Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Дин майданда кеп болду…

Начар имамдар сынактан "солойто чабылды"
Мусулмандардын республикалык диний Башкармалыгы эки айга чукул өлкөнү түрө кыдырып, жер-жерлердеги имам мударистерин дагы бир жолу тактады жана илим деңгээлин текшерип, сынак электен өткөрдү. Жыйынтык мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында өткөрүлүп, ага республиканын бардык булуң-бурчунан келген делегат молдокелер, 9 казыят башчылары жана учурда дин кызматын аткарып жүрүшкөн түрк, арап эмиссарлары катышышты. Аттестацияга жалпы саны 2062 адамды түзгөн имам мударисттердин 1348и жаки 68 пайызы катышкан. Катышпай калган 32 пайыз дин "аткаминерлери" менен өзүнчө, катуу кеп болоору айтылды. Деңгээли өтө начар, даарат менен гусулду айрып билбеген 42 имам (7%) сынактан солойто чабылып, бирок мечиттен куулбай, төмөн даражадагы кызматтарга ылдыйлады. 282 имам дагы бир сыйра катуу даярданып келип, июль айында сынакка кайра кирмекчи. Ал эми сынакка катышуунун көрсөткүчтөрү төмөнкүчө: Бишкек 100 пайыз, Чүй - 82, Талас - 80, Ош - 73, Ысыккөл - 70, Нарын - 69, Ош облусу - 65, Баткен - 62, эң начар катышкан Жалалабат - 67 пайызды түзгөн. Көрүнүп тургандай, түндүк тараптагы молдокелердин катышуу активдүүлүгү бир топ жогору. Сапаттык көрсөткүчтөргө келсек илим көрөңгөсү боюнча Бишкек жана Чүйдүн имамдары алдыларына киши салбайт. Экинчи орунда Ош шаарынын, үчүнчү орунда Ош облусунун имам мударистери турушат. Жыйын башында чоң доклад менен чыгып сүйлөгөн КР муфтийи, чебер оратор, Борбор Азиядагы күчтүү ислам проповедниктеринин бири Мураталы ажы Жуманов таксыр Кыргызстандагы ислам дининин, бүгүнкү абалын жакшы жактарын айтып келип, төмөнкү көйгөйлөрүнө токтолду.
Кыргызстандагы ислам дининин бүгүнкү ахывалына Кудайга шүгүр деш керек. Муфтийден тартып айыл имамдарына чейин өзүлөрүнүн колунан келишинче, илиминин жетишинче дин кызматын аткарышууда. Алардын иштери ээн-эркин, эч кандай, эч ким тарабынан кысым жок. Чет мамлекеттен окугусу келгендерге жол ачык. Республикадагы мечит, медреселердин, динге кызыккан адамдардын саны өсүүдө. Муфтийдин айтымында жаныбызда кошуна жашаган айрым республикаларда мынчалык дин эркиндиги жок, имамдардын колу-буту байланган, дин кызматын эркин жүргүзгөнгө чамасы жок.
Кыргызстанда диний эркиндик болгону менен анын айынан диний жөрөлгөлөрдө, каада-салттарды баш аламандык байкалууда, бирдиктүү жалпы тартип орнотпосо болбой калды. Сынактын өткүрүлүшүнө да мына ушул жагдайлар башкы себептердин бири болду.
Исламдын пардасын жамынган "хизбут-тахрирчилер", акрамийлер активдешүүдө. Алар анча-мынча акча менен айрым ач көз, туруксуз имамдарды оңой эле өз катарларына тартып жатышат. Натыйжада күндүзү бирди сүйлөп, түнкүсүн башка үгүт жүргүзгөн эки жүздүү имамдар пайда болууда. "Хизбутчулардын" кайырмагына илингендер анын катарына ант берип киришет, булардын китебинде (партиянын Уставы) үгүт баракчаларын таратуу парз катары жазылган. Жетекчинин аты эч качан айтылбайт, буга да ант ичишкен. Непадам бирөө жетекчинин атын сатып жиберсе аны менен сөз кыска, аео деген болбойт.
Аттестациянын жүрүшүндө Оштун Карасуу районунан 6, Араван районунан 4 имамга жана Карабалтадагы (Чүй облусу) кадыр-барктуу мударис саналган Абдухалил дамылланын медресинде 1 мудариске шек кеткен. Башкача айтканда жогорудагы имам мударис таксырлар мусулмандарга салттуу ислам дининин эмес, "башкача" үгүт насыят иштерин (салафийлердин) жүргүзүп келишкен. Мындай дин кызматкерлери токтоосуз мечиттен куулушу керек.
