Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
 "БТП" мейманы

Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев:
"Бийликтин жакшы иштерин колдойм, бирок кемчиликтерин ачык айтам"
Саясатчы, адабиятчы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев менен анын жөнөкөй, шаардык үйүндө жолугушуп, бир нече соболдорду узаттык.
- Кападар болуп турганда келдиң, - деди Абдыганы аке, маек баштап жатып.
- Абдыганы Эркебаевич, далай жылдар "төө минип" жүрдүңүз, эми "жөө жүргөнгө" көналбай жаткандырсыз? Чоң кызматтардан түшкөн адамдардын көбү депрессияга кабылат дешет, сизде мындай коркунуч жокпу?
- Мен ушуну менен экинчи жолу "жөө" жүрүп атам. Биринчи жолу Ош областынын губернаторлугунан кеткенде болгон. Кийин Лейлектин элинин колдоосу менен (дагы бир мертебе чоң рахмат) парламентке депутат болуп шайланып келдим. Мына эми экинчи ирет "жөө" жүрүп жатам. Андыктан мен үчүн бул көнүмүш иш десем болот. Албетте мунун моралдык-психологиялык жагы да бар дечи.
Мен үчүн эң чоң көйгөй - кызмат кайгысы эмес, окуганга, аны ойлонуп талдаганга жана жазганга кантип убакыт табыш керек, ошо маселе. Эч качан дүйнө жыйнаганга кызыккан эмесмин, дилдин тазалыгын, ыйман, абийирди биринчи орунга койгон кишимин.
- Мурдакы жана азыркы бийликти кандайча салыштырасыз? Оң жана терс жактары дегендей…
- Илгерки бийликтин жакшы-жаман жактары жөнүндө көп айтылды. 96-жылкы референдум аркылуу бүт бийликти жеке өзүнүн колуна топтогон А.Акаевдин кийинки тагдыры кандай болгону маалым. Ал эми жаңы президент К.Бакиев ал катачылыктар кайталанбайт, андан сабак алышыбыз керек деген нечен убадаларды берди эле. Туура, калыстык үчүн айта кетишибиз керек, бажы, салык ж.б. жыйындарды көзөмөлдөп, коррупцияны бир аз кыскартуунун натыйжасында бюжеттик айлык акылар, пособие, пенсиялар көтөрүлдү. Бизнести, өндүрүштү жандандырууга аракеттер болуп жатат. Кечигип болсо да Кызылкыядагы цемент заводунун (өткөн жылы бүтөт дешкен) курулушу, 2003-жылы токтоп калган "Камбарата - 2" ГЭСинин курулуштары улантылды. Буюрса Ташкөмүрдө чоң бир индиялык олигарх Лакшми Миттал 60 млн долларлык проект баштаганы турат. Талдыбулак, Жерүй алтын кендерин иштетүү боюнча ж.б.у.с. башка аракеттер бар. Бирок 3 жылдан өтүп баратат, эл үмүттөнгөндөй кескин экономикалык, социалдык өзгөрүүлөр болгон жок. Айтылган убадалар өз убагында аткарылбагандыктан эки жыл жалаң митинг, пикет менен өттү. Элдин көңүлүн сууткан нерсе - мурдагы саясий система өзгөрүшү керек эле, андай болгон жок. Парламентти таратпайм деген президент күзүндө референдум өткөрүп, парламентти таратты, жаңы шайлоолор өттү. Натыйжада саясий системада тең салмактуулук толугу менен жокко чыкты, азыр өкмөт да парламент да президентке көз каранды.
Кыскарта айтканда, мен президенттин жакшы иштерин дайыма колдогом, колдоп да келатам. Ал эми натуура жагын болсо ачык айтам.
- "Акыйкат үчүн" оппозициялык кыймылына кошулганыңызга эмне себептер түрткү болду?
