Коомдук-саясый гезит
№11, 02.05.08-ж.




◄◄◄
  Бир чырдын чыны

КР Финполициясынын тергөө башкармалыгынын начальниги, полковник Турарбек Масыбаев:
"И.Кадырбеков мыйзам алдында толук жооп берүүгө тийиш"
Белгилүү саясатчы, коммунист И.Кадырбековдун КР финполициясы тарабынан кармалып, шектүү адам катары Бишкек шаардык ИИБнун убактылуу кармоочу изоляторуна 10 күндүк мөөнөткө жабылышы коомчулук арасында өзгөчө сенсация жаратты. Эгерде тагылган айыптары далилденип, сот алдына тизелечү болсо коммунист мырза коммунизмдин асыл идеяларын бир далай жылдарга темир тор артында отуруп өнүктүрүүгө аргасыз болот. Анын жактоочулары Кадырбековду коргоо комитетин уюштурушуп, анын кармалышын саясий куугунтук катары баалашты. Ал эми коммунисттер жана социал-демократтардан турган он депутаттын Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чыгарып берүү жөнүндөгү Бишкектин Ленин райсотуна жолдогон өтүнүчү канааттандырылган жок. Окуянын чоо-жайы менен таанышсак деген максатта КР финполициясынын тергөө башкармалыгынын начальниги, полициянын полковниги Турарбек Масыбаев мырзага бир нече суроолор менен кайрылдык.
- Турарбек Жакыпбаевич, И.Кадырбековдун кармалып айып тагылышынын себептери кандай?
- Финансылык полициянын тергөө башкармалыгы тарабынан 2008-жылдын 16-апрелинде архитектура жана курулуш боюнча Мамагенттигинин жетекчилигине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогонбуз. Бул агенттикти 2005-жылдан тартып 2008-жылдын январь айына чейин Ишенбай Кадырбеков жетектегени маалым. Кылмыш ишинин козголушуна анын аталган мекемени жетектеп жүрүп кызматтык кылмыштарды жасоо жолуна түшкөндүгү себеп болду. Өткөн жыл аягында жана бул жылдын башында Нарын, Ысыккөл жана Баткен областтарында жер титирөөлөр жүрүп, карапайым калкты азапка салганына баарыбыз күбө болдук. Бул каргаша кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу максатында өкмөт токтом чыгарып, ал жерлерде мектептерди долбоорлоо жана куруу боюнча көзөмөл жүргүзүүнү И.Кадырбековго жүктөгөн. Бирок И.Кадырбеков өзүнө берилген мындай укукту элдин эмес, өзүнүн кызыкчылыгына кыянаттык менен пайдаланган. Айталык, мектептер И.Кадырбековдун көрсөтмөсү боюнча бат кураштырылчу конструкциялар менен тургузулган. Ал бүт ишти өзү башкаргандыктан подрядчиктер аны менен макулдашпай туруп субподрядчиктерди өз алдынча тандоого, курулуш материалдарын ал көрсөтпөгөн фирмалардан алууга укуктары болгон эмес. Каржылоо өкмөттүн эсебинен жүргүзүлгөндүктөн, бүткөрүлгөн иштин наркы 2-3 эсеге көтөрүлгөн. Мындан тышкары И.Кадырбеков мамлекеттин эсебинен каржыланган подрядчиктерден жалпы транштын 10 пайызын нак акчалай алып турган. Ал эми курулган мектептердин сапаты боюнча дооматтар өтө эле көп, алар талап кылынган нормаларга жооп бербейт. Ички инженердик коммуникацияларга, желдетүү, жылытуу иштерине мониторинг жүргүзүлгөн эмес. Мектептердин өздүк наркы эки эсеге жогорулаган. Бул мектептер жок дегенде 30-40 жылга чейин иштеп берет деген кепилдик жок.
- Билим министри И.Болжурованын чыркыраганындай эле бар экен да? Аталган мектептердин курулушунан мамлекет канча зыян тартты экен?
- Учурда келтирилген зыян такталып жатат. Бирок мен ойлойм, бул аз акчалар эмес.
- Дагы башка себептер барбы?
