Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Шыбыргак

Cыйлык ээлери
Көп жылдан бери чыгармачылыктын үстүндө үзүрлүү эмгектенип келатышкан ырчылар А.Иманалиева, Р.Аманова, Б.Борбиев 20-майда Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктын ээлери болду. "Сыйлык сиздики, сыймык биздики" дегендей, сыйлыгыңыздар кут болсун!

Паракор соцфондчу кармалды
Кыргызстандын Социалдык фондунун башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Соцфонддун жүргүзгөн текшерүүсүнөн пайдаланган кызматкер жеке ишкердин ишиндеги айрым катачылыктарга көз жумуп койгон. Натыйжада оңой кутулган жеке ишкер Соцфонддун башкы адисине 1500 сом өлчөмүндө пара берген. Маанилүү ишти арзыбаган акчага кызыгып жаап койгон паракор соцфондчунун иши иликтөөгө алынды.

Кайрадан шайлоо
Үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде Кыргызстанда жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо өтөт. Президенттик администрациянын тиешелүү бөлүмү билдиргендей, өзүн-өзү башкаруу боюнча жергиликтүү кеңештеринин 93%нын мөөнөтү бүтүп баратат. Ал эми бул шайлоо ар бир айыл өкмөттөрүндө болмокчу.

Коомдук парламент жанданууда
Кыргызстандын коомдук парламенти өздөрүнүн 15 кишиден турган президиумун шайлап алышты. Аталган парламенттин лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов билдиргендей, президиумга "атамекенчи" Өмүрбек Текебаев, Абдыганы Эркебаев, Мирослав Ниязов, "акшумкарчы" Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов жана башка коомдук саясатчылар шайланышты. Эми президиум Коомдук парламенттин иш-тартибин жөнгө салып, алдыдагы ишмердүүлүгүн пландап турмакчы.

Жаңы элчи дайындалды
Египет Араб Республикасына Кыргызстандын жаңы элчиси дайындалды. Президент К.Бакиевдин кол койгон жарлыгына ылайык, Жусупбек Шарипов аталган кызматка киришти. Белгилей кетсек, жаңы элчинин олтуруучу иш кеңсеси Эр-Рияд шаарында экен. Жусупбек Шарипов мурда Жалалабат облусунун губернатору, ж.б. мамлекеттик кызматтарды аркалап келген.

Кытайдын акчасы кирмей болдубу?
Кытай бийлиги Кыргызстандын Улуттук Банкы менен юанды Кыргызстанда эркин жүгүртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Юанды Монголия жана Вьетнам өлкөлөрү азыр кеңири колдонуп жатышат. Юанды киргизүүдөгү максат - эки тараптуу соода жана инвестицияны активдештирүү болуп саналат. Ал эми мунун артында дагы кандай кызыкчылык турат, азырынча белгисиз.

Экс-губернатор С.Урманаев соттон кутулбас болду
Жалалабатта КР Аскер гарнизондук соту Аксы окуяларына байланыштуу экс-губернатор С.Урманаевди кайрадан суракка алды. Ушу жылдын 17-мартында өткөн "Элдик сот" С.Урманаевди актаганы маалым. Ал эми ушул жылдын 6-майында Бишкек гарнизондук Аскер Соту С.Урманаевди 5 жылга шарттуу эркинен ажыраткан эле. 17-мартта Аксыга барайын десе бийликтер тыйып койгонун айтып С.Урманаев актанып туру.

Президенттин Кубогун ким алат?
КРнын Улуттук футбол борборунда 27-майдан тартып президенттин кубогу үчүн футбол старт алат. Ар бир райондон 2 ден команда катышып, мыктылары финалдык оюндарга чыгышат. Бул оюнга 1994-жылы туулган футболисттер катышып, ал эми Кубок 1-июнда өз ээсине тапшырылмакчы.

А.Мадумаров каршы чыкты
Спикер мырзанын ЖОЖдорду менчиктештирүүгө каршы чыгышы алакан ушалап турган көптөгөн ректорлордун үмүтүнө суу себээри бышык. Буга Конституция жол берсе да, ЖОЖдор башкача ойлонуп, иш тутуусу керек деди А.Мадумаров. Менчиктештирүү жүрүп кетсе анда миңдеген карапайым адамдардын балдарына ЖОЖдордон окуганга жол жабылат.

Кыргыздар менен өзбектер кагылышып…
Өткөн шейшемби күнү Баткендеги "Боз-Адыр" заставасында Кыргызстандын чегарачылары менен Өзбекстандын атуулдарынын ортосунда кагылышуу болду. Себеби Өзбекстандын 20га жакын жараны кыргыз чегарачыларынын алардын документтерин текшерүүсүнө нааразычылык билдиришкен. Алар мас абалында болушкан. Өзбекстандын бир атуулу чекара кызматкерине кетмен менен тап берип коркуткан. Мындай абалдан чыгуу максатында кыргыз чегарачылары эки жолу асманга карай ок чыгарышкан. Ушундан кийин гана аталган жерге Өзбекстандын жергиликтүү жекекчилери жана коңшу чекара заставасынын башчысы келип, өздөрүнүн атуулдарынын мыйзамсыз аракеттери үчүн кыргыз чегарачыларынан кечирим сурашкан.

