Коомдук-саясый гезит
№13, 16.05.08-ж.




◄◄◄
  Жылдыздар таржымалынан

Валентина Толкунова
Россия эл артисти, эмгек сиңирген артисти баштаган, Эстония, Казакстан, Түркмөнстан, Украина, Калмыкия, Кабардино-Балкария өкмөттөрүнүн ардак грамоталары сыяктуу бир топ ардак-наамдын ээси Валентина Васильевна 12-июлда 66 жашка чыгат (1942-жылы Краснодарск крайында Армавир шаарында төрөлгөн). Москва шаарына бирге толо электе келип, балалык кези, мектепке алгач барган жана аяктаган күн ж.б. урунттуу учурлар ушул шаарда өткөндүктөн, өзүн москвалыкмын деп эсептейт. Секелек кыз кезинде Дунаевскийдин жетегиндеги темир жолчулардын Борбордук балдар үйүнүн ансамблине өтүп, музыка жаатында биринчи мугалими - Т.Овчинникованын кол алдында он жыл хордо ырдаган. Москва мамлекеттик маданият институтунун дирижер-хордук бөлүмүн бүтүргөн. Бул мезгил аралыгында, сынак негизинде ВИО-669га (Ю.Саульский жетектеген вокалдык-инструменталдык ансамбль) кирип, беш жыл солист-вокалист болуп, джаздык ырларды аткарып, Гнесиндер атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. "День за днем" телефильминдеги ырлар Толкунованын аткаруусунда жаңырып, тез элге алынып, үлкөн композитор-акындар менен активдүү иштешип баштайт. 1972-жылы акын Л.И. Ошаниндин Колонна Залында өткөн юбилейлик концертинде В.Шаинскийдин ырларын алып чыгат. Телевидение жана радиого жол ачылган. Репертуары байып, анын аткаруусундагы 300дөн ашуун ыр бир канча музыкалык телефильмдерде жана театралдык спектаклдерде колдонулган. Валентина телевизиондук "Песня года" ыр сынагынын 23 жолу лауреаты болгон. Москонцерттин базасында 1989-жылы музыкалык драма жана ырлардын театры "АРТ" чыгармачылык бирикмеси түзүлүп, Толкунова көркөм жетекчиси болуп калган.1972-1997- жылдары 12 пластинкасы жана компакт-диски жарык көргөн. Валентинанын таанымалдуулугу Орусия мейкиндиги менен чектелбей, четте жогору бааланган таланттуу инсан. Сахнага чыкпай калганын себеби…
Акыркы учурларда көрүнбөй кеткенинин себебин: " Чыкпай жатканым акчага байланыштуу. Телевидениеге чыгуу, диск жаздыруу, жакшы ыр табуу же сатып алуу кыйынга туруп калды. Бирок азыркы муун мени түшүнбөйт деп отуруп алган жокмун. Чоң акча төлөп, мени чыгарып кой деп продюсерлерге да жүгүрбөйм" деп түшүндүрөт. "Мен чоочун ырларды ырдабайм, өз ырларымды гана ырдайм. Россиянын "алтын фондунда" алардын толук отузу калды. Менин ырларым жүрөк ырлары, акыл ырлары",- дейт.

Жандүйнөсү жана жашоо-шарты
"Азыр классикалык адабияттарды эмес, детектив, окуя кууган, романтикалык адабияттарды сатып алышат. Себеби, капчыгы кампайган адамдардын жандүйнөсү жарды, рух маселеси кризисте..." деп тынчсызданып, бирок рухий жактан да, материалдык жактан да жарды эмес экендигин айтат. "Мен бардык жактан камсыз болгон адаммын. Жыйырма эки жылдан бери машинаны өзүм башкарам. Азыр джип айдайм, мыкты жасалгаланган квартирам бар. Америкага ар бир жылы концерт коюп барып келем",- дейт ырчы. Учурдагы ырчылардан Надежда Кадышева, Игорь Сарухановду жана Татьяна Буланованын тембрин жактырат, бирок "ал жандүйнөсүнө, үнүнө жарашпаган ырларды ырдап жүрөт" деп эсептейт. Джаз музыкасынын сүйөрманы (Юрий Саульскийдин джаз группасында биринчи сопранонун партиясын аткарчу, бэк-вокал), өкүлдөрү Элла Фитцжеральдды, Оскар Петерсенди укканды жакшы көрөт.

