Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Сырмаек

Ырчы Шахрезада Аскарова:
"Сахнаны абдан сагындым"
- Шахрезада эже, эмнегедир көптөн бери көрүнбөй калдыңыз, эмне иш менен алектенип жүрөсүз?
- Азыр журналисттер эле эмес, мени көргөн жөнөкөй адамдар дагы "кайда жүрөсүң, эмне чыкпай калдың?" деп сурашат. Мурда мен себебин түшүндүрсөм, азыр дароо эле "акча берчи, ырдап чыгам" дей баштадым.
Чындыгында азыр көп нерсени акча чечип калбадыбы. Илгери биз талантың болсо эле жерде калбайсың, акчанын кереги эмне деп талантыбызга ишенчүбүз. Бирок кийинки учурларда мен дагы акча жок болсо эч нерсе кыла албайт экенбиз деп моюн сунуп баратам. Мына, азыр акчаң жок болсо көмүскөдө калат экенсиң, ачка да болосуң, алдуулар тебелеп да кетишет экен. Кийинки эки жылдын ичинде мен ушундай жыйынтыкка келдим. Ага чейин мен коммунист болуп келатып, ары жагыңда талант турса эле өчпөйм деген ойдо болчумун. Чыкпай калганымдын биринчи себеби ушул.
Экинчиден, биз дагы эле советтик кайра куруунун эски калдыктарынан кутула албай, капитализмдин жытын толук сезбей жатабыз. Азыр Кудайга шүгүр, иштеп атабыз. Бүгүн өз күчү менен концерт берген адамды деле көрө албайсың. Баары эле демөөрчү издеп жүрөт.
- Азыркы акчалуу, бирок талантсыз жаш ырчылар эски муундун купулуна толбойт, сиздердин деңгээлге жетпейт окшойт деген пикир жаралат...
- Азыркы жаш ырчылар абдан жакшы нук таап алышты. Бир чети сүйүнөсүң. Нук таап алышып, ырчылардын баасы көтөрүлүп, концерттин дагы деңгээли жогорулап, эл дагы бул нукка көнүп калды. Жаңы толкун жакшы иштеп атат. Мурдагы ырчылардын ортосунда ажырым болуп калды. "Эски ырчылар көрүнбөй калды,чыкпай калды" дешет. Жок, биз деле ырдап атабыз, иштеп жүрөбүз. Эл сынчы, эл тараза. Чыныгы таланттар эл тарабынан иргелип, кала берет. Ал эми акча менен чыгып жүргөндөр акыры бир күнү акчасы түгөнгөндө четтеп калат. Элди тажатып жиберген ырчылар да бар. Ырчылар азыр өз товарын элге тартуулап жатышат, 3-4 жылдын ичинде алар да электен өтүшөт.
- Сиз дагы жаңы муунга кошулуп же жеке концертиңизди тартуулайын деген оюңуз жокпу, кантсе дагы эл сизди сагынып калган чыгар?
- Ким эле концерт койгусу келбесин. Совет маалында концерттин алдында чоң даярдык көрчүбүз, ошо менен азыктанчубуз. Азыр андай репитиция деле жок, ал кезди сагынабыз. Жеке концерт тартуулоо үчүн чоң даярдык көрүү зарыл. Менин да жүрөгүмдө ырларымды элиме тартуулап, чакан да болсо чыгармачылык концертимди берсем деген жакшы тилегим бар. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп жатпайбызбы.
- Азыр ырчылар продюсерине гана ишенип калышты, сиздердин убакта продюсер жок болчу да...
- Биздин убакта кайдагы продюсер, филармонияда 10-15 кишиден турган көркөм кеңеш бар болчу. Концерт болордун алдында баскан-турганыбыздан, кийим-кечебизден өйдө даярдачу. Ар бир майда нерсеге да көңүл буруп, катуу даярдык көрүлчү эле.
Мен бир жолу көйнөгүм жок болуп калып, чыттан көйнөк тигип кийип алсам, аны директор көрүп калып, мага жаңы костюм бердирген. Ошол концерттин артынан мен жалтырак эки костюмдуу болгом.
Биздин убакта мектеп болгон. Азыр андай мектепти таппайсың. Ошондуктан азыркы жаштарга продюсер керек. Продюсер кимдер болуп атат? Баягы эле КТРде иштегендер. Азыркы жаш продюсерлер концертти уюштуруп эле жатышат. А концертти негизи администратор уюштурат да. Ал эми дүйнөлүк деңгээлде продюсер деген белгилүү убакка чейин келишим түзүп алып, ал ырчыны бардык жагынан камсыз кылышы керек. А мындай көрүнүш Кыргызстандын абалы үчүн жомок. Ошол үчүн азыр продюсерлер "сен ырдай бер, мен концертиңди уюштуруп берем, костюмуңду тиктирип берем" менен эле чектелүүдө.
- Сизди концерттерге чакырышабы?
- Биз эски муундун ырчылары анда-санда ретро концерттерди берип атабыз. Жакында эле телевидениеде Алтынбек Сапаралиев баш болуп ретро концерт бердик.
- Теле-радионун фондунда ырларыңыз бар бекен?
- Биз илгери жердин баарын кыдырып концерт берип жүргөндө, ырларды жаздырчу эмеспиз. Жандуу үн менен гана ырдачубуз. Телевидениеде көп деле ырларым жазылбаптыр, болгону фонддо 3-4 эле ырым бар экен. "Ырларыңды жаздырып алып кел" деп телевидениеден сурап эле атышат. Бирок ушул нерсени жасай албай жүрөм. Себеби, фонограмманы жаздыруу үчүн көп акча керек. Эми, буюрса, ырларымды кайрадан жаздырып көрсөмбү деп атам.
- Демөөрчү издеп көрдүңүзбү?
- Демөөрчү издегенден уяласың. Эки колу-бутуң аман-соо, дени-кардың таза, анан бирөөдөн сурап баргандан кантип уялбайсың. Баягы өткөөл маалда сурап жүрдүк. Совет доору урап, эл эмне кыларын билбей, биз дагы кимге ырдап, кантип чыгарыбызды билбей жүргөндө менин жакындарым, курбу-досторум, мага жакшылык каалаган адамдар мага чоң колдоо көрсөттү.
