Коомдук-саясый гезит
№12, 09.05.08-ж.




◄◄◄
  Ырмаек

Ырчы Сапар Сопубеков:
"Кытайда жамгырдай болуп топурак жаайт экен"
Эстрада ырчылары Сапар Сопубеков менен Назми Байзакова жакында эле Кытай мамлекетине барып келишти. Алыскы ыр сапардан кандай олжо менен келишкендери жана азыркы учурда эмне менен алектенип жатышкандыктарын билүү максатында Сапарды сөзгө тарттык.
- Сапар, Кытайдагы боордоштор силерди кандай кабыл алышты?
- Кытайда "Алтын бугу" деп аталган кытай-кыргыз биргелешкен ишканасынын "Чидуң" деген эс алуу борбору бар экен. Ошол жердеги кыргыздарга концерт койгону барганбыз. Ал жакта 20 күн (12 күн концерт койдук, 8 күн эс алдык) жүрдүк. Биз концерт уюштурган жер - эс алуу борбору, түнкү клуб, дискотека болгондуктан, көрүүчүлөр келгенде гана ырдап коюп жаттык. Кечки саат 6да концерт башталып, 9да бүтүп жатты. Концерт көргөнү келгендер концертибизге ыраазы болушуп, жакшы кабыл алышып, талантыбызды аябай баалашты. Назми гитара менен, мен комуз менен ырдап берип жүрдүк. "Башка чоң жерлерге концертиңерди берсеңер" деген сунуштар болуп жатты. Алар суранган жакка чыгыш үчүн Үрүмчүдөгү өкмөт тарабынан документтерди топтош керек экен. Ошол себептен Кытайдагы кыргыздарды түрө кыдыра албай калдык. Кийин барып кыдырабыз деген тилекте калдык. Бирок, кытайлык кыргыздар "дагы качан келесиңер?" деп телефон чалып жатышат.
- Жашыруун болбосо канча киреше таптыңар?
- Биздин концерт бир жерде эле өткөндүктөн, аябай чоң көтөрүп келдик дегенден алыспыз. Буюрган кирешени алып келдик.
- Жатакана, тамактануу жагынан кыйынчылык болгон жокпу?
- Кыйынчылык болгон жок. Себеби, тамактануубуз, жатаканабызга алдын ала шарт түзүлүп берилген.
- Кытай ашканасы жактыбы? Кыргыз жей албаган тамактары да бар бекен?
- Андай тамактары да болот экен. Менюсу кытайча жазылган. Котормочулардын (бизди конокко чакырган Аскар жана Гүлмиранын) жардамы менен биз өзүбүз сүйгөн эле койдун, уйдун, тооктун эттери менен жасалган тамактарды жеп жаттык. Болгону бул жактагыдай борщ жок экен. Аскар менен Гүлмиранын үйүнө азык-түлүк сатып барып, өзүбүз каалагандай борщ жасап ичтик. Алар билбейт экен. Борщту ичишип, даамдуу экен деп таң калышты.
- Ичимдик жагы кандай экен?
- Биз көбүнчө көнгөн эле Кока-Кола ичип жаттык. Бирок, ичимдиктери биздикиндей таза эмес, абдан жыттанып турат экен.
- Эсте калган нерсе болдубу?
- Болду. Биз барган жерде "топа" (майда топурак) жаайт деп коюшат экен. Өйдө жактан шамал топурак, чаңды асманга сапырып чыгып, кайра жерге жамгырдай жаап, чаң, топурак түшөт экен. Ошол себептенби, айтор, ооздорун, мурдуларын тумчулап, маска тагынып жүргөндөрүн көрдүк. Биз аба-ырайына көнө албай, аллергия болуп абдан кыйналдык. Кечинде жатып эртең менен турсаң, терезелеринен чаң кирип, үйдүн ичи топурак болуп калат. Улам жууп, тазалай беришкендерине күбө болдум. Күнү-түнү туман сыяктуу болуп, асман көрүнбөй калат экен. Барганда сайрап, учкан бир чымчык көргөн жокпуз. Ошондой эле суулары туздуу, иче албайсың. Биздеги суунун тазалыгын айтсак, алар жомоктой көрүштү. Ошондуктан "Кыргызстан - бейиштин бир бөлүгү" деген сөзгө ишенем. Себеби, канча деген жерлерге барып жатабыз, биздин Кыргызстандын табиятындай кооз жаратылышты, таза сууну көргөн жокмун.