Муфтияттын жана момун мусулмандардын башын ооруткан кийинки көйгөй - адамдардын башка динге өтүп жатышы менен байланышкан чырлуу маселелер. Туура бизде дин эркиндиги бар, керек болсо шайтандын сектасына чейин кирип кетсе-койсо ар кимдин өз эрки. Ислам дининде бул өтө оор күнөө, динин саткандар тиги дүйнөдө тозокко түшүп, түбөлүк куйкаланат делинет, каза болсо жаназа окулбайт, сөөгү мусулмандар жаткан көрүстөнгө коюлбайт. Башка динде жүрүп о дүйнө кеткен маркумдун туугандары жаназа окуп кой деп молдону кысмактайт, молдо болсо окубайм дейт. Пенделер муну өзүлөрүнүн тууганынан көрбөй, элди бөлүп жатасың деп бечара молдолордун өзүн кокологондон кайра тартпайт. Буга башын ооруткусу келбеген айрым чиновниктер жөн эле жаназа окуп кое бербейсиңби, эмнең кемип атты дегендей таризде булар да молдолорго өкүмзарлык көрсөтөт. Мисалы, ушу тапта Атбашыда жогорудагыдай чырлуу жагдай чыккан. "Дин безерлер өлөбү, көмчүлөрүн өзүлөрү тапсын!", - деп ачык айтты муфтий Мураталы ажы Жуманов. Чынындале секталарга кирип кетип жаткан шордуулар бу жагын ойлонбойт окшойт да. Болгону он, он беш адамдан куралган топ өзүнчө дин түзүп, жүгүнөбү, чокунабы айтор оор күнөө жасаганына карабай, ичер суусу бүткөндө акыретке мусулман катары кепинделип, жаназа менен узагысы келет окшобойбу. Шарият каадасы катуу ислам дини муну менен келише албасы түшүнүктүү да. Демек жер-жердеги имамдар муну элдин кулагына тынбай куюп туруулары керек.
Акыркы жылдарда дават, даватчылар деген түшүнүк пайда болду. Кыязы даватчылар ислам дини боюнча эл арасында үгүт жүргүзгөн адамдар. Муфтийдин айтымында намаз окугандардын саны өсүп, мечитке келгендердин көбөйүп жатышында даватчылардын үлүшү зор экен. Бирок даватчылардын сырткы кебетеси, узун көйнөгү, сербейген сакалы, маасы, көлөчү көптөргө жага бербейт, айрыкча коомдук жерлерде жүрүшкөн даватчылар кийимин дурустап, элди чочутпагандай кийиши керек. Бирок даватчымын дегендин баарына эле муюй бергенге болбойт, ичинде "хизбутчулар", "акрамийлер да аралашып кеткен. Кокус бирөө шейхмин десе аны да айланып качуу керек, анткени муфтият "шейх" деген наамды бербейт.
Дагы бир дин көйгөй - учурда Кыргызстанда түрктөр, араптар каржылаган медреселердеги окуулар балдарды тымызын өз таасирлерине тартууда. Ошондуктан Кыргызстанда расмий ислам дин кызматын аткарып жүргөн чет элдик жарандарды да ушу жылдын июль айында аттестациядан аткаруу чечими кабыл алынды. Медресе дегендей эч кандай шарты жок, өз үйүндө өжүрө өңдөнгөн медреселерди ачып алып бала окутканга уруксат жок. Ошондой эле мечиттердеги карыканаларды да медресе катары пайдаланууга болбойт. Ал бөлмөлөр куранды жактоо үчүн гана кызмат кылышы керек. Дегеле исламда "илим алуунун зыйнаты кордук" деп айтылгандай ар бир мусулман диний илимди машакат менен, көп нерселерден баш тартуу аркылуу, азаптанып, кыйналып алуусу шарт. Мисалы, жумшак диванда чалкасынан түшүп жатып алып жаттаган Куранды Аллах таала кабыл кылбайт.

Бахтияр ШАМАТОВ




Кайрылуу
Сөөктү көмдүрбөй жатышат
Нарын областынын губернатору Өмүрбек Субаналиевге
2008-жылдын 18-майында Куланак айылынын тургуну Алымбек Исаковдун 14 жашар уулу каза болгон. Эртеси 19-май күнү эртең менен Куланак айыл өкмөтүнүн чечими аркылуу атайын көрүстөн үчүн бөлдүрүп алган жерге (күбөлүктүн копиясы тиркелүү) маркумдун сөөгүн жашыруу үчүн жай казыла баштаганда, Куланак айылынын тургундары - К. Иманов (имам), Б. Сатаров, С. Жээналиев, К. Үсөнов, А. Сокеев ж.б. өздөрү менен бирге дагы элүүдөн ашуун (кээ бирлери күрөк көтөргөн, арасында мас абалындагылары бар) ээнбаш адамдарды уюштуруп келип, "Биз бул жерге өлгөн балаңардын сөөгүн көмдүрбөйбүз, анткени силер диниңерди саткан баптиссиңер, ал турмак бүткүл Куланак айыл өкмөтүнүн аймагына койдурбайбыз" деп бизге жай каздырбай коюшту. Алардын бул иштери коркутуп-үркүткөн жемелөөлөр менен коштолду.
