Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Экөө

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбетакунов жубайы Динар Мамбетакунова менен
2001-жылы 15-июнда баш кошушкан.
- Калык Барыктабасович, балалык чагыңыз кайсы айылда өткөн?
- Менин бактылуу балалыгым Жетөгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында өткөн. Атам Барыктабас айылда мугалим, энем Эшмамбетова Майраш колхоздо иштеген. Үйбүлөнүн улуусумун (1952-жылы, 3-ноябрда төрөлгөм), өзүмдөн кийин жети карындашым бар. Эки-үч үйбүлөнүн ортосунда өскөн баламын. Айылда балдар ойноп көрбөгөн оюнчуктар менен ойнопмун. Урумкан эжем (атамдын эжеси, 80 жашка келип калды), иниси Телман (көзү өтүп кеткен) Ошто Карасуу районунда мугалим болуп иштешкен. Ошол жактан оюнчуктарды (бармактай болгон маасы, өзбек топуларды) алып келишчү. Энемдин сиңдиси Турсун таяжем, Саламат тайжездем экөө балалуу болушпаптыр. Мени көрүп келебиз деп эки-үч жумада бир келип турушуптур. Мага оюнчук алып келген кишинин баары эле "Эмкиде эмне оюнчук алып келели?" деп сурап, тизмесин алып кетишчү. Жыйылып жаткан оюнчугумдан кабардар болгон балдар келип, "оюнчуктарыңды алып чык" деп келишээр эле. Жадагалса менден 7-8 жаш улуу байкелер да келип, менин оюнчуктарым менен ойношчу. Ошентип балачагым жакшы өттү. Атаганат, ошентип жакшы өтө берсе, кандай жакшы болоор эле…
- Эки-үч үйбүлөнүн ортосунда чоңойсоңуз, эрке болсоңуз керек?
- Ата-тегибиз интеллигенттерден болгон. Атам табиятынан башкарган адам болгондуктан бизди катуу тартипте кармады. Ошондон улам эркеликти билбей жакшы окудум. Анын үстүнө бир үйдүн жалгыз уулу болгондуктан, тентектик кылган жокмун. Кичинемден эле коомдук иштерге аралаша баштагам. Пионер, дружина совети деген бар эле, ошолордо иштедим. Кийин жалпы комсомол (14 жашымда комсомолго өткөм) уюму түзүлүп, ага катчы кылып шайлашты.
Атам 60 рубль мугалимдик айлык менен үйбүлөсүн баккан. Мындай маяна менен үйбүлөнү камсыздандыруу болбой турганына көзү жеткенден кийин мектепти таштап, колхоздун кызматына өткөн. Механизациялаштырылган комплекстүү бригаданын бригадири болуп бекитилген. Кийин дипломдуу адистер келгенде бригадирликти өткөрүп берип, "Победа" колхозунун жылкычысы болуп калган. 1967-жылы 8 жылдык мектепти бүттүм. Биздин айылдан 5 км алыстыкта жайгашкан "Светлая поляна" деген айыл бар. 9-10-классты ошол орус мектептен бүтөйүн деп барып, 9-классты ийгиликтүү аяктадым. Жайкы каникулда атама жардамдашайын деп жайлоого барып калдым. Субай жылкыларды төрдүн башына чыгарып ийип, эки жумада бир барып түгөлдөп, туз берип турушчу. Мен барганда жылкыларды түгөлдөй турган убак болуп калыптыр. Тоо башында мөңгү, кар бар экенин билип турсам да, бат эле келип калам деген ой менен жеңил кийинип чыгып кеттим. Жетип, жылкыларды жөнгө салгандан кийин денем талыкшып чарчаганымдан бир аз жерге жатып эс ала турайын деп уктап