Коомдук-саясый гезит
№13, 16.05.08-ж.




◄◄◄
  Коррупционерби же оппозиционерби…

Эгемендиктин эрке балдары же дагы бир жолу Ишенбайдын иши жөнүндө
Үч жолку депутат, бир күндүк президент, ж.б. ири мамкызматтарды ээлеп келген И.Кадырбеков мырзанын кармалып, кылмыш кодексинин бир нече статьялары боюнча айыпка кириптер болуп жатышы кичинекей Кыргызстанды дуулдаткан чоң сенсацияга айланды. Моюндабаска арга жок, бизде темир тор көп жылдар бою "зарыга күтүп" келаткан башка да эр азаматтарыбыз, эр айымдарыбыз али да арбын. Сокур көз Фемида көрмөксөн, билмексен болгону менен, алардын Ата журтка "сиңирген эмгектери" элдин элеги жок оозунда апсана уламышка айланып айтылып келет. И.Кадырбеков да ошондой "сууга чөкпөс, отко күйбөс көкжалдардын" бири эле, анын ишмердүүлүгүнүн көмүскө жактарын жаза берип кезинде далай журналисттердин каламы сынган, запкы жеген далай адамдардын айта берип тили тешилген.
Мээси "пентиумдардын" кайсыл мууну болбосун андан кем иштебеген бул адамдын дүйнөпараздыгы, ашынган ачкөздүгү кайсыл кызматта иштебесин биринчи орунда туруп келгенине бали дебеске айлаң жок. Маселен, транспорт жана коммуникацияга утурумдук министр болуп турган учурун алалы. Батыш автовокзалынын бир кездерде ээн жаткан түштүк ныптасын өздөштүрүп, "Ак жол" аттуу жүргүнчүлөрдү ташуу фирмасын түптөп, иштеп келаткан ишкер Д.Сооронбаевди чыркыратып туруп, фирманын чыгыш тарабына тиешелүү аймагын тартып алган.
"Аймэ" аттуу атаандаш фирма ача коюп, өзүнүн жубайы С.Тыныбекова айымды президент дайындаган. Д.Сооронбаевди биротоло "өчүрүү" максатында баштап депутат кезинде өзү жетектеген парламенттик комитеттин "Ак жолдун" ээлеген жери мыйзамсыз деген корутундусун чыгарган. Сот ишти "Ак жолдун" пайдасына чечкен чоң И.Кадырбеков чабуулун жаңы дем менен улантып, КРнын "Транспорт жөнүндөгү" Мыйзамына оңдоп түзөтүүлөрдү кийирүү боюнча демилге көтөрөт. Бул иштин да ийгилиги болбой, президент жактан вето коюлуп, кайтарылгандан кийин министр И.Кадырбеков 2005-жылдын 26-августунда "КРнын жүргүнчүлөрдү автотранспорт менен ташууну жакшыртуу" боюнча өкмөткө жаңы токтом даярдап, 2001-жылдын 8-майында кабыл алынган эски токтомун жокко чыгарткан.
Жаңы эрежеге гениалдуу И.Кадырбеков "оператор" деген терминди биринчи жолу кийирип, ага ылайык маршруттук каттамдарды берүү укугу операторго, эми операторду тандоо укугу болсо министрликке т.а. Кадырбековдун өзүнө ыйгарылган. Канткенде да кудай тааланын көзү түз эмеспи, чак түштө өз оокатын оозунан алдырган ишкер Д.Сооронбаевдин зарлаган үнүн нечен жылдар эч ким укмаксан болуп келди, анын айдоочуларынын канчалаган нааразылык акцияларына көңүл бурулган жок. И.Кадырбековдун империясы эми минтип кыйраганы турганда "Акжол" фирмасындагылар акыйкаттык деген нерсе акыр түбүндө пенделердин күнөөлөрүнөн майышып турган кара жерде баары бир бар экенине үмүт байлап жатышат.
Финполициянын билдирүүлөрүнө ишенсек И.Кадырбеков менен бир чынжырда иш тутуп келишкен дагы башка адамдардын да былыктары чукулчудай. Ал эми Кыргызстан деген кандай "укмуш өлкө" экенин, андагы сот системасынын кандай иштээрин соттордун өзүнөн мыкты билген И.Кадырбеков мырза оңой менен "оодарылып берчү" эрлерден эмес экенин билдирген кадамы бул - В.Лужанский, Г.Скрипкина өңдүү өз ишинде алдыларына киши салдырбаган мыкты адвокаттарды жалдап, коргонууга өттү. Учурда эл, коомчулук арасында бул чуулгандуу окуяга карата түркүн түс божомолдор, пикирлер айтылып жатат. Алардын айрымдарын тыңшасаң кулак сыртынан кеткен мындай дейди кептердин артында да чындыктын кандайдыр бир үлүшү жаткансыйт. Маселен, бачагы чыккан, башчы лидери жок оппозиция өз катарын И.Кадырбековдой салмактуу саясатчы менен толуктаганга өтө ынтызар деген кептер айтылууда. Ал мырзанын кыңыр иштери жабылуу бойдон калмак беле, кайсыл кара теке сүзүп оппозициянын курултайына бара калды эле дешкендер мындан көп. Болбосо чын эле финполиция буга чейин кайда жүргөн деген собол өзүнөн өзү эле туулуп жатпайбы?
Адегенде ызы-чуу көтөрүшөт, анан "саачу" кишилер анын тийиштүү жерин өкүртө "саап" туруп, арткы эшиктен акырын узатып коюшат дешет жаңы, эгемен тарыхыбыздагы мындай иштердин далайын көргөндөр. Эмнеси болсо да күтө туралы. И.Кадырбековду соттошобу же кое беришеби, аны тийиштүү органдар чечээр. Эң башкысы бул окуя карапайым журтчулукка кыргыз бийлигиндеги адамдардын таза эмес экенин, ылгабай этпей туруп кимисин кармаба, былыгы куюлуп тураарын, ооздон чыккан менен кол менен жасагандарынын ортосунда ох, канча айырма жатаарын дагы бир жолу далилдеди. Эмки өчүрөт кимде болду экен?