Биз бул иштин тынчтык жана мыйзамдуу жол менен чечилишин издеп, ошол эле күнү Куланак айылынын өкмөтү Бердибек Абдраимов менен бирге Нарын райакими Ишенбек Медетовго кайрылдык. Ал киши өзүнүн орун басары Эмил Алымкуловду жана аны менен бирге прокуратуранын бир өкүлү жана эки милиция кызматкерин кошуп биз менен Куланак айылына жөнөттү. Биз кайра айылга келип, өкмөттүн конторунда Куланак айылынын жогоруда аттары аталган тургундары менен сүйлөшкөнүбүздө, алар дагы эле "Өлгөн балаңардын сөөгүн койдурбайбыз" дешип, ал турмак Алымбек Исаковго "христиан дининен чыгып, исламды кабыл алсаң, анан баландын сөөгүн көмдүрөбүз" деп кысым көрсөтүштү. Ал эми Нарын райондук акимчилик тарабынан тартипсиздикти жөнгө салуу тапшырмасы менен барган Эмил Алымкулов жана (тилекке каршы, аты жөнү бизге белгисиз) өздөрүн прокурор жана милициянын начальниги деп элге тааныштырган укук коргоо кызматкерлери ал жердеги чогулган тартип бузуучуларга мыйзам жолун түшүндүргөнгө аракет кылганы болбосо, эч кандай мыйзамга ылайык чечкиндүү кадамдарды жасап, мыйзам бузуучуларды жөнгө салып, биздин укугубузду коргоп бере алышкан жок. Тескерисинче, чогулган элдин "ислам динин кабыл ал, болбосо өлгөн балаңдын сөөгүн койдурбайбыз" деп маркумдун атасын кысымга алган сөздөрүнө ортоктош болушуп, кайра бизди күнөөлөштү.
Ошону менен бирге 2006-жылдын 19-апрелинде айыл өкмөтү тарабынан көрүстөн үчүн бөлүнүп берилген жердин токтомун жокко чыгарышты. Аягында "биз бул ишти чече албайбыз, бизден жогорку инстанцияларга кайрылгыла" деген сөз менен жыйынтыкташты.
18-майдан бүгүнкү күнгө чейин маркумдун сөөгү жерге коюлмак турсун, жайы казыла элек. Ушул кырдаалга байланыштуу, жогоруда аты аталган Куланак айылынын тургундарына мыйзамга ылайык чара колдонуп, тез арада маркумдун сөөгүн жерге коюуга жардам берип, биздин жарандык укугубузду коргоп берүүңүздү суранабыз.
Сагынбек Рыскелдиев, Рахат Чүйтиев, Асылбек Акынбаев, Нарын Евангелистик христиан баптисттер жыйыны




  Тилсиз жоо

Машиналардын көптүгү өрт өчүрүүчүлөргө тоскоол болууда
"Өрт тилсиз жоо". Ысык жалын менен алышкан өрт өчүрүү кызматкерлеринин эмгеги өрт болгон учурда байкалат. Башка учурда бааланбай калды. Алар кантип, эмне кылып жашап жатышат деген маселенин тегерегинде Мамлекеттик өрттү көзөмөлдөө башкармалыгынын Өрт коопсуздугу бөлүмүнүн ага инспектору, подполковник Болотбек Ногойбаевге кайрылдык.
- Болотбек мырза, мурда өрттүн чыгышын жаш балдардан, анан кырсыктан көрчү элек. Азырчы?
- Өрттүн пайда болуусунун кесепети биринчиден элибиздин, жеке ишкерлердин, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин шалаакылыгынан улам пайда болот. Кийинки жылдары өрт жылдан жылга көбөйүп баратат. Себеби, жер тамдарда жашагандар өрт коопсуздугуна көп көңүл бурушпайт. Өрткө каршы эрежелерди сактабай, чөптөрүн үйүнө жакын же үйлөрүнүн үстүнө жыйып алышат.
Кээ бирөөлөр балдарын кароосуз калтырып кетишет, алар ширеңке чагып ойношот, электр приборлорду сайган боюнча кетип калышат, газга бир нерсе коюп унутуп калып, ал ашып төгүлүп, газдын жалыны өчүп, газ чыгып жарылып, өрттү пайда кылат.
- Азыр ошолорду айтып-деген киши барбы?