- "Сапар менен Назми үйлөнүп, эс алууга Кытайга кетишиптир" деген сөздөр айтылды...
- Назми экөөбүз жөнүндө эмне гана сөздөр айтылган жок. "Бири бирин сүйөт экен, чогуу жашашат экен" деген сөздөргө чейин уктук. Эми элдин көзүнө көрүнүп калгандан кийин, ар кандай сөздөр айтыла берет экен. Таң калганым менен ушак-айыңга маани деле бербейм. Анткени, Назми экөөбүздүн ортобузда достук жана бир туугандык гана мамиле бар.
- Анда "аял менен эркек дос боло алат" дегенге кошулат турбайсыңбы?
- Албетте, кошулам. Себеби, мен эч кимге айтпаган сырымды Назмиге айтам. Ал эми Назми менден сырын жашырбайт. Назминин жеке жашоосундагы сүйүүдөгү планы башка, менин планым да башка.
- Достуктун аягы сүйүү менен аяктап кетиши да мүмкүн эмеспи...
- Жок, биздин достук сүйүү менен аяктабайт. Эгер достугубуз сүйүү менен аяктай турган болсо башында эле башкача сезимдер пайда болмок. Бизди байланыштырып турган - бул чыгармачылык.
- Силерди кайра Хакасияга жөнөп жатышат деп угуп жатабыз…
- Хакасияда 1-12-июнга чейин боло турган фестивалга Маданият министрлиги тарабынан Кыргызстандан Назми экөөбүзгө жолдомо берилген. Ошол фестивалга даярданып жатабыз. Буюрса, 28-майда учуп кетебиз. Ал жактан келгенден кийин Кыргызстандагы күйөрмандарыбызга концерт беребиз.
- Чыгармачылыктан тышкары, Радио "31" деген радиодо ди-джей болуп да иштеп калган элең, ал жактагы ишиңди таштадыңбы?
- Жок ишимди таштаган жокмун. Келишимди түзгөндө ушундай түзгөнбүз. Мен бош убактарымда гана ди-джейлик милдетти аткарып турам.
Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА




  Сырмаек

"Хит-парад" берүүсүнүн алып баруучусу Нурзат ТОКТОСУНОВА:
"Ата-энем "планда жок бала элең" деп күлүп калышат…"
- Нурзат, баладагы жакшы башталыштын башаты ата-энеден деп коюшат эмеспи.
- Албетте. Атам Темирболот, апам Бүбүш. Экөө тең жакшы ырдайт. Атам тойлордун көркү. Таптап өстүргөн уул-кыздан көргөн небере-чөбөрөлөрүнүн курчоосунда ардактуу карылыгын өткөрүп жатышат. Апам быйыл 70 жашка чыкты. Мени 44 жашында төрөгөн (Түп районунун Ичкесуу айылында төрөл-гөм). "Планда жок бала элең" деп күлүп калышат… 8 бир туугандын кичүүсүмүн. Үйдөгүлөр көзүмдү карап өстү-рүшсө дагы, обу жок эркелеген жокмун. 5 жашка чейин "сени багып алганбыз" десе, ишенип жүрө бергем. Кийин сүрөттөрүмдү көрүп "өздөрүнүн эле кызы экем" деп санаам тынып калган.
- Бала кезде ким болгуң келчү эле?
