Коомдук-саясый гезит
№13, 16.05.08-ж.




◄◄◄
  Көр тириликтин көйгөйлөрү

Долулардын заманыбы же акимдин бийлиги алсызбы?
Бишкектин Биринчимай районуна караштуу "Заводской поселок" деп аталган кварталы бар. Жергиликтүү элдин оозунда "Шанхай" болуп лакап атка конгон бул кыштакчанын түштүк чеги Рыскулов көчөсүндөгү Назаралиевдин бангибаздарды дарылоочу бейтапканасынан башталып, т үндүгү Жибек жолу менен бүтөт. Басымдуу бөлүгү жепирейген жер кепелерден турган бул айылды Совет өкмөтү учурунда бузуп көчүргөнгө үлгүрбөй калган, эгемен заман орногондон бери аны Ош базарынан күн көргөн (базарга жөө бассаң он мүнөт) баткендик мигрант туугандар батирлерин толтуруп, элеттик эркин турмуштун образын орнотушту. Бу жердеги үйлөрдүн короолору өтө тар болгондуктан негизги турмуш муктаждыгы - даараткана өзүнчө ажыратылган атайын аянтчада жайгашып, ошол эле жер таштанды төгүүчү жай катары 20-30 жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланылып келет. Быйылкы катуу кыштан араң чыккан тургундарга жадыраган жаз бул жолу өзүнүн мээрими менен кошо чоң "баш ооруну" да ала келди. Бул "баш оору" тургундардын төбөсүнө кайдан чыккан тың ургаачы экени белгисиз, Ырыс Кашкарбаева аттуу эр айымдын түспөлүндө келип тийди. Кашкарбаева айым "захват" жагынан мыкты тажрыйба топтогондой түрү бар, түз эле келип таштанды төккөн жерди "басып" жыгылды. Арыдан-бери акыр-чикир үстүнө өжүрө тургуза коюп, аянтты катуу көзөмөлгө алды. Күнбү-түнбү, мусур төккөнү барган келин-кесекти, балдарды күрөк, лом ала чуркап кубалап, өзү да жеткен сөгөнөөк, албуут неме экен, аянбай каргап шилеп, иши кылса болгон "өнөрүн" көрсөттү, керек болсо ушу мусуркана үчүн кимдин колуна болбосун өлүп бергенден кайра тартпачудай түрү бар.
Даараткана менен мусурканадан тең айрылдган "шанхайлыктар" Биринчимай райакимиятына кайра-кайра арыздана берип же натыйжасы болбой түңүлүп, не кылаарды билбей кысталып турушат. Аким мырзанын кол алдындагы жооптуу жигиттери Заводскойго келимиш болушса да маселе чече алышпайт, таң калаарлыгы "баскынчы" Кашкарбаеванын катыгын бергендин ордуна кайра анын сөзүн сүйлөшөт экен. Мындан улам бу Кашкарбайеваң түшкүрдүн кайра-кайра "билгениңерди кылгыла, мен баарын сатып алып койгом" деп демиткенинде бир сыр бар окшойт, акимчилери, ошо эле жерде жашаган мыйзам өкүлү - участкалык милиция инспектору, анда-чанда чочугансып баш бакчу архитектура кишилери деле бүт мунун таламын тымызын жактап турушкандарына караганда. Жергиликтүү айымдардын шыдыр топтогон "чалгындоо" маалыматтарына ишенсек Ы.Кашкарбаеванын шаарда бир нече үйү, Жалда менчик дүкөнү бар имиш, бей-бечера эмей эле чөнтөгү калың бизнезвумен окшобойбу. Баса, мусуркананы ээлеп алганы аз келгенсип ошо тегеректеги дагы бирөөлөрдүн участогуна да темир чеңгелин салган турат. Жетишээрлик оокаты бар болсо бул аялга дагы эмне жетпейт, эмнеле нечен жылдар пок-сактын астына тепселген ыпылас жерге кенедей жабышты да калды, ошончо элдин каргышынан коркпойбу, таштанды, жугунду төгүлүп келген бул жерге орун-очок салып жашап, тапкан ырысы кайсы, түшүнбөйсүң… Бул аялдын караңгы оюнда эмне бар экенин, бир кудай, бир өзү билбесе жан билбейт. Ал эми аны "эркелеткен" бийликтерге жол болсун, долулукка салып эле өзүн-өзү билип, тапичкесин төргө иле бергендерди тыйып тартипке чакырып коюуга алы келбеген бийликтен эмне жакшылык үмүт этсе болот? Биз пикирин билсек деген максатта Биринчимай райакиминин орунбасары Султаналиев Каныбек мырзага "Сиз ушу адамдын иш-аракетин мыйзамсыздык деп эсептейсизби" деген собол узатсак "комиссия чечет, сот териштирет" деп кыска жооп айтып кутулду. "ооба, мыйзамсыздык" дегенге жараган да жок. Ал эми жергиликтүү квартальный болсо "үйүн көптөп бузуп салсаңар болмок" деген "баалуу" кеңешин айтат имиш. Мына эл башкаргандардын айтып турганы. Кашкарбаеванын ордунда бир бечара болгондо (бечара адам бул ишке баралбайт) эчак акесин анжияндан таанытышмак, ал байкуш алды-артын карабай төрт аяктап качмак. Тургундар айла кеткенде шаар мэри Д.Үсөновго үмүт байлап туру. Мэр мырза маселени оң жагына сөзсүз чечип берет, ал жигитти жакшы билебиз дешет. Ошондой эле болсун.