кетиптирмин. Бетиме жамгыр тамганда гана чочуп ойгондум. Август айында да ак мөңгүлүү тоо башында аба ырайы өзгөрмөлүү келет. Жаан карга айланып, борошологон карды шамал коштоп, айтор, айлана бир заматта алай-дүлөй болуп жатып калды. Аябай үшүдүм. Такыр жылыбайм. Башымда жайкы шапке. Аны колтугума салып жылытып бутумду салам. Тоо башынан корумдарды аралап түшкөнчө караңгы кирип кетти. Үшүгөнүмдөн жылуу жерди издейм. Жамгыр болсо төгүп атат. Топ карагайдын түбүндөгү мурун күбүлүп түшкөн бүчүрлөрдү көрүп, ошол бутактардын арасына кирип кеттим. Күндүзгү жылуулукту аз да болсо кармайт экен, жылуулугу кеткенче колу-бутумду салып кармап турдум. Ал муздаган сайын чыйрыгып баштадым. Өзгөчө бутум тоңуп, ооруй баштады. Чыдабай кетип, минип жүргөн атыма барып чатына бутумду салып жылытам. Айтор, үйгө азап менен таңга жуук жеттим. Жылуу жуурканга жатып калдым. Анан балакеттин баары бир жумадан кийин башталды. Атамдын иниси Телман агам жайлоого жумуштап барып калыптыр. Алар карта ойногонго отурганда төртүнчү киши жок болуп калып мени чакырышты. Эмнегедир колумдагы картаны даана көрө албай койдум. Агам дароо сезип, "Калык, көзүңө эмне болду?" деди. "Начар көрүп жатат" дедим. "Таң эрте туруп айылдагы Какен жеңеңе барасың" деди. Жеңем мени Пржевальск шаарындагы областтык оорукананын көз оорулар бөлүмүнө алып барып, дарыланууга жаткырды. Ошондо1968-жылдын 23-августу эле. Ал жерден жыйынтык болбогондон кийин, 1969-жылдын апрель-май айларында Фрунзе шаарындагы көз оорулар клиникасына келип дарыландым. Тилекке каршы, ал жерден дагы эч жыйынтык болбоду. Эки көз караандарды эле эмес, жарыкты да көрбөй калды...
- Көзүңүзгө эмнеден улам доо кеткенин дарыгерлер такташтыбы?
- 1975-жылдын июнь айларында Ленинград шаарындагы ооруканага жатып дарыландым. 1976-жылы апрель айында Москвадагы Гелингольц атындагы жана Краснов атындагы көз оорулар клиникаларына барып текшерилдим. Ошол жердеги врачтардан "организмдин катуу үшүккө кабылгандыгынан улам кызыл жүгүрүк (ревматизм) оорусунун терс таасиринен көз көрбөй калган" деген диагноз коюшуп, аларга өтө кеч кайрылып калганымды айтышты. Өз убагында барганымда жарыкты көрүп калмак экем. Ошондо Фрунзедеги врачтардын өздөрүнүн кызматынан коркушуп мени кармай беришкендерин эстеп, аларга аябай нааразы болуп кеткем. Азыркыга чейин нааразымын. Негизи мага коюлган диагноз жүрөккө берилчү экен. Чанда болчу түрүнө мен кабылып калбадымбы... Эң башкы себеп - адамдын таманындагы тамырда болот тура. Баягы суукта калганымда бутума суук тийип, көзүмө зыян алып келип олтурбайбы. Ошентип жарым жылдын ичинде эле көрбөй калып, 9-классты бүткөн бойдон калып кеттим. Үмүт деген кыйын экен, көзүм көрүп окуумду улантам деген үмүт менен Бишкекте дарыланып жүрдүм. Жакшы тилек менен жашап жүрсөм, бир күнү бир палатада чогуу жаткан азиз өспүрүм Вова Усиков: "Көзүң көрбөй калса, биздин мектепке