Коомдук-саясый гезит
№11, 02.05.08-ж.




◄◄◄
  Под чьей "крышей" банкирша?

Президенту Кыргызской Республики Бакиеву К.С.
Обращение
Мы, учредители ОсОО "Аламедин базары", ранее неоднократно обращались с жалобами, а также Открытым письмом в адрес руководителя Администрации Президента Кыргызской Республики Садыркулова М.Ч., председателя ЦИК КР Кабиловой К.С. и в народную партию "Ак-Жол" о неблаговидных делах нынешнего депутата Жогорку Кенеш Кыргызской Республики Садыбакасовой Шарипы в ее бытность еще кандидатом в депутаты. Однако никакой реакции на наши жалобы нет.
Учредители уверены, что она не должна быть представлена в Жогорку Кенеше Кыргызской Республики, потому что ее моральные качества не соответствуют высокому званию народного избранника.
Во-первых, Генеральной прокуратурой КР на Садыбакасову Ш., управляющего Первомайским филиалом АКБ "Кыргызстан" Укуева Э. и главного бухгалтера филиала Байзакову Р.Д. было возбуждено уголовное дело по статье 169 УК КР - хищение в особо крупном размере денег у нас - учредителей ОсОО "Аламедин- базары", по факту хищения у государства 25.3 млн сомов путем предоставления недостоверных списков предприятий, задолженность которых переоформлялась по центральным кредитам Правительства республики, незаконную, эмиссию на 22 миллионов долларов США, по совершению незаконных действий с Жалалабадским хлопковым комбинатом, где уже имеются решения судов и др.
Во-вторых, в производстве Главного Следственного Управления МВД КР также находится уголовное дело в отношении Садыбакасовой Ш., о котором все стараются умолчать.
Следователями прокуратуры выносились постановления о привлечении в качестве обвиняемой Садыбакасовой Ш. от 26 марта 2007 года по ч. 1.2 ст. 221 и ст. 169 УК КР; Укуева Эркинбека - от 12 февраля 2006 года, и Байзаково Рысбюбю Дельшедовны от 24 марта 2007 года, которым было предьявлено аналогичное обвинение.
Садыбакасова органами следствия, согласно постановлению о привлечении в качестве обвиняемой, обвинялась в том, что она, являясь председателем правления АКБ "Кыргызстан" и осуществляя общее руководство банком 3 сентября 1999 года путем обмана учредителей - физических лиц ОсОО "Аламедин-базары", которые выдали доверенности на имя заместителя председателя правления банка Мамытова А., 7 сентября 1999 года в ее кабинете Мамытов А., не поставив в известность учредителей заключил соглашение с ОсОО "Мурас-спорт" в лице его тогдашнего директора М.Салымбекова о купле-продаже принадлежащих учредителям их долей в уставном капитале ОсОО "Аламедин-базары", и 8 сентября 1999 года по расходному ордеру №52 А.Мамытов получил от ОсОО "Мурас-спорт" деньги в сумме 475 тысяч долларов США. В последствии эти денежные средства не были переданы учредителям ОсОО "Аламедин-базары", а были потрачены по указанию Садыбакасовой на различные нужды, при этом никаких налогов в доход государства ни банком ни лично Садыбакасовой уплачено не было. Это налоговой службе республики известно из наших обращений, но никаких мер не принято.
Из указанной суммы денег - 100 тысяч долларов США Садыбакасова через управляющего Первомайским филиалом банка - Укуева Э. и Байзакову Р. Направила на приобретение простого векселя через подставное, не существующее лицо - Ким В.С., по несуществующему паспорту, подделав его подпись. При этом банк обязан был выдать ему 12 процентов через полгода. Эта операция вновь повторялась с выплатой несуществующему Ким В.С. 16 процентов годовых. А 26 тысяч долларов США она передала некой Майе Султашевой - не являющейся учредителем ОсОО "Аламедин-базары" - за что такая щедрость? Оставшуюся сумму Садыбакасова Ш. также использовала не по назначению, что установлено актом документальной проверки.
Вначале это уголовное дело расследовал следователь Рисбаев К., который его необоснованно прекратил 27.04.06 г. И постановление старшего прокурора Б.Артыкбаева от 5 декабря 2006 года было отменено его постановление, потом это дело находилось в производстве следователя Алымова Э., срок следствия был продлен до 11 августа 2006 года, потом дело опять прекратили, потом опять отменили и вновь прекратили. Последнее постановление следователя Алымова Э., от 12 мая 2007 года свидетельствует о прекращении уголовного дела в отношении всех троих.
