Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
  Гайд-парк

Дөөдүр мыйзамдар
Дөөдүр мыйзамдар жагынан АКШ дүйнөдө биринчи орунда турат. Аларда бир окуяга байланыштуу мыйзам кабыл алына берет. Мисалы, бирөө самолетто баратып, жанындагы багыштын баласы кыжырына тийгендиктен, самолеттон ыргытып жиберген. Бул иш кийин сотто каралып, самолеттон багышты ыргытканга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Эми айрым мисалдарды келтирели.
Техасстын мыйзамдары аябай дөөдүр
Пивону туруп 3 жолу жутуп жибергенге болбойт. Бир же эки уурттаганга же отуруп ичкенге уруксат.
Мейманкананын 2-кабатынан туруп буйволду атканга тыюу салынат.
Темир жолдун кесилишинен кезиге келген эки поезд башка поезд өтүп кетмейинче күтүп турууга тийиш.
Жылаңайлак басканга тыюу салынат. Анүчүн 5 доллар төлөп, уруксат алыш керек.
Кылмышкер курмандыгына кол салаардан 24 саат мурда оозеки же жазуу жүзүндө кылмышы тууралуу кенен баяндап билдириши керек.
Техасстын айрым шаарларында өзүнчө чектөө, эрежелер бар
Кларендон шаарында коомдук жайларда чаңды куш жүнүнөн жасалган щетка менен тазалоого болбойт.
Хьюстондо жекшембиде түн оогондон кийин пиво сатканга болбойт.
Порт-Артурда лифтте осурган адам катуу жазаланат.
Флорида штатында да мыйзамдар катуу
Бой кыздарга жекшемби күнү парашют менен секиргенге болбойт.
Сууда сүзүүчү кийим менен ырдаганга тыюу салынат.
Номери жок скейтборддо жүргөнгө болбойт.
Душка жылаңач түшүү мыйзам бузгандык болуп саналат.
Бир күндө 3төн ашык тарелка сындырганга тыюу салынат.
Пенсакола шаарында ваннада электроприборлорду этият пайдаланбагандыктан курман болгон аялдан 100 доллар айып алынат.
Майами шаарында үн сигналы жок велосипед мингенге болбойт, бирок велосипедде үн сигналын колдонууга уруксат берилбейт.
Бузбай коюуга татаал болгон мыйзамдар жагынан Арканзас штаты алдыда турат
Шайлоо күнү жана добуштарды санап жаткан учурда эч ким эч кандай шылтоо менен шайлоо участогунун эшигине жана терезелерине 15 метрден ашык жакындоого болбойт. Ошондуктан шайлоого катышкан бардык шайлоочулар мыйзам бузуучу болуп саналышат.
Айдоочулар саат 21.00дөн кийин муздак закуска жана суусундук берген жайлардын жанында үн сигналын бергенге болбойт.
АКШда өрттө өзгөчө маани беришет
Чикагодо өрттөнүп жаткан үйдө тамак жегенге тыюу салынат.
Иллинойс штатында өрт учурунда гана машинада кийим которгонго уруксат берилет.
Форт-Медисон шаарында (Айова штаты) өрт өчүрүүчүлөр өрт өчүрүүгө барардын алдында милдеттүү түрдө 15 минут машыгышат.
Жаңы Орлеанда гидрантка аллигаторду байлап койгонго тыюу салынат.
Сент-Луисте өрт өчүрүүчүлөргө жылаңач, ич көйнөкчөн же халатчан аялды сактаганга болбойт.
(Уландысы бар)

Тандемдин жашоосу
Орус чоңдору Д.Медведев менен В.Путин жаңы орундарда иштей баштаганына эки жума болуп калды. Президент Кремлде, премьер "Акүйдө".

Жумуш орду
Д.Медведевге Кремлдеги Иш кабинети, Коноктор бөлмөсү, Парад залы жана Коопсуздук кеңеш залы карайт.
Ал эми В.Путин кабинети реомнт болуп жаткандыктан, президенттин "Акүйдөгү" кабинетинде (мурдагы өзү отурган) отурат. Бирок бул жерде Д.Медведев отуруш керек.
Путиндин ошондой эле "Кавказ" яхтасы бар. Сочидеги "Ривьера" дачасына мурда эч барган эмес. Аерде премьерлер жана КМШнын президенттери токточу.
Д.Медведев В.Путинге Сочидеги дачаны ала бериңиз дегенде болбой койгон.

Резиденция
Горький-9да жайгашкан. Жумушчу жана жашоочу аянттан турат. Мурда Б.Ельцин жашаган. Ошондон бери бош турган. Жакында ремонт болду. Азырынча жашаганга ылайыксыз. Ошондуктан Д.Медведев азыр Рублевкадагы (Андроповдун) дачада.
Андан сырткары Санкт-Петербургдагы деңиз резиденциясы, Твердеги "Русь" резиденциясы жана Сочи резиденциясы да карайт.
В.Путин Ново-Огареводо резиденцияга 2000-жылы кирген. Эми да ошол жерде жашайт.