Бахтияр ШАМАТОВ




  Тамаша сүрөткө тамаша...

Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ишенбай Дүйшөмбиевич Кадырбеков Кыргызстандын жараны, Бишкек шаарынын тургуну Ишенбай Дүйшөнбиевич Кадырбековду кабыл алууда.
Окурман журту Кыргызстандын жараны Ишенбай Кадырбековдон төмөнкү сегиз соболго жооп алууга кызыгат:
1. Маселеңизди чечтирип алуу үчүн ортого тааныш салдыңызбы?
2. Сизди директор мырза дароо эле кабыл алдыбы?
3. Жолугушуу учурунда эмнелер тууралуу сүйлөштүңүздөр?
4. Жумушуңузду бүтүрүп берүү үчүн пара бердиңизби?
5. Директор өзү пара сурадыбы?
6. Маселеңиз канча убакытта чечилди?
7. Ушундай жыйынтыкталаарын күттүңүз беле?
8. Директор кепке оңой эле келет бекен?




  Экс эске салат

Ишенбай Кадырбеков:
"Сен машаяк болгон күндө да, тартипти сакташың керек"
Экс-саясатчы Ишенбай Кадырбеков кызматынан түшкөндөн кийин өз ойлорун мындайча билдирген эле:
- Мени бийликтен четтетүү революциянын биринчи эле күнүнөн кийин белгиленген. Эсиңде бардыр, мен биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу болуп турганда эч себепсиз кызматтан алынып, ал орунга М. Керимкулов бекиген. Андан соң ЖКнын депутаттарынын жардамы менен транспорт жана коммуникация министрлигинен четтетти. Эми мамлекеттик курулуш агенттигинин деректирлигинен бошотту. Эгерде апрель жана ноябрь айларындагы элдик толкундоолор болбогондо мени алда канча эртерээк бошотуп тынышмак...
24-март түнү көп нерселерди башкача жасап койсом болмок. Өлкөнүн президенти таптакыр башка адам болуп калышына толук мүмкүнчүлүк да бар эле. Бирок кашайып, көпчүлүк "революционерлер" анын кандидатурасын атап туруп албадыбы! Айрыкча, А. Бекназаров. Анын пикири, ал кезде салмактуу эле. Дагы бир ошол учурдун өзгөчөлүгүн эстен чыгарбашыбыз керек: президент түштүктөн болуш керек деген ураан күч эле...
Аткаруу бийлигинине макулдук берген адам мамлекеттин кызыкчылыгына жалдануучу болуп эсептелет. Натыйжада, ал мойнуна жүктөлгөн милдетти гана так аткаруусу зарыл. Саясат жөнүндө сөз да болбошу керек. Мен эки жыл бою саясат жөнүндө маселелерден четте жүрдүм. Сен машаяк болгон күндө да, тартипти сакташың керек. Бул боюнча нарындык жердештерим да бир топ сын пикирлерди айтып жүрүштү...













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!