Коомдук-саясый гезит
№13, 16.05.08-ж.




◄◄◄
  Кайдасың "Манастын арбагы…"

Кыргызстанда коррупцияга чалдыкпаган мекеме калдыбы?
Айтылуу Е.Петросяндын момундай бир номуру бар эмеспи. Ширесин жоготпой орусча эле айта салалык. "Следователь так глубоко копнул дело, что в итоге сам на себя вышел. Потом взял за свой счет отпуск и укатил на заграничный курорт. Его спрашивают, откуда мол, у вас такие отпускные? А он говорит "смотря кого отпускать…"
Кичинекей өлкөбүздөгү чоң коррупциянын бүгүнкү абалы жөнүндө макала баштап жатып эмнегедир ушу анекдотту эстеп кеттим. Байкасам ойрон Петросяндын айтканы биздин өлкөгө да куп жарашып калат экен. Туура, коррупция менен "аеосуз" кармашып келатканыбызга далай жылдардын жүзү болду. Жайып ченечү болсоң сансыз чакырым указдар, токтомдор, жоболор, буйруктар, мыйзамдар жазылып, нечен тонналаган кагаз ысырапчылыкка учурады. Мындан да кызыгы бул "өлө-тала ырайымсыз" кармашта бардыгы аралашып кетти, коррупционер дегендердин өзүлөрү улам он беш мүнөт сайын коррупцияга келишпес күрөш ачышып, алдыңкы саптарда турушту (азыр да туруп келатышат) өлкө тагдырына жүрөк оорукчал болушкан анча-мынча таза адамдардын үнү угулбай деле калды.
Эмне үчүн бул а деп ооз ачканда эле иш чатактан баштады, коррупцияга каршы бүгүнкү күндө кимдер гана күрөшпөй жатат, кантип эле майнабы болбой атсын дегендер да чыгаар. Туура, күрөшүп жаткандар көп, коррупционерлерди так көзгө сая көрсөтүп да жатышат, анан эле жыйынтык деген болбой атпайбы… Ошо күрөшүп жаткандардын бири коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик деп аталган аты сүрдүү мекеме. Өкмөткө көз карандылыгы жок, президентке түз баш ийет, күжүрмөн сабында комиссар (жетекчиси ушундайча аталат экен) Эралиев Рахматулло баш болгон 50 чакты адамы бар.
Агенттиктин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин айтымында Агенттик жалаң элден түшкөн арыздар, кайрылуулар боюнча материал топтоп, зарыл учурда кийлигишип, кылмыш ишин козгогонго түрткү болот. Келген арыз-муңдун басымдуу бөлүгүн сотторго, укук коргоо органдарына карата дооматтар түзөт. Мисалы, 2007-жылда 237 арыз түшүп, 12 кылмыш иши козголсо, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында 37 арыз түшкөн. Агенттиктин кийлигишүүсү менен мурда негизсиз токтотулган 3 кылмыш иши кайрадан жандандырылган. Бул иштер кимдердин үстүнөн козголгон, аны катчы мырза айталбайт, анткени Агенттик фактыны гана каттап, ИИМге же прокуратурага өткөрүп берет. Ири мамчиновниктердин коррупциялык иштери жөнүндө алардын атын атап, так маалымат айта аласызбы деген соболубузга катчы мырза жогорудагыдай жооп кайтаруу менен гана чектелди. Чынын айтканда биз буга көп эле ынана бербедик, анткени президентке түз баш ийген салабаттуу антикоррупциялык улуттук (!) агенттикте кантип эле коррупциянын ири акулалары жөнүндө тиш чукуп алаарлык маалымат болбосун… андан калса ИИМден сурап алгыла дегенинен ал жакка коңгуроо каксак, ИИМдин басма сөз катчысы Б.Сеитов да буга таң калганын жашырбады, "өзүлөрү айтканга алы келбесе бул жакка шылтабай эле койсо болмок", - дейт Б.