келесиң" деди. Уккан кулагыма ишенбей: "Ал эмне болгон мектеп?" деп кайра тактадым. "Көзү көрбөгөн балдардын мектеби" деп кайталады. Анын бул сөзү мага өтө оор тийип, "мени баары бир врачтар айыктырат" деген чоң үмүт менен жүргөм да, аны менен мушташып кете жаздагам. "Бүттү, көрбөй калдың" деп, ооруканадан качан чыгарып салат болду экен" деген ой, санаа жеп, колу-бутум калчылдап, бир нече суткалап уктабай калган күндөр болгон. Акыры мен коркуп жүргөн сөз да айтылды. Айылга кеттим. Мен келген учурда классташтар 10-классты бүтүп, каалаган окуу жайларына кетип жатышыптыр. Буулугуп ыйлайм, апам байкуш мени менен кошо ыйлайт, кайра сооротот. Тазикке салып киринтет, тырмагымды алат, чачымды тарайт, чекемден сылайт. "Ата-энеме жардам берээр убакта ушинтип каламбы? 17 жашка чыксам дагы апам киринтеби?" деп ызаланып ыйлайм. Ошол учурда Аксуу районундагы Сарыкамыш айылында мугалим болуп иштешкен Сыргак жездем, Кеңешкан эжем 45 рублге гармонь сатып келип, "Эриккенде эрмектей жүр" деп белек кылышты. Чындап эле эрмегим да, сырдашым да ошол болду. Гармондо ойноп, армандуу ырларды жазып, обондорду чыгара баштадым. Ырларымды Саламат Садыкова, Бермет Байкелова, Кенже Кубатова жана Бакыт Шатенов ырдап жүрөт. Ошентип көрбөй калганыма толук көзүм жеткенден кийин баягы Вованын сөзүн эстедим. Ал айткан мектепти сураштырып, Политехникалык институтта студент Самыйбек агама, Жумагүл эжеме кат жаздым. Алар дарегин тактап-билип беришти. Тагдырыма баш ийип, ошол жерге барып окуй турган болуп калдым.
- Мындай чечимиңизди ата-энеңиз кандай кабыл алышты?
- Атама айтыш кыйын болгон. Телман агам алгач апама айтып көндүрдү. Анан экөө атама айткандан тартынып, атамдын жакын досу Мамыт агайды чакырып, үчөө атама араң айтышкан. Ал сөздү уккан атам эс-учун билбей жыгылган. Элестеткиле, жалгыз уулу болсом, анан да көрбөй калсам... Анын үстүнө "баласын интернатка кетирип ийиптир" деген сөз чыгат деп коркушса керек. Бул бир жагы. Экинчи жагынан "Кантип тамак ичет?, Кантип кийинет?, Ким жетелейт, кантип жалгыз басат?" деп чочулашты. Акыл калчап олтуруп, акыры макул болушту. Ошентип, 1970-жылы 17-февралда атам-апам, Мамбетакун чоң атамдын иниси Абды атам болуп, чогуу Фрунзеге келдик. Ишенишпей, адегенде жатак мектептин ашканасын, жатаканасын, спорт залын, окуу классын, кыскасы, бардык жашоо-шартын кыдырып көрүштү, көңүлдөрүнө толду окшойт мени калтырып кетишти. Ошентип окуум башталды. Орусчаны, Брайль системасын билбейм. Бир аз бүдөмүк көргөн Төлөнбек Шайыкеев деген бала тамганын баарын жазып берди. Күнү-түнү уктабай өздөштүрүп, үч сутканын ичинде баары-жогун үйрөнүп, бардык нерсеге умтулуп, жакшы окудум. Сабактардан жакшы жетишкендигим үчүн 10-классты аттатып, 11-класска отургузушту. Жогорку билимдүү болом деп окууга тапшырганга камданып калдым.
- Кайсы жогорку окуу жайга тапшырып, кайсы кесиптин ээси болуп чыктыңыз?
