Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Жылдыздар таржымалынан

Николай Караченцов
Николай Петрович ушул жылы алтымыш төрткө (1944-жыл, 27-октябрда Москвада төрөлгөн) чыгат. Ата-энеси искусство адамдарынан болгон. Атасы Петр Караченцов (1907-1998), кесиби - художник-график, бир топ жыл "Огонек" журналында иштеген. Апасы Янина Брунак (1913-1998), балетмейстр-постановщик. Жубайы Людмила Поргина алтымыш жашта, Россияга эмгек сиңирген артистка, уулу Андрей МГИМОнун эларалык укук факультетинин бүтүрүүчүсү.

Сахнага арналган кырк жыл
Николай театр дүйнөсү менен бала кезинен таанышкан. Бул жылдары ГИТИСти бүтүрүп жаткан апасы балетмейстр-постановщик катары ГАБТ, Казань музтеатры, Улан-Батор музтеатры сыяктуу үлкөн театр секилерде спектаклдерди коюп, ар бир репетицияга кичинекей Коляны ээрчитип алчу. Кийин анын балет бийчиси болуу чечимин уккан апасы бул багыт "балдар үчүн эмес" деп, баласын араң көндүрүп, спорттук секциялардын бирине алып барган. Кандайдыр бир убакытка баштапкы максат эстен чыккан менен, пластикалуулукка, бийлерге кызыгуу кала берген.
Онунчу классты аяктап, Москвадагы ЖОЖдун бирине тапшыруу гана калганда, Борбордук балдар театрынын (ББТ) алдында түзүлгөн "Актив" группасына жогорку класстын окуучуларынан тандоо болуп калат. "Активисттердин" катарына Николай досу менен кошулуп алат. Николай тиешелүү милдетин эле аткарбастан, ББТнын болгон репертуарына күбө болуп, Эфрос, Марков, Филиппов ж.б. таанымал актерлордун лекцияларына келген окуучулардын катарына кошулат. Көп өтпөй ББТда окуучулардын өздүк чыгармачылык студиясы ачылып, биринчилерден болуп Караченцов жазылган. Студия жетекчилери Печников менен Миньковская актердук чеберчилик боюнча биринчи мугалимдеринен болуп калышкан. "Фигаро" спектаклинде эң алгачкы ролун чоң толкундануу менен ойногон.
Николай профессионал актер болууну чечкен. 1963-жылы МХАТтын алдындагы мектеп-студияга кирүүгө үч турунан тең өткөн. Андагы актердук даярдык, өзгөчөлүк тез эле көзгө илинген. Студенттик алгачкы жаратуусу, Пановдун "Метелица" спектаклиндеги Дахнонун образы үчүн Караченцов "эркектин мыкты ролу үчүн" сыйлыгын алган. Дипломдук иши - "Иван Васильевичтеги" Милославский ролу да эң мыкты баага татып, Николай Караченцов мектеп-студияны артыкчылык менен бүтүргөн. Негизи бүтүрүүчүлөрдүн дароо МХАТка бөлүнүшү салт болгон, бирок, "Ленком" (алгач Ленин комсомолу атындагы Москва театры болгон, кийин Николай Караченцов "кыскача эле "Ленком" болбойлубу" деген сунуш киргизген) театр жетекчилиги МХАТ жетекчилигине актердук курамдын жетишпей жаткандыгын айтып кайрылса, мектеп-студиянын тарыхында биринчи жолу он мыкты бүтүрүүчү, ичинде Николай бар, Ленкомго жөнөтүлгөн. Барган күндөн Николай Караченцов бул театрды (кырк жыл чыгармачылыгын арнаган) таштабай иштеп келет, автокырсыкка учурабаса, дагы уланмак.
Алгач Эфрос койгон постановкаларда ойносо, театрга 1973-жылы театрга келген Марк Захаров менен иштешип, анын "Тиль" спектаклинде Тилдин - тамашакөй, бейбаш уландын образы менен 70-жылдардын жаштарынын кумири болгон. Николай Караченцов совет мейкиндигинде тез эле таанымал болгон. "Юнона жана Авось" спектаклинде колго алынган жаңы "рок-опера" (Николайдын вокалдык таланты ачылат) жанры өзгөчө боек берип, зал толо көрүүчү жыйган (азыр да аншлаг менен өтүп келет, аудиоверсиясы да хитке айланган).