На неоднократные жалобы в адрес Генерального прокурора КР Сатыбалдиева Э., ответов не получено.
В Настоящее время постановлением судьи Первомайского района Молдобаева А. от 6 марта 2008 года была удовлетворена жалоба адвоката в интересах учредителей ОсОО "Аламедин-базары" об отмене постановления следователя Генеральной прокуратура Кыргызской Республики Алымова Э. от 12 мая 2007 года о прекращении уголовного дела в отношении Садыбакасовой Ш., Укуева Э. и Байзаковой Р. Однако прокурор Первомайского района Токтогулов К., не участвую в этом деле, внес на данное постановление кассационное представление.
Учредители ОсОО "Аламедин-базары" повсеместно при рассмотрении своих претензий к Садыбакасовой Ш. и другим испытывают политическое влияние на сотрудников судебно-следственных органов, занимающихся решением этих вопросов.
Почему вся эта волокита, длящаяся уже не первый год, устроена работниками Генеральной прокуратуры? Не потому ли, что сама Садыбакасова в доверительных беседах говорит о том, что ничего с ней не сделают, потому что у нее много денег, и она всех купила, что ее полностью поддерживает руководитель Администрации Президента Кыргызской Республики Садыркулов М.Ч., который с ее слов помог ей стать депутатом.
Не потому ли все наши попытки восстановить свои права не увенчались успехом? Не потому ли, что Садыбакасова Ш., будучи в свое время членом печально известной партии "Алга - Кыргызстан", потом стала одним из лидеров созданной ею же партии женщин, а затем, став членом народной партии "Ак-Жол", в течение буквально одного месяца, вошла в его предвыборный список под номером 21и стала депутатом ЖК КР, а также членом политсовета партии? Хотя еще в предвыборный период наша жалоба имелась в ЦИК КР и у руководства народной партии "Ак-Жол". Однако Садыбакасовой Ш. все же выдали мандат депутата.
О ее других не неблаговидных делах неоднократно писала пресса, и нам стало известно, что Садыбакасова также незаконно сделала эмиссию в банке на 22 миллиона долларов США, обманув акционеров банка, совершила незаконные действия с Жалалабадским хлопкоочистительным заводом, когда приняв на себя активы и пассивы завод, вместе с кредиторской задолженностью турецкой фирме "Маржинал" Садыбакасова вместе с дочерью - Абировой Н. трижды ездила в Турцию, где получив 386 тысяч долларов США, отказалась подписывать взаимозачеты с хлопкоочистительным заводом на эту сумму, фактически присвоив деньги. По этому факту материалы находились в МВД КР у следователя Абдылдаева Болота.
Как может человек, творя такие дела, быть депутатом Жогорку Кенеша?
Учредители ОсОО "Аламедин-базары" убедительно просят Вас разобраться в вопрос покровительства Садыбакасовой Ш. и принять все меры к тому, чтобы Садыбакасова Ш. не только не находилась в стенах Жогорку Кенеша КР, но и наконец понесла за свои дела заслуженное наказание.
От имени учредителей ОсОО
"Аламедин-базары"
Сулайманов Т.Т.,
Ибраева К.Э.,
Кыдаралиева Н.А.,
Абдыраимова К.А.,
Каримова Б.М.,
Ногойбаева С.З.
Скрипкина Г.А.



Колдогон кожосуна ишенгендер...
Кыргыз республикасынын президенти К.С.Бакиевге
Кайрылуу
Биз, "Аламүдүн базары" ЖЧКнун ээлик кылуучулары буга чейин да бир нече жолу президенттин администрациясынын башчысы М.Ч.Садыркуловго БШКнын төрайымы К.С.Кабиловага жана "Акжол" элдик партиясына азыркы учурда Жогорку Кеңештин депутаты Шарипа Садыбакасованын депутаты талапкер учурундагы кыңыр иштери туурасында арызданганбыз жана ачык кат менен кайрылганбыз. Бирок арызыбызга бүгүнкү күнгө чейин эч ким көңүл бурган жок. Биз Ш.Садыбакасованын моралдык сапаттары Жогорку Кеңештеги эл өкүлүнүн бийик наамына туура келбейт деп эсептейбиз.
