Коомдук-саясый гезит
№11, 02.05.08-ж.




◄◄◄
  Кул заман, пул заман

Сахалин сапары
(Башы өткөн сандарда)
Сахалиндин аба-ырайы кызык, карап турсаң тим эле кылтылдама кыял эрке айымдын өзү, жаркырап тийип турган күнү бир заматта бүркөлүп, жаан төгүп иет, кайра басылса басылып калат, кай бир учурларда кечке шатырата жаап туруп алат. Ошондой убакта жумуш токтойт, топ-топ болуп ар кайсыл жерге коргологон балдардын көбүнүн эрмеги Кыргызстандагы саясат. Ош базарындагы баалардан тарта президенттин кабинетине чейин кирип кетишет. Саясат кыргыздын улуттук хоббиси эмеспи, болбосо жердин бул түбүндө жүргөн бизге окшогон мигранттарга эмне жок, Кыргызстандагы саясат бизсиз эле жүрүп аткандыр, башка кепти сүйлөсөңөр боло десең да уккудай түрү жок, ар кимиси өзүнүн кумирин көтөрө чаап аброюн коргогону коргогон. Бир тобу "Досбол Нур уулу мужик" десе башкалары "Жок, Мадумаров мужик", жок Текебаев, жок Эркебаев мужик" болушуп талаш-тартыштан кулак тунат.
Мужик деген саясатчыга берилген эң жогорку баа андан өткөн критерий жок. Мен унчукпай кулак төшөп коюп отура берем, "дискуссия айда табына чыгып, көз караштардын кагылышуусу жакалашмайга айланып кетээрде мага жабыша башташат. "Эй брат, журналистсиз, бирдеме деп сиз да айтпайсызбы, оозуңузга кум салып алып отура берет экенсиз да, талаша бергиле, мен өтө кызыгып угуп жатам, бу силер жогорку кеңеште майлис кылып отура турган эле балдар экенсиңер дейм. Ошентип кутулуп кетем. Мындай кызыл чеке талаш бир күнү океандын толкун уруп турган жээгинде уланды, он чакты "ярый" саясатчы мигранттар пийваны да дискотеканы да унутуп, кайра өзүлөрүнүн "тиги мужик, бу мужигине" киришти. Корсактын таксисттери киши ташыбай эле арак ташып, жекшемби күнү чоң зыяпаттын катышуучуларын тынбай "ысытып" турушат, биздин "саясатчылар" да талаш-тартыштын арасында 2-3 бөтөлкөнү бошотуп ийишкен соң Жогорку Кеңешке, президентке, өкмөткө кат жазуу керек, кайрылууда бул жерде эмне күндү көрүп атканыбызды ачык айталык, бирөө жарымы Сахалинге келип бизден кабар алсын деген талапты кабыргасынан коймой болушту, кат жазуу жагын мага тапшырышты. Депутатыбы, министриби кимиси келсе да океан жээгиндеги ушу жерге чакырып, кой союп сыйлоо лаазымдыгы айтылды. Сойгонго Сахалинде деги кой аттуу жок, аны кайдан табабыз, базарында балыгы менен чочконун этинен башка ырыстуу эт болбойт экен, бу жагын кантебиз эми деп депутат эртең эле жетип келип калчудан бетер бир топ сар-санаага да батышты. Талаш-тартыш кайсыл депутатты чакырыш керек, ошондон кайра тутанды. Көпчүлүк мигрант "саясатчылар" лейлектиктер болгон соң "Шадиев келсе болот эле, Мурат Жураевди чакырсак кантет? Экөө тең бай, байдөөлөт жигиттер, жол кире деген маселе болбос" дешсе, океан жээгинен Мадумаров, Досбол Нур уулу, Текебаев, Кулов менен жолугушууга ынтызарлар да көп экен. Булар чыгышты бир жактан. Кап, жакшы бир боз үй болгондо тиге коет элек деп оолуккандар болду. Ошентип бир сыйра