Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Кайран кыял

Жогорку Кеңеш жаңгак менен "жаркырайт"
Өткөндө контрабандалык жол менен уурдалып бара жаткан жаңгак дүмүрлөрү кармалып, конфискацияланган эле. Аны мамлекеттин эсебине өткөрүп пайдаланыш керекпи же жок кылыш керекпи деген маселе катуу каралып, көпчүлүк жок кылыш керек деп чыгышкан болчу. Бирок кыпкызыл байлыкты кантип жок кылгың келет? Болгондо да кымбат баалуу, анан асыл болуп жатса.
Урматтуу депутаттар ушунча оокатты жөн эле жок кылып салган болбойт, андан көрө келгиле имаратыбызды жаркыратып оңдоп алалы дешкенби, бул дүнүйөнү Жогорку Кеңешке жумшаша турган болушту.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы, борбордук фойеси, тегерек (овалдык) жана квадраттык залы, төраганын кабылдамасы жаңгактын дүмүрүнөн капталып, бардык эшиктер жаңгактан болуп, өлкө бюжетине 40 млн 677 миң сом чыгым алып келе турган токтом долбоору даярдалды. Демилгени төрага орун басары А.Турсунбаев көтөрүп чыкты.
Бул ремонт иштеринин жүрүшүндө шылтоо менен Жогорку Кеңештин айланасы асфальтталып, бардык залдардагы электрондук добуш берүү системасы да кошо оңдолмок. (Депутаттар жаңы келгенде кайсы кнопканы басарды билбей, туура эмес басып алышып, бир канча ноутбуктар иштен чыгып кала жаздаганы эсиңиздерде болсо керек).
Буларга го макул дейли, керек оокат экен, ал эми төраганын столу менен президиумду да сөзсүз жаңылаш керек беле?! Ошол экөөнө эле 436800 сом, депутаттар сөз талашчу трибунаны жаңылаганга (герби бар) 291200 сом сарпталат экен. Ал эми Чоң залга 15 млн 386 миң сом, борбордук фойеге 6 млн 114 миң сом, тегерек жана квадраттык залга 3 млн 968 миң сом жумшалышы талап кылынат. Бул эки залга ошончо каражат керек болсо, төраганын кабинети менен кабылдамасынын өзүнө эле ошончо суммадагы акча (3 млн 594 миң сом) сарпталат экен.
Андан сырткары 1 млн 700 миң сомго дизайнердик жана долбоор-сметалык документация даярдалып, 1 млн 832 миң сом парда алынып, бардык пардалар алмаштырылып, 7 млн 358 миң сомго жаңы эшиктер салынып, 1 млн 365 миң сомго плинтус кагылат экен.
Ушул жумуштардын баарын көзөмөлгө алуу үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага бардык фракциялардын өкүлдөрү кирет. Ремонтту Акүйдү жана резиденцияны ремонттогон фирма - "Синьгуан" корпорациясы жасамакчы экен. Ремонттун жүрүшүндө имараттын жалпы дизайны өзгөрө турган болгон.
Кымбатчылык эки колдоп тамактап турган кезде карапайым элдин түшүнө кирбеген акчалар депутаттардын жөн эле маанайын көтөрүү, эстетикалык ырахат тартуулоо үчүн жумшалганы жатыптыр.
Пландалган жумуштардын баары жаңгакка байланыштуу болгондуктан - депутаттар үчүн чоң тоскоолдук бар эле - ал жаңгак жыгачын пайдаланууга тыюу салган мыйзам болчу. Ошондуктан демилгечи А.Турсунбаев бул маселени да чечүү максатындагы дагы бир мыйзам долбоорун - "Кыргызстанда өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) жыгачтарды кыюуга, ташууга, алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндөгү" мыйзамдын күчүн жоготкондугу тууралуу мыйзам долбоорун парламентке киргизген болчу.
Парламент жетекчилери президенттик администрация жетекчиси М.Садыркулов менен жолугушканда ал президент буга аябай көп сумма экен деп каршылыгын билдиргенин айтты. Ал мамлекеттик органдар бюджеттик акчаларды үнөмдөш керек, ал эми парламент мында бардыгына үлгү болушу керек дегенден кийин парламентарийлердин шаабайы сууп, кайтып келишип, демилгечи вице-спикер сунуш кылган токтомдун жана мыйзамдын долбоорлорун кайра артка алды.
Бирок кечээ бул маселе кайра коюлуп, "Ак жол" фракциясынын жетекчиси Э.Ибраимованын долбоорлорду кайра артка алуу маселеси колдоо таппады.
Ал эми төрага А.Мадумаров бул аракеттерге М.Садыркулов каршы болуп, мунун баарын атайын уюштуруп жатат деди. Анын пикиринде М.Садыркулов президент менен парламенттин ортосун суутуп, жаман көрсөтүүнүн аракетинде. Ал киши турганда Кыргызстан эч качан өнүкпөйт экен. "Ал киши дайыма жакшы иштерге тоскоолдук кылат" деди. Анын мындай айтканга жүйөөсү бар экен. Көрсө, төрага да президент менен өзүнчө сүйлөшүптүр. Президент ага "ремонтту токтотсун деп айткан эмесмин, мен аларга түшүндүрүп коем" дегенмин дептир.