- Негизи менин бала кезимдеги каалаган кесибим хирург болчу. Көрбөй калгандан кийин ал кыялданган кесибим көкүрөктө гана калды. Бирок, тун кызым мен каалаган кесиптин ээси болду. Ыр жазып, обон чыгаргандан кийин музыкант болгум келип, Күрөңкеев атындагы окуу жайга бардым. "Биз көзү көрбөгөн баланы окута албайбыз. Сенин системаңды билген мугалим бизде жок" деген шылтоо менен окууга кабыл албай коюшту. Андан чыгып искусство институтуна бардым. Анда ректор - Насыр Давлесов агай болчу. "Агай, мен обон чыгарып, ыр жазам. Окугум келет, бирок көзүм көрбөйт. Күрөңкеев окуу жайы албай койду" дедим. Кабинетине киргизип, маңдайына отургузуп алып, ар кайсы жерге - Ленинградга, Ташкентке, Алматыга жана Киевдеги консерваторияга чалып, сурап олтуруп, акыры бирөөсүнөн азиз баланы окутса болот деген жооп алды. Анан кабинетине кыргыз, орус агайды чакырып, "бул баланы текшерип, экзамен алгыла" деди. Кыргыз агайдын аты-жөнү Алтынбек Жаныбеков экен. Үч мугалим экзамен алып, акыркы күн дегенде өтпөй калдым. Эки колду пианиного коюп, он манжа менен бир эле жолу басып, "ушуну кайтала" деди. Мен аны аягына чыгара кайталай алган жокмун. Алтынбек агай: "Калык, сен капа болбо! Экзаменде эң керек ушул болчу. Сенин музыка менен байланышканыңа эки гана жыл болуптур. Жети жылдык музыкалык мектепти бүткөн балдар дагы ушул сыноодон өтө алышпайт" - деди. Макул дегеним менен, ичимден капа болуп калдым. Андан чыгып алып "юрист болом" деп, бирөөгө жетелетип алып азыркы Улуттук университеттин юрфагына барып, декандан окуунун жол-жобосун сурасак, "Укук коргоо жагында иштеген эки жылдык стаж керек же мектепти алтын медаль менен бүтүш керек" деди. Андан чыгып тарых факультетине бардым. Ал кездеги декан Сабыр Аттокуров деген киши болчу. Ага шартымды айтсам, ал "Биз окута албайбыз, ал үчүн Эл агартуу министрлигинен уруксат сурашыбыз керек. Ага убакыт көп талап кылынат" деп койду. Бардык жерден шагым сынып, айылга жөнөп кеттим. "Экинчи сорттогу бала турбаймынбы. Бардыгынан кем адам болуп калган турбайынбы..." деп ызаланып, тамак иче албай, ойго чөмүлүп, он күндө санааркап төшөктөн тура албай калдым. Ата-энем, туугандарым жалынып-жалбарып, жакшы сөздөрүн айтып, айланчыктап жанымдан чыгышпайт. Болбой эле сар-санаадамын. Бир күнү өзүмө келип, "шаарда көрбөй калгандардын ишканасы бар, ошого барайын" десем, баары макул болушту. Фрунзеге кетип жатканда Телман агам: "Калык, сенин чапаныңды эч ким чечип албайт, кайра да бир тарых факультетине кирип көр" деп эскертти. 8-классты бүткөн менден кийинки карындашым Кларага жетелетип алып, 1971-жылы 17-июлда шаарга келдим. Эртеси университеттин тарых факультетине бардым. Биринчи этнограф Какен Мамбеталиева отурган экен. "Эже, мен окуюн" дедим эле десем, ал: "Документиңди өткөрүп, экзамендерди тапшыра бер" деди. "Эже, сиз мени түшүнбөй калдыңыз окшойт, менин көзүм көрбөйт" десем, "Мейли, тапшырып көр" деп үмүтүмдү жандандырды. Айланайын, ошентип эле койгонуна денем ымыр-чымыр болуп, сүйүнүп оюмду бир жерге топтой алсамчы. Анан өзүмдү колго алып, кайра кирип эже менен аңгемелештим. Документтеримди