Самолету
Президентти да, премьерди да "Россия" авиакомпаниясынын учактары тейлейт.
Президентке 2 "Ил-96" самолету таандык. "Ил-96-300" учагынын ичинде 2 уктоочу бөлмө, жумуш кабинети, кеңешме залы жасалган.

Машиналары
Д.Медведев жапжаңы "Мерседес 600дө" жүрөт. Мурунку машина В.Путинге калды.
Президентте андан сырткары атайын поезд болот. В.Путин атайын поездге болгону 2 эле жолу түшкөн.
В.Путиндин "мерсинин" ичинде компьютер, телевизор, DVD, телефон орнотулган.
В.Путин президент кезинде региондорго микроавтобус менен чыкчу. Ошол микроавтобус эми премьерге калат сыягы.



  Астапур-алла!

Өлүктөр конкурсу жыйынтыкталды
Адам баласы бүт баары жетиштүү болсо, кудайды унутуп, эң жийиркеничтүү нерселерге барат тура. Кылбагандын кылганы курусун демекчи, АКШды Дарвин атындагы сыйлыктын жыйынтыгы чыгарылды. Конкурска 17 "номинант" (окуя) катышып, анын 6сы сыйлыкка илинди. Дарвин сыйлыгы эң келесоолук өлүм үчүн ыйгарылат. Конкурска эркектер гана катышып, бала-чакасы болбош керек.
Конкурста 1-орун техастык 58 жаштагы Майкл Уорнер аксакалга ыйгарылды. Ал аракка аябай берилип кеткен экен. Бирок тамагы катуу ооруп, арак ичкенге мүмкүн болбой калганда, байкуш анын жолун тааптыр, көрсө, ал өзүнө узун шланг менен клизма жасап, алкоголдун даамын татып, кайф алчу экен. Акыркы күнү кечеге барып, эки бөтөлкө херестин (спирти аз ичимдик) алдында кармана албай, 3 л ичимдикти "артынан" ичип жиберет. Анын сөөгүн текшергенде канында алкоголдун көлөмү нормадан 6 эсе көп болуп чыккан.
2-орун да америкалык 21 жаштагы жигитке берилди. Ал сүйгөн кызы менен көп кабат үйдүн шыйпырына чыгып алып, махабат кумарына батып жатып, катуу берилип кеткенде кулап кеткен. Натыйжада экөө тең каза болуп, маркум кыз куру калып, жигит сыйлыкка илинип отурат.
3-орунга немис аксакал татыктуу деп табылды. Ал короосунда жашаган крот менен күрөштө курман болгон. Эгиндерине зыян келтирген кротту өлтүрүү үчүн пенсионер жерге темирлерди көөмп, ага ток туташтырган. Бирок биринчи эле сокку өзүнө тийген. Кроттун тагдыры али белгисиз.
4-орун виржиниялык маркумга таандык болду. Ал эски сарайын бузуп жатып, жанында турган устунду аралап салып, чоң торсундар өзүн басып калган.
5-орун досу менен мелдешкен жигитке берилди. Ал досу менен ким поезддин алдына көп тура алат деп мелдешкен. Поезд ушунчалык жакын келгенде досу качып жиберип, ал эми жеңүүчүнү поезд "алып кеткен".
6-орун калифорниялык мугалимге тийди. 29 жаштагы агай машинасы менен өтө катуу ылдамдыкта баратып, колундагы ноутбугуна бир нерселерди жаза коем деп, машинасы четке чыгып кетип, каршы келаткан машинага урунуп, өзү ошол жерде жан берген.

Бай болсоң март бол, болбосоң...
Айтылуу А.Салымбеков мырза өткөндө "Город 312" группасына келишкен акбоз "аргымак" тартуулаганы туурасында кабар дүң этти эле. Жакында наркы 5000 баксты чапчыган "Фольксваген-Вента" авто машинасын Бишкек шаар мэриясынын алдындагы "Кыргыз руху" фольклордук ансамблинин солисткасы Бекболсун кызы Гүлназга тартуулады деген уу-дуу кептер эл арасын чагылгандай аралап кетти. Мындай жоомарт белекке карата түр-дүү-ү, түр-дүү-ү кызык жоромолдор айтылууда. Байманасы ашып ташкан Аскар агабыздын өнөр адамдарын дайыма колдоп, кубаттап келатканын башкалар билбесе да журналисттер жакшы билебиз. Андан калса кыргыздар бөйрөктөн шыйрак чыгарганга шыктуу эл эмеспизби, уккан-көргөнүбүздү жөн койбой, тетири жоруйбуз да турабыз. Убагында А. Акаев деле Саламат эжебиздин таасын талантына элдин көзүнчө тан берип кол чаап койсо, элеги жок ээнооздор капкайдагы ушактарды таратып, атүгүл экөөн "чапташтырып" да ийишкен. Дагы ушундай текшерилбеген имиштерге караганда ушу таптагы спикер А. Мадумаров, министр С.Раев, жана ырчы К.Турапов мырзалар ырчы кыз Б.Бадыевага, саясатчы Т.Сариев скрипкачы А.Баяковага колдорунан келген жардамдарын аяшпайт экен. Не дейбиз, ушундай чыгаан таланттарды колдоп жүрүшкөн чыгаан жигиттерибиз бар болсун!













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!