Ашканада анча эмес айым
Келбетин сакташ үчүн ар кыл ыкмаларды колдоно бербейт. Спорткомплекстерге барып турат: сууда сүзөт, түрк жана фин саунасына кирет. Ашканада анча эмес. Апасы жасап берген тамактарды жактырат. Мүнөздөп тамак тандабайт. Бирок майлуу, эт тамактарды жебейт.

Үйбүлөсү
Үйбүлөсү менен жаратылышка көп чыгышат. Мектептен достошкон курбусунун токой арасына салган дачасына барып турат. Токой аралап, козукарын чогултуп эс алып келишет. Бирок күйөөсү (баш кошкондоруна 23 жыл болду) жазуучу, журналист болгондуктан сырт жактарга көп кетет. Маселен, Троцкийдин Мексикада жашаган мезгили жөнүндө китеп жазып келгенге Жазуучулар Союзунан Мексикага бир топ жылга иш сапарга кеткен. Америкада Троцкий тууралуу бир топ китеби жарык көргөн.

Даярдаган Назира СААЛИЕВА




  Эстутум

Духу философ эле
Жаздын башында кыргыз илиминен, кыргыз философиясынан үлкөн окумуштуу түбөлүккө кетти. Ал Асеин Исмаилов эле. Бирок анын артында изи калды, ишин уланткан окуучулары калды. "Агайыбыздын ишин улантып, кийинки муунга өткөрүп беребиз" деген шакирттери калды.
Асеин Измайлович окууну аяктап, мектепте, партиялык кызматта иштеген. Анан СССР ИАнын философия институтуна аспирантурага кирип, аны мөөнөтүнөн мурда бүтүрүп, СССР Коргонуу өнөр жай министрлигинде, Бауман атындагы МВТУда эмгектенген. Андан кийин өкмөттүн жолдомосу менен Монголияга барып иштеп келген.
Докторлук диссертациясын жактагандан кийин Москва анвиациялык-технологиялык институтунда иштеп, 1987-жылы мекенине кайтып, КМУда кафедра жетектеп келген.
Анын эмгек жолу өтө кызык жана көп кырдуу. Өз өмүрүндө агай гуманитардык, социалдык-саясий илимдерге чоң эмгек сиңирди. Мамлекеттик башкарууда философиянын, идеологиянын жана саясаттын ырааттуулугун сактоо жолу менен коомду өнүктүрүүнүн стабилдүүлүгү чөйрөсүндө ачылыш жасаган. Идеологияны философия аныктаарын илимий жол менен негиздеген. Мамлекеттик кызматкерлердин социалдык табиятын жана маңызын ачып берген.
Асеин Измайлович 300гө жакын илимий макала, анын ичинде өзүнүн 8 монографиясын, 15 авторлош монография, 19 окуу-методикалык колдонмо жазган.
Профессор А.Исмаилов философияга кыргыз элинин тарыхынын философиясы деген түшүнүктү киргизип, кыргыз элинин рухунун философиясын иликтеген.
Философиянын мыйзамы боюнча баары кыймылда, бардык нерсе - убакыт да, мейкиндик да өзгөрөт, алдыга жылат. Агайдын баштаган чыйыры да ошол бүткүл ааламдык мыйзам менен кошо шакирттеринин ишинде алдыга жыла бермекчи. Ал чыйыр - Асеин Исмаиловдун мектеби кыргыз философия илиминде чоң багыт боюнча кете берет.
Ал окуучуларына философиялык мамиле кылчу, "изде, балким табаарсың" дечү...
Ал адамды илимде бат эле өз алдынчалыкка жеткирип койчу...
Ал адамдын мамилесине эмес, ишке, илимге кошчу салымына, келтирчү пайдасына баа берчү.
Ал өмүрүнүн аягына чейин окуду, изденди, үйрөндү. Бүт баарын окуду. Философия, политология, драматургия, этнография, уфология...
Адам жаңы нерсени жасаганда жана таанып билгенде гана улуу кубанычка жетет дечү...
Агай бир канча ардактуу наамдарга, сыйлыктарга татыктуу болду. Бирок өзү айткандай алардан эмес, окуудан, изденүүдөн, табылгандан ырахат алчу.
Баары кыймылда, баары алга карай жылат, убакыт да, мейкиндик да...