- Союз убагында атайын штабдарда кичи инспектор дегендер болчу. Алар элдерди кыдырып өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшчү. Ар бир райондордо коомдор бар эле. Жаңы салына баштаган үйдүн от жагылчу меши, ошол мекеме кызматкерлердин кеңеши менен курулчу. Азыр андай кызматтар жоюлуп кеткен. Бизде болгону массалык маалымат каражаттары аркылуу гана өрт коопсуздугун сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө шарт болот.
- Сиздерде деле техника эски, анан тартыш болсо керек?
- Биздеги өрт өчүрүүчү техникалар абдан эски, эң жаңысы 91-жылкы. Алардын эскилиги жетип, өздөрүнүн иштөө убактысынан чыгып бүткөн. Техникаларыбызды оңдоо үчүн эптеп каражат таап алып, ишке киргизип жатабыз. Бир, эки жылда өрт өчүрүү башкармалыгы жаңы техникалар менен камсыз кылынбаса, кыйын болуп калат. Техникаларыбыздын 98 %ы начар абалда.
Азыр бизге жаңы жетекчи келип жакшы пландарыбыз бар. Мамлекеттен 260 млн сомдой жардам суралган. Ал маселебиз чечилип калса жаңы өрт өчүрүүчү техникалар менен камсыз болобуз деген үмүттөбүз. Бишкекте көп кабаттуу үйлөргө жетүүчү автошаты деген машиналарыбыз жетишпейт. Бишкек шаары боюнча болгону эки гана автошаты иштейт. Каражат бөлүнүп калса, эки автошаты алмакпыз.
Дагы бир маселе жеңил машиналардын көбөйгөндүгүнөн, өрт өчүрүүчүлөргө өрт болгон жерге убактысында жетип бара албай кыйналышат. Мурда өрт өчүрүүчү машиналардын төбөсүндөгү фарасын күйгүзүп келе жатканда, машиналар жол беришчү, андан тышкары светофор кызыл жанып турса да өткөнгө уруксат берилчү. Азыр машинанын көптүгүнөн андай болбой калды.
- Өрт өчүрүүчүлөр өрт чыккан жерге канча убакытта жетип барышы керек?
- Кайсы жерде өрт болуп жатса, аралыкка жараша убактысы бар. Билдирүү түшкөндөн кийин кызматкерлер бир минутанын ичинде машина менен чыгып кетет. Машина аз жолдорго салып беш минутада жетип барып жатабыз. Көп кабаттуу үйлөргө барганда, анын тегерегине жакын курулган имараттар, гараждар, токтоп турган машиналар тоскоолдукту түзөт.
- Өрт негизинен кайсы мезгилде көп катталат?
- Кыш мезгилинде көп болот. Күнү-түнү үйдү жылытуу үчүн колдонулган электр токторунан, от жагыла турган мештердин эскилиги жеткендиктен, же башында там туура салынбагандын кесепеттеринен пайда болот. Көмүрдүн исине ууланып бир үйбүлөдөн төрттөн, бештен адам каза болгон фактылар кездешкен. Быйылкы кыш айынын биринчи кварталында эле, каза болгондордун саны 42ге жетти.
- Эмне үчүн МЧСтен бөлүнсөк деп жатасыздар, бөлүнүп калсаңыздар сиздерге кандай пайда болот?
- Мурда өрт өчүрүү башкармалыгы ИИМге караган учурда көптөгөн штабдарыбыз кыскарып кеткен. Андан кийин МЧСке караганда көйгөйлүү маселелерибизге, техникаларыбызга көп көңүл бурулбай келген. МЧС тарабынан бир да техника бөлүнгөн жок. 2006-жылы өрт өчүрүү кызматкерлери митингге чыгышкан. Анда Ж.Рүстөмбеков министр болчу. Ушундай маселелердин негизинде өрт өчүрүү башкармалыгы өзүнчө структура болсо деген ойлор (мурда иштеп кеткен ардагерлер тарабынан) пайда болгон. Өзүнчө структура болсок мамлекеттен жардамдар түздөн түз берилип, техникалар жаңырып, биздин башкармалыктын көптөгөн көйгөйлүү маселелери чечилет эле. Эми бул маселени өкмөт чечет да.
"БТП" маалыматы
2006-жылы 2736 өрт кырсыгы катталып, 74 адам каза болгон, өрттүн чыгымы 59 млн сом.
2007-жылы 3322 өрт кырсыгы катталып, 107 млн сомго чейин матералдык чыгым болуп, 104 адам каза тапкан.
Ал эми 2008- жылдын төрт айында эле 1029 өрт кырсыгы каталып, чыгымы 43 млн сомду түзүп, 54 адам каза болду.
Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!