Коомдук-саясый гезит
№13, 16.05.08-ж.




◄◄◄
  ЖоКе кызыктары

Мадумаров "нито" кийинип келген чиновникти сессиядан кууп чыкты
Эки аптадан бери ээнсирей түшкөн Көкүй бүгүн депутаттарын тосуп алды. Сагынышып калышкангабы, айтор депутаттар 15-майда кучакташып көрүшүп, дегеле өзгөчө учурашышты. Жогорку Кеңештин депутаттары 15 күн бою республиканын бардык региондорун кыдырышып, аймактардагы ар кыл көйгөйлөр менен таанышып келишти. Депутаттардын "старостасы" Адахан Кимсанбаевич айтмакчы, булар кетээрде көңүлдүү кетишкен. Төраганын айтуусу боюнча 3-4 депутат биригип, бир машинада бирге регион кыдырышмак. Бензинди үнөмдөйлү деген максатта. Бирок баары эле жалгыздан барышыптыр. Айрым аймактарда гана 3-4 депутат биригишиптир. Чын эле көңүлдүү барып келиштиби, ким билет, айтор, республиканын региондорунан толтура көйгөйлөрдү чогултуп келишиптир. Парламенттин бейшемби күнкү жыйынында аймактардагы ар кыл маселелерди ортого салуу күн тартибине киргизилди. Жыйынга өкмөттүн өкүлү да катышты. Андыктан депутаттар аймактардагы ар кандай маселелер тууралуу өкмөттүн кулагына кумдай куюшту.
"Жайкы сезон башталып келатат, көлдүн абалын өкмөт жакшылап ойлонсоңор"-деген төраганын орун басары Кубанычбек Исабеков туризм тармагындагы көйгөйлөргө токтолду эле депутат Динара Молдошева коллегасынын сөзүн улай көлдүн жолдорун оңдоо керектигин өкмөткө эскертти. Ал эми "Хизбут" кыймылы боюнча чоң маселени козгогон депутат Зулхабира Бекенованын айтуусу боюнча Жалалабатта мектеп окуучулары мектепке барбастан, хизбут кыймылына кошулуп, үгүткө чыгышып, кыздар 14-15 жаштан эле турмушка чыгышып, паранжы жамынып жатышыптыр. Айтор хизбут-тахрирчилердин үгүтү түштүк элин каптап бараткан сыяктуу. Ушул эле депутат медицина кызматкерлери убагында маяналарын ала албай, бул жерде да коррупция ойноп жаткандыгын билдирди. Ошол эле Жалалабатта койдун жүнү баа болбой, алармандар жок, аргасыздан жүндү өрттөгөнгө чейин барып жатышкандарын аталган аймакка барып келген эл өкүлдөрү бир ооздон белгилешти.
"Нарынга өкмөттөн дыйкандарга берилген солярка жетпей, ортодогу бизнесмендер 33 сомдон дыйкандарга сатып жатышат. Дыйкандар ага каражаты жок жер айдай албай кыйналышууда"-деген депутат Г.Султаналиева Нарында свет өчкөнүнөн пайдаланып талап-тоноочулук көбөйүп баратканын айтты.
"Жумгалда чын эле төрт айыл электр жарыгысыз жашайт экен. Жада калса ал айылдарда зым карагайлар да жок"-деп депутат З.Курманов Жумгалга барып, оозун ачып, таң калып келиптир. Себеби мурда бул тууралуу депутат Б.Наргозуев айтканда эч ким ишенбей койгон эле. Баса, ушул эле Жумгалдагы Каракече көмүр кенине өкмөт чоң көңүл бурушу керек экен. Каракечеде бүгүн иш жүрбөй турат, эртең эле кыш келсе, баягы тамсилдегидей болуп жайлай сайрандап, кыштай калчылдап чыгабызбы?
Айтор, айтып олтурсаң аймактарда көйгөй көп экен.
Ар кыл маселелер угулгандан кийин, төрага жыйынга келбеген депутаттардын тизмесин жаңыртты. Депутаттар Р.Абдраимова, Ч.Абдуллаева, Д.Ниязалиева, К.Карабеков, Калмуратов иш боюнча чет өлкөлөрдө сапарда жүрүшүптүр. Ал эми И.Масалиев, А.Тагаев, З.Жамалдиновду Т.Кулатовдун 100 жылдык мааракесин өткөрүүдөгү иштер менен чуркап жүрүшөт деп түшүндүрдү төрага. Ал эми М.Жураев, Х.Коркмазов, А.Байбураева, А.Бурханов денсоолуктарына байланыштуу келишпептир. Сыягы аймактарды кыдырып жүрүп, суук же ысык өтүп кетсе керек. Депутат Ж.Жээнбеков да "менин жүйөлүү себебим бар" деп ишке чыкпаптыр. Баарыдан дагы А.Шадиев менен И.Өмүркулов себептери жок эле, чет өлкөлөп айылчылап кетишиптир. Калган депутаттар ордуларында экен.
Депутаттарды толуктаган төрага жыйынга баяндамасы менен келген экономика, соода министринин орун басарын чакырды эле, кызык окуя болду. Көрсө, министрдин орун басары жеңи жок, жакасы жагжайган көйнөк менен галстугу жок келген экен. А.Мадумаровдун табитине анын кийиниши жакпай калып, "парламентке ушул кебетеңиз менен келдиңизби, бул эмне деген форма же депутаттардан үйрөнүп жатасызбы, ушундай формада келген адам менен ушул жерде маектешүү ыңгайлуубу? Мен сизди мындай формада мамлекеттик ыйык трибунага чыгара албайм, даяр эмессиз, бара бериңиз" - деп министрдин орун басарын залдан чыгарып жиберди.
Андан соң "Кыргыз айыл банкын" менчиктештирүүнүн концепциясы тууралуу баяндаган каржы министри Т.Калимбетовага депутаттар суроону жаадырышты. "Айла жок, колдоп беребиз" деген айрым депутаттардын сөзүнө төраганын кыжыры келип, "айла жок колдоп беребиз дегенди токтоткула, силердин эч ким колу-бутуңарды бураган жок" деп так кесе жооп берди. Айтор, парламентте ары-бери тартышып жатышып, көп эле маселелер оозго алынып калды. Эми анын бардыгына көңүл бурулуп, айтылган маселелерге убагында чара көрүлсө кана?

