Коомдук-саясый гезит
№12, 09.05.08-ж.




◄◄◄
  Денсоолук

Күндүн активдүүлүгү 10, 11 жылда бир жогорулайт
Аба ырайы бузулуп, күн бүркөлүп калса эле кээ бир адамдар башым ооруп жатат, магниттик бороон болуп аткан окшойт деп калышат. Магниттик бороон деген эмне, качан болот, таасир кандай экенин билүү максатында Физика институтунун директорунун орун басары, доцент Нурбек Касмамытовго кайрылдык.
- Нурбек Кыдырмышевич, магниттик бороон эмнеден улам пайда болот?
- Бизде көп жылдык циклдар бар. Ошонун ичинен күндүн да циклы болот. А дегенде күндүн активдүүлүгү азаят же болбосо көбөйөт. Термоядролук реакция болгондо күндүн нуру активдүү болуп, космосто интенсивдүү абал болот. Мисалы, өткөн жылы күндүн активдүүлүгү төмөн деңгээлде болду. Улам көбөйүп олтуруп күндүн активдүүлүгү жогорулайт.
- Күндүн активдүүлүгү жогорлаганы зыянбы?
- Албетте, зыяндуу. Биздин эсепте күндүн активдүүлүгү 11-12 жылдарда бир кайталанып жогорулап турат. Эсеп менен алганда 2020-жылдары күндүн активдүүлүгү жогорулайт.
- "Магниттик бороон болсо керек" деп көпчүлүк адамдар, башыбыз ооруп жатат деп калышат. Ушуга кандай карайсыз?
- Эми ар бир адамдын организими ар кандай да. Бул боюнча дарыгер адистер айтып берсе болмок. Бирок, магниттик бороон инсулт, инфаркт, кан басымы жогору же нерв оорусу менен ооруп, өнөкөткө айланып калган оорууларга таасирин берип өтөт.
- Күндүн активдүүлүгү жерге таасир береби?
- Күндүн активдүүлүгү жогорулаганда жерге чейин жетет. Жердин да магниттик талаасы жана анын өзүнүн эрежеси болот. Күндүн активдүүлүгү жогорулап жердин магниттик талаасына таасирин тийгизип, структурасын өзгөртөт. Өзгөргөндө самолёт, кораблдардын приборлоруна чейин таасир берет. Кээ бир региондордо байланыш түйүндөр начар болот.
- Магниттик бороондон адамдар кандай сактануу керек?
- Адамдар деле органикалык телобуз да. Биз деле атом, молекулалардан түзүлөбүз. Ошол себептен, магиниттик бороон электрондук импулстар менен буйрук берүү нерв системасына таасир берип, кан тамырларга, нерв клеткаларына тийишет. Ошондуктан баш ооруну пайда кылат. Денсоолугуна, жаш курагына, ар кимдин организмине жараша болот. Кээ бир адамдар магиниттик бороон болгонун сезбейт деле. Ал адамдын организмине байланыштуу.
- Магниттик бороон ар кайсы жерде ар кандай болобу же…
- Ар бир региондо ар кандай болот. Мисалы, Бишкекте өзүнчө, Нарын, Көл, Ош, Талас областарында өзүнчө. Себеби, кээ бир жер тоолуу, кээ бир жер таштуу жана башка ушул сыяктуу. Күндүн активдүүлүгүнүн нормасы 3,4,5 болсо, бул көп коркунучтуу эмес. Сейсмикалык шкала сыяктуу, магниттик бороондун да шкаласы бар. Ал эми 9,10,11 нормасы болсо өнөкөт оорулууларга терс таасирин тийгизет.

Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА




  Күрөш

"Лейлек кыргыз күрөшү" федерациясынын президенти Доорбай Миңбаев:
"Лейлек күрөшүн президент Курманбек Бакиев да колдоого алды"
Мындан 34 жыл мурда Кыргызстандын эң четки аймагында жайгашкан Лейлек районунун андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларында окуган студент жаштары 9-Май Жеңиш күнүндө жердеши, Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арнап, күрөш уюштурушкан эле. Мына ошол жакшы тилек менен өткөрүлгөн демилге салтка айланып, жыл сайын кош майрам катары белгиленип келүүдө. Кийин бул спорттук мелдеш бир эле лейлектик, сүлүктүлүк эмес, башка аймактардын да палбандарынын кызыгуусун жаратып, акыркы жылдары республикалык деңгээлде өткөрүлүп келатат. Андыктан "Лейлек кыргыз күрөшү" федерациясы түзүлүп, күрөштүн баардык уюштуруу жана башка иштерин моюнга алган. Биз "Лейлек кыргыз күрөшү" федерациясынын президенти Миңбаев Доорбай Абдиллаевичти маекке тарттык.
- Доорбай Абдиллаевич, эң оболу Лейлек күрөшүнүн тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз.
- Ар бир эле эл өзүнүн эрдик көрсөткөн азамат уулдары менен сыймыктанат эмеспи. Биздин Лейлек районунан да 1945-жылы май айынын алгачкы күнү жердешибиз Самат Садыков советтик жоокерлер Берлинди багындырып жатканда баатырларча курман болуп, Советтер Союзунун баатыры деген наамга татыктуу болгон. Андыктан жыл сайын 9-Май Жеңиш күнүндө С.Садыковдун жаркын элесине арнап күрөш өткөрүүнү салтка айландырып алганбыз. Алгач же мындан 34 жыл мурда борбор калаада окуган студент жаштар уюштурушуп, бири-бири менен гана күрөш алышкан. Кийинчерээк лейлектиктердин күрөшүнө республикабыздын башка аймактарынын балбандары да кызыгып, жогорку деңгээлде өтө баштады. Демек, Лейлек күрөшүн республикалык масштабка көтөрүү зарылчылыгы пайда болду. Бирок ар кандай мелдештерди өткөрүп, палбандарга спорттук наамдарды берүү үчүн, юридикалык тарап катары каттоодон өтүш керек экен. Ошондуктан "Лейлек күрөшү" федерациясын түзүп, адилет министрлигинен каттоодон өттүк.
- Доорбай мырза, эмне үчүн "Лейлек күрөшү" деп аталат? Ушул сөзгө акыркы мезгилде ар кандай пикирлер айтылууда. Окурмандарга ошол жагдайды түшүндүрүп кетсеңиз.
- Туура айтасыз. Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында күрөштүн үч түрү бар: чүй, фергана жана бел курчоо. Булар бири-биринен күрөш алуу эрежелери боюнча айырмаланат. Мисалы, Чүй эрежесинде буттан чалып жыгытат. Ал эми Лейлек күрөшү деп аталган бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн күрөшүндө чалуу жок. Анда күрөшкө чыккан палбан атаандашын жамбашка алып, тизе менен көтөрүп же кайтарма деген ыкмалар менен гана жыгытыш керек. Башкача айтканда, кара күчкө караганда техника көбүрөөк иштетилет же балбандар таза күрөшөт десек болот. Мындай аталыш мурда шарттуу түрдө күрөштүн эрежелерин белгилөө үчүн гана айтылып калган. Албетте, спорт бүткүл элге таандык. Ошондуктан жакында биз "Лейлек кыргыз күрөшү" деген аталыш менен федерацияны кайрадан каттоодон өткөрдүк.
- Демейде мындай спорттук мелдештерди мамлекет деле араң өткөрөрү жашыруун эмес. Ал эми "Лейлек күрөшүнүн" жыл өткөн сайын жогорку деңгээлге көтөрүлүп жатышынын сыры эмнеде?
- Эл арасында "Ырыс алды-ынтымак" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Анын сыңарындай эң негизгиси элибизде ынтымак бар десем жаңылбастырмын. Алгачкы жылдары күрөштү студенттер өткөрүп келишсе, кийинчерээк айрым бизнесмендер колго алышты. Эки жылдан бери Лейлек районунун айыл өкмөттөрүнө бөлүнүп өтүп жатат.
- Ал эми федерациянын аткарган иштери, келечек максаттары кандай?
- Эң оболу жогоруда айтылгандай, федерациянын устав, программасын жазып, юстиция министрлигинен каттоодон өткөрдүк. Мындан тышкары жыл сайын 9-Май Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүүчү күрөштүн уюштуруу иштерин толук мойнубузга алганбыз. Баса, лейлектиктер 31-август мамлекетибиздин эгемендүүлүк күнүндө да ушундай эле деңгээлде күрөш өткөрүп, баш байгеге жеңил автомашина жана башка орундарга кызыктыруучу сыйлыктар коюлат. Бул күрөштү өткөрүүгө да салым кошуп келебиз.
Албетте, спорт, күрөш бир эле күндө өнүгүп кетпейт. Балбандар жылдар бою күлүк аттай тапталып, булчуңдары күчкө толуш үчүн аларга шарт керек. Андыктан быйылдан баштап Бишкек шаарынын чок ортосунан палбандарга машыгуучу имаратты көп жылга ижарага алып жатабыз. Ошондой эле күрөш өтүүчү жайларды даярдоо, жарыя иштери улам демөөрчүлөрдүн көмөгү менен жогорку деңгээлге көтөрүлүп келатат. Буюрса, лейлектик атактуу палбандарыбыз Абдрахман, Бабараим, Токтош, Салам, Жумабай жана кийинки муундардын атын унутпаш үчүн алар жөнүндө китеп чыгаруу планыбыз бар. Эң негизги максат күрөштүн бул түрүн республикалык деңгээлге жеткирип, бир гана 9-Май, 31-август күндөрү эмес, башка мезгилдерде деле атайын мелдештерди өткөрүп туруу.
- Быйылкы 9-майда өтүп жаткан күрөшкө мамлекет башчыбыз К.Бакиев да көңүл буруп, баш байгеге "Нива" жеңил автомашинасын коюп, демөөрчүлүк кылып жаткан турбайбы?..
- Бул албетте, федерациянын, күрөштү уюштуруучулардын аброю. Президентибиз алгачкы күндөн баштап эле спортко көңүл буруп, шарт түзүп келатат. Анткени Курманбек Салиевич спорт бир гана тынчтыктын эмес, жаштарды ыймандуулукка тарбиялоонун, денсоолукту чыңдоонун жана бош убакытты туура пайдалануунун да өбөлгөсү экенин эң жакшы билет. Өткөн жылы 9-майда өткөргөн күрөштө Ж.Бакиев атындагы фонд да өз салымын кошуп, чемпиондорго биз белгилеген белектерден тышкары кошумча акчалай сыйлыктарды тапшырган эле. Ал эми быйыл президентибиз К.Бакиев өзү көңүл буруп, баш байгеге "Нива" автомашинасын коюшу биз үчүн чоң сыймык. Учурдан пайдаланып күрөшкө жыл сайын күйөрман катары келип, өздөрүнүн көңүлүнөн чыккан акчалай салымын кошуп келаткан президенттин кеңешчиси Ү.Сыдыковго, Транспорт жана коммуникация министри Н.Сулаймановго, Өнөржай жана соода министри А.Жапаровго палбандар күрөш алуучу килемди алып бергендиги үчүн, вице-премьер министр Нур уулу Досболго, Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы А.Рыскуловага, Ички иштер министри М.Конгантиевге, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы М.Суталиновго жана башкаларга чоң ыраазычылык билдирип кетким келет.
Маектешкен Эмилбек МОМУНОВ














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!