Жомок каармандарын сүйлөтүү
Николай Караченцов ар кыл жанрда: драмада, мюзиклде, комедияда, рок-операда ондогон ролдорду ойногон. Театр сахнасында жаралган психологиялык татаал мүнөздөр экранда да жогорку чеберчилик менен ачылып берген. "Старший сын", "Белые росы", "Собака на сене", "Трест, который лопнул", "Приключения Электроника", "Человек с улицы Капуцинова" тасмалары, "Досье детектива Дубровского" сериалы, автокырсыкка чейин да анын катышуусунда дагы бир сериал көрсөтүлүп баштаган... Чет жактын кинокартиналардагы көпчүлүк каармандар анын үнү менен сүйлөйт. Маселен, француз актеру Жан Поль Бельмондо. Бир катар мультфильмдерде да жомок каармандарын сүйлөткөн. Маселен, "Ловушка для Бамбра", "Пес в сапогах" ... Ага катар мультфильмдердеги, тасмалардын айрымдарында бир топ ырлар анын аткаруусунда жаңырат. 1996-жылы анын аткаруусундагы ырлар жыйналган "Сны и были Николая Караченцова" аталыштагы компакт-диск жарык көргөн. Кино-театрга байланышкан бир катар сынактарга калыс катары чакырылып турат. Буга чейин ал А.Миронов атындагы актердук ырлар сынагынын сынак комиссиясынын төрагасы болуп келген. РСФСР эл артисти, Россия кинематографиялык искусстволор академиясына, Россиянын театралдык ишмерлери Союзуна мүчө.

Спорт жана өмүр
Николай Караченцовдун башкы спорттук кызыгуусу теннис болчу. Бир канча, "Большая шляпа", "Марко-Гаррос", "Большой колпай" кубогу ж.б. теннис турнирлерине катышкан. Бир жолу Борис Ельцин менен да партия ойногон. Денсоолугуна байланыштуу азыр токтоткон, бирок көнүгүүлөрдү жасап турат.
Николай Караченцов Вольсфаген Пассат машинасы менен автокырсыкка кабылганда бир топ версия айтылды: Караченцов машина башкаруудан чыгып кеткен, ичип алып айдаган (кайсы бир учурда кичине алып койбосо, ичимдик ичпейт), уктап кеткен, жогорку ылдамдыкта келаткан, жол тазаланган эмес (Москва мэриясы бул версиясы расмий түрдө четке каккан)... Врачтардын бүтүмү боюнча башынан оор жаракат алган ( баш сөөгү жарылган, ички гематома). Операция жасалып, реанимацияга жаткырылган. Бир топ күн эсине келе алган эмес. Абалы оор, аман калар-калбасы да күмөн болуп калган. Ал ойной турган спектакль убактылуу токтотулган, бирок башка актердун аткаруусунда кийин коюлган. Актер азыр атайын режим менен жашайт.

Даярдаган Назира СААЛИЕВА




  Таймс-пейдж

В-123. Бишкек шаарынын тургуну Толкун досумду 25-май туулган күнү менен куттуктайм. Толкун, ар дайым денсоолукта болуп, ишиңди ийгилик коштоп, үйүңдөн бакыт-таалай, ырыс-кешик кетпесин. Уул-кызыңдын сый-урматын көрүп, узак жаша.
Света

В-124. Лейлек районунун Чимген айылынын тургуну, аяшыбыз Жолдошова Хатираны "Баатыр эне" наамына ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Аяшка узак өмүр, чың денсоолук каалайбыз. Балдарыңдын үзүрүн көр. Бишкекке келгенде кабарлашпай кетип калба! Телефон, адрестерди ушу гезиттен табасың.
Аяшың Бахтияр, Сайран

В-125. Мындан 30 жыл мурда мектептин уясынан чогуу учкан классташтарым! Баарыңарды ушу юбилей менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Узак өмүр сүргүлө, денсоолугуңар бекем болсун, үйүңөрдөн ырыскы, кут үзүлбөсүн.
Ю.Гагарин атындагы мектептин 10 "г" классынын 1978-жылкы бүтүрүүчүсү Шаматов Бахтияр

В-126. Кадамжай районундагы "Ынтымак" мектебинин мугалимдерин жана бүтүрүүчүлөрүн акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктап, кызуу салам айтабыз. Урматтуу агай-эжелер, ини-карындаштар, ушул майрамыңар силерге келечектен зор үмүт жана ишеним тартууласын. Себеби, балдарыңар улуу сапарга аттанганы жатат. Биз силерге ишенебиз.
Ынтымак айылынын Бишкектеги кулундары

Талас районундагы Арал орто мектебинин 1988-жылкы бүтүрүүчүлөрүн 20 жылдык жолугушуу кечеси менен куттуктайбыз. Аларга ак жол, ийгилик каалайбыз.
Осмон

В-127. Талас районуна караштуу Акжар айылынын тургуну классташым Бакытты үйлөнүү үлпөтү менен куттуктайм. Бакыт, аяшым Толгонай менен бактылуу болуп, өмүр бою кол кармашып жаша. Жыл айлана балалуу болуп, үйүңөр кубанычка бөлөнсүн. Бар болгула.
Мирзат

В-128. Эжебиз Кутманалиева Миранын май айындагы туулган күнү менен куттуктайбыз. Өмүрүңүз узун болуп, жүзүңүздөн күлкү кетпесин, жамандык, бөөдө кырсык дегендер кууп жетпесин. Жездебиз Мидин менен уул-кыздарыңыздардын сый-урматын көрүп, бактылуу өмүр сүргүлө?
Ини-сиңдилери