Биринчиден, Баш прокуратура тарабынан Ш.Садыбакасовага, "Кыргызстан" АКБнын Биринчимай филиалынын башкаруучусу Э.Укуевге жана филиалдын башкы бухгалтери Р.Байзаковага бизден, "Аламүдүн базары" ЖЧКнын ээлик кылуучуларынан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уурдоо, карыздары КР өкмөтүнүн бобордук кредиттери боюнча кайрадан катталган ишканалардын такталбаган тизмесин берүү жолу менен мамлекеттен 25.3 млн сом акча каражаттарын уурдоо, 22 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү мыйзамсыз эмисси жана Жалалабаттагы пахта комбинаты боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүү фактылар КР ККнын 169-статьясына ылайык кылмыш иши козголгон. Экинчиден, КР ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын өндүрүшүндө да Ш.Садыбакасовага козголгон кылмыш иши бар, бирок ал туурасында бүгүнкү күнгө чейин эч ким унчуга элек.
Прокуратуранын тергөөчүлөрү тарабынан КР ККнын 221-статьясынын 1.2 бөлүгүнө жана 169-статьясына ылайык Ш.Садыбакасованы айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө 2007-жылдын 26-мартында, Э.Укуевге 2006-жылдын 12-февралында жана Р.Байзаковага 2007-жылдын 24-мартында токтомдор чыгарылган. Тергөө органдарынын жогорудагы токтомуна ылайык Ш.Садыбакасовага төмөндөгүдөй айып тагылган: "Кыргызстан" АКБнын төрайымы кызматында иштеп туруп 1999-жылдын 3-сентябрында банкты жалпы жетектөө менен "Аламүдүн базары" ЖЧКнын ээлик кылуучу адамдарын алдаган. Тактап айтканда ээлик кылуучулар банк башкармалыгынын төрагасынын орунбасары А.Мамытовдун наамына ишеним кат беришкен. 1999-жылдын 7-сентябрында Ш.Садыбакасованын кабинетинде А.Мамытов ээлик кылуучуларды кабардар кылбай туруп, алардын "Аламүдүн базары" ЖЧКнын уставдык капиталындагы үлүшүн сатып алуу туурасында "Мурас спорт" ЖЧКнын ошо кездеги директору М.Салымбеков менен келишим түзгөн жана 1999-жылдын 8-сентябрында А.Мамытов №52-чыгаша ордери боюнча "Мурас спорт" ЖЧКнан 475 миң АКШ долларын алып кеткен. Бул акча каражаттары "Аламүдүн базары" ЖЧКнын ээлерине тийген эмес, Садыбакасованын көрсөтмөсү боюнча ар кандай керектөөлөргө жумшалган жана ал акчадан мамлекеттин пайдасына банк тарабынан да, Садыбакасованын жеке өзү тарабынан да эч кандай салык төлөнгөн эмес. Республиканын салык кызматы бул факты боюнча биздин кайрылууларыбыздан улам кабардар болсо да эч кандай чара көргөн жок. Жогорудагы аталган акча суммасынан 100 миң долларды Ш.Садыбакасова банктын Биринчимай филиалынын башкаруучусу Э.Укуев жана бухгалтер Р.Байзакова аркылуу В.С.Ким аттуу орун жазгырма адамдын атына жөнөкөй векселдерди сатып алууга жумшаган. В.С.Ким деген адам дегеле жок, паспорт да жок. Анын колун өзүлөрү жасашкан. Буга ылайык банк В.С.Кимге жарым жылдан соң 12 пайыз акча төлөп берүүгө тийиш болгон. Бул операция табиятта жок В.С.Кимге жылдык 16 пайыз акча төлөп берүү менен дагы кайталанган. Ал эми 26 миң долларды Ш.Садыбакасова "Аламүдүн базары" ЖЧКнын ээлик кылуучусу болбогон Мая Султашева деген бирөөгө берип жиберген. Мындай берешен жоомарттыкты кантип түшүнсө болот? Калган акча да Ш.Садыбакасова тарабынан өз билгендей жумшалган, муну документалдуу текшерүү тастыктаган.