Азыр элдин баары эле иштесең тиштейсиң деген принцип менен күнүмдүк көр оокаттын айынан тынбай эле тытынып жүрүшөт. Мындай убакта бирөөдөн барып тыйын сурагандан уялам. Ошентсе да мага балам демөөрчү болгону жатат. Өзү үйбүлөсү менен Астанада ырдап жүрөт. 18-майда туулган күнүмдө телефондон "мама, мен сизге жардам берем, буюрса баары алдыда, жакшы болот" деп мени абдан сүйүнтүп койду. Ал музыкант, азыркы мезгилдин көз карашы менен карайт. Ошону угуп сүйүнүп олтурган кезим.
- Ырчылардын көбү тойлорго кызмат кылып акча таап калбадыбы, сиз дагы тойлорго чакыруу аласызбы?
- Азыр тойлорго эле барып атабыз. Мен бул жөнүндө кайталап айтпай эле коёюн дедим эле. Кайта эле айтканга туура келип атат. Кыргызча-орусча тамада болуп атам. Ушундай иш таап алгам, майлуу-сүттүү. Жакшы экен ай, жыргап эле калдык, үйбүлөмө да жакшы. Күндө чучук, казы-карта дегендей. Тойлорго көп чакырышат.
- Жашыңыз бир топко барып калса дагы, келбетиңиз баягыдай эле экен, сырын билсек болобу?
- 50дөн ашып калбадыкпы. Акчам болсо укмуш нерселерди жасап, мындан да жаш, сулуу болмок белем деп ойлойм. Үлпүлдөп эле турайын дейм, бирок ушуга каниет кылып, тобо, шүгүр деш керек. Өтө бай болбосом дагы, эл алдында жүзүм жарык. Эл арасында жүрүп калсаң, "и баягы Шахрезада" деп калышат. Көчөдөн көрүп калса эле чалынып кеткиче карашат. Тойлорго барсаң тост берген кишиң эле "Ой, кайда жүрөсүң, эмне ырдабай калдың" деп калышат. Ушундай сөздөрдү угуп эле мен элден көп энергия алам. Элдин сүймөнчүлүгүнөн, кадырлоосунан адам өзүн жаш сезет го.
- Аял кишиге жер кыдырып көп күндөп кетүү оңойго турбаса керек, сиз гастролдоп кеткенде жолдошуңуз кандай кабыл алчу эле?
- Биз совет өлкөлөрүн түрө кыдырдык. Гастролдоп абдан көп кетчүбүз. Ошол убакта менин бактыма апам болуп калып, көп жардам берди. Апам азыр менин колумда, 81ге чыкты. Экөөбүз подружка элебиз. Балдарымды жаштайынан чоңойтуп, менин чыгармачылыгыма абдан колдоо көрсөттү. Жолдошум Шеркул Дүйшөналиев деле менин гастролдоп кеткенимди туура кабыл алчу. Себеби мен акчаны укмуш таап келчүмүн да. Жаш экен да, өзү да кенен-чонон басып, ойноп-күлүп дегендей, каршы деле болгон эмес. Кийинчерээк турмушубуз болбой, ажырашып кеттик. Ошондон бери апам, балдарым менен күн кечирип келем...
- Апаңыздын эмгегин аз да болсо актап келатам деп ойлойсузбу?
- Мен апамды абдан жакшы багып атам. Мен ушу менен 100% мактана алам. Апам мени баспестеп бакты, жолдошум менен ажырашып келгенден кийин кайра апамдын колуна келдим. Балдарымды бакты. Карыса да эмне жаңылык болуп жатканына кызыгат. Өлкөдөгү да, чет жактагы да жаңылыктарды бүт которуп, түшүндүрүп берем. Сериалды мени менен жарыша көрөт. Ортосунда реклама болгондо которуп бергиче шашат.
- Туугандарыңыз менен катташып турасызбы?
- Айылда аталаш бир туугандарым менен катташып турам. Алар айылдын оокатынан бошой алышпайт, өзүм барып учурашып, шаарга чакырып келип коноктойм. Шаарда жер тамда турабыз.
- Өз балаңдан да небере ысык болуп калат дешет?
- Жанагы айткан Астанадагы жалгыз эле уулум бар да. Ошонун эки баласы бар. Кызым болсо үйдө эле, өзүмдүн колумда. Неберелерим өз баламдан да ысык болуп калды. Бат-баттан эле сагынышып турабыз. Улуусу экиге чыгып, апа деп калды. Сагынганда эле телефондон таттуу тилдерин угуп, жарпым жазылат.
- Куда-сөөк менен мамилеңиз жакшыбы?
- Келинди Ысыкатадан алдык. Кудаларым өздөрү көп жылдан бери эле шаарда турушат экен. Кудагыйым жакында эле Италиядан келди. Эми жаңыдан табышып, катташып, куда-сөөктүк милдетибизди аткарып жатабыз.
- Катуу кайнене болсоңуз керек?
- Менден катуу кайнене чыкпайт. Келиним менин колумда 8 ай эле жүрдү. Келинимди кызымдай көрөм. Экөөбүз курбулардай эле болуп калдык. Келиним өзүмдү тартты, өзүмө окшош. Менин жаш кезимди эле элестетип турат. Орус мүнөз, майда-барат менен иши жок, бала кыял. Биздин үйдүн босогосун 18 жашында аттады. Кайнене катары эмес, өз апасы катары мамиле кылам.
- Мусулманчылыкка кандайсыз, намаз окуйсузбу?
- Намазга жыгылуу жөнүндө көптөн бери ойлонуп жүрөм. Каныкей досум намаз окуйт. Үйдө апам деле "намаз окусаң боло" деп көп айтат. Орозо, намаздын жакшы пайдасы бар да. Мусулманчылыктагы бул парздарды аткаруу тууралуу мурдатан эле ойлонуп келатам. Убагы келгенде буюрса ишке ашырам.
- Алдыда аткара турган пландарыңыз тууралуу кеп салбайсызбы?
- Анчалык деле глобалдуу пландарым азырынча жок. Ал үчүн чоң каражат керек да. Алдыдагы негизги максатым эки небереме той берүү. Элди чакырып чай берсем деген жакшы пландарым бар.
- Сахнаны сагынсаңыз керек?
- Албетте, сахнаны сагындым. Бирок элди чакырып чоң концерт берүүгө азырынча шарт туура келбейт. Тойдон бугубузду чыгарып, ырдап атабыз.