кабыл алышты. Экзамен 1-августта башталмак. Саналуу гана күн калгандыктан чый-пыйым чыгып, шаардагы болгон туугандарымды чакырып айтсам, алар мени экзаменге даярдоо расписаниесин түзүштү. Тууган деген ошондойдо билинет экен. Окуу китептерин үч сааттан алмашып окуп беришип, консултацияга жетелеп барып турушту. Ошентип, күн-түн дебей, он эки күн, мени менен кошо китеп окушуп, экзаменге катуу даярдашты. Жыйынтыгында 14 балл (кирүү баллы - 13 экен) менен өттүм. "Ушу балл менен өтсөм болобу?" деп ар кимден тактап сурай бердим. Акырында бир мугалим: "Бул жакта туугандарың чыккан буйрукту карап, өткөн-өтпөгөнүңдү кабарлап коюшат" деп, айылга кете берүүмдү айтты. "Окууга өттүң" деген телеграмма Бишкектеги Катира бөлөмдөн 27-августта барды. Почтальон Ажы ата алып келип сүйүнчүлөгөн. Ошондогу апамдын сүйүнгөнү ай. Тогуз токочун жасап, самоорун коюп, баабедин (эң жакшы кабар) деп кошуна-колоңдорду чакырып чай берген. Баары жакшы тилектерин айтып, алар да жетине албай жатышты. Эртеси эле Фрунзеге жетип келип, фамилиямды окутуп уккандан кийин ишендим. Ошентип 1-сентябрдан 4-октябрга чейин студенттер айыл чарба иштерине кетишти, а мен айылда жүрдүм. Айыл чарба иштеринен келгенден кийин студенттер менен жатакана алдым. 5-курска чейин жакшы окуп, 1976-жылы артыкчылык диплом менен бүттүм. Ошентип көгөрүп жүрүп жогорку билимдүү болгом.
- Диплом алгандан кийин үйбүлө курсаңыз керек?
- Чогуу окуган Айгүл аттуу кыз менен 1972-жылы таанышып, аны менен жакшы мамиледе болдум. Айгүл менен мындайча таанышып калгам. Студенттердин көпчүлүгү айылдан келген балдар болчу. Алар орус тилинен кыйналып жүрүштү. Аны байкаган Орозбек Сагынбаев агайыбыз: "Бир китепти кыргызча которуп алгылачы" деп, Котормо комиссиясын түздү. Ага төрага кылып мени, катчы кылып Айгүлдү шайлашты. Ошентип, чогуу иш алып барып жүргөн күндөрдүн биринде ал кыз "мен сени жакшы көрөм" деди. "Менин абалымды көрүп турасың, мени менен жашаш кыйынчылыкка туруп калат го" десем, баарына макулмун деп болбойт. Анан эки ай сүйлөштүк. Биринчи курсту бүткөндөн кийин, 1-июлда, баш коштук. Апамдын сүйүнгөнүн айтпагыла. Тилекке каршы, апам небере көрбөй калды. Келинчегим кош бойлуу болуп турганда, 1973-жылы 30-январда 37 жашында каза болуп калды. 15-мартта Раушан аттуу кызым төрөлдү. 20 жашымда ата болдум деп кубансам, апам небере жыттабай калды деп кабыргам кайышты. Байкуш апам мени менен кошо ыйлап жүрүп эле жүрөк оорулуу болуп калган. Анан ошол оору алып тынбадыбы... Апамдын көзү өткөндөн биз чилдей тарадык. Туугандардын кеңеши боюнча кыздардын бирин туугандар алып кетти, бирөөсүн интернатка бердик. Эки кыз атамдын жанында калды. Үч карындашымды Фрунзеге мен алып кетмей болдум. Ошондо апамдын мүрзөсүнө барып, бейитине башымды жөлөп: "Апа, кийин бир алым жетип колумдан келсе, адам болоормун. Ошондо кыздарыңдын баарын бир жерге топтоймун" деп боздогон элем. "Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында" дегендей, ойлогон оюмду Кудай аткарды. Билим алдым, кызматтуу болдум. Анан жети карындашымды жаныма топтодум. Азыр баары очор-бачарлуу, Бишкекте турушат.
