Коомдук-саясый гезит
№14, 23.05.08-ж.




◄◄◄
 25-май - акыркы коңгуроо

Бул күнү мектеп бүтүрүүчүлөрү "мектеп уясынан учуп жатабыз" деп ичтери ачышып ыйлашса, "Кечээ эле мектеп босогосун аттап, билим булагынан оозанган балдар элек, урунттуу учурларды эстейли" деп 10, 20, 30 жыл мурун бүтүп кеткен классташтар кубанып жолугушуу кечесине мектепке келишет. "Биз ким элек, ким болдук?!" дегендей, ар кыл кесиптин ээси болгон классташтар чогулушат.
Анда эмесе, мааракеге кимдер баратат? Толкунданып, жолугушууга кызуу даярданып жаткандарга бир-эки суроо менен кайрылдык.

ЖК депутаты Ибрагим Жунусов:
"Эжекебиз бизди "бум-бумдар" деп урушаар эле.."
- Ибрагим мырза, 24-майда мектебиңизге барасызбы?
- Биздин 30 жылдык жолугушуу кечебиз июнга жылды, буюрса барабыз. Мектепти эстегенде эле, албетте, биринчи жана бүтүрүүчү мугалимиң эске түшөт. "А" тамгасын үйрөткөн биринчи мугалимибиз Исакова Туку эженин көзү өтүп кеткен. 10-классты Мамытова Адалат эже (Султан Раевдин жеңеси) бүтүргөн. Ушул эжекени уятка калтырган балдардын бири мен болчумун. Бизди "бум-бумдар" (ооз ачпагандар) деп урушаар эле. Кайрадан ошол күндөр келсе башкачараак окуйт белек деп олтуруп, "Кечир мени мектебим" (сөзү Жээнбек Мамбеталиевдики) аттуу ырга обон чыгардым. Классташтарыма ошол ырды ырдап берсемби деп жатам.
"Залкар тоодой заңгыраган мектебим,
Көп жыл болду сенден узап кеткеним.
Капа болуп, туюк ойго чөмүлбө,
Адам болгон азыр ошол тентегиң" деген куплети бар. Анын сыңарындай, кечээги тентек, шок балдар бүгүн адам болуп, ар кыл кесиптин ээси.
- Жогоруда өзүңүз айткандай, бир кезде эжесин уятка калтырган бала бүгүн депутат. Кызмат жагынан алганда классташтарыңыздын алды болуп баратсаңыз керек?
- (Күлүп) "Чындыкты мактанган денсоолукка пайда" деп ыраматылык Рыспай Абдыкадыров агайыбыз айткандай, ишимдин ийгилигине мактанып койсом болот. Чынында эле классташтарым, мугалимдерим, жада калса кошуналарым менден мынчалыкты күткөн эмес. Классташтарымдын "эң кыйынымын" десем жаңылып калышым мүмкүн. "Кызмат жагынан жолу болгондордон болдум" десем туура болот. Себеби, жалаң 5ке окуган балдар бар эле. Бирок, тилекке каршы, "алдыңкы окуучуларыбыз жогорку окуу жайларын бүтпөй калган, россияда жүрөт" деп угам. Аларды эстегенде кабыргам кайышат. Ошондуктан бардык жагынан жолдуу адам болдум десем жаңылышпайм. Эт тартылып, бөлүштүрүлгөндө майлуу устукан мага тийип калат го дейм...

Ырчы Гүлнара Кахарова:
"Кароолчу кууса да, дарбыздарды көтөрө каччубуз..."
- Гүлнара, 20 жылдыкка камданып атыпсың. Классташтарыңа кандай белек менен баратасың?
- "Эстен кетпейт ар бир классташтын күлгөнү ай, айланайын окуучулук күндөр ай..." деп айылымды көздөй жолдо кетип бара жатам. Базаркоргон районундагы Кайырма айылынан мектепти бүтүргөм. 10 жылдыкка барган эмесмин. Онду бүткөнү такыр (90 пайызын) көрбөгөн классташтарым бар. "20 жылдыкты көргөн бар, көрбөгөн бар" дегендей, амандыкта көрүшкөнүбүз эле чоң белек го дейм. Бирок, кур бараткан жокмун. Мектепке, мугалимдерге, классташтарыма белектерим бар. Ырчы болгондон кийин, албетте, мектептен ырдап берем.
- "Балалыкта баары болот" дегендей, уурулук кылган күндөрүң болду беле?
- Балалык кайрылгыс бир сонун мезгил да. Эстей турган көп эле нерселер бар. Мушташкан күндөр өткөн. Өзүбүздүн алма багыбызда алма шак ийип турса да башка бирөөнүкү ширин көрүнөөр эле. Талаага барып, далай дарбыз уурдаганбыз. Аны уурдап жатканда кароолчу көрүп калып кубаласа да колубуздан таштабай көтөрө каччубуз. Далай дарбыздарды жарып жеген күндөр болгон...
- Алты баланын апасы эмессиңби. "Баатыр эне" номинациясы сага берилет болуш керек?
- Балким, ким билет?! Эгер ошондой номинацияга ээ болсом келгенде кабарлап коем.

ЖК депутаты Максат Кунакунов:
"Помидор уурдап жечүбүз..."
- Максат мырза, жолугушуу кечеге шаардыктар көп чогулбайт эмеспи...
- Мен Бишкек шаарындагы № 58 мектепте10 жыл окуп, 11-классты № 5 мектептен бүткөм. Он жыл бирге окуган классташтарым менен он жылдык жолугушуу кечеси жөнүндө сүйлөшүү сүрүп жатат. 24-майда, буюрса, 58- мектепке барабыз, кечинде кафеден белгилейбиз.
- Толкунданып жатасызбы?
- Албетте. Он жылдан бери көрүшө элек классташтарым бар. Бала кезде эмнени гана кылбайсың. Ошол кезге сереп салып, эстеп, күлүп отурганга не жетсин. Балалык менен көп нерсени жасаганбыз. Бир эле мисал айтып кетейин. Биздин мектептин жанында "Томатный" заводу бар эле. Танаписте ошого чуркап барып, помидор уурдап жеп, ошондон ырахат алчубуз.