- Бар. Иш козгоп жатып биз Мамкурулуштун жетекчилиги эмес, ылдыйкы жана орто чынжырдагы кызмат адамдары менен териштирүү болотко деп ойлогонбуз. Бирок жиптин учу чубалып отуруп өйдө жакка жетти. И.Кадырбековдун "ишмердүүлүгү" жеке эле жогорудагы мектептердин курулушу менен чектелбегени анык болду. И.Кадырбеков аталган мамагенттикти жетектеп турган учурунда мамкурулуштун атынан Бишкекте кичи район куруу боюнча бир компания менен келишим бекиткен. Бул өкмөттүк "КР архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү" Жобосуна эч бир туура келбейт. Андай болгон соң И.Кадырбеков өзүнүн кызматынан кыянаттык менен пайдаланган дегендикке жатат. Келишимдин өзү да мамлекетке зыян келтиргидей түзүлгөн. Так айтканда курулуш фирмасы турак-жайдын наркын өйдөлөтүү жагына укук алган. Мындан тышкары фирмага бир нече жылдар бою жер салыгын, ижара акысын төлөбөй жер участокторун өздөштүрүүгө да укук берилген. Учурда мамлекетке бул жактан да келтирилген чыгым такталып жатат.
- Мындай бакты-таалайлуу фирманын ээси да аныкталдыбы?
- Азыр аны да тактап жатабыз. И.Кадырбеков өзүнүн 2006-жылдын 9-ноябрындагы №305-буйругу менен дагы башка бир ЖЧКга (тергөө кызыкчылыгына ылайык атын атабай туралы) Бишкектин түштүк тарабында эч кандай тийиштүү документтери жок эле турак-жай комплексин долбоорлоп курууга уруксат берген. Бул да мыйзамсыз буйрук.
Айта берсек дагы көп. И.Кадырбеков КР Жер кодексинин 62 статьясынын 4 бөлүгүн жана 64-статьясын одоно бузуу менен бир нече адамдардын жер участокторун өзүнө кайрадан каттаткан. Бул адамдар ал участоктордон өзүлөрү баш тартышкан делинет. Өзүңөр билесиңер мыйзам боюнча шаарда ар бир адамдын жер участогу 0.006 га (6 сотых) дан ашпоого тийиш. Кадырбековдун мыйзамсыз ээлеп алган 0.16 га жерин өзүнө мурда берилген 0.17 га участогун кошкондо 0.33 га жерди түзөт. КР Жер Кодексинин 32-статьясына ылайык жер участогу бир жолу жана акысыз берилет. И.Кадырбеков болсо Бишкектин чет жагынан 0.8 га жерди дагы бир жолу акысыз алган. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого милдеттүү болгон бул ири чиновниктин мыйзамсыз иштери муну менен гана чектелбейт, башка да фактылар чыгууда. Азыр алар оперативдүү тергөө жолу менен текшерилүүдө. И.Кадырбековго учурда КР ККнын 304-статьясынын 2 бөлүгүнө (кызмат абалынан кыянат пайдалануу ( ылайык бир нече эпизоддор, 305-статьясы (кызмат укугун ашыкча пайдалануу) жана 308-статьясы (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) боюнча айып тагылды.
- Кечиресиз, И.Кадырбеков өзүнө-өзү арыз жазып, маселе чеччү экен деп уктук?
- Бул факты чындык. Мына өзүңүз көрсөңүз болот. 2007-жылдын 23-октябрында мамкурулуштун директору И.Кадырбеков гражданин И.Кадырбековго Бакаев Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өзүнүн жерине көп кабаттуу турак-жай курганга уруксат берген каты бар. Бул жерде маселенин юридикалык жагына караганда этикалык жагына көңүл буруу керек деп ойлойм. Анткени формалдуу түрдө муну тартип бузуу деп атабай койсок деле болот. Жер ээси жалгыз өзү болсо анан ким арыз жазмак деп коелу. Бирок мунун өзү мамлекеттик ири кызмат адамынын этикасына түк туура келбеген жорук. Мындай уруксат кагазды ошол эле И.Кадырбековдон айлап-жылдап чуркап алалбаган адамдар бар экен, бизге өзүлөрү чалып жатышат. Тийиштүү документтерин азап менен чогултуп, анан акырында И.Кадырбековдун бир гана колу калганда чиновник "бирдеме таштоо" керек экенин айтат, бирок принципиалдуу түрдө сокур тыйын бербейм деп келген бир аксакал (атын атай албайм азырынча) чалды.
- И.Кадырбековдун тагдырына кызыгып чалып атышкандар көп чыгаар?
- Ачыгын айтканда менин өзүмө, финполициянын жетекчилигине ондогон адамдар чалып, ыракматын айтып жатышат. Коомчулуктун мындай реакциясына биз ыраазычылык билдиребиз. И.Кадырбековдун мыйзамсыз өзүм билемдигинен азап тарткан, чекеге чыккан чыйкан болду деген адамдар көп экен, ар бир жаңы ачылган фактылар боюнча тыкыр териштирүүлөр сөзсүз болот. Кыскасы И.Кадырбеков өзүнүн мыйзамсыз иштери үчүн толук жооп бериши керек. Финполиция жер-курулуш жаатында кызматынан кыянаттык менен пайдаланган башка чиновниктерди да жоопко тартуу зарыл деп эсептейт, ошондуктан жакынкы убактарда өлкө өзүнүн жаңы "баатырларынын" ысымдарын угат деп ойлойм.
- Турарбек Жакыпбаевич, И.Кадырбековдун оппозициянын Курултайы өтөөрү менен эле кармалышынан улам айрым адамдар муну саясий куугунтук деп чыгышты. Сиздин оюңузча И.Кадырбековдун кармалышына саясий ишмердүүлүгү да кай бир өлчөмдө себеп болду деп ойлойсузбу?
- Мен мындай ойдон өтө алысмын. Башкалардын да алыс болушун каалайт элем. Саясий ишмердүүлүгүн куугунтуктоо жөнүндө кеп болушу да мүмкүн эмес.
- Маегиңизге рахмат.

Бахтыяр ШАМАТОВ




  Сот залынан

Эркин мамбеталиев бардык айыптарды четке какты
28-апрель күнү тегереги өзгөчө катуу көзөмөлгө алынган Бишкектин Биринчимай райсотунда мурдакы спецназдын офицери Эркин Мамбеталиевдин үстүнөн сот иши уланды. Эсиңиздерге сала кетели соттолуучу Э.Мамбеталиевге Р.Акматбаевдин кылмыштуу тобунун курамында жүрүп 8 буюртма киши өлтүрүүгө катышкан деген айып коюлууда. Бул жолу сотко Э.Мамбеталиевди коргоочу тараптын өкүлү, ИИМдин Кылмышкерлерди издөө Башкармалыгынын мурдагы оперативдүү кызматкери Жаманкул Жунусов күбө катарында соттолуучу Э.Мамбеталиевдин пайдасына көрсөтмө берди. Анын айтымында 2004-жылдын 5-майында (Ч.Алиев атылган күнү) адегенде ак түстүү "Мерседеске" издөө жарыяланып, кийин белгисиз себептер менен күмүш түстөгү "БМВ" издөөгө алынган. Тергөөнүн божомолу боюнча полковник Ч.Алиевди аткандар, алардын ичинде Р.Акматбаев өзү да "БМВ" автомашинасында жүрүшкөн. Бул машине 2004-жылдын 14-майында "Кыргызавтомаш" ишканасынын гаражынан табылган. Мурдагы опердин билдирүүсүнө караганда ИИМдин чоңдору Ч.Алиевдин өлүмүн иликтөө иштеринин жүрүшүнө ичтери чыкпагандыктан министрдин ошо кездеги орун басары Р.Райымбердиев жана ГУУРдун начальниги Ж.Жакыпов Р.Акматбаевдин тобуна мүчө деген шек менен кармалган Чынарбек Кожалиевди аянбай "пресстеп" керектүү көрсөтмөнү сыгып алганга тапшырма беришкен. Ал эми күбөнүн кылмыштуу топтун мүчөсү Таалай Абасовдун өлүмү боюнча берген көрсөтмөсүнө караганда окуя болоор алдында анын үйүнө батирди шылтоолоп бирөө келген. Айрыкча үйдүн кирген, чыккан эшиктерин шашпай карап кеткен бул неме(лакап аты "Рэмбо") Марат Райымбеков болуп чыккан. Т.Абасовдун жесири А.Жыртакова болсо күйөөсүнүн өлүмүнө адегенде өзгөндүк Самат деген неменин (лакап аты "Спартак") катышы бар десе, кийин анысынан айнып, Э.Мамбеталиевди күнөөлөй баштаган.
