Коомдук-саясый гезит
№13, 16.05.08-ж.




◄◄◄
  Шыбыргак

Инвеcтиция дегенди түшүнгүлөчү!
Жогорку Кеңеш 15-майда "КРнын инвестициясы жөнүндөгү" мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизди. Ага ылайык "инвестиция" деген гана түшүнүк кирди. Экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаровдун айтымында мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн негизги себеби инвестиция дегенге кеңири түшүнүк берүү болуп саналат. Мындан сырткары Жогорку Кеңеште Кыргызстандын Салык кодексине да өзгөртүү киргизилди.

Салыкты катуу чогулттук
Үстүбүздөгү жылдын башталышынан бери ушул убакка чейин салыктан 5,2 млрд сом чогулган. Өткөн жылдагыга караганда быйыл салыктан 1,7 млрд сом (47%га жогору) көп жыйналган. Ал эми салыктан жыйналган бул каражаттын 3,6 млрд сому республикалык бюджетке түшүп, пландык көрсөткүч 0,7%га жогорулаган.

"Бета-Сторесте" жарылуу болдубу?
14-майда күндүзгү саат 15.30да 102 кызматына кимдир бирөө тарабынан "Бета-Сторес" соода үйүнүн имаратында жарылуучу зат бар деген маалымат түшкөн. Айтылган жерге дароо эле Биринчимай ИИБ, ШИИБ, ИИМ кызматкерлери келип, аталган имараттан эч кандай жарылуучу заттын жок экендигин аныкташкан. Көрсө бул адаттагыдай эле бирөөлөрдүн оюну экен.

Укук коргоочу депутаттан жеңилди
Бишкек райондор аралык соту укук коргоочу Азиза Абдрасулованын арызын канааттандырган жок. Эске салсак, укук коргоочу айым "Акжол" фракциясынын лидери Элмира Ибраимованы күнөөлөп, энергетика маселесин жабык эшик артында талкуулашты деген негиз менен сотко кайрылган. 17-апрелде адвокат Нурбек Токтакунов Азиза Абдрасулованын кызыкчылыгын коргогон арыз менен кайрадан сотко кайрылган. 13-майда Бишкек райондор аралык соту бул ишти карап, депутат Э.Ибраимованын жана парламенттин пайдасына чечип берди.

Чубалжыган сот иши
Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчисине козголгон кылмыш иши боюнча 1-май райондук сотунда сот процесси дагы жылдырылды. Белгилей кетсек, Э.Абдуразаков үстүбүздөгү жылдын февраль айында 10 000 доллар өлчөмүндө пара алды деген доо менен кармалган. Дароо кылмыш иши козголгону менен алигүнчө сот аяктабай келет. Ушинтип сот процессин улам жылдыра беришип эле аягы эмне болуп бүткөнү белгисиз бойдон калчу эле.

Кароол чокуда алтын барбы же жокпу?
14-май күнү "Манас ордо" комплексинде жыйын өтүп, анда Кароол чокунун түбүн казганды токтотуу чечими кабыл алынды. Губернатор Б.Болотбековдун айтымында ал жерде чындап эле катылган алтын барбы же жокпу, ошонун аныгына жетип туруп анан казуу керек. Муну ким аныктайт, губернатор мырза айткан жок. Былтыры коомдук ишмер Ч.Абыкеевдин Грузиядан киши чакыртып келип баштаган "алтын казуу иштери" жергиликтүү эл тарабынан жактырылбаганын эскерте кетели.

Президент Баткенге кетти
Кызылкыядагы курулуп жаткан цемент зоотунун иштери боюнча долбоор авторлору Д.Үсөнов жана Я.Фишердин маалыматын укту. Зоот бүтсө түштүктүн цемент боюнча муктаждыгы толук канааттандырылат. Учурда эки сменде иш жүрүп, айлык акылар 8 миңден 20 миң сомго чейин төлөнүүдө.

Кыргызстан алтынга көмүлөбү?
"Центерранын" прогнозу боюнча 2008-жылы Кумтөрдө өндүрүлүүчү алтындын көлөмү 17.9-19.2 тоннаны түзөт. Ал эми алтындын бир унцийи 350-390 долларга барабар болушу күтүлүүдө. Жалпы көлөмдүн 70%ы жылдын экинчи жарымында өндүрүлөрү болжолдонууда.

