Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Токсикоз эркектерге да байланыштуу

Жогорку категориядагы врач, акушер-гинеколог Зубайда ИСАКОВА талгак боюнча буларды түшүндүрдү.
- Зубайда Маматовна, эмне себептен аялдар талгак болушат?
- Кыргызча талгак деген сөздү медициналык термин менен айтканда токсикоз деп коюшат. Талгактын эки түрү болот: эрте жана кечки. Эрте талгак аялдын боюна бүткөндөн баштап кусуп, оозунан шилекей агып, табити жоголуп, уйкусу келет. Мындай учур үч айга чейинки убагында кездешет. Кээде өз үйүнөн тамак ичкиси келбей, бирөөнүн үйүнөн ичкен тамак даамдуу сезилет, майдын же бир нерселердин жытына окшуп, кускусу келгендер болот. Айрым келиндердин талгагы 25 жумага чейин токтобойт, бирок мындайлар аз. Кечки талгакта буттары шишип, кан басымы өзгөрүп, семирип же арыктап кетиши мүмкүн.
- Талгак эмнеден улам болот? Организмде витамин же заттар жетишпестигиненби?
- Жок. Организмде түйүлдүк пайда болгондон кийин ал токсиндерди жаратат. Ошондон талгак башталат.
- Бардык аялзаты талгак болобу?
- Токсикоз ар бир аялдын организмине жараша болот. Кээ бир аялдар эч нерсеге талгак болбой эле төрөп алышат.
- Токсикоз эркектерге да байланыштуу дешет го...
- Албетте, мисалы мен өзүмдүн иш тажрыйбамда кездешкен нерсени айтып берейин. Бир келиндин биринчи никесинен талгак болбой эле төрөгөнүн, кийинки никесинен талгак болуп, кыйналганын көрдүм. Ал эми тескерисинче биринчи никеде катуу талгак болуп, кийинки никеде талгакты билбей калгандар да айтып беришкен. Ошондуктан күйөөлөрүнүн организимине да байланыштуу болот.
- Талгактан кыйналгандар үчүн дарылар барбы? Ал күчөп кетсе эмне болот?
- Өзүнүн суюк дарылары бар, негизинен капельница куябыз. Кош бойлуу аял кусуп, тамак иче албай калганда сөзсүз түрдө адисине кайрылып, медициналык жардам алышы керек, ооруканага жатып дарылабаса болбойт. Себеби, алсырап кусуп, тамак ичпей калгандыктан күчү кетип калышы мүмкүн.
Айрым учурда гипноз менен да дарылашат. "Сен аны эмес, муну жешиң керек" деп ынандырып коюшат.
- "Ачууга талгак болсо эркек бала, таттууга талгак болсо кыз төрөйт" деп айтылат го элде. Ушул туурабы?
- Мындай нерсе туура эмес. Андай болбойт. Кээ бирөөлөр "менин талгагым канбай калгандыктан балам ушундай төрөлүп калды" дешет. Бул да туура эмес, бул кыргызча жоромол. Жашоо-шартым начар болуп, эңсегенимди жебей калдым дегендер жаңылат.
- Талгак болгон нерсени сөзсүз жеш керекпи? Жебей койсо эмне болот?
- Жебей койсо эч нерсе деле болбойт, болгону келин аябай кыйналат. Эңсеген нерсесин жеген жакшы да, ошондуктан мүмкүнчүлүк болсо жеш керек.
- Кээ бирөөлөр керосин, бензин, дихлофостун жытына талгак болот экен. Мындай көрүнүш балага зыяндык алып келбейби?
- Ооба, жытка талгак болгондор да бар. Бирок керосин, бензиндин жытын эңсегендер анемияга да байланыштуу болушу мүмкүн.
- Сиз өзүңүз талгак болгон белеңиз?
- Мен төрт бала төрөдүм, бирок талгак болуп төрт баламда тең кыйналган жокмун. Талгак деген эмне экенин көрүп, окуп билгеним болбосо, сезип-туюп билбейм.
- Тажрыйбаңызда кызык талгактарды көрсөңүз керек?
- Жумушум ушуга байланыштуу болгондон кийин, аябай көп кезиктирдим. Бирин айтып берсем, абысыным сакмалда болчу. Туут кезинде талгагы башталып, шайы сымал материалга талгак болгон экен, чапанынын ичиндеги матаны жеп салыптыр.