- Мен жогоруда айткан калыссыз, натуура иштер. Аларды көрүп, угуп туруп унчукпай коюу күнөө, мусулманчылыкка салып караганда да айтуу парз. Аздыр-көптүр эл арасында аброй топтодук, таанылдык, эмне үчүн унчукпайсыңар деген моралдык маселе бар, эл сурайт дегендей. Дүйнөлүк практикада ушундай, калың журттун көз кырында такай жүргөн саясатчылар же бийликте, же оппозицияда болушу керек, үчүнчү жолу жок, же аренадан таптакыр биротоло кетиши керек. Мен азыр 55ке келдим. Өчөйүп картайган адам эмесмин, денсоолугум жакшы, акыл эсим жайында. Демек саясатчы катары али көп иштерди аткарганга чамам жетет. Ошондуктан "Акыйкат үчүн" кыймылына кирдим. Бирок мен эч качан радикалдуу чечимдерди колдогон эмесмин. Элди кагылыштырууга, тирешүүгө түртүү, көкүтүп козутуу сыяктуу иш-аракеттерден өтө алысмын. Позициям мурдагыдай эле. Сын пикиримди бийликке кандай айтсам оппозицияга деле ошондой айталам.
- "Таза коом" партиясын кандайча жетектеп калгансыз?
- Акаевдин убагында өткөн Коопсуздук Кеңешинин кайсы бир жыйынында коррупция боюнча өтө катуу сүйлөгөм, эсиңде болсо керек. Ошо сөзүмдүн таасири менен толкунданып (чыгармачыл адам дүйнөсүнүн табияты ушу эмеспи - ред) үйгө келип "Таза жол" деген коомдук партиябы, же кыймыл түзсөмбү деген нээт болгон. Саясатчынын ар бир кыймылы элдин назарында эмеспи, ар кандай өйдө-ылдый кептер чыгып кетеби деп токтотуп койгом. Анүстүнө ошо маалдагы саясий кырдаал да олку-солку, тымызын таймаштар курчуп турган учур эле.
Кийинчерээк "Таза коом" кыймылынын М.Ибрагимов баш болгон бир топ лидерлери мага кайрылып калышты. Улуу инсан И.Раззаковдун "сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" деген сөзүн улап, турмушка ашыралы дешти. Партиянын аты да, заты да менин ойлогонума туура келди. Ойду ачык айткан, конструктивдүү оппозиция маанайындагы партия бололук деп мен өзүмдүн пикиримди айттым. Ошентип шайлоо алдынан "Таза коомдун" тизмесин баштап калдым. Сьезд өткөрүп, талапкерлигибизди каттаттык. Бирок жарыштан жөн эле техникалык себептерди шылтоолоп алып коюшту.
- Алдыдагы шайлоолорго демек, сөзсүз катышат экенсиздер да?
- Кудай аманчылыгын берип турса, коомдук-саясий иштерге катышып турам. Ишти улантабыз, жаңы формаларын издейбиз. Калганын убакыт көрсөтөт, кырдаалга жараша иш тутабыз.
- Абдыганы Эркебаевич, жалаң "экстерден" турган оппозицияда биримдик жок, лидер жок дешүүдө.
- Жогоруда айтпадымбы саясатчы сөзсүз эки жээктин биринде турушу керек деп. Муну кайталоонун кажети жоктур. Азыркы бийликти алалык. К.Бакиев, Ү.Сыдыков, М.Садыркуловдор ж.б. илгерки КПССтин, Акаевдин доорунан бери, азыр да бийликте келатышат. Түшүп калса булар деле оппозицияга барышат.
Мен мисалы, КПССтин доорунда эч качан бийликте болгон эмесмин. Бакиевдин тушунда да бийликте жокмун. Өзүмдүн имиджимди бийик сактаган адам катары өз позициямды бекем кармайм, аркы жээк- берки жээкке өтө качып ойнобойм.
Ал эми биримдик жөнүндөгү кепке келсек, бийликте да оппозицияда да эч качан биримдик болгон эмес жана болбойт. Бийликтеги биримдик көптөр үчүн аргасыз, кызмат үчүн биримдик, сыртынан карасаң сонун, ичи башка. Эгерде сен айткан "экстер" Бакиев менен чындап биримдикте болсо оппозицияга келбейт болчу. Биз билебиз, Бакиевге бирди сүйлөп, бизге келип башканы сүйлөп жүргөндөр бар. Оппозиция деле атайын бир иш бышып, маалы келгенде бирикпесе бирикпейт. Мына АКШда деле партиялаш Хиллари Клинтон менен Обама бири-бирине айгышкан атаандаш болуп атпайбы. Акаевди алганга бизде деле оппозиция бирикпедиби… Кытай даанышманы Лао-Цзы айткандай турмуш аккан дайра сымал бирде кирип, бирде тартылып кайра толуп турат. Оппозиция деле ошонун сыңарындай, тартылса тартылаар, бирок такыр жок болуп кетпейт.
