Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Кимге ишенебиз?

Пайдага чечилген чегиртке чуусу
Өткөн жумада ЖК депутаты Б.Наргозуев өзүнүн кичи мекени Аксыга баргандан кийин күндүн ысышы менен үргүлөй түшкөн коомчулук уйкудан чочугандай эле селт эте түштү. Анын ызы-чуусу менен Түп окуясынан кийин жергиликтүү элден катуу муш жеп, жаш баладай ыйлап отурган оппозиция да соороно түштү. Бир чети сенсация таппай турган ММК өкүлдөрү да чегирткени башкы темага айлантып, кыскасы бул тема өзүнчө эле пикет, митингден кем калбаган саясатка айланып кетти.
Акыры чегирткелер чуусу Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри А.Ногоевдин да тынчын алды окшойт, түштүккө барып, бир жума абалды өз көзү менен көрүп, чегирткелер менен ортомчусуз "сүйлөшүп" келди. А.Ногоев пресс-конференция өткөрөрүн уккан журналисттер өтө көп келген менен, "күткөндөгүдөй" сенсациялуу маалымат ала алышпады. Чындыгында Б.Наргозуев менен тасмага түшүп, УТРК, 5-каналдан көрсөтүлгөн чегирткелер Аксы, Алабука, Ноокен райондорунда бар экен. Бирок алар министрдин айтуусу боюнча бир да баш буудайга зыян келтиришпептир. "Жөн эле" учуп, секирип ойноп жүрүшөт экен.
Сыягы, чегирткеден да кыйын жоо журналисттер экендигин мындай маалымат жыйынынын далайын өткөрүп жүрүп билип калса керек, Арстанбек мырза бүтүндөй министрликтин алдындагы мекемелердин жетекчилерин коштотуп ээрчитип келген экен, бул ирет "суудан кургак" чыкты. Баарынан да "УТРК менен 5-канал былтыркы архивдик тасмаларын көрсөтүштү" деп баарыбызды "нокаут" кылды. Ылайым эле ошондой болсун деңизчи...
Сыягы, А.Ногоевдин магиялык касиети да бар окшойт… Андай болбосо дүйнөнүн дөө-шаа мамлекеттеринин айласын кетирген чегирткелер бизге жөн эле туристтердей келип-кетпейт эле да.
Көрсө, чегирткелер биз телевизордон көргөндөй дары чачкан тракторлордон качмак тургай, кайра кууп, "оюн" көргөзгөндүгүнө тиешелүү техникалардын жоктугу күнөөлүү экен. Ошондуктан А.Ногоев келээрки жылдан баштап жеке фирмаларды көкбөрүдөй акча талаштырып отурбай, министрликтин алдында авиаотряд түзүү сунушу менен өкмөт башчына кайрыларын айтты. Ошондо самолет, трактор, дельтаплан менен "куралданган" өздүк топ Кыргызстандын кайсыл аймагына болбосун тез арада жетип, чегирткени куду немистердей "бомбалап" тукум курут кылат экен.
Анткен менен күн ысыганда күч алган чегирткелер кошуна Казакстандын 100 миң гектар аянтын каптап, Талас облусу менен Чүй облусунун Жайыл, Панфилов райондоруна коркунуч туудурууда. Ал эми министрликтин алдындагы Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директору А.Аргынбаевдин маалыматы боюнча СССРдин тушунда чегирткелер жана башка эгиндерге түшчү курт-кумурскалар такай дарылоодон улам кеңири жайылган эмес. Бирок кийин өсүмдүктөргө, жерге эч кандай дары чачылбай калып, көбөйүп кеткен. Ал эми ушул жылдан баштап дарылоодон улам чегирткелер азайып, эки-үч жылда биротоло жоголот. Ошондой эле өткөн жумада Кыргызстанга египеттик окумуштуулар келип, чегиртке менен күрөшүүнүн биологиялык жолун сунуш кылып кетишкен. Бул химиялык жол менен күрөшүүгө караганда бир топ арзан жана зыянсыз. Анткени чегирткелердин организмине вирус өтүп, андан соң бул ооруу бири-бирине жугуп, өзүнөн-өзү өлүп, чегирткелер кырылып калат имиш.