Окуучулары




  Таймс пейдж

В-114. КТРдин "Парламент" телеапта көрсөтүүсүнүн кабарчылары, силердин 9-майга карата депутаттардын соопчулук иштери жөнүндөгү материалыңарды көрүп отурсак, кайра-кайра эле ветерандарды "чал" деп кемсинтесиңер да. Чал деген сөздү мындай расмий берүүлөрдө колдонуу тап-такыр орунсуз экенинен кабарыңар жок окшойт? Антпей жүрүңүз ЖКнын басма сөзчүлөрү…
КТРдин күйөрманы Барсынбек, Аксы районунан

В-115. Белгилүү саясатчы Нурлан Мотуевдин телефонун алсам дегенде эки көзүм төрт. Бирок "кыздардан таскам чыгып атат" дептир, ошону угуп ойлонуп калдым эле, кечээки күндөн бери жүрөгүм ал тарапка кайрадан алып уча баштады. Аялы бардыр, бирок сүйүүнүн көзү сокур экен го, не айла кылам…
Умсунай, Карабалтадан

В-116. Эй Шермат, экөөбүз бир кезде далай бөтөлкөнүн түбүн чогуу түшүргөн кыйышпас достордон элек го? Айыл башчы болгондон бери мүнөзүң өзгөрдү да? Саламга араң келесиң. Ошо да кишиби дейт имишсиң мени. Шүк жүр, болбосо эски "косяктарыңды" элге жайып, сага биротоло оппозицияга өтөм!
Досмат, Ош базарда временный соода кылып турган баткендик жигит

В-117. Чалагайым, долу катындардын заманы эми чындап келип, бүт бийликти алып кетеби деп да коркобуз. Бийликтеги мырзалар, этият болбосоңор болбойт. Айрыкча Биринчимай райакиминин орун басары, сиз өтө этият болуңуз, маселени чече албагандан соң биз жакка такыр келбей койсоңуз да болот!
Райакимчиликтин 96-кварталдагы "күйөрмандары"

В-118. Нарын шаарынын тургуну, НМУнун студенти Абдыгул уулу Нурланды келе жаткан туулган күнү менен куттуктайбыз! Нурлан, Кудай сенден ырыскысын аябай, денсоолугуң бекем болуп, ата-энеңдин, жакындарыңдын үмүтүн актаган, бардыгына калыс карай билген азамат уулдардан бол. Азаматтын алган жары жарашса, андан бетер жакшылыктар коштойт. Сага да ошондой жакшы жар туш болуп, жашооңдун жарыгы дайыма жанып турушун каалайбыз.
Бишкектен таеже-таажездеси, бөлөлөрү

В-119. Урматтуу Майрам! "Кыргыз Караванда" деги иштеп жатасың? Таанышуу бурчу болобу, бирге иштешкендер аркылуубу, же эң эле жакшысы кокустан таанышкандардан болобу, айтор өз бактыңды эртерээк тапсаң боло? Ушинтип эле бойдок жүрө бересиңби? Сендей кыз кайсы бир бактылуу үйбүлөгө керек, ушуну унутпа. Кыскасы бактылуу болсоң болду.
Досторуң

В-120. И.Арабаев атындагы МТМИнин быйылкы бүтүрүүчүлөрү, өзгөчө КМ-51 группасынын студенттерине салам жолдойм. Беш жыл бою алган билимиңер татыктуу кесипке ээ кылып, алдыдагы турмуш сапарыңар байсалдуу болушун каалайм. Бирге жүргөн студенттик күндөрдү эстен чыгарбагыла.
Мээрим Сатарова

В-121. Макешов Махтумкулейди келе жаткан 20-май туулган күнү менен куттуктап, ага дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди каалайм. Бар бол, бай бол!
Жазгүл

В-122. Мен телевидениеден Адахан Мадумаровду, Марат Кайыповду көргөндө аллергиям кармай берчү болду. Аман болгула, айланайындар...
70 жаштагы ардагер

"Бишкек таймс плюс" гезитинин эмгек жамааты кесиптешибиз Олжобай Шакирге
апасынын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!