- Коомдук парламенттин шаршемби күнү өткөн жыйынында эмне маселелерди талкууладыңыздар?
- Учурдагы көйгөйлүү энергетика, баалардын өсүшү жана билим берүү тармагындагы инвестицияларды туура эмес пайдалануу жана телевидение жөнүндөгү маселелерди талкууладык. Энергетика, азык-түлүккө баалар боюнча ири маселелердин тегерегинде көп айтылып жатат, ошондуктан ага кайрылып отуруунун кажети жоктур.
Ал эми билим берүү тармагындагы инвестициялардын максатка ылайыксыз колдонулуп жатышына унчукпай коюуга болбойт. Өзүңө маалым, ЖОЖдорду акционерлештирүү боюнча учурда аракеттер жүрүп жатат.
Биз жеке менчик ЖОЖдорду акционерлештирүүгө каршы эмеспиз, бирок мамлекеттик окуу жайлар мамлекеттин колунда калышы керек. Алар акционерлештирилсе бей-бечара адамдардын балдары үчүн окуп билим алуу чоң проблемага айланат. Тескерисинче мамлекеттик ирилештирилген окуу жайларды көбөйтүү керек. Ал эми телевидение жөнүндөгү жаңы мыйзамды карагыла, ал демократиянын принциптерине эч бир туура келбейт.
- Кеп башында капа болуп турам дедиңиз эле?
- Менин уулум Азат Пекиндеги КР элчилигинде атташе кызматында иштейт. Бул өтө деле чоң кызмат эмес. Уулумду кытай жарандарына Кыргызстанга чыгуу үчүн виза берүүдө жарандарды пара төлөөгө аргасыз кылууда деген имиш чыгарышыптыр. Мунун кандай максатта жасалып атканын түшүнүп эле турам. Жөн эле бет тырмаарлык. Мен өз баламды жакшы билем, ал эч качан мындай ишке барбайт, анткени тарбияны ошондой бергенбиз. Буга чейин анын атына бир да жаман сөз уккан эмесмин. Мен ишенбейм деле, бирок баары бир ушундай ушак чыкканга капа болуп турам.

Бахтияр ШАМАТОВ




  Таш ыргытсаң паракорго тийген заман…

Финчалгындоо кызматы "жабык" мекемеби?
Президент К.Бакиевдин укук коргоо органдарына ММКлар менен тыгыз байланышта болуп, жегичтердин, коррупционерлердин, паракорлордун бетин ачкыла, аттарын ачык атагыла деген көрсөтмөсү бар. Өлкө башчысы айттыбы, демек ал аткарылышы керек, эзелтен келаткан тартип ушундай. Биз ушу боюнча гезитке материал даярдоо максатында финансылык чалгындоо деп аталган мекемеге кайрылдык. Ал жердеги чиновниктер "басма сөз кызматыбыз бар, ошого кайрылгыла" деп ыңгыранышты. Кайрылсак басма сөз катчысы бир кездерде КТРде дикторбу же комментаторбу болуп иштеген кесиптешибиз, кадимки эле Бердибай Саматов экен. А киши бир топ бюрократ болуп алганбы же кожоюндарынын көрсөтмөсү ошондойбу, айтор тиги, бу кептин башын бир чалып, иши кылса "иши чачтан көп экенин" айтып, кетенчиктеп туруп алды. Чынында финчалгындоо деген дегеле эмне болгон кызмат, чалгындаганы кайсы, карапайым элде түшүнүк деле жок. Бирок ошол элдин эсебинен айлык алып, машине тээп жүрүшкөндөн кийин эмне иш бүтүрүп атышкандары туурасында элге маалымат берип койгондон эмне үчүн тайсалдашат, түшүнүп болбойт. Балким финчалгындоо кызматы өтө жашыруун иш туткан, жабык мекеме болуп жүрбөсүн…
Ал жактан жол айтпаган соң, кайра эле баягы "балээге калган" ИИМге кайрылдык, үч-төрт күн чуркап жүрүп алган маалыматыбыз шапаттай болгон бир кагаз экен. Паракорлук жөнүндө акыркы 4 айдын жыйынтыгы дешкендеринен көз чаптырсак, жалаң майда барат паракорчулук фактылары тизмектелиптир. Торго илингендердин арасында бир да үлкөн кызмат адамы жоктугунан жогору жактагылар ырас, таза иштеп атышкан турбайбы деп сүйүнүп да калдык. Бирок маалымат берген кызматкерлер гезитке "жөн эле фактыны атап, паракорлордун аттарын атабай эле коюуну" көптөн-көп суранышкандыктан аргасыз макул болдук. Анткени кармалган адамдар ар кандай жолдор менен кокус кутулуп кетишсе "маалымат кайдан чыкты" деген кеп болот имиш.