"Жогорку Кеңеш үчүн өкмөт акча таап берген эмес, таппайт дагы. Ал эми М.Садыркулов бир жылда 3 машина алмаштырып, эмеректерин жаңыртып жүрөт, ошондуктан биз өзүбүз ремонт жасайбыз" деп чыкты төрага.
Ошондуктан А.Мадумаров муну М.Садыркуловдун оюну катары баалап, айрым кесиптештерин кошоматчылыгы үчүн айыптап өттү. Анан президенттин оюн билүү үчүн президенттин өкүлү К.Конгантиевге кайрылса, ал эч нерсе билбестигин айтып, Э.Ибраимовага кайрылгыла деди. Э. Ибраимова М.Садыркуловдун айткандарын кайталаганда, А.Мадумаров ага да бир тийди. "Президент менен спикердин ортосундагы маселени фракция жетекчиси чечет бекен?!" деп ачууланып, "Кудай болуп кетсеңиз да мени антип коркутпаңыз" деп "зекип" алды.
Буга жини келе түшкөн фракция жетекчиси президенттин пикирин айтып, төраганын этикасы тууралуу маселени көтөрүп чыкты жана А.Мадумаровдун кечирим сурашын талап кылды. Ортодо тирешүү күчөп, төрага катуу арданып ага ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө тууралуу маселени күн тартибине киргизмей болду.
Вице-спикер К.Исабеков талкууну токтотуунун сунуш кылды.
Тирешүүгө башка депутаттар да аралашып, башка фракциялар да карап турган жок.
Башка фракциялардан уялган депутат А.Мамасалиев төрага менен фракция жетекчисин партиянын аброю үчүн амбиция менен намысты унутуп, компромисске келишин суранды.
Спортсмен-депутат О.Назаров төрагага "мага ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө маселесин алып чыгам дедиңиз эле, эми аягына чейин чыгыңыз" деп спикерликтен айрылып калышы мүмкүн экенин кыйытып өттү. Ага төрага мен аягына чыгам деп жооп берди.
Депутат Г.Куликова да төрагага тийишип алды. "Сиз депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн жүрүм-турумуна көп киришесиз, өзүңүз да ал эрежелерди сактаңыз" деди. Төраганын Жогорку Кеңештин имаратына чет өлкөдөн келген конокторду киргизүүгө намыстанаарын сындап, имараттан мурда, мыйзамдардын аткарылбаганына, Ысыккөлгө бараткан жолдо бир да даараткананын жоктугуна, мугалимдерге кошумча акча берилбей жаткандыгына арданыш керектигине токтолуп, ошол ремонтко деген акчаны мугалимдерге бериш керек деди.
Төраганын туш-тараптан чабуулга алынып жатканына чыдабай С.Кадыралиев фракция жетекчисине да ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө боюнча маселени караш керек деп чыкты, анткени экөөн тең депутаттар шайлаган. Эгер компромисске келишпесе Э.Ибраимова тууралуу да маселе каралышы керек деп Элмира айым тарапка ды "намек" ыргытты.
Дагы бир депутат А.Байтиков ремонтту сессияга алып чыкпай эле баштай бергенде болмок экен деп, жашыруун добушка коюуну сунуштады.
Депутат З.Курманов чет өлкөлүктөрдөн жардамды кычыраган жаңгак залында отуруп сураш "не удобно" го деп, төрагага отставакага ремонт маселеси боюнча эмес, башка "серьезныйраак" маселе боюнча кетүү туура болоорун түшүндүрүп кирди эле, төрага маселе жаңгакта эмес, мамиледе деп болбой туруп алды.
Депутат И.Масалиев "Акжолчулардын" фракция ичинде эмес, сессияда өз ара кармашып жатканына чыдабай кетип, аларды тыныгуу алып, ич ара чечишип алып, маселени анан алып чыкпайсыңарбы, башка нерсе, мисалы, ГЭСтер, экономика тууралуу урушсаңар болот эле, ремонт боюнча да урушасыңарбы деп уяткарганга аракет кылды.
Ара-чолодо депутаттар мыйзамга оңдоолорду киргизгенге үлгүрүштү.
Акырында маселе тирешүүдөн кайра ремонтко кайтып келип, долбоорду Каржы министрлиги менен макулдашуу үчүн комитетке кайра жиберишти. Биротоло тактап алалы дешип, парламентарийлер ортодо каржы министрин чакыра коюшту. Бирок бюджетте кошумча 40 млн сом жок болуп чыкты. Министр айым ЖКнын ички бюджетинен кысып атып, эптеп ремонт жасаса болоорун түшүндүрдү.
Чет элдиктерден элдин жашоосу, Бишкектин абалынан эмес, ЖК имаратынан уялган төрага эларалык уюмдарга кайрылса да "до конца" бараарын билдирди эле. Ажеп эмес, сырттан көп акча табылып калып, ага ЖК имараты (анын ичинде төраганын иш үстөлү да бар), анын менен кошо башка маселелер да чечилип калса!..

Алтын КАЗИЕВ


















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!