Депутат З.Курманов катуу киришти
Өзү жетектеген комитеттин күчү менен КРнын "Партиялар жөнүндөгү" мыйзамына оңдоолорду кийирем деп туру. Жаңы долбоор өлкөдөгү партиялык системаны түптөөгө шарт түзөт. Ар бир партия жер-жерлерде 200 адамдан кем эмес баштапкы уюмдарын түзүүгө тийиш. Ал эми мүчөлөрдүн жалпы саны 1800дөн 5000ге чейин болушу керек. Ошенткенде гана карлик партиялар өзүнөн-өзү жоголуп, чыныгы партиялар пайда болмокчу.

Мугалимдер пикетке көтөрүлүштү
Кечээ күнү Сокулук, Кемин, Балыкчы, Чолпоната, Кочкор, Нарын жана Таластан келишкен 50дөй мугалимдер ЖК маңдайына пикетке чыгышты. Алардын талабы - минфин педстаж үчүн кошулган акчаны этап-этап менен эмес, баарын бир төлөп кутулууга тийиш. Мугалимдер минфиндин маңдайына келишсе министр айым Т.Калимбетова чыкпай коюптур. Кеңешмеден бошобойм деп "салам" айттырган экен, ызаланган мугалимдер эми билим министри И.Болжурованы кокологону калышты. "Саат сайын өсүп аткан баалар бул болсо, жарыбаган акчаны да уялбай сүйрөшкүсү келишет", - дешет мугалимдер. Калган регион мугалимдери кошулуп, колдоочу болсо чоң ызы-чуу чыкканы калды окшойт.

Казакстан күйүүчү майын сатууну убактылуу токтотот
Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып Казакстандан нефтипродуктунун чыгарылышы токтойт. Буга ылайык казак өкмөтүнүн күйүүчү майды сыртка сатууга убактылуу тыюу салынган буйругу чыкты. Өкмөттүн мындай буйругунун негизинде эми Казакстан ушул эле жылдын сентябрь айына чейин күйүүчү майын экспорттой албайт. Белгилей кетсек, ушул жылдын апрель айында бензиндин баасы 3%га кымбаттаган. Айта кетүүчү нерсе, казак мамлекети мурдагы жылдарга караганда ушул жылдын алгачкы айларында эле күйүүчү майын сыртка көп экспорттоп жибериптир.

Каржы полициясына ким сес көрсөтөт?
21-майдын түнүндө Кыргызстандын каржы полициясынын башкармалыгынын башчысынын орун басары Конокбай Өскөнбаевге кол салуу болду. Окуя кечки саат ондор чамасында "Вефа" соода борбору жайгашкан аймак тараптагы Радищев көчөсүндө болгон. К.Өскөнбаев жубайы жана баласы менен "Мерседес" автоунаасында келип, үйүнө кирип бараткан. Ушул убакта аларга кол салуу болуп, натыйжада анын жубайы жана баласы жаракат алышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

Ч.Айтматовдун денсоолугу жакшы
Чыңгыз Айтматовдун денсоолугуна байланыштуу жазуучунун быйылкы жылы өтө турган 80 жылдык мааракесин майрамдоого эч кандай деле өзгөртүү киргизилбейт. Бул тууралуу улуу жазуучунун уулу Аскар Айтматов билдирди. Эске салсак жазуучу Ч.Айтматов 16-майда Татарстандын Казань шаарында жүрүп денсоолугу начарлап, 3 күндөн соң дарылоо үчүн Германияга жеткирилген. Учурда белгилүү жазуучу Бавариянын Нюрнберг шаарындагы эң күчтүү медициналык клиникасында денсоолугун чыңдап жатат. "Эң башкысы атам айыгып кетсе болду, биз анын сакайып кетишинен үмүтүбүз чоң жана айыгат деп ишенебиз" - деп Аскар Айтматов атасынын денсоолугун тилеп жүргөн чагы. Буюрса, жазуучубуздун денсоолугу жакшы.

Айлык жогорулайт дейби?
Өлкөдө "Эң төмөн айлык акы жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыкты. Социалдык өнүктүрүү министри Ө.Абдуллаева белгилегендей, 2006-жылга чейин Кыргызстандагы эң төмөн айлык акы 100 сомду түзүп келген. Андан кийин президенттин жарлыгына ылайык бул көрсөткүч 340 сомго жогорулаган. Ал эми бүгүнкү күндө эң төмөнкү айлык акынын өлчөмү орто эсеп менен 2475 сомду түзөт. "Мыйзам долбооруна ылайык, айлык маянанын деңгээли жыл сайын каралып, жогорулап турушу керек" - дейт министр Ө.Абдуллаева.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!