- Кечиресиз, биринчи жубайыңыз менен ажырашууга эмне себеп болду эле?
- Азыр ойлоп көрсөм, биринчиден, экөөбүз тең жаштык кылыппыз. Турмуштун ачуу-таттуусун билбей эле, жаштык менен үйлөнүп алыппыз. Экинчиден, майып адам менен бирге жашоо өтө оор нерсе. Айгүлдүн ата-энеси керектүү моралдык колдоо көрсөтө алышпады. "Майыпка чыгып алыпсың, эми кандай жашоо болот?" дей беришип, акырында ажырашуубузга себеп болушту. Ал кезде мен Караколдогу ишкананын директорунун орун басары болчумун. Бири-бирибизди кыйнап тогуз жыл жашаптырбыз.
- Экинчи жубайыңызды татар улутунан эле деп айтышат го. Кайдан таанышкансыздар?
- Көзүм көрбөй калып Фрунзедеги мектепке келгенде балдар жердешиң деп Таня менен тааныштырышкан. Ал Пржевальскиден болчу. Улуту - орус, толук аты-жөнү - Кистанова Татьяна Петровна. Таня мектепти бүткөндөн кийин окуусун улантканы Новосибирск шаарына кеткен. Кийин бизди Кудай кайра жолуктурду. Мени Караколдогу ишканадан Жалалабатка которгондо менин ордума директордун орун басары болуп келиптир. Анан экөөбүз Бишкектеги борбордук башкарманын ар кыл иш-чарасына катышып жүрүп кездештик. Ал-акыбалды сурашсак, ал бир кызы менен ажырашкан экен. Менин да башым бош болчу. Таня көз боюнча 2-топтогу майып эле. Аны жактырып калып, баш кошолу деп колун сурадым. 1982-жылы үйлөнүп, Жалалабатка алып кеттим. Юля кызыбыздын артынан, 1985-жылы мага Марат аттуу уул төрөп берди. "Калык туяктуу болду" деп, туугандар аябай сүйүнүштү. Ошентип Таням менен бирге 16 жыл жашадык. Абдан жакшы жашадык.
- Кыргыздын салт-санаасына баш ийе алды беле?
- Чынын айтыш керек, ал экөөбүз баш кошкону бардык нерсе алдыга жылды. Мени эки алаканына салып карагандыктан денсоолук жакшы болду. Карьера өстү. Карындашымтарыма эне болду. Алар көз жарганда төрөтканадан чыгарды. Айтор, мага турмушка чыкканы кыргыздын салт-санаасынын баарын үйрөндү. Уйду шыпылдатып саап, мал союлганда ичеги-карын артып, быжы, жөргөм жасачу. Айылдан киши келип калса, башына жоолук салынып, жүгүнөөр эле. Койчу деги баарын кылчу. Ушундай бактылуу жашап жатканда (1998-жылы, 25-март болчу), эртең менен телефон чырылдап калды. Трубканы алсам - Таня. "Өзүмдү жаман сезип турам, тезинен келип калчы" деди. Жүрөгүм лакылдап, 15 мүнөттө жетип бардым. Врач чакырып, эмне болгонун сурасам, "остеохондроздун оор түрү" деп айтышты. Көрсө, туура эмес диагноз коюшкан экен. Таням реанимацияга жатып калды. Күндө бир нече жолу барам. Жакшы болуп бараткандай сезилген. Бир күнү, 30-мартта, кызым "Папа, мамам палатасында жок экен. Тезинен келип калыңызчы" деп телефон чалды. Кардиолог Даниярова деген эжеге жолуксам, ал: "аялыңыз ушундай кайраттуу киши экен, "операция кыла бергиле, бардыгын жолдошум төлөйт. Бирок операция болгонун жолдошума кечирээк айткыла. Антпесеңер, жолдошумдун кан басымы жогорулап кетет" деп суранды" деди. Таня 1-апрелде, эртең мененки саат 9.30да жүрөк операцияга кирди. 