В-129. Касымбекова Айнура Даниярбековнаны 10 жылдыгы менен куттуктап, бекем денсоолук, узун өмүр, ак жол каалайбыз. Ишиңиздин ийгилиги артып, жашооңузду жалаң гана жакшылыктар коштоп жүрсүн! Бактылуу болуңуз!
Кудачалары

В-130. Жеңебиз Самаранын 23-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Жеңе, сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Байкем Темир экөөңүздөр бактылуу өмүр сүрүп, жакшылыктын гана үстүндө жүргүлө. Беку менен Сезимдин бактылуу мээрман ата-энеси болуп жүрө бергиле.
Венера

В-131. Ханбүргө мектебин 2003-жылы бүтүргөн классташтарыма ысык салам жолдойм. Аларга узун өмүр, кең келечек каалайм. Ар бир кылган ишиңерди ийгилик гана коштоп, бардык ой-максатыңар орундалсын! Бактылуу болгула.
Венера

В-132. Карасуу орто мектебин бүтүрүп жаткан Тойчубек кызы Наргизаны окуусун ийгиликтүү аяктап жатышы менен куттуктайбыз. Наргиза, ылайым келечегиң кең болуп, ойлогон максаттарыңа жет! Сага денсоолук, ийгилик, айтор аялзатынын бактысын каалайбыз! Ата-энеңдин ишеничин, үмүтүн актап, элиң сыймыктанган ыймандуу кыздардан бол.
Агалары, эжелери

В-133. Жайыл районундагы Эриктүү айылынын тургуну Шаймолдоева Гүлбараны 23-май туулган күнү менен куттуктайбыз! Апа түйшүгү аз, узун өмүр, чың денсоолук, ийгиликтерди каалайбыз.
Күйөө баласы Асан, кызы Гүлмира

Талас районуна караштуу Арал айылынын тургуну таякебиз Жамгырчиев Кеңешти 50 жашка толушу менен куттуктайбыз. Таяке, 50 жылдык мааракеңиз кут болсун! Денсоолугуңуз бекем, өмүрүңүз узун болуп, сизди жакшылыктар гана коштоп жүрсүн. Ылайым, ар бир баскан кадамыңызды ийгилик гана коштоп, жакындарыңыздын жанында жаркылдап жүрө бериңиз.
Жээндери

В-134. Талас районундагы физика-математика жана англис тил багытындагы Манас лицейинин директору Жанзаков Жаныш Борошовичти жана ошол лицейдин эмгек жамаатын, жалпы эле бүтүрүүчүлөрүн 25-май акыркы коңгуроо майрамдары менен куттуктайбыз. Манас лицейинин кулачы кенен болуп жыл сайын алтын медаль менен аяктаган окуучуларыңар арбын болсун.


В-135. Талас районунун Манас айылындагы Аксай орто мектебинин жалпы жамаатын жана 10 жылдык юбилейин өткөрүп жаткан 81-жылкы бүтүрүүчүлөрдү куттуктайм. Ошол бүткөн класстын класс жетекчилери Алчаш эжени, Жыртакбаева Чынараны, Нурманбетова Калиманды да куттуктап, эжелерге ар дайым ишиңерде ийгилик болуп, денсоолугуңар чың болсун. Силер тарбиялап окуткан окуучуларыңар сиздердин эмгегиңерди эч убакта унутпайт.
Окуучуңар Фарида

В-136. Группалашым Сейил Калдыбаеваны май айындагы туулган күнү менен куттуктайм. Сейил, Кудай дайыма сага ак батасын берсин! Аман менен аман бол! Дайын-дарегиңди билдирип койчу.
ГБШ

В-137. Кадамжай районундагы Кадамжай лицейинин эмгек жамаатын 25-май майрамы менен куттуктайбыз. Урматтуу мугалимдер, сиздерге албан-албан ийгиликтерди, турмушуңуздар бакубат, жумушуңуздар кызыктуу болушун каалайбыз. Талыкпай жаш канаттарды уядан учура бериңиздер. Дайыма бар болуңуздар!
Лицейдин 94-жылкы бүтүрүүчүлөрү

В-138. Талас районундагы Кыркказык орто мектебинин 1958-жылдагы бүтүрүүчүлөрдүн 50 жылдык жолугушуусу өткөрүлөт. Жолугушуу кечеси 24-майда Талас шаарындагы "Алтын Казык" кафесинде болот.
Уюштуруу тобу

Кулактандыруу
"ВАЗ 2101" маркасындагы автоунаанын кузовун алам. Сата тургандар болсо 0543 079815 номуруна чалыңыздар.
Нурмат

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Баткен областы боюнча өз кабарчы Бозулан Ысаковдун атасы
Ысаков Талиптин
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!