегиле. Алдыңар таята, таене, чоң ата, чоң эне болгондурсуңар. Заман ушу экен, ар ким ар жерде дегендей, чогуу боло албадык. Жадагалса ушу гезит айылга жеткенче силер эчак жолугушуп, ооруган башыңарды жазып жүргөн болосуңар. Бирок, карагыла некин, этият болгула! Абдылхактын эле айтканын кыла берсеңер жаман болбойсуңар. Неси болсо да деректир адам, анча-мынча силерге караганда акылы бар. Эми мени сурасаңар мен түзүк эле. Ушу "Бишкек таймс" гезитинде иштеп жүрөм. Кокус чалсаңар чөнтөк телефондун номуру 0777 33-86-70.
Менин ишим жалаң жазмай, журналисттин жумушун билесиңер да, өзүмдү көрбөсөңр да ушу гезитти дайыма көргөн жерден сатып алып окуп турсаңар биздин жолугушканыбыз, сүйлөшкөнүбүз ошо! Абдылхак, Накентай! Силерден бир өтүнүч, Каныгүл аяш энемден бир кабар алып, денсоолугун сурап койгула. Менден салам айткыла. Аяшым Катырага да сөзсүз учурап койгула. А киши батыр эне болуптур деп Мухтардан уктум, аябай сүйүндүм, бечара Бали дос тирилип келгендей болдум. Үларга да салам айтканды унутпагыла. Кайран жигиттер Ырысбек менен Балинин тагдырлары ушундай экен, а дүйнөнүн бар экени чын болсо экөө да отуз жылдыктын камында жүрүшкөндүр. Аяш атам, аяш энемдер мага капа болушпасын, заман шул экен, көп нерселерди ойлоп турасың, бирок колуң жетпейт, көр тириликтен башың чыкпайт, башың чыкса да, бутуңду тарталбайсың. Катырага менин телефонумду берип койгула. Кабарлашып туралык. Баса, Наке, сени завхоздукту таштап лицейге мугалим болуптур дешет го? Куттуктайм, балдарды Сатыбалды агайдай катуу кармап окут, авторитетиң болот! Абдисалам кандай жүрөт, дагы эле каратэсин кое элекпи? Эргеш айылдабы? Чынын айтсам, көбүңөрдү көптөн бери көрө элекмин. Менин адресим ушу гезиттин экинчи бетинде жазылып турат. "Алатоо" кинотеатрынын астында, Курманжан датканын эстелигинен күн чыгыш жакка 10-15 кадам, Пушкин 70 деген ошо. Баланча жыл, түкүнчө жыл деп отурбай эле келип тургула. Күтөм баарыңарды!
Файзулла, Исраил, Көкүл, Пахыр силерди ушул эле Сокулукта деп угам. Эмнеге кабарлашпайсыңар? Силер дүнянын артынан көп эле кубалай бербесеңерчи? Каршы болбосоңор чогулуп отуруп, бир чөгүндөн лиманад ичели, бала кезди эстейли.
(Уландысы бар)
Бахтияр ШАМАТОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!