5-6 саат болот дешкен. Айткан убакыттан кечиге баштады. Кечиккен сайын жаным жер таппайт. Ары-бери басып, сыртка чыгып машинада отурсам, Таня тиги дүйнөгө кетип бараткандай сезим пайда болуп, "Таня" деп кыйкырып жибердим. Телман агам: "Калык, сен эмне жамандыкка жоруп жатасың, өзүңдү кармап, тынч тур!" деп жемелеп койду. Кечки саат 8ден 20 мүнөт өткөндө Танядан ажыраганыбызды уктук. Көрсө, жанагы мен сезген учурда эле үзүлүптүр. Анда 7.30 болчу. Кан басымым жогорулап, эсим ооп жыгылыпмын. Эсиме келсем, ооруканада экем. Врачтар укол салып жатышыптыр. "Абалыңыз начар. Похоронго катышпай эле коюңуз" дешти. Жок барам деп болбой туруп алсам, жаныма бир врач кошуп беришти. Ага өзүмдүн врач кызым Раушан кошулду. Түнкү саат экиде Танянын сөөгүн айылга алып жөнөдүк. Кетип баратканда айылдагы туугандарга телефон чалып, апамдын жанынан жай сураштырдым. Тобо кылдым, арадан 25 жыл өтсө да апамдын жанынан бир жай калыптыр... 1998-жылы 4-апрелде Таняны жайына койдук. Ошол жылдын август айында эстелигин койдум. Апамдын эстелиги менен ийиндешип турат. Ошондо апамдын эстелигине жөлөнүп: "Айланайын апа, сизден кийинки эле мени жакшы караган адам Таня болду. Тиги дүйнөгө биринчи сиз барып калдыңыз. Акыреттен келиниңизди тосуп алып, жардамыңызды бериңиз" деп, анан Танянын эстелигине карап: " Ушул сенин кайын энең. Сен кайненеңе жүгүнгөн жоксуң. Ошол дүйнөдөн сыйлашып алгыла" деп бейит үстүндө томсоруп көпкө тургам... Таняны жоготуу мага өтө оор болду. Анткени ал мен кызматтан келгенде дайыма эшикти ачып коюп, алдымдан жаркылдап тосуп чыгаар эле. Жумуштан кийин келсем, эшик жабык. Ачкыч сала турган жерди издеп, ача албай ыйлайм. Кокус, 13 жашар балам үйдө болуп калса, эшикти ачып калат. Атүгүл, "жумуртка кууруп берейинби, мен билем" деп чыйпылдайт. Балама билгизбей боздойм. Күндө кечинде жатаарда Таня бети, колдоруна крем сүйкөөр эле. Ошол кремин сүйкөнүп отургандай сезилип ордун сыйпалап издейм. Бир күнү Таняны издеп жатып жаздыктын алдынан түнкүсүн кийип жаткан көйнөгүн таап алып, жыттап алып буркурайм. Ошентип азаптуу күндөр-түндөр өтүп жатты. Ошондо Таняга арнап, "Жүрөктөгү сыбызгы" деген ырды обону менен чыгаргам. Бул ырды Бакыт Шатенов менен Кенже Кубатова ырдап жүрөт.

ЖҮрөктөгү сыбызгы
Сөзү, обону: Калык МАМБЕТАКУНОВдуку
Аргасыздан башың ийип тагдырга,
Артка кайткыс жайга кетип калдың да,
Ак көйнөгүң желбиреген жыт сиңген,
Арман түйшөп калды жаздык алдында.

Кайырма:
Бул жалгандын кызыгы,
Тунук сүйүү ысыгы.
Жаным барда басылбас,
Жүрөктөгү сыбызгы.

Ай нурунан ак жол төшөп алдына,
Айдыңы кең жайга кетип калдың да.
Ак никеге арзый билген өзүңдөй,
Алтын көкүл жан табылбас калкымда.