Жолугушуу кечесине бара турган атактуулар
10 жылдыкка баруучулар: ЖК депутаты Максат Кунакунов, ырчылар Азиза, Фарида Карбосова, Кубаныч Сатаев.
20 жылдыкка баруучулар: журналист Жеңиш Эдигеев, ырчы Гулнара Кахарова.
30 жылдыкка баруучулар: Эркин Алымбеков, Ибрагим Жунусов, Бегалы Наргозуев, Эркин Бөлөкбаев, Игорь Чудинов, Неля Бейшеналиева.
40 жылдыкка баруучулар: Ишенгүл Болджурова, Айдарбек Керимкулов, Арстанбек Ногоев, Шамшыбек Өтөбаев, Гаиша Ибраимова.
50 жылдыкка баруучулар: Абдыбек Суталинов, Усуп Мукамбаев, Топчубек Тургуналиев, Шарипа Садыбакасова.

Ырчы Фарида Карбосова:
"Балдар ат менен үйгө чейин кубалап келишкен"
- Фарида, мектепти бүтүп жатканда ыйладың беле же сүйүндүң беле?
- Талас районуна караштуу Манас айылындагы Ак-Сай орто мектебинде 1998-жылы 11- "Б" классын бүтүргөм. "Бүтүрүүчүлөр, мына мектептен уча турган да убагыңар келди. Силер чоң турмушка аттанып жатасыңар" деп айтылган эжелерибиздин сөздөрүнө эреркеп ыйлаганбыз...
- Бүтүп жатканда кыздарды ала качышат эмеспи. Ошондой окуяга кабылган жок белең?
- Экзамендерди тапшыра электе Асел аттуу кызыбызды балдар ала качып кетишкен. 11-классты бүткөндөн кийин биринчи мугалимибиз Алчаш эженин үйүнө конокко барып, көчөдө шаңдуу келатканбыз. Аңгыча эле артыбызга атчан бейтааныш балдар пайда болушту. Чакалайдын чак түшүндө эле аттан эңкейишип "кол салууга" камданышты. Ала качууга келгендерин түшүндүк. Жоон топ кыздар туш-тушка чуркасак деле болмок, коркконубуздун өзүбүздү жоготуп, кол кармашып алып, алардын алдына түшүп алып, чоң көчөдө чуркап келатабыз. Жакындап калып бирөөбүздү эле кармайын десе "оптом" чаап коебуз. Айтор, алар менен кармашып отуруп, үйгө түгөл жеткенбиз. Кийин уксак, коңшу айылдагы карасуулук балдар экен...

ЖК депутаты Бегалы Наргозуев:
"Эң оор жагы мага жүктөлдү"
- Бегалы мырза, жолугушуу кечеге даярдык кандай жүрүп жатат?
- Менде кош майрам. Анткени мектепти бүткөнүмө 30 жыл, КУУнун журфагын бүткөнүмө 25 жыл болуптур. Группалаштар менен жолугушуу 29-майда болот, ал эми классташтар менен жолугушуу 26-июнда Аксы районунун Кошдөбө айылында өтөт. Жакында эле округду кыдырганы барганда классташтар менен жолугушуп, алардын жолугушуу кечесине кызуу даярданып жаткандарын көрүп келдим. Сценарийлерди жазып, жакшы даярданып жатышыптыр.
- Аты-жөнү белгилүү болуп калган классташ, группалаштарыңыз барбы?
- "Азаттык" үналгысында иштеп жатышкан журналисттер Бурул Сарыгулова, Бүбүкан Досалиева жана Кожогелди Култегин менен группалашмын. Атай берсек, көп эле. Ал эми классташтарымдын көбү малчылык кылып кетишкен. Арты дегендердин 10-15тен, алдыңкылардын 500дөн кою бар экен.
- Кызматка жараша иш жүктөлөт эмеспи. Жашыруун болбосо, сизге эмне жүктөлдү?
- Группалаштарым тоого чыккандын чыгымын жүктөштү. "Сенин дачаңа барабыз, ошол жерде майрамдайбыз, бардык чыгымды мойнуңа аласың" деп жүктөп коюшту. Ал эми классташтарым "Мектепке класс жетекчибиздин кабинет музейин ачабыз, ошонун финансы жагын көтөрүп бер" дешти. Баарына макул болдум.



Кечеге сарпталчу чыгымдар:
Видеого тартуу жана монтаж - 4,500 сом - 300 доллар,
Тамадалык кызмат - 5 миң сом - 500 доллар,
Сүрөткө тартуу жана чыгарып берүү - 50-200 доллар,
Арноо концертинен куттуктоо - жөнөкөй ыр - 800 сом, заказ ыр - 1100 сом, видеосу менен коштолсо - 1100 сом.
Чакыруу билетин чыгаруу - 1000-3000 сом.
Жол кире (Бишкектен айылга) - 250-2000 сом.
Кийим-кече - Айымдардын туфлиси - 50-100 доллар, көйнөгү - 100-300 доллар. Сөйкө, шакектери - 5000-20000. Мырзалардын костюм, көйнөгү - 100-500 доллар, туфлиси - 50-300 долларга чейин.
Жылкы - 30000-60000 сом.
Уй - 15000-30000 сом.
Кой - 3500-5000 сом.
Дасторкон жасалгалоо - 70000-80000 сом.
Даярдаган Назира СААЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!