Коомдук-саясый гезит
№11, 02.05.08-ж.




◄◄◄
 "БТ" мейманы

КР өкмөтүнүн регионалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов:
"ЧЕГАРАНЫ 1930-ЖЫЛкЫ КАРТАНЫН НЕГИЗИНДЕ ТАКТАДЫК"
- Саламат Күлөмбекович, убагында кыргыз-кытай чегарасын тактоодо Үзөңку-Кууш чуусу чыгып, өкcүгү али басыла электе казак-кыргыз чеги боюнча Каркыра чыры чыгып кетти. Эл деген эл экен, сиздин атыңызга да бир топ өйдө-ылдый сөздөрдүн айтылып жүргөнүнөн өзүңүз деле кабардар болсоңуз керек. Дегеле чегара тактоо маселелеринин оош-кыйышын өкмөттүн башкы адиси катары өзүңүздөн уксак деп келдик.
- Адегенде эле ачык айтып коёюн, чегара маселелеринен оппозициясы болобу же башка бир кыйкымчыл адамдардын тобу болобу, дайыма пайдаланып келишет. Ал кандай болуп чечилген күндө да баары бир чуу көтөрө беришет. Ушундай болуп келген жана да боло берет. Жанагы жигиттердин көпчүлүгү маселенин чоо-жайын билишпейт, колдорунда бирөөнү ынандырган бир да жүйөөсү, же документи жок. Бирок алар чегара маселесинен курулай кыйкырып жүрүп эле саясий упай топтоп алса болоорун эң жакшы билишет. Мисалы, мен ушу ишке жоопкер адис катары ой бөлүшүүгө ким болбосун, дайыма ачыкмын. Маселен Аламанов, сен мобу маселени туура эмес чечтиң, ал момундай чечилиши керек деген колунда жүйөөлүү негизи бар бир да киши басып келген жок, же кел талкуулайлы деп чакырышкан да жок.
- Көкөтөйдүн чырлуу ашы өткөн жер Каркырада бүгүн дагы жаңы чыр чыктыдебедикпи. Кайдагы бир замандагы картаны бетке кармайсыңар деген саясатчыларды да угуп аткан чыгаарсыз? Келишим болсо эчак ратификацияланып, күчүнө кирди. Айтыңызчы, Каркыра боюнча өткөн казак-кыргыз чегарасын тактоодо деги кандай принциптерди кармадыңыздар?
- Чынында менин кейигеним - биздин айрым саясатчылар чегара тактоо иши сызгыч менен шарт чийилип, бүтүшү керек дегендей түшүнүктө болушканына түк түшүнө албайм. Чегара эки тараптын бирдей кабыл алган документтеринин негизинде такталууга тийиш. Биз архивдик материалдарды көтөрүп карасак Бүткүл союздук аткаруу комитетинин 1930-жылдагы Кыргыз жана Казак АССРлеринин чегаралары жөнүндө токтому бар экен. Бул эки тарапка тең бирдей мааниси бар документ. Башка негиз болоор документ болгон эмес. Ал эми 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Совети "Кыргыз ССРинин чегаралары жөнүндөгү Указын чыгарып ага кошуна 4 мамлекет менен болгон чегара картасы тиркелген. Бирок бул биздин башка мамлекеттер менен макулдашылбаган ички документ. Ал эми баягы 1930-жылдагы токтомду тастыктаган карта 1938-жылда барып чийилген. Мына ушу документтерге таянып казак-кыргыз чектерин тактадык. Эл аралык нормаларга ылайык чегара сызыгы тоо болсо анын кырларынан, суу болсо агымдын ортосунан өтүшү керек. Айрым жерлерде эки эл ыңгайына жараша пайдаланып келген участоктор бар. Юридикалык жактан биздики, бирок казактар пайдаланып келген же тескерисинче юридикалык жактан алардыкы, бирок биздин эл пайдаланып келген. Биз чегара тактоодо ушул адамдардын эзелтен бери калыптанган жашоо ыңгайын бузбашыбыз керек деген принципти башкы орунга койдук. Так айтканда, ошо жерлерди баланстан баланска гана өткөрдүк. Башка талаш участоктору боюнча да ушинтип чечиштик. Болгону ушул. Биз муну шарт эле чече койгон жокпуз. Жергиликтүү адистер, эл менен кайра-кайра кеңешип, талкуулап атып ушундай чечимге келдик, эки тараптан тең пикир келишпестик болгон жок.
Мен өз оюмда ойлоп аткам, буюрса тынч келишип, чечип алдык го деп. Дегеле кыргыз-казак чектерин тактоо тарыхы тээ илгерки замандарга кетет. Маселен, менин колума жакында уникалдуу бир тарыхый документ тийди. 1873-жылдын 18-июнунда Текестин Сүмбө деген жеринде кыргыздар, ойроттор, казактар калмактардын уруу башчы, болуштардан турган кадырлуу адамдарынан турган жыйын өтүп, кыргыз тараптан айтылуу Кыдыр аке (Түргөн, Аксуу болуштугу), Нурдөөлөт (Карой, Сарой болуштугу), Өмүрзак (Барскоон болуштугу), Күнтууган (Торайгыр болуштугу) жана Ысыккөл уезд башчысынын кичи жардамчысы Чыныбай Тилекмат уулу катышкан. Ар бир уруу башчысынын мөөрү басылган бул документте момундай деп жазылыптыр:
"… После долгих переговоров не могли прийти к единому соглашению и убеждены, что сами оного достичь не могут и потому просят русское начальство распределить между ними земли". Орус төрөлөрү бул каттын негизинде жерлерди бөлүштүрүп беришкен. Менин пикиримде 1930-жылкы сызылган чегара тилкеси да ушу документтин негизинде жүргүзүлгөн болушу мүмкүн. Эми бул түйшүктүү узак ишке буюрса чекит койдук деп турганда оппозициябыз деген адамдар туурадан жыра тартып, артыкбаш, эч кимге пайдасы жок дүрбөлөң чыгарып жатышат. Алардын колунда мыдыр аргументи болсочу, сатты, берди деген куру кыйкырыктан башка эчтемелери жок. Элге болсо "Аламановду чакырсак качып келбей койду" деген карандай калпты жайып жүрүшөт. Дагы бир айтайын, мен кайда болсо да барууга даярмын. Элге түшүндүрүү менин милдетим. Эл дайыма туура жана калыс түшүнөт. Канча жолу айтып түшүндүр дешсе ошончо түшүндүргөндөн качпайм да танбайм да. Атаңгөрү, татынакай эле кыргыздын жигиттери, миллиондорду басып алганга баштары жетет да, анан… Абийирди да кошо ала жүрүш керек го?
- Саламат Күлөмбекович, кыргыз-казак чегара тилкелери толук такталып бүттү окшойт. Эми өзбек, тажик туугандар менен такташууга туура келет. Кандай ойлойсуз, бул маселелерде да Үзөнгүкууш, Каркырадагыдай чырлар чыкпайбы?
- Чегара такташуу маселелеринен атайлап болсо да чыр чыгарса да боло турганына күбө болуп жатабыз. Бирок чегара тактоону баары бир аягына чыгарышыбыз керек. Учурда калган эки кошуналар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буга чейин тажиктер менен 16, өзбектер менен 54 жолу жолугуштук. Бүгүнкү күнгө 970 км кыргыз тажик чегарасынын 490 км такталып бүттү. Бул негизинен Түркстан, Алай тоо кыркалары менен кеткен жерлер. Кыйынчылыктын баары ылдыйда, өрөөнгө түшкөндө башталат. Анткени өтө аралашып, чаташып кеткен жерлери көп. Ал эми Өзбекстан менен болгон 1395 км чегаранын 1050 км тактадык. Калган татаал жерлерин дагы сүйлөшүп атабыз. Буюрса чечкенге аракет кылабыз деген ой бар. Мындан ары сүйлөшүүлөр чукул-чукул болуп турмакчы.
- Аңгемеңизге ырахмат.