Кайырма:

Ак куу болуп, жалгыз учуп калдым да,
Ак чекитмин көк мелжиген асманда.
Аруу сезим туу элесиң көтөрөм,
Торун жайган ошол жайга баргыча.
Кайырма:
1999-жылы апрель айында кызматта Таняны ойлоп олтурсам, Москвадан бир уюмдун аял кызматкери чалып калды. Сөз жаңы башталганда эле байланыш үзүлүп калды. Таня болуш керек деп тердеп-бурдап номерди кайра-кайра терип, экиге бөлүндүм. Биринчиси Таня жок деп токтотсо, экинчиси бар дейт. Эгер ошондой учурда ошол жактан бир аял трубканы алганда акылдан тайып кетмек окшойм. Айнып калыш бир эле секундда турбайбы деп өзүмө келип, балдарым үчүн белимди бекем буудум.
- Жүрөк жарасын айыктырыш ниетте кайталап турмуш курсаңыз керек?
- Танянын кылган ишинин баарын кызым Юля кылып жүрдү. Уулум экөөбүздү карап жүрүп, турмушка чыкпай калабы деп ойлоп, үйлөнөйүн деп чечтим. Чынында баягыдай сүйүү-күйүү кайда, сыйлашкан адам болсо дегеним менен, кимге деп олтуруп, Президенттин администрациясында иштеген бир кызга токтолдум. Ал кыз менен иш боюнча көптөн бери тааныш элем. Анан аны "Арзуу" кафесине чакырып, ошол жерден колун сурагам. Алгач чочуп кеткени менен, кийин көндү. 55 жашка келдим. Өзүмдөн 8 жаш кичүү Динар аттуу кызга 48 жашымда үйлөндүм. 2003-жылы Динайым аттуу кыздуу болдук. Азыр бешке чыгып калды. Тилинин таттуу убагы.
- Биринчи никеңиздеги кыздарыңыз менин катташып турасызбы? Алардан небереңиз бар болсо керек?
- Раушандан эки неберем бар. Неберем Алмаз 17 жашта, лицейде окуйт. Небере кызым Айлен 9 жашта. Рахат турмушка чыга элек. Раушан Миррахимов атындагы кардиология институтунда врач болуп иштейт. Азыр ооруп, үйдө. Рахат КУУнун англис тили жагын бүтүргөн, андан кийин президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөн. Англис, орус тилдеринде эркин, таза сүйлөйт. Азыр Азия өнүктүрүү банкында менеджер болуп иштейт. Юля болсо сулуулук салонунун эки жылдык окуусун Россиядан бүтүргөн. Азыр Бишкекте иштейт. Уулум Борбор Азиядагы Америка университетин бүткөн. Ошол жактын долбоору менен магистратурада Голландияда окуп жүрөт. Бардык балдарымды өз ара тааныштырып койгом. Бири-бири менен аябай ынтымакта жүрүшөт. Биринчи жубайым Айгүл менен Динарды да тааныштырып койгом. "Бала бар жерде катташ бар" дегендей, Айгүл ишке келип турат. Жеке турмушубуздагы таарынычтардан балдардын келечек турмуш жолуна, кызматтарына кедергиси тийип калбасын деп, алардын келечеги жөнүндө сүйлөшүп, бири-бирибизге кеңеш берип турабыз.
- Атаңыз да сиздин колуңузда болсо керек?
- Атам 76 жашта. Апамдын көзү өткөндөн (алты жылдан) кийин, 1979-жылы, атамды үйлөнткөнбүз. Ошол апабыз 3 жашар баласын ээрчите келген. Инимдин аты - Нурлан. Инимдин үч баласы бар, неберелери менен айылда. Атам Бишкекке оңой менен келбейт. Келсе да, эки-үч күндөн кийин кетип калат. Экинчи апабыздын да каза болуп калганына эки жыл болуп калды...
- Маегиңизге чоң ырахмат. Сизге денсоолук, ишиңизге ийгилик каалайбыз.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!