Коомдук-саясый гезит
№12, 09.05.08-ж.




◄◄◄
  Кийинки муун эмне дейт?

Ишенбеген Мирсулжан Намазалиев:
"Биз Америкадан Кыргызстанга акча бербей кое тургула десек, болбой койду"
- Мирсулжан, коомдук иштерге качан, кандайча аралашып калдың?
- Мен мектепте жүргөндө активдүү окуучу элем. Биринчи жолу революциялык "Келкел" уюмуна киргем. Кийин "Бирге" жаштар уюмунда жүрдүм. Азыр "Эркин муун" либералдык клубундамын. Клубда негизинен студенттер иштейбиз.
- "Келкелде", "Биргеде" жүргөндө саясатчылар менен иштештиң да?
- Ал жерде биздин жол көрсөтүүчүбүз Замира Сыдыкова болчу. Ал киши бизге көп жардам берди.
- Окуу жайдын администрациясы тарабынан азгыруу, кысуу, коркутуу сыяктуу аракеттер көрүлдү беле?
- Ошо кезде деле, азыр да андай аракеттер болуп жатат. Мына азыр да менин бир-эки билдирүүм үчүн окуу жайга телефон чалуулар болуптур.
- Аз болсо да кетенчиктеген учурлар болдубу?
- Менде болгон жок. Бирок биздин айрым балдар ошондон кетенчиктеп баш тарткан учурлар болду.
- Канча стипендия аласың?
- Бул жолу стипендиям эң жогорку болду, 287 сом алам. Бирок бул бир обеддик акча да.
- Бир обедиң эле 287 сом болсо, жакшы эле тамактангандардын катарына кирет экенсиң...
- Мен стипендия менен жашабайм. Чөнтөк чыгымдарды таба турган эки жумушум бар.
- Украинага, Белоруссияга, Латвияга барып келсең - демек жакшы эле акча табат турбайсыңбы...
- Ал жактарга чакыруу менен барам. Ал жактагы досторум жардам беришет. Латвияга өз жанымдан 600 доллар короттум.
- Ал жактарга саясий иш-чараларга бардыңбы?
- Жок. Мен Украинанын Майданына катышайын деген ниетим бар эле. Тилекке каршы, ал жакка кеч бардым.
- "Мен ишенбейм" акциясын баштаганыңда АКШнын элчиси кабыл алды. Демилге ким тараптан болду?
- Мари Йованович чакырды. Жолугуп, Кыргызстандагы абал, кыргыз жаштары тууралуу пикир алыштык. Ошол учурда "Миң жылдыктын чакырыктарын" ратификациялоо каралып жаткан. АКШ анын негизинде Кыргызстанга акча бермек. Биз ошону кое турууну сурандык. "Рычагдарыңарды пайдаланып, адам укугу жаатында кемчиликтерди жойгула" деп бербей тургула дедик. Бирок, тилекке каршы, алар макул болгон жок.
- Саясий акцияларга, граждандык иш-чараларга катышуу көп убакытты талап кылат. Окууга жетишип жатасызбы?
- Менин окуу боюнча көрсөткүчүм - сессияда баардык сабактардан эң жакшы деген баа алдым жана ошол үчүн жогорку стипендия алам. Ар кандай акцияларга убакыт табам.
- "Мен ишенбейм" акциясын уюштуруу менен оппозициялык күчтөр менен иштештиң. Бири-бириңерди колдоп турасыңарбы?