Соттун жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн соттолуучу Э.Мамбеталиевдин көрсөтмөлөрү процесс катышуучуларынын арасында күбүр-шыбыр кызыгууларды жаратты. Э.Мамбеталиев ага коюлуп жаткан күнөөлөрдөн дагы бир жолу толук баш тартып, келтирилген далилдерди тергөө күбөлөрдү коркутуп-үркүтүү, кыйноо жана ойдон чыгаруу жолу менен алганын белгиледи. Ага айыпталуучу катары жоопко тартуу боюнча токтомдо көптөгөн катачылыктарга жол берилген. Токтомго "Э.Мамбеталиев УККда иштеп жүрүп аңдыганды өздөштүргөн" деп жазылса Э.Мамбеталиев эч качан УККда иштебегенин, мамлекеттин биринчи жетекчилерин коргоо менен шугулданган мамлекеттик коргоо кызматында иштегенин айтат. "Мени коргогонго жана сактаганга үйрөтүшкөн, мени болсо артынан түшүп, аңдып өлтүргөн деп күнөөлөшүүдө, - дейт мурдакы спецназ офицери. Ч.Алиевдин өлүмүнө токтолуп, кол салуу учурунда Ч.Алиевдин жанында отурган Беккулова аттуу кыздын көрсөтмөсүндө аны киллерлер ак түстөгү "Мерседестен" атышканын эске салды. Мамбеталиевдин шаардык ИИБнин транспорттук каражаттарды айдап качуу боюнча бөлүмүндө иштеген тааныштары өлтүрүү болуп өткөндөн жарым саат өтпөй эле аларга "БМВнын" номери белгилүү болгонун айтышкан. 14 күндөн кийин табылган "БМВнын" шопуру Тагаевге милиция кылмышкерлерге транспорт бергендиги үчүн деген гана айып такканы Э.Мамбеталиевди таң калтырат. Милиция Беккулованын телефондук сүйлөшүүлөрүн да текшерген эмес. Мүмкүн киллерге Ч.Алиевдин чыгып баратканы туурасында так маалыматты ошол Беккулова берип жүрбөсүн деген Э.Мамбеталиевдин божомолу да жүйөөлүдөй сезилет. Беккулова киллердин колунда 7.62 мм деги үн басаңдаткычтуу (глушитель) автомат болгондугу туурасында көрсөтмө берген. Демек өзүлөрүн атып жатканда Беккулова жаналгычтардын колундагы автоматты шашпай карап эске сактап калган окшобойбу? 7.62 мм калибрдеги автоматтын оозундагы үн басаңдаткыч өзү кандай болоорун укук коргоо жаатында иштеп жүрүп Э.Мамбеталиев буга чейин дегеле көрбөгөн экен.
"Чыныбек Алиев дайыма аны өлтүргөнгө бандиттердин духу жетпесин айтчу. Бирок буга "менттердин" духу жетээри жөнүндө ойлогон эмес экен", - дейт Э.Мамбеталиев. Ч.Алиевдин жесир калган жубайынын айтымында анын күйөөсүндө көптөгөн ири чиновниктерге карата компромат "бомба" болчу экен, анын арасында ИИМдин жетекчилери да болгон. Э.Мамбеталиевдин болжолунда Ч.Алиев анын баарын көчүртмө жасаган, ошондуктан анын жакындарынын артынан алиге чейин аңдып жүрүшөт.
"Ч.Алиевди өлтүргөндөр Кызыл Октябрь жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта отурушат", - дейт Э.Мамбеталиев. Бул имарат болсо ИИМге тиешелүү экенин элдин баары билет. Ал эми депутат Ж.Сурабалдиевди өлтүрүү учурунда Э.Мамбеталиев Аламүдүндөгү мечиттердин биринде жума намазында болгонун айтат. Аны мечиттин жанынан көп адамдар, мисалы, бир салык кызматкери да көргөн. Өткөн сотто салыкчы көргөнүн айтмак болгондо аны ГУУРдун кызматкерлери кармап көрсөтмөсүнөн баш тартууга аргасыз кылышкан. Соттолуучунун айтымында Ж.Сурабалдиевдин жан сакчысы Б.Айтматовдун көрсөтмөсү да так эмес. Өткөн сот жыйынында Б.Айтматов аткандар деп Э.Мамбеталиевди жана А.Нарматовду атаган. 1.5 жыл иликтеген тергөө болсо депутатты Э.Мамбеталиев менен Коноев атып өлтүргөн дейт. Ошондой эле Б.Айтматовдун айтымында А.Нарматов машиненин депутат отурган эшигин ачып "Жыргал байке!" деп кыйкырып туруп жан сакчыны аткылап кирген. "Ж.Сурабалдиев спортсмен, күрөшчү болчу. Маңдайында тапанча сороктотуп, жан сакчысын атып жатканда кантип тынч отуруп калмак?" - дейт соттолуучу Э.Мамбеталиев

Даярдаган Бахтияр ШАМАТОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!