Ири "акулаларга" тор ыргытканга булардын чамасы келбейби же аларды атагандан чындап чочулашабы, айтор үмүтүбүз суу сепкендей жалп өчтү. Канткенде да шерттешкен убадабыздан тайбай колго илинген маалыматтар менен гана чектелүүгө туура келди. Албетте, чоң паракорлор тургай кичилеринин да атын атагандан жалтанышкан кызматкерлерге деле капачылык жок. Эмесе тизмектеп көрөлү. Оштун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу ВЛКСМ айылынын тургуну И.Ш. өзү тартып келаткан 1700 л дизель майын өткөрүп кетүү үчүн бажычыларга 25.000 сом "ыраазылык" берип жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бажычылар аны алдыбы, жокпу, алса кимиси кошо кармалды, бул туурасында маалымат жок. Ошол эле областтын Чекабад айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери М. 0.05 га жер берем деп 10.000 сом сурап, 2000ин алып атканда кабинетинен колго түшкөн. Жайыл райсотунун кызматкери С. никеңди буздуруп берем деп Ж. аттуу айымдан 3000 сом "чайпулу" алып атканда "торго" илинди. 2000 сом жымырып жаткан жеринен колго түшкөн Үчкоргон айылынын (Ош облусу) контролеру А. эми энесин даана үчкоргондон көргөнү турат. Базаркоргондук раймилициянын тергөөчү айымы Ф. өз кызматын 1000 долларга баалап, бирок И. аттуу адамдан 10.000 сом алып жатканда милиция кызматкерлери "тоскоол" болушту.
Улуттук хирургия Борборунун бөлүм башчысы К. да 6000 миң сом ала коем деп "аласалып" кетти. Свердлов районунун салык инспектору Ш. 5000 сомдун артынан "күйүп" кетмей болду. Апеттити чоң токтогулдун раймилициясынын тергөөчү жигити А. "майдаланып" отурбай Ж. деген неменин кылмыш ишин жаап бергенге 41.000 сомду "тээп" түшүрүп атканда кармалып, милиция сабынан өзү көчүккө тебилди.
Свердлов райондук өрт өчүрүү кызматынын майору М. мырза да 8500 сомдук "сол ишке" бара коем деп погонунан ажыраган турат. Финансы полициясынын улук оперативдик кызматкерлери, кесиптеш достор А. жана С. мырзаларга 5000 сом аба менен суудай зарыл болуп калган экен, "Дордойдогу" бир шордууну "саап" атканда кармалып тынышты.
Ноокендик А. аттуу неме М. аттуу кошунасынан келтек жеп, милийсага арызданып барса Ноокен РИИБнин ПОМ начальниги А. зөөкүр М.ны дароо таап, 3000 сомго "сындырып" аткан жеринен кармалып өзү "сынмай" болду.
Мына ушул фактылардан көрүнүп тургандай, паракорчулуктун арааны бизде дагы эле жүрүп турат. Бир жагынан кесип ыргытсаң, башка жерден чыга калган мактоо-пес жара сымал бул илдет менен күрөшкөн адамдар болсо "аттарын атабагыла" деп өз көлөкөлөрүнөн өзүлөрү чочулашканына таңбыз.
Дегеле муну менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдору толуп жатат. Колунан кармалдыбы, атын жөнүн, кызматын элге ачык айтып, сүрөтүн бакыйта "ардак тактага", базарларга, көчөгө, даартканалардын эшигине чейин чаптап, "эл баатырына" айлантып таштаса маселен, натыйжасы алда канча дурус болмок. Жөнөкөй эле, бирок муну каалаган, аткарган эчким жок. Эмнеге андай, ал жагы түшүнүктүү да, паракорлор түгөт тукум курут кырылчу болсо, көп адамдар "жумушсуз" калат деген элдин кебине ишенбеске да арга жок…

Бахтияр ШАМАТОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!