- Көптөгөн маселелер боюнча мен азыркы оппозиция менен макул эмесмин. Мен азыркы оппозицияны убактылуу фактор катары карайм. Оппозиционерлер бийликке келсе деле, эл үчүн иштебейт. Алардын ой-максаттары азыркылар менен бирдей. Мен айрым бир учурларда оппозицияны колдоп коюшум мүмкүн. Оппозиция бийлик ашынып баратканда ага каршы турган күч болуш керек.
Азыркы муун андайга даяр эмес. Көчөгө чыгып, сын айтып коюу жеңил. Кээде мен да ошентип ийем. Мен курдаштарыма айтам, оппозиянын алдына жатып албаш керек дейм.
- Ошондой учурлар болуп жатабы?
- Мурда болуп келген. Бийлик жаштары кандай инструмент катары караса, оппозиция да ошондой карап жатат. "Мен ишенбейм" акциясын уюштурганыбызда бизге оппозициялык партиялардан "бизге келгиле, биздин жаштар канатыбыз болгула, биз силерди жакшы каржылайбыз" деп сунуш кылышты. Биз өзүбүздүн көз каранды эместигибизди көрсөтүп, баш тарттык.
- Оппозиция өкүлдөрүнөн кимди баалайсың?
- Тилекке каршы, андай адам жок. Болсо, мен анын партиясына кирип кетмекмин.
- Грузиядагы абалга кандай баа бересиң?
- Грузияны Россияга каршы деп баары жаман көрүп жатышат. Грузия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экономикасы тез өнүгүп баратат. Казакстан, Россия Грузияга көп инвестиция жумшап жатат.
- Анда эмнеге эли кычыраган кышка карабай Саакашвилиге каршы чыгышты?
- Менин тааныштарым байкоочу катары барып келишти. Грузияда шайлоо аябай таза өттү деп келишти. Ошондуктан ОБСЕ жана башка эл аралык уюмдар таза өттү деп баа беришти. Оппозициянын көтөрүлүшү президенттик орун үчүн болду. Оппозиционерлер өзүлөрүнөн Саакашвилиге симпатиясы бар экенин байкадым. Алардын оппозициясынын программасы жок. Бирок алар биздин оппозицияга окшоп жалкоо эмес. Биздикилер кыштан коркуп, жазды күтүп жатышпайбы.
- Батыштык уюмдардын баасында батышты колдогону үчүн Грузия менен Украинада шайлоолор таза өтөт, ал эми Россия менен ымалалаш мамлекеттерде дайыма шайлоолордо мыйзам бузуу болуп турат…
- Мен Украинада, Белоруссияда болуп келдим. Элдин маанайын, пикирин билдим. Ал эми ОРТ, РТР каналдары биздин КТР сыяктуу, алардын айтканына дайыма эле ишене бербеш керек. Биз маалыматтарды орус каналдары аркылуу алгандыктан башкача түшүнүк жаралып калышы мүмкүн.
- Мисалы, Грузияда оппозициялык бир телеканал бар эле. Шайлоого аралаш аны да жаап коюшту. Батыштын бир уюму эркин басма сөздү басынтуу деп чыкпады го…
- Мен ал телеканал тууралуу жакшы билбейт экенмин.
- "Мен ишенбейм" акциясында камакка түштүң, айып салынды. Ата-энең "кой, балам, жөн эле жүр" десе керек…
- Алгачкы учурларда "сен жашсың" дешчү. Азыр туугандарымдын көпчүлүгү, тескерисинче, колдойт.
Алтын КАЗИЕВ