Ошентип бирөөлөр чегирткенин чуусу менен саясат жасаса, дагы башкалар өз милдетин аткарып, натыйжада бул маселе пайдага чечилип, эгин аянттарын сактап калып, министр А.Ногоевдин сөзүнө караганда күзүндө былтыркыдай нан каатчылыгына кабылбайт экенбиз.
Эмилбек МОМУНОВ




  Актуалдуу маек

ЖК депутаты Бегалы НАРГОЗУЕВ:
"Чегирткелерди быйыл көрүп жатам"
- Бегалы Молдогозуевич, айыл чарба министри Арстанбек Ногоев, Жалалабатка барып, чегирткелер менен "жеринен таанышып" келди. Теледен көрсөтүлүп жаткан чегирткелерди былтыркы кадрлар деди министр мырза. Анын айтымында чегирткелер анчалык көп эмес экен…
- Бизге эмне күч келди дейм да былтыркы сюжетти көрсөтүп... Чынында мындай болгон. Биз жакында региондорду кыдырып чыктык. Мен Аксыга барсам, чегиртке тууралуу чуулдап атышыптыр. Чакыртканынан райондун жетекчилери менен бардык. Ызырынган дыйкандар тосуп алышты. Былтыр да чегиртке эгиндерди жеп кеткен экен. Быйыл да жеп атыптыр. Аким экөөбүздү жемелешти. Министрдин ордуна жемени биз уктук. Министрликтин өсүмдүктөрдү карантиндик жана химиялык коргоо департаментинин директору А.Аргынбаев түштүктө жүргөн экен, чакырышса, келем деп коюп, качып келбей койду. Кийин сурасак, "мени Бишкекке срочно чакыртышканынан кеттим" дейт.
Ушундай жагдайда райаким Өзбекистан менен сүйлөшүп, Намангандан дары чачуучу 6 трактор жана 1 вертолет алып келип, өздөрүндөгү техникаларды пайдаланып, эгиндерди сактап калды.
Бирок 30 миң га жайытты чегиртке кыргандай "тазалап койду".
- Өткөндө министрликтин өкүлдөрү чегиртке эгиндерге тийген жок, чөптөрдү гана жеп жатат дебедиби. Андай "эстүү" чегирткелерден анчалык деле коркпой койсок болот экен да...
- Бул маселе март айында эле көтөрүлгөн. Чегирткелер уясынан чыга электе эле дарылап, жок кылуу керек болчу. Айыл чарба министрлигинде дары менен тракторлордун маселеси чечилген экен. Күйүүчү май менен эмгек акынын маселеси чечилбей 20 күндөй туруп калган. Анан алар да чечилип, иш эми башталайын дегенде, айыл чарба министри менен матрезервдин ортосунда кер-мур айтышуу болуп, матрезерв айыл чарба министрлиги өткөргөн тендерлерди текшерип, иш кетенчиктеп, бир айга чукул убакыт өтүп кетти. Ошол мезгилде чегирткелер уясынан чыгып, талааны каптап кетти.
- Демек, чегирткелер эки чиновниктин айтышынан пайдаланып кетишкен турбайбы?
- Ошондой болуп калды. Былтыр да чегирке каптаган экен деп жатпаймынбы. Былтыр миңдеген чегиртке каптаган болсо, быйыл алар миллиондоп көбөйүп кетишти. Муну эмнеге жашырып жатышат билбейм.
- Азыр азайды деп жатышат го.
- Биз ызы-чуу көтөргөндөн кийин кошумча күч жумшалып, дары менен азайтылды. Бирок эгин талааларын сактап калганыбыз менен чегирткелер жайыттарды кырып баратышат.
Азыр биздикилер факты менен күрөшүп жатышат. Чегирткелерди миллиондотпой эле, алдын алып дарылап, эгин талааларын сактап калсак болот болчу.
- Бирок бир аз чыдап турсак, чегирткелер өздөрү эле өлүп жок болот турбайбы?!