  Бирсобол

- Кош бойлуу кезиңизде эмнеге талгак болгонсуз?
Сагын АКМАТБЕКОВА, акын:
- Мен көп деле талгак болгон жокмун. Лимон жегим келчү. Ал кезде мен Москвада окучумун. Москвада баары бар, анан арзан болчу. Эңсеген нерсең оңой эле табылчу. Себеби, жыл мезгили да ошого туш келген.

Роза Абдыраимова, ЖК депутаты:
- (Каткырып күлүп) Менин эки уулум бар. Биринчиси мен студент кезимде төрөлгөн. Бирок, студенттик жашоо кандай болоорун түшүнсөңөр керек, анда эмнеге талгак болгонумду деле билбейм. Кийинки уулумда күздөн кышка чейин жаңы бышкан бадыраңга талгак болгом. Ошто жашагандыктан, ал жакта кышы-жайы жер жемиш проблема болбойт эле. Анын үстүнө бадыраң арзан да болчу. Ошондуктан аны оңой таап жечүмүн.

Өктөмхан Абдуллаева, эмгек жана социалдык өнүгүү министри:
- Мен негизинен биринчи уулумда таттуу, ширин нерселерге талгак болгонмун. Таттууну жакшы жесем да, уулум жети айлык болуп төрөлгөн. Ал эми экинчи баламда бышпаган өрүккө (горо, коро деп коёт го) талгак болгон элем. Менин коро жеп, талгак болуп жүргөнүмдү байкаган бир кайнежем бир сетка толтура коро алып келип берген. Пейил ток болуп калдымбы, же каалаганча жедимби ошондон кийин талгагым токтогон. Андан кийин болгон жокмун.

Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси:
- Мен сүрсүтүлгөн балыкка талгак болгом. Ошто балык аз болчу. Жездеңерди кыйначумун. Бир-эки жолу Ысыккөлгө барып балык алып келип берди. Кудай жалгап, Көлдө достору бар эле. Кийин ошолор балык жиберип турду.

Токтайым Үмөталиева, Өкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы:
- Чоң кызымда мандаринге талгак болгом. Бир жолу жолдошум экөөбүз базарга барып калдык. Мен базар кыдырып баратып эле көзүм мандариндерге түштү. Шарт эки мандаринди аарчып жанталашып жеп жатсам, күйөөм келип сатуучудан "акчасы төлөндүбү?" деп сураса, сатуучу "жок, төлөй элек" деп жатпайбы. Көрсө, мен сатуучуга да көңүл бурбай, аппетитим ачылып, мандаринден алып жеп жибериптирмин. Күйөөм акчасын төлөп анан андан ары кеткен элек. Ал эми экинчи кызымда пивого талгак болуп, пивону көп ичтим. Кичүү кызымда жылкынын этин жегим келип, этти көп жегем. Эми, буйруса, элүү жашка чейин уул төрөп алсам деп жатам.

Чолпон Орозобекова, "Де-факто" гезитинин редактору:
- "Ит талгак" деп коёт го. Мен ошондой болсом керек. Себеби, эмнени көрсөм ошого кызыгып, ошону алып жечүмүн. Бирок, бир аз жегенден кийин, кайра жегим келбей калчу. Мен күзгө жакын талгак болгондуктанбы, жер-жемиштердин баары бар эле. Жер-жемиштерди көбүрөөк жегендиктен талгак жеңил өткөн. Жолдошум да мындай нерсеге жакшы көңүл бургандыктан, баардык нерсе үйдө даяр болчу. Андан тышкары боюмда бар кезде дайыма акчалуу жүргөнгө аракет кылчумун. Жегим келген нерсени барган жердеги дүкөндөрдөн сатып алып жеп турчумун.