- Мугалим болом деп ойлочумун. Ататүрк Алатоо университетинин улуттар аралык мамилелер бөлүмүн аяктаганым менен, таптакыр башка чөйрөгө - шоу-бизнеске аралашып кеттим. Бирөөнү кумир тутуп, шоу-бизнеске аралашайын деген максатым болгон эмес. Бирок, балачакта дикторлук кесипке кызыкчумун. Дикторлорду телевидениеден карап, радиодон кулагымды төшөп укчумун. Айткан сөздөрүн жаттап алып, күзгүнүн алдына туруп алып, алардын үнү менен туурай берчүмүн. "Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында" дегендей, Алла таалам ушул кесипти насип кылган экен…
- Ата-энең телевизордон көргөн сайын "биздин кызыбыз" деп сыймыктанып калышса керек?
- Балким. Мага такыр билгизишпейт, макташпайт дагы. Капысынан эле көрүп калышпаса, кызыбызды көрөбүз деп күтүшпөйт экен. Ата-энем: "Кызым, сени эл мактасын, элдин батасын ал. Кудай деп жүр. Телевизордон бир-эки чыгып коюп көөп кетпе! Көпкөнүн-көйрөңдүгүн акылы жоктор гана көрсөтүшөт. Ар дайым улууга урмат, кичүүгө ызаат кылып жөнөкөй бол!" деп айтып турушат. А бир туугандарым, өзгөчө байкелерим: "Кыз киши үйбүлөдө бактылуу болуп үйдө отуруш керек" дешет. Ошондуктан үйбүлөмө караганда сырттагы адамдардан көбүрөөк мактоо угам.
- Дайра турмуштун өйдө-ылдыйынан чарчаганда "Балалыкка кетким келет" деген ой ээрчип калат дешет…
- Балалыкты сагынуу ар бир адамда болсо керек. Бирок ошол таттуу учурларда калып калган кыялдарды эстебейин десең да эске түшөт… Эгер 17 жашым кайрылып келсе: музыкалык мектепке бармакмын, комуз черткенди жана Ататүрктөн эки-үч тил үйрөнмөкмүн. Бий ийримин таштамак эмесмин.
- Демек, турмушка чыга элек кезге да кайрылгың келет турбайбы?
- Кайрылгым келет.
- Турмуш туткасын эрте кармап калдым дейсиңби?
- Жок, антпейм деле… Бир үйдүн куту, сүйүктүү жар болуу чоң бакыт экенин сездим. Бирок бойдок кездин да өзүнчө кереметтери, жагымдуу учурлары бар экенин да тана албасак керек.
- Мырзалардан жаман көргөн сапатың?
- Мактанчаактык, обу жок кызганчаактык жана сөзүнө турбагандык. Кудайга шүгүр, мындай сапаттар жолдошумда жок.
- Үй жумуштарына кандайсың? Уй сааганды билесиңби?
- Үйдөн 5-6 уйду саап койчумун. Аялзатына тиешелүү бүт жумушту жасайм. Нан салып, огород кармап, тамак жасап дегендей, кара жумуштан да качпайм. Кайненем "сыртыңдан сени ак кол деп ойлошот болуш керек" деп күлүп калат. Шымаланып алып жакшы эле кыймылдайм.
- Жумуш кылуу жагынан мыкты айым экенсиң. Жандүйнө, дүйнөтааным жагдайы кандай?
- Жарды эмесмин. Өзүбүздүн, чет эл классикалык чыгармаларын окуп турам. "Келкел", "Жортуул", "Сынган кылычты" кайталап окуудан тажабайм. Ал эми жакында эле Полина Дашкованын "Источник счастья" деген китебин окуп чыктым.
- Майрамга каалооң…
- Ушул заманга жеткирген ардагерлерди бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун. Бөөдө кырсыктан алыс бололу. Дүйнөгө кыргыз элинин жаманын эмес, жакшылыгын, улуулугун, сулуулугун жарыя кылган, барктай алган жаштардын катары арбысын!
Маектешкен Назира СААЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!