Бакыт МУРЗАЛИЕВ




  Узункулак

В.Ющенко Ю.Тимощенко айымдын "тилин" таппады
Ю.Тимощенконун фракциясы президенттин депутаттарга жасайм деген салттуу кайрылуусун үзгүлтүккө учуратты, т.а. трибунага жолотпой кубалагандыктан В.Ющенко мырза кайрылуусун спикердин кабинетинен жасоого аргасыз болду. Кайрылуунун өзөгүн албетте Юлиянын наамына айтылган дооматтар түздү. "Сарылар" революциясында бири-бирине эриш-аркак жүргөн бул эми адамдын ортосун кайсы кара мышык аралап кеткенине карапайым какол туугандар айран таң. Мындай жектешүүнүн аягы биротоло "ажырашуу" менен бүтөөрү айкын болуп калды окшойт.

"Хезболла" чекеге чыкты
Ливан өкмөтү "Хезболла" уюму көзөмөлдөгөн телефондук байланыш тармагын жабуу жөнүндөгү чечимин кайра жокко чыгарды. 6-майда кабыл алынган бул чечимден кийин оппозициялык шииттердин "Хезболла" уюмунун жактоочулары менен өкмөт ортосунда массалык кагылышуулардын болгону маалым. Анда 65 адам каза таап, 200 адам жаракат алган. Түштөн кийин эсине келген өкмөт бул чечимин "арабдардын улуттук биримдигин сактоо" үчүн кабылдаганын айтып чыкты.

М.Горбачев сотко чакырылды
Экс-президент В.Ярузельскийдин кыңыр иштерин териштирип жаткан польшалык сот М.Горбачевду күбө катары суракка чакырмакчы. Аны менен бир катар М.Тэтчер, Г.Шмидт, Д.Картер сыяктуу дөө-шаалар да күбөлүккө тартылмакчы. Сот экс-президентти 1981-жылдагы өлкөгө кийирген аскердик абалы, атылган, камалган жүздөгөн адамдардын иши боюнча жоопко тартууда. Күнөөсү далилденсе 84 жаштагы В.Ярузельский 10 жылга абакка кетет.

Жайпурду жарып кетишти
Индиянын Жайпур шаарында бир эле күндүн ичинде 8 терракт болуп, 63 адам каза тапты, 200дөн ашуун адам жаракат алды. Бул үчүн өзүлөрүн "Индия моджахеттери" деп аташкан белгисиз уюм жоопкерчиликти мойнуна алганы айтылат. Азырынча эч ким кармала элек, полиция муну "пакистандыктардын иши" деп божомол кылууда.

Италиядагы кыргыздардын көңүлү тынчыды
Анткени жаңы шайланган эски премьер С.Берлускони өзүнүн кабинетин түзүп бүттү. Министрлерге төбөңөр менен жер казсаңар да Италиянын экономикасын көтөрөсүңөр деди. Ал жакта оокат таап жүргөн "сеньор" кыргыз туугандардын айтымында С.Берлусконинин бийлиги аларды толук канааттандырат экен.

128 миң адам каза тапты
Кызыл Крест уюмунун маалыматына караганда Мьянма өлкөсүндө болгон циклондон 128 миң адам каза тапкан. 2.5 млн адам жардамга муктаж, 3 млн адам үй-жайсыз калды. Кудайдын каарына калган бул өлкөдө "Наргис" аттуу циклон жүргөнү маалым. Учурда 5 областта өзгөчө кырдаал киргизилди. Өлкөнү башкарган хунта болсо чет элдик гуманитардык жардамды чектеп турат.

128 миң адам каза тапты
Кызыл Крест уюмунун маалыматына караганда Мьянма өлкөсүндө болгон циклондон 128 миң адам каза тапкан. 2.5 млн адам жардамга муктаж, 3 млн адам үй-жайсыз калды. Кудайдын каарына калган бул өлкөдө "Наргис" аттуу циклон жүргөнү маалым. Учурда 5 областта өзгөчө кырдаал киргизилди. Өлкөнү башкарган хунта болсо чет элдик гуманитардык жардамды чектеп турат.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!