Бул кылмыш ишин адегенде К.Рысбаев аттуу тергөөчү тергеп, 27.04.06-ж. эч бир негизсиз токтоткон. 2006-жылдын 5-декабрында улук прокурор Б.Артыкбаев тарабынан анын токтому жокко чыгарылып, иш тергөөчү Э.Алымовдун өндүрүшүнө өткөрүлгөн, тергөө мөөнөтү 2007-жылдын 11-августуна чейин узартылган. Андан соң кайра токтотулуп аны кайра жокко чыгарышып, кайра токтотушту. Тергөөчү Э.Алымовдун 2007-жылдын 12-майындагы акыркы токтому үчөөнө тең кылмыш иши токтотулганын күбөлөндүрүп турат. КР Баш прокурору Э.Сатыбалдиевге болгон бир нече даттанууларга да эч кандай жооп алынган жок. Азыркы учурда Биринчимай районунун судясы А.Молдобаевдин 2008-жылдын 6-марттагы токтомуна ылайык "Аламүдүн базары" ЖЧКнын ээлик кылуучуларынын кызыкчылыгын колдогон адвокаттын Баш прокуратура тергөөчүсү Э.Алымовдун Ш.Садыбакасовага, Э.Укуевке, Р.Байзаковага карата кылмыш иши токтотуу туурасындагы 2007-жылдын 12-майдагы токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү даттануусу канааттандырылды. Бирок Биринчи май райпрокурору К.Токтогулов бул ишке катышпай туруп аталган токтомго кассациялык арыз кийирди.
"Аламүдүн базары" ЖЧКнын ээлик кылуучулары өзүлөрүнүн Ш.Садыбакасовага карата дооматтарын кароо учурунда бардык жерде бул иш менен алектенген соттук-тергөө органдарынын кызматкерлерине таасир көрсөтүлүп жатканын сезишүүдө.
Эмне себептен Баш прокуратура бул ишти жылдан-жылга создуктуруп келе жатат? Балким Ш.Садыбакасовага эч ким тие албастыгын, акчасы көп экенин, баарын сатып алганын, аны президенттин Администрация башчысы М.Ч.Садыркуловдун өзү колдоорун, депутаттыкка да анын аркасы менен жеткенин айтып жүргөндүгүнөн уламдыр? Биздин өз укугубузду кайра калыбына келтирүү боюнча жасаган иш-аракеттерибиздин текке кетип жатканы да ушундан чыгаар? Балким Ш.Садыбакасова өз учурунда арты кайгылуу бүткөн "Алга Кыргызстан" партиясына мүчө, андан соң өзү түзгөн аялдар партиясына лидер, андан кийин "Акжол" партиясына мүчө болуп, бир ай ичинде анын шайлоо тизмесине 21-чи болуп кирип, ЖКга депутат шайланып калганынан улам биздин "тишибиз өтпөй" жаткандыр?
Шайлоо алдынан биздин даттануу арызыбыз КР БШКга жана "Акжол" партиясынын жетекчилигине жиберилсе да ага карабай депутаттык мандатты берип коюшту. Анын башка кыңыр иштери туурасында да басма сөз беттеринде көп жолу жазылды. Ш.Садыбакасова банкта 22 млн АКШ доллары өлчөмүндө мыйзамсыз эмиссия жасагандыгы, банктын акционерлерин алдап Жалалабаттагы пахта тазалоочу завод менен мыйзамсыз иштерди жүргүзгөндүгү, т.а. өзүнө заводдун активин (колдогу акча жана карыз мүлк каржы) жана пассивин (карыз боюнча милдеттенмелер - ред) "Маржинал" аттуу түрк фирмасына болгон кредиторлук карызы менен жаздырып, кызы Н.Абирова менен Түркияга үч жолу барышкан. Ш.Садыбакасова ал жактан 386 миң доллар алып, завод менен аталган суммадагы өз ара эсептешүүгө кол коюудан баш тартып акчаны өзүнө энчилеген. Бул факты боюнча материалдар ИИМдин тергөөчүсү Болот Абдылдаевге берилген.
Ушундай иштерди жасаган адам кантип Жогорку Кеңештин депутаты боло алат? "Аламүдүн базары" ЖЧКнын ээлик кылуучулары Ш.Садыбакасованы калкалап, колдоо маселесин териштирип берүүнү, ошондой эле Ш.Садыбакасова Жогорку Кеңеште отурмак тургай аны кыңыр иштери үчүн жазага тартуу боюнча бардык чараларды көрүүңүздү сизден өтүнөбүз.
"Аламүдүн базары" ЖЧКнын ээлик кылуучулары
Сулайманов Таалайбек,
Ибраев Кубатбек,
Кыдыралиев Нурланбек,
Абдыраимов Кылычбек,
Каримов Бахтияр,
Ногойбаев Сарынбай,
Скрипкина Галина













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!