- Азыр аксыда чегирткенин 4 түрү бар экен. Алардын айрымдары 50дөн, айрымдары 500дөн личинка таштайт экен. Быйылкы миллиондогон чегиртке эмки жылы миллиарддап чыгат.
- Эмне үчүн министр сиздердин айткандарды четке кагып жатат?
- Ал биздин айткандарды жокко чыгарып, актангандан мурда жанагы департаментке 6 вертолет сатып алганга 9 млн сом бөлүнгөн экен, ошонун кайда экенин айтпайбы, Евросоюз чегиртке менен күрөшүү үчүн 8 миң евро бериптир, ал акча кайда кетип жатканына жооп берсе болмок.
Бизде Чакан авиация боюнча улуттук федерациянын 6 вертолету бар экен. Алар биз жардам берели десе, элдин айтымында шапка сурап, бербесе, уруксат бербей коюптур. Эмне үчүн өзүбүздө вертолет турса, аны пайдаланбай, Өзбекстандан сурап келип жатабыз?!
- Бегалы мырза, тактап коелучу, былтыр да барып чегирткелер менен видеого түштүңүз беле?
- Мен чегирткени быйыл эле көрүп жатам. Мага ишенишпесе, аким да айтып жатпайбы. Тарткан телеоператорлордон сураса болот.

Маектешкен Базарбай Гапаров




  Көйгөй

ЖК депутаты Гүлжамал Султаналиева:
"Өкмөт жоопкерчиликти бизге оодара салууда"
- Гүлжамал Тиленбаевна, аймактарды кыдырып келдиңиздер, орчундуу кайсы көйгөйлөргө күбө болдуңуздар?
- Мен Нарын регионуна барып, андагы райондордогу абал, элдин турмуш-шарты менен таанышып, көйгөйлөрүн угуп келдим. Башка облустарда жазгы талаа иштери аяктап калган болсо, Нарын аймагында аяктамак турсун, жаңы гана башталууда. Буга - солярканын жетишпестиги себеп. Эл абдан нааразы. Анткени карапайым элге өкмөт 22 сомдон солярка беребиз деп айтпай койсо болмок. Арзан баадагы солярка келет деп эл үмүт кылып отура берип, эч даярдык көрбөптүр. Ал тургай соляркага деп эл акча чогултуп беришкен, бирок дал ошол акча берген дыйкандарга да солярка берилбей калыптыр. Баетов айылында акча жыйнап берген элге солярка жетпей, ортодо бизнесмендер бизнес жасап, баасын 33 сомго көтөрүп жиберген. Эл болсо акчасын берип коюп куру жалак отурат. Айыл өкөмт, акимдер болсо бул ишти билип туруп, элди тил эмизип алдап, "мына беребиз, ана беребиз" дешүүдө. А талаада болсо иш күйүп атат. Атбашыда эл жаңы эле үрөн себишкен экен. Катуу шамал себилген үрөндөрдү учуруп кеткен. Эл кайра эгин айдаганга даабай, күздө түшүмсүз калуудан чочулашууда. Бийликте олтуруп алып элге кыянатчылык кылган чиновниктердин "ишмердүүлүгүнөн" жана табигаттын шартынан Нарын регионунда жазгы айдоо иштеринде көп тоскоолдуктар болду.
- Бул тууралуу аким-губернаторлорго айтып, жыйынтыкты талап кылдыңыздарбы?
- Биз аларга бул жолу да жолуга албадык. Айрым айыл өкмөттөр солярканын өлчөмүн туура эмес эсептеп койгондуктан, элге текши жетпей калган. Бул жерде эки жакты бирдей караш керек. Мүмкүн солярканын өлчөмү элдин чогулган акчасына байланыштуу болуп калгандыр. Экинчиден, жер-жерлерге келген солярканы айыл өмөттөрдүн туура эмес бөлүштүрүүсү. Акимдер да көзөмөл жүргүзгөн эмес.
- Бул көйгөйлөр дале көмүскөдө калат сыяктанат же чара көрүлүп жатабы?
