Коомдук-саясый гезит
№12, 09.05.08-ж.




◄◄◄
 "Бишкек таймс" сулуусу

Назира Асарканова
29 жашта.
Мүнөзү: жумшак, ак көңүл, боорукер, шайыр.
Хоббиси: бийлөө, ырдоо.
Билген тили: уйгур, казак, орус.
Жашоодогу девизи: бирөөнүн көңүлүн калтырбай, адамды баалай билүү.
Ыйык тутканы: ата-энеси, бир туугандары жана жакын достору.
Жакшы сапаты: таарынбагандыгы жана марттыгы.
Аздектеген гүлү: роза.
Эңсеп жеген тамагы: өзү чойгон лагман.
Жактырган ырчысы: А. Жетигенова, Г.Сатылганова, Ф.Карбосова.
Жакшы көргөн жаныбары: элик.



 "А-ап" деп койчу, айланайын!

Куймак смак
Ырчы Фарида Карбосованын ашканасынан
Пил кулак
Колдонулуучу азыктар:
600 г эт,
500 г пияз,
1-2 түп сарымсак,
2-3 даана помидор,
250 г сары (же куйрук) май,
1 байлам ар кыл ашкөк,
2 даана көк калемпир,
мурч,
туз,
1 зубала камыр.
Даярдоо ыкмасы:
Чүчпаранын эң чоң түрү - "Пил кулак". Аны жасоо негизинен эт чүчпарага окшош. Адегенде этти эт туурагычтан өткөрүп алабыз. Анан аны тууралган пияз, көк калемпир, ашкөк менен чогуу майга салып кууруп, бышырабыз.
Камырын жууруп бир аз тыныктыргандан кийин, аны үбөлүк менен жука кылып жайып, анан ага чай чыныны көмөрүп, тегеректеп (диаметри 8-12 см болгудай кылып) кесип алабыз. Ортосуна куурулуп бышкан эт, пиязды салып, камырды бүктөп, эки учун бириктирип коебуз. Аны 15-20 мүнөтчө көгүлтүр отко жайыраак кайнатабыз.
Тамагыңыздар даамдуу болсун!
Даярдаган Назира СААЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!