Ысыккөлдүн жээгин тазалоо керек!
Ысыккөлдүн жээгинде тазалоо иштери жүргүзүлгөндө 3 тоннадай таштанды чыккан. Облустук жетекчилердин айтымында, бул таштандылар Чолпонатага жакын жайгашкан "Алтын көл", "Акун", "Солнечный берег" жана "Рахат" пансионаттарынын аймагынан чогулган. "Жайкы сезон башталгыча тазалоо иштерин дагы көп жүргүзөбүз"-дейт облус жетекчилери.

Пенсионерлерди жок кылуу программасы
Кыргызстанда иштеп жатат деп айтып чыкты "Союз добрых сил" коомунун төрайымы В.Житинева. Пенсионердин пенсиясы күндө 1 бөлкө, 1 литр сүт алып турганга да жетпейт. Минималдуу керектөө 2459 сомду түзсө, пенсионерлердин 64 пайызы айына 1200 сом гана пенсия алат. "Бюджетти эл эмес, чиновниктер жана депутаттар курутууда" - дейт В.Житинева.

Литванын генконсулдугу ачылды
Ага Литва өкмөтүнүн башчысы Г.Киркилас катышып, бир топ кеп айтты жана өзү менен кошо ала келген ишкерлерин тааныштырып, алдыда иш чачтан көп экенине басым жасады. Буюрса эми мигрант кыргыздар Литвага карап жол тартышы да ажеп эмес, дос экенбиз да көрсө…

"Крышасына" таянган базарчылар
Бишкек шаардык мэриясынын токтомуна ылайык Свердлов райондук акимиаты "Чынар" базарын тартипке келтиришти. Текшерүү башталганда эле базардагы павильондун ээси президенттин иш башкармалыгынын кызматкеринин визиткасын көрсөтүп, келген текшерүүчүлөрдү көзгө да илбей койду. Айтор базардагы иретсиз коюлган соода дүкөндөрү жыйналып, орду да аныкталды.

Орусиядан ооруп кайтышты
Свердлов облусунун губернатору Э.Росселдин демилгеси менен өткөн эл аралык "Жер биздин жалпы үйүбүз" балдар фестивалына катышкан 7 кыргызстандык бала тамакка ууланып, ооруканага жатып чыгышты. Кудай жалгап баары аман-соо.

Кош бол, мектебим!
Ушул жылы борбор калаабызда 5245 бүтүрүүчү мектеп менен коштошот. Анын 234ү кызыл аттестатка ат салышууда. Кошумчалай кетсек, борбордогу мектептердеги 9380 окуучу 9-классты аякташат. Ал эми 2-22-июнда бүтүрүүчүлөр мамлекеттик сынактарды тапшырышат.

Ааламга саякат
Эларалык космикалык станцияга 18-экспедиция башталат. Экспедициянын убактысы беш айга созулат. Бирок өкүнүчтүүсү бул экспедицияга кыргыз космонавты Салижан Шарипов бара албай калат экен. Себеби денсоолугуна байланыштуу.

"Айыл банкты" ким чеңгелдегени турат?
ЖК депутаттары айтылуу "Айыл банкты" приватташтыруу боюнча Концепция долбоорун чийки деп табышты. Спикердин айтымында документ даяр болоору менен парламент караганга шай турат. Бирок коммунисттер менен социал-демократтар фракциясы буга караманча каршы. Анткен менен көпчүлүктү түзгөн "Акжол" фракциясы "Айыл банктын" 67 пайыз акциясынын сатылышына жашыл чырак күйгүзүп берээри турган кеп. Бирок бул кайсыл "бактылуу" чиновниктин колуна кетет, аты али белгисиз.

Калмурат Садиев акталды
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Калмурат Садиевге байланышкан сот процессии аяктады. Эске салсак, экс-орун басардын мойнуна КРнын кылмыш кодексинин 1-бөлүмүнүн 304-статьясынын негизинде күнөө тагылган. Ал эми К.Садиев күнөөсүн такыр мойнуна албай, соттон адилет чечим чыгарып берүүсүн өтүнгөн. Бишкек гарнизондук сотунун судьясы Жакыпбек Бектемиров сот процессинин аягына чекит коюп, К.Садиевдин күнөөсүз акталгандыгын тастыктады.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!