- Парламентке келип кыска мөөнөттүн ичинде толгон-токой көйгөйлөрдү эптеп айтып үлгүрүп атабыз. Өкмөттүн, президенттин өкүлдөрү угуп атышат. Бул боюнча биз мурда да өкмөткө кат жөнөткөнбүз. Бирок али да жооп келбей жатат. Ошентсе да, бийлик тарабынан бул көйгөйлөргө реакция берилет, чара көрүлөт деп күтө туралы.
- Жарыктын өчүшүнөн пайдалангандар мародерлукка барып атат деп айттыңыз эле?..
- Мен бул маселеге абдан тынчсызданып келдим. Жарыктын өчүшү Чүй же башка региондор үчүн жаңылык болсо, Нарын үчүн адаттагыдай эле көрүнүш.
Мурдагыга караганда жарыктын көп өчүшү көп көйгөйдү жаратууда. Нарындын айылдарында караңгы кирери менен жарык өчүп, натыйжада талап-тоноочулук көбөйүп атат.
- Анда жарыкты кантип үнөмдөй алабыз, өчүргөндөн башка жол жок да?
- Биздин Нарында өмүр бою эле жарыкты жарытылуу беришпейт. Чүй менен түштүк аймактар быйылкы кыштын суугун алгач ирет көрүп араң чыдашты. А Нарында андай кыштын далайын электр жарыгысыз эле кечирип келатышат. Эртең мененки, түшкү, кечки тамактанууну эске алсак жакшы болор эле. Социалдык абалыбыз төмөн болгондуктан, жанагы айтылган мародерлукту эске алып туруп, жарыкты туура убакыт менен өчүрсө деген ой.
- "Айыл банкын" менчиктештирүү мамлекетке канчалык деңгээлде пайда алып келет, көз карашыңыз кандай?
- Өтө терс көз караштамын. Бул концепция каралып жатканда өтө көп маселелер көтөрүлдү. Макулдашуулар тууралуу министр тыңыраак айткан да жок. "Айыл банкын" менчиктештирүү маселесин көтөрүп атканы бул - бийликтин дыйкандарга жасаган мамилеси. Дыйкандарга колдоо көрсөтүү үчүн "Айыл банкын" менчиктештирбестен, кайра каражат бөлүп, жардам бергенге аракет кылуу керек. Башка өлкөлөрдө айыл чарба тармагына биринчи ирет жардам көрсөтүп, өнүктүрүшөт. Өзгөчө бизге окшогон өлкө бул тармакка кылдат мамиле жасашы керек.
- Сунушталган мыйзам долбоорлорун "Акжолчу" депутаттар аргасыз колдоп берип жаткандайсыздар…
- Биз каршы жерден каршы болуп эле, өз позициябызда бекем турабыз. Токтоболотовду кызматтан алышты. Ыңгайсыз адам болуп калды. Бирок ал дыйкандарды коргогонго аракет жасады. Ошондо эле кызматтан кетерин айтып жүргөн. Өкмөт токтомду да чыгарбай жатат. Болгон жоопкерчиликти парламентке оодара салууда. Бул - өкмөттүн туура эмес мамилеси. Айтып кете турган нерсе министрлик "Айыл банкына" акчаны 15 жылга берген. А негизи ал акча 40 жылга берилиши керек. Демек 25 жыл бою ошол акча бирөөнүн чөнтөгүнө иштегени жатат. Ошол эле каражатты кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, өкмөт үчүн иштесе эмне үчүн болбосун? Бул жерден кандайдыр бир жеке адамдардын гана кызыкчылыгы чоң роль ойноп кетип жатат. Бул менин пикирим.
- Демек, өкмөттүн иштеги чабалдыгы көп маселелерди артка тартып жаткан турбайбы?..
- Жеке пикиримде өкмөттү эч нерсе кыла албай атат деп айта албайм. Өзгөчө менчиктештирүү маселесинде өкмөттүн кылганы коомчулукту чочулатууда. Менчик деген менчик, эч качан элди ойлобойт. Өкмөт андан сырткары дотациялык аймактар болгон Баткен, Нарын региондорунун абалына жетиштүү көңүл бурса.
Маектешкен Жазгүл ИБРАЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!