  Жатып калганча атып калайын…

Акаевдин балдызы сотторго "таш ыргытты"
М.Акаеванын сиңдиси, Акаев атындагы бүтпөй калган китепкана фондунун учурдагы президенти С.Жамакеева аталган китепкананын тегерегинде жүрүп жаткан соттук териштирүүлөрдү саясий буюртма катары баалады. 2005-жылдын 11-апрелинде (революциядан кийин) Генпрокуратура аталган фондго бюджеттик каражаттардын мыйзамсыз чегерилгендиги боюнча кылмыш ишин козгогон эле. 2001-2002-жыл ичинде 28 мекеме ишканалар Акайычтын болочок китепканасынын курулушуна акчалай түрдө (элдин эсебинен) салым кошушкан. Кийинчерээк тергөөчүлөргө 28 жетекчи акчаларды кысым астында бөлгөнгө аргасыз болушкандыгы туурасында көрсөтмө беришкен. Демек мурдакы кошоматчылар (башкача атай албайбыз) эми доогерге айланышкан. 28зи тең ынтымактуу түрдө арыз жазып, чегерилген акчаларды фонддон өндүрүп берүү өтүнүчү менен Генпрокуратурага кайрылышкан. Генпрокуратура өз кезегинде бул доо арызды Бишкек шаардык райондор аралык сотко түшүрүп, 28 доогерлердин чегерген 7.5 млн сомун жана Фондго тийиштүү Раззаков көчөсүндөгү имаратты мамлекеттин энчисине кайра алуу дооматын билдирген. Генпрокуратуранын маалыматы боюнча фондго элдин эсебинен марттык менен "өзгөчө колдоо" көрсөткөндөр Эсеп палатасы - 300 миң сом, президенттик администрация - 223.3 миң, президенттин иш башкармалыгы - 62.2 миң, Бишкек СЭЗи - 600 миң, "Кыргызнефтигаз" - 200 миң, "Кыргызтелеком - 1 млн, Манас аэропорту - 1 млн 417 миң, темир жол башкармалыгы - 2 млн 230 миң сом акчалай үлүш кошушкан. Бишкек шаар сотунун экономика иштери боюнча судьясы Э.Байтикова генпрокуратуранын дооматын канааттандырып, фондго тиешелүү болгон имаратты жана жер участогун кайра алуу жана спонсорлордун берген 7.5 млн сомун фонддун эсебинен кайра өндүрүп алуу боюнча чечимин чыгарган. Балдыз айым С.Жамакеева мына ушул чечимди саясий заказ деп баалап туру. Анын айтымында фонддун кожоюндары Айдар Акаев, Бермет Акаева жана "үйбүлө" сүймөнчүлүгү академик А.Какеев жолдоштор китепкананы жеке кызыкчылык үчүн эмес, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жана калыптануусун изилдөө үчүн улуттук борбор болот деген бийик максатта курдуруп башташкан экен.
Бирок элдик революция бул бийик максаттын белин сындыра тээп, тагдыры арсар, арабөк калган бул каражолтой китепкана же биротоло мамлекетке өтпөй, ээсиз турганына үч жылдан ашып кетти. Москвада жаткан Акайыч улам кызын Бишкекке чаптырып, ал аркылуу оокаттарын тактап дегендей, бу жердеги күйөрмандарына дубай салам шыбырап турганы сүйүктүү балдызжандын минтип жанданып калганына түрткү берип жаткан өңдөнөт. А деп оозун ачса эле Акаев деп турчу академик А.Какеев болсо эми бул ишке аралашпай-этпей шүк жаткандай. Баса, Раззаков көчөсүндөгү эки имараттын бирин фондго доктор Ж.Назаралиев тартууласа, экинчиси Акаевдин өз колу менен куруп баштаган үйү имиш. С.Жамакеева ошентет. Анын айтымында фонддун бир да тыйынын эч ким албаптыр, укук бузуулардын бири да болбоптур. Иши кылса фонд кимдир бирөөлөрдүн саясий интригаларынын курмандыгына айланып, ага түздөн-түз көз кызарткан адамдар бар экен. Адвокаты Г.Скрипкина болсо учурда буту-бутуна тийбей фонддун оокаттарына байланыштуу кетирилген ар кандай кемчиликтерди бирден чукуп, чубап сот чечиминин мыйзамсыздыгын далилдөөнүн катуу аракетинде. Маселен, анын ырастоолоруна ишенсек фонд жогорудагы имараттарды мамлекетке 290 миң 500 сомду өз эсебинен нак төлөп сатып алган имиш. Учурунда Акайычтын чөнтөгү, фондусу эчак эле мамлекеттин чөнтөгү менен аралашып кеткенин адвокат айым кантип эле билбесин дейсиң. Кыскасы, "жатып өлгөнчө атып өл" дегендей эле кеп жүрүп жатат сыягы. Максат анча-мынча оокаттарды эптеп алып калуу болуп жаткан көрүнүп эле турбайбы. Дегеле Акаевдердин мүлкүнө карата козголгон иштер аягына чыгаар чыкпасы күмөн дешет.

Бахтияр ШАМАТОВ












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!