Маектешкен Жазгүл ИБРАЕВА




  Концерт алдында

Кичинекей пародист Мажит:
"Бүтүрүүчүлөргө гүлдесте сунам"
- Мажит, Бишкекке экинчи жолу концерт койгону турасың. Толкунданып жатасыңбы?
- Жок, сахнага көнүп калдым. Эмнегедир ата-энем толкунданып жатат.
- Концертиңде кандай өзгөчөлүк бар?
- Дуэт ырдаган ырчыларды карындашым Сайкал экөөбүз туурап чыгабыз. Ал 1-классты эң жакшы баа менен бүттү. 24-майда акыркы коңгуроону кагат.
- Өзүң окууну кандай аяктадың?
- Чынын айтсам чыгармачылыкка баш-отум менен кирип, гастролдоп кетип, сабактардан жетишпей жатам. Бирок, талантымды эске алган мугалимдер көтөрмөлөп баа коюп, жыйынтыгында ударник болдум.
- Концертиңде жаңы сатира, ырларга күбө боло алабызбы?
- "Акча" аттуу сатиралык ыр жаздырдык. Бул ырдын сөзүн ата-энемдин өкүл баласы куудул Жакут Сыдыков жазган. Ал эми обону Ильяз Абдразаковдуку. Концертти ийгиликтүү өткөрүп алсак, кайра эле 1-2-июнда өтө турган "Жылдыздардан жанган жылдыздар" концертине катышам. Бул концерттин идеясы Алина Жетигенованыкы. Ал эми уюштуруу жагына ата-энем чуркап жүрөт.
- Концертиңди кандайдыр бир нерсеге арнап коюп жатасыңбы, же?
- Ооба. Бул концертимде жолугушуу кечеге барчу эже-агайларга, бүтүрүүчүлөргө гүлдесте катары ыр сунам. Учурдан пайдаланып, бардыгына ак жол каалайм.

Маектешкен Нази БАЯН кызы












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!