Сеитов мырза. Фамилиялар айтылбайт дегени менен агенттиктин басма сөз катчысы Б.Рысалиев "Тулпар", "Нектар", "Ош дюбек" сыяктуу АО. ООлордун, Ош облпотребсоюздун жегич жетекчилерин шак-шак эле атынан атап келип, кейигени бул болду - агенттиктин колу кыска, коррупционерлерди куйругунан кармаган менен оперативдик-тергөө иштерин жүргүзө албайт, антүүгө полномочиеси жок. Бирок жаңы мыйзам долбоорун даярдап коюшкан, парламент кабылдап берсе эле агенттик анын күчүнө таянып, келечекте коррупционерлердин акесин анжияндан таанытмакчы.
Азырынча болсо ахыбал анчалык мактанарлык эмес. Акаевдин доорунда гүлдөп өскөн коррупция бүгүнкү бийликтин тушунда деле куурап соолчудай түрү жок. "Транспаренси Интернешнл" эл аралык уюмунун эсебинде өткөн жылда Кыргызстан коррупция деңгээли боюнча 183 мамлекет ичинен 157чи орунду ээлеген. Бирок көңүл чөгөттүккө негиз жок. Учурда агенттиктин жер-жерлердеги коомдук уюмдары түзүлүп атыптыр. Мындай уюм азыр Көлдө ачылган. "Эл көзөмөлү" деп аталат. Булар жок дегенде майда чабак коррупционерлердин сазайын берип тураар деген ишеничтебиз. Дагы бир жаңылык - ушул жыл аягына дейре Бишкекте "Кыргызстандагы коррупция менен күрөшүүнүн көйгөй маселелери жана анын келечеги" деген темада эл аралык конференция өтөт. Бул демилгени Президенттин аппарат жетекчиси М.Садыркулов кызуу колдоп, уюштуруу комитетин түзүү боюнча буйругун да чыгарыптыр. Эл, коомчулук арасында артынан түркүн кептер илээшип жүргөн М.Садыркулов мырзанын дал ушул иштин башында турган жолдуулугуна "суктанышкандар" четтен чыгаары бышык. Агенттиктин жыл башынан бери чыгарган жыйынтыгын карап, аллабыз оозубуздан тоголонуп кеткендей эле болду. Анын жыбыраган узун тизмесинде коррупция жабышпаган бир да мекеме, ишкана калбагандай. Өзүңүз карап багыңыз:
1. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги (А.Ногоев) - 218 коррупция фактысы.
2. Илим, билим министрлиги (И.Болжурова) - 137.
3. Өнөржай, энергетика министрлиги (С.Балкыбеков) - 136.
4. Транспорт жана коммуникация министрлиги (Н.Сулайманов) - 91.
5. ИИМ (М.Конгантиев) - 68.
6. Айыл өкмөттөү - 54.
7. Саламаттыкты сактоо министрлиги (М.Мамбетов) - 49.
8. Мамлекеттик салык комитети (Т.Курманбеков) - 44.
9. Коргоо министрлиги (И.Исаков) - 26.
10. Юстиция министрлиги (М.Кайыпов) - 31
11.Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги (Ө.Абдуллаева) - 34
12. Бажы комитети (И.Акматов) - 24
13. Жаратылышты коргоо жана токой чарба агенттиги (А.Давлеткелдиев) - 21.
14. Областтык администрациялар, Бишкек мэриясы - 19.
15. МЧС (К.Ташиев) - 19
16. Архитектура жана курулуш агенттиги (К.Нарбаев) - 17.
17. Соцфонд (М.Султанов) - 14
18. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мамагенттиги (А.Жолдошов) - 13.
19. Мамлекеттик миграция комитети (А.Рыскулова) - 10.
20. Маммүлктү башкаруу комитети (Т.Турдумамбетов) - 7.
Уланта берсек чубалган узун тизмеге кагаз түтчүдөй эмес. Окурмандардын да денсоолугун ойлойлу. Баса, жетекчилердин атын өзүбүз атадык.

Бахтияр ШАМАТОВ




  Зерталаш

Делегация Кумтөрдөн ырахаттана кайтты
Кумтөр маселесин чечүү бир жаңсыл болчудай болуп калды. Вице-спикер К.Исабеков канадалыктарды, талаптарды коюп, сотко берип атып, аябай жүдөттү. 29-майда парламент келишимди карайт. Ага чейин кыргыз тарап бир канча карыздарды жана төлөмдөрдү өндүрүп алуунун аракетинде.
Маселени дагы да тереңирек түшүнүү үчүн премьер И. Чудинов баштаган топ күн ысыкта Кумтөргө чыгып серүүндөп келди. Башвазирди министр, губернатор, депутаттар коштоп жүрдү. Бийик тоодо жайгашкан Кумтөр кени премьерге өзгөчө таасир калтырыптыр. Кумтөрдүн жакшы иштеп жатыптыр деп келди.
"Маселени создуктуруп жүрө бербей бир жагына чечиш керек, өмүр бою эле сүйрөп жүрө берген болбойт" деди Игорь мырза.
Кумтөр маселеси эки жылдан бери чечилбей, создугуп келатат. Премьер да, "Ак жол" фракциясы да бул маселе парламентке келсе, кечиктирилбей каралып чечилет деп билдиришти. Бул жолку долбоордо Кыргызстандын үлүшү мурдагыдан да жогоруламакчы. Азырынча канчага токтолоору белгисиз.
Делегациянын составында СДПК жана ККПнын өкүлдөрү да барып келишти. Депутат Р.Отунбаева өз фракциясы келишимди ратификациялоого каршы эмес экендигин билдирди. Бирок анын оюнча, кумтөрдү улутташтыруу маселеси реалдуу эмес.
Компартия да ратификацияга каршы эместигин билдирди. Болгону кыргызстандын позициясын көбөйтүү керектигин айтышты.
Н.Танаев кезинде Кыргызстандын 2/3 үлүшү 16%га чейин түшүп кеткен. Аны А.Атамбаевдин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында 32 %га жогорулатуу каралган эле.
Н.Танаевдин макулдашуусун вице-спикер К.Исабеков сотко берип, сот бир нече келишимдердин жана лицензиялардын ишин токтотконго чечим чыгарды деген маалымат тараган эле. "Центерра голд" ишканасы эч ким соттопшогонун, эч кандай чечимди албаганын билдирип, ар кандай талаш маселелер эларалык арбитражда гана чечилиши керек деп жатат.
Кантсе да, майдын акырында маселе биротоло чечилиши мүмкүн. А балким, дагы бир кызык жагдайлар жаралып, созулуп кетиши да толук ыктымал. Себеби, кыргыз тарап финполиция салган айыпты, башка төлөмдөрдү, жер, суу салыктарын да толук төлөтүп алууну да көздөп жатат.

Алтын КАЗИЕВ




  Даана чилен болгон экенбиз…

Кыргызстан ВТОго киргени эмне утту?
Жөнөкөй, карапайым элден "туугандарым, ВТОго киргени жыргап калдыңарбы?" деп бир топ сурамжылап жүрдүм. Албетте бул соболду өйдөрөөк узатсак да болмок, бирок алардан деле тыңыраак бирдеме айтаары айтпасы алдын-ала эле дайын болгондуктан, жок дегенде элде түшүнүк бар болду бекен деген ой келди. Ошо сурамжылаган элдин көбү ВТОну "НАТО дейсиңби, ага качан кирип кеттик эле, КТРдан айтпады го" дешип кайра өзүмдү кысмакка алышты. Эсиңерде чыгаар, А.Акаев ВТОго биринчилерден болуп Кыргызстанды жетелеп киргени. Өкмөттүк теле, журнал, гезиттер ооздорунан көбүк акканча көпкө чейин жетине албай айтып, жазышкан. Ириде ВТОго киргендеги экономикалык маани максат - жогору технологиялык продукцияларды (курал-жарактан башкасын) сырткы рынокко чыгаруу эсептелсе да А.Акаевге окшогон президент үчүн бул батыштык дүйнөнүн тамак-аштан майышкан үстөлүнө жакындоонун далбасасы болгон экен. "Той болгондун эртеси күнү" эмне болоору эч кимдин түшүнө да кирбесе керек. ВТОнун башкы принциби - өнүгүүсү ар кандай деңгээлдеги өлкөлөр ортосунда эркин атаандаштыкты жаратып, эларалык соода иштерин либералдаштыруу болгондуктан, жогорку технологияны айтпа, ширеңке чыгаралбаган Кыргызстан кайсы арына, ким менен атаандаша алмак? Андан калса ВТОго кошулганда эле чет элдик инвестициялар күргүштөп келе берет экен деген пикирдин өзү да туура эмес болуп чыкты. Келген инвестицияны болсо Акаев баш болгон реформаторлор элге жеткирбей "жайлап" турушту. Натыйжада Кыргызстан атка минерлердин киши башына туура келчү батыштык жардам боюнча алдыңкы орунду ээледи. Республиканын тээ алыскы аймактарынын кыбык-кычыктарына чейин батыштын мамлекеттик эмес уюмдары ачылып, жайнап кетти. Угушубузга караганда кыргыз бийлиги ВТОго кирээрин кирип алып, кийинчерээк бармагын кырча тиштеген, анын жетекчилигине кайрылып, мүчөлүктү кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн билдирген. Бирок Батыш Кыргызстанга финансылык жардамды күчөтүп, реформаторлук элитанын көңүлүн алып турган да, кийинчерээк бул жардамды кескин азайткан. Анткени жардам дегендин өзү утурумдук эмеспи. Мындай тагдырдан ВТОго мүчө болуп киришкен постсоветтик башка республикалар (Армения, Молдавия, Литва, Грузия ж.б.) деле кыйгап кете алышкан жок. Жакында ВТОго киргенге дилгирленип Украина турат. Президент В.Ющенконун да максаты баягыдай эле - КМШнын кароосунан мүмкүн болушунча четтеп, батышка ык тартуу. Буга Грузиянын да кошулушу Орусияга кысым жасоонун дагы бир жолу. Анткени батыш КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык жактан биригип кетишинен чындап чочулап тургансыйт, андыктан мүмкүн болушунча ал өлкөлөрдө өз "куурчактарын" көбөйтүп, постсоветтик реинтеграцияга жол бербөөнүн аргасын катуу издөөдө. Күндөн-күнгө күчтөнүп, кубаттуу державага айланып бараткан Орусиянын КМШ мейкиндигиндеги таасирин мыкты билген батыш эми Орусияны ВТОго кийирбөөнүн жолун издөөдө. Жөн тил менен айтканда, батыш орустардын өлкөсүнүн гүлдөп өнүгүшүнө кызыкдар эмес, анын үстүнө Орусия ВТОго мүчө болуп кирчү болсо тескерисинче батыш ага карата айрым милдеттерди өзү аткарышы керек.
Ал эми Кыргызстандын ВТОдогу мүчөлүгү жөнүндөгү кепке кайрадан келсек, республика мындан жарып кетпеди, анын үзүрүн Акаев жана анын айланасындагы элита гана армансыз көрдү. Карапайым каратаман кыргыздар болсо жан багуунун амалына гана байланып, өйдө жактагы шылуундар эмне менен шугулданып жатышканына кызыккан да, түшүнгөн да жок. Анын эсебинен эсепсиз байлыкка туйтунуп, тиричилиги "коммунизмге" жеткен реформаторлор кудайды да тааныбай кетишти. Элдин таманынан өпкөндүн ордуна, аны жардылыктын, жарыгы жок мукураган турмуштун түбүнө түртүштү. Мунун арты эмне болуп бүткөнүнө баарыбыз күбөбүз. Ушу тапта Кыргызстан ВТОдо дагы эле мүчөлүгүн улантып, тизмесинде туру. Анын үзүрүн көрөөр күн деги келеби, жокпу, эч ким айталбайт.

Бахтияр ШАМАТОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!