Айчүрөк Иманалиева, ырчы:
- Улуу уулум Аргенде атыр самындын жытына талгак болгом. Жаңы самынды упаковкасынан чыгарып алып абдан жыттачумун. Бир аз жыттагандан кийин эле жыты кетип калгандай боло берчү. Арленде болсо туздалган балыкка талгак болдум. Бир жолу Ошто гастролдоп жүргөнбүз. Концерттен кийин абдан балык жегим келди. Түнкү саат он эки. Таалайга айтсам, издеп жүрүп араң эки балык таап келиптир. Мен абдан эңсеп тургангабы, айтор, чыдабай, келген балыктын бирөөсүн кеспей эле сыртын сыйрып шашып жеп бүттүм. Анан экинчисине ток пейил болуп бычак менен кесип туурап жатсам, ичинен ширеңкенин чийиндей чоң курттар соймоңдоп чыкса болобу. Бир-экөө жерге түшүп да кетти. Мен ошол жерден бакырып, коркконумдан коридорго чыга качыптырмын. Ошондон кийин балык жегим келбей жиркенип үч ай ооруп калгам.
Кызымда талгак болгон жокмун, бирок, ким эмне жеп жатса, ошону жегим келе калчу.

Фатима Керимбаева, "ФА-Эстетик" косметология борборунун директору:
- Биринчи кызымда кычкыл лимон жегим келе берчү. Жаз айлары эле, бизде анда лимон жок болчу. Жолдошум Ташкентте окучу. Лимонду ошол жактан алып келип берип жүрдү. Бир жолу жегенге лимон таппай, араң бир лимон алып келип берди. Ошондо мен ал лимонду эч ачырканбай, кумшекер менен да эмес өзүн эле жеп алгам. Күйөөм абдан таң калган. Азыр ошол кызым да лимонду, ачырканбай жейт, жакшы көрөт.

Алина Жетигенова, ырчы:
- Мен Азиз менен Азелде эмнеге талгак болгонумду унутуп калыптырмын. Мүмкүн бул экөөндө талгак болбосом деле керек. Бирок кичүү уулум Алтынбек боюмда барында Гүлнара Кахарова экөөбүз чогуу талгак болдук. Ош жакта гостролдоп жүргөнбүз. Бири-бирибизге ошол жактан айтып сүйүнчүлөгөнбүз. Экөөбүз акылдашкандай лагман, винегред, оливье салаттарына талгак болуп, концертке чейин да, концерттен кийин да жей берип, экөөбүздүн тең балдарыбыз салмактуу төрөлүшкөн. Талгак маалында бирдей тамак жеп жүргөнүбүз аз келгенсип, экөөбүз тең бир күндө төрөгөнбүз.

Динара Акулова, ырчы:
- Мен туздалган сельд балыгына талгак болгом. Ошол кезде дүкөндөрдө калай идиштерге салынып сатылчу. Бир жолу үйдөн эртең менен жумуштап чыгып кетип жатып, калай идиштеги балыкты карасам экөө калыптыр. Бирөөн жеп, экинчисин кечинде жейм деп коюп койгом. Кечинде ошол балыкка табитим тартып келип жейин десем, балык жок, үйдөгүлөр жеп коюшуптур. Ошондо абдан ыйлагым келип жаман болгом. Анан дагы жаңы түйүлгөн көк алманы жегенди жакшы көрчүмүн. Концерттерде ошондой көк алманы жемейин сахнага чыга албайт элем. Ошол көк алмага, балыкка талгак болуп жүрүп төрөгөн кызым Малика болду.
Бетти даярдаган Жазгүл КАРБОСОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!