Бахтияр ШАМАТОВ




  Кыштын камын жазда көр

Болбогонду болтурабыз! Токтогулду толтурабыз!
Деген ураандын деми мененби, айтор, өкмөт Токтогул суу сактагычын толтуруу боюнча токтом кабыл алды. Ал токтомдо ошондой эле элди жана экономиканы кышка даярдоо чаралары да каралат.
Өткөн кыштын ызгаар суугуна карабай министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү бийликтер, отун-эрегетика ишканалары кыштан аман-эсен чыгышты дейт өкмөт. Бирок катал аба-ырайы, элдин жана экономиканын энергетикалык керектөөсүнүн баланстталбаганы, электр энергиясын колдонуу режимин башкаруунун эффективдүү механизмдеринин жоктугу, жылуулук камсыздоонун сапатынын начардыгы жана лимитти сактабай, энергияны башаламан пайдалануу республика боюнча энергосистемасында кубаттуулукту жана электрэнергиясын пайдалануунун кескин өсүшүнө алып келди. Буга алдын ала даярданбаган өкмөт менен эл катуу жүдөдү. Жүдөгөн элди ызгаар чилдеде сууктан сактап туруш үчүн ГЭСтерде энергия көп өндүрүлүп, натыйжада Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кризистик деңгээлге - 6.5 млрд куб метрге чейин азайып кетти. Ал эми кыштын башталышына карай суунун көлөмү 12 млрд куб метрге чейин толукталышы керек.
Суу балансына байланышкан ушул жагдайды эске алып, өкмөт суу-энергетикалык кырдаалды стабилдештирүү боюнча штаб түздү. Штаб түзүлөрү менен анын Планы да бекиди. План суу сактагычты сууга толтуруу жана калкты кышка даярдоо иш-чараларын камтыйт. Ага ылайык эми бардык мамлекеттик мекеме-уюмдар
- энегрияны лимит менен иштетип, запас отун топтошу;
- саратанга чейин отун-суусун камдоочулар менен макулдашуу жүргүзүшү;
- электроприемниктерди, автономдуу энергия булактарын, генераторлорду жана аккумулятордук батареяларды алышы;
- электр жылыткычтарын альтернативдүү жылыткычтарга өткөрүү программасын тез арада иштеп чыгышы;
- жылыткыч жайлардын даярдыгын текшериши керек.
Ушуларды аткарыш үчүн өкмөт ар бир министрликке, комитетке, агенттикке, жергиликтүү бийликке олчойгон тапшырмаларды берди.
Түйшүктүн көбүн Өнөржай, энергетика министрлиги тартмай болду. Каржы министрлигине да бюжетте каралбаган акчаларды табуу баш оорусу энчиленди. Канчасы кантип жана качан аткарылары туман. Биздикилерге ишениш кыйын.
Иши кылса иш көп, бирок Токтогул толуп, кыш жылуу болсо болду…













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!