ызы-чуу менен гүрү-гүү болушуп, анан бир кезде кайра мени желкелеп башташты, оюңду айтпайсың, пассивныйсыз дешти. Өзүнүн айтымында алтынчы разряд менен айлык алып жаткан атбашылык (бу да саясат өлөрманы) сварщик Калыбек "ушу кишиге да офисальный сөз берелик, обшум унчукпайт" деп чыкса аны баары колдоп кетишти "акем, даврага чыгың" дешти маган. Ошондо аргам түгөнгөндө өз оюмду айттым, мээге тепкен "девяткадан" ("Балтика-9" пийвасы) кылкылдата жутуп туруп, кадимки сессияда сүйлөп аткан депутаттардан бетер каадалуу баштадым.
Ортак мигрант саясатчылар! Катуу айтайын деген оюм жок эле, бирок жинге ушунчалык тийип, саясатыңар менен кишини күйгүзүп бүттүңөр. Мындан ары унчукпай чыдап угуп жүрө бергенге такат да, желания да калбады. Адегенде эле өз позициямды ырасмий түрдө билдирип коеюн, силер тиги мужик, бу мужик деп болбогон былжырак кепти чубап келатасыңар! Силерде обшум калла (баш) деген иштебей калыптыр! Мага муну айткыла: силер азыр кимдин жеринде жүрөсүңөр? Ким силерге иш берип, тил үйрөтүп Кыргызстандын министри албаган айлыкты ай сайын төлөп жатат? Өзүңөр эмес ата-бабаңар кармап көрбөгөн инструмент берип, иштегенди үйрөтүп, кесиптүү кылып аткан ким? Союз кулагандан бери кол тийгизе албай келаткан там-ташыңарды оңдоп, жаңы үй, жер сатып алып, тандап машине минип атасыңар. Ар бириңдин белиңде наркы бир сыйырдыкынан (уй) кем эмес бел телефон байлануу. Ушунун баарына силер кимдин эсебинен жетишип жатасыңар? Жооп бергилечи? Же силер таламын талашып жүргөн "мужик саясатчыларыңар" жеткирип атабы мунун баарына? Айтыңыз эле айтыңыз деп жанды койбойсуңар, өзүлөрү түшүнөбү десе… Менин оюм силерге ошончолук кызык болсо айтайын. Мен мужик саясатчы деп орус падышасы Владимир Владимирович Путинди айтам! Себеби мындай баага өзүбүздүн журт бийлеген жигиттердин ичинен татыктуу боло турган бир эмес, жарты адам да чыкпай турат. Чыкканда силер Сахалинге нан издеп келбейт элеңер да, туурабы? Ооздору менен орок оргондон башка кайсы "мужиктигин" айтып бүтүрө албайсыңар?! Түшүнбөйм, жолдош мигранттар… Келсин дейсиңер, кой союп күтөбүз дейсиңер, пейили кенен бечараларым! Мен келсин эмес, аларыңарды көрөйүн деген көзүм жок, чынын айтсам. Андан көрө мобул эле Корсаковдун мэри Заливкону же Сахалиндин губернатору Иван Малаховду суранып чакырсаңар ошолор көп маселелерди чечип беришмекпи дейм да. Оюм ушул, сөзүм да ушуну менен тамам. Жигиттер катуу ойлонуп калышты.
(Уландысы бар)
Бахтияр ШАМАТОВ




  Таймс пейдж

"Бишкек таймс плюс" гезитинин жооптуу катчысы Назира Саалиеваны жана кабарчыбыз Жазгүл Карбосованы удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Назира, Жазгүл, жашоодо баскан изиңер дайыма жакшылыктарга чалынып турсун. Ар бир көз ирмемдер бакытка жык толуп, бакубат жашооңордун дарагы дайыма бүрдөп турсун. Турмуштагы ар кыл кырдаалдардан кайраттуулук, күжүрмөндүүлүк менен чыгып, дайыма жакшынын шарапаты коштоп жүрсүн. Кудай жакшылыктарын силерден