Жазгүл ИБРАЕВА




  Аким айбат көрсөттү…

Баш салыкчы Темирбек Курманбековдун кад(ы)р саясаты
Ош областынын Карасуу районунун акими Токтосун Барманов өлкөнүн Баш салыкчысы Темирбек Курманбековду сот алдына чөгөлөтүп, жоопкерчилигин суроо керек деп жарыя айтып чыкты. Аким мырзанын ири калибрдеги мамлекеттик чиновниктин наамына тайманбай "таш ыргытканынын" көрсө жүйөлүү себеби бар экен.
Ушу жылдын апрель айынын этек чендерине өзүнүн ишкерлер менен болгон жолугушуусу учурунда Президент Баш салыкчы Т.Курманбековдон "Эмне үчүн Карасуу районунун салык инспекциясына А.Мойдуновду дайындаган жоксуз?" деп сураганына шагыраган чиновниктер менен бирге биз, журналисттер да күбө болгонбуз. Ошондо Т.Курманбеков мырза "райаким бул кызматка салык инспекциясында бир күн да иштебеген адамды сунуштаганын, ошондуктан аны дайындабаганын" айтып жооп узаткан. Жооп ишенимдүү так айтылгандыктан өлкө башчысы тарабынан бул боюнча башка собол болгон эмес. Чындыгында "бир күн да иштебеген" А.Мойдунов буга чейин Карасуу райондук салык инспекциясын камчы салдырбай мыкты башкарып келаткан. Райондогу салык төлөмдөрүнүн жылдык да, айлык да көрсөткүчтөрү 105-107 пайыздан ылдый түшпөй бажарылып турушу муну ырастап турат. Райаким Т.Бармановдун айтымында бул көрсөткүчтөр райсалык инспекциясынын башчылыгына Т.Курманбековдун койгон кишиси М.Сатаров келгенден тартып ылдыйлап 99.4 пайызга түшүп кеткен. Ал эми кызматынан бошотулган А.Мойдуновду Бишкектин Биринчимай райсоту толук актап, Т.Курманбековдун буйругун мыйзамсыз деп тапкан. Т.Курманбеков мырза А.Мойдуновду кайра жумушуна тикелеген буйругун чыгарып, бирок ошол эле күнү башка буйругу менен кызматтан кайра "жалпайта чапкан". Эми А.Мойдунов кайрадан сотторго кайрылганга аргасыз. Бул го бул, аким мырзанын ызаланганы республиканын салык комитетинин башчысы, мамлекеттик салык кызматынын офицери Т.Курманбеков мырза көзүн ирмебей туруп мамлекет башчысы президентке атайлап калп айтканга, фактыларды бурмалаганга кандай укугу бар? "Эгерде мен калп айтып жатсам анда мен сот маңдайында турууга даярмын, калп айтканым далилденсе кылмыш жоопкерчилигинен качпайм!" - дейт райаким Т.Барманов.
Карасуулуктардын кайраты дем бердиби, өз убагында Т.Курманбековдун кадр саясатынан запкы тарткан нарындык туугандардын да эски жарасы козголуп туру. Баш салыкчы мырза өткөн жылдын күзүндө Нарын жана Акталаа райсалык инспекцияларынан К.Кенжесариева, Б.Нуралиева, К.Султаналиева жана К.Кожоярова аттуу салыкчы айымдарды айтпай-этпей туруп эле кызматтарынан алып ыргыткан. Төрт айым облсотко чейин арызданып, утуп чыгышса да анын чечимин Т.Курманбеков алиге дейре аткарбай келет. Кыскасы, салыктын генералы өзүнө бекитилген мамлекеттик ведомстводо өзү каалагандай иш тутабы деген ой пайда болот. Өзү аз келгенсип анын жер-жерлердеги койгон ишенимдүү кадрларынын артынан да чуулгандуу кептердин учугу чубалууда. Маселен, комитеттин түштүк аймагын чойгон С.Эргешов аттуу жооптуу кызмат адамынын өзгөчө чектен чыгып баратканы, аны көрүп-билип туруп "кожоюндун" лам деп ооз ачпай, укмаксан, билмексен түр көрсөткөнү эл арасында уу-дуу кеп болуп айтылып жүрөт. Салык "шефинин" ажайып Мисир өлкөсүндөгү жери, жубайынын жалаң алтындан белек алганы ж.б. жөнүндө да "кызыктуу" күбүр-шыбырлар көп, алар туурасында өзүнчө шашпай кеп козгойлу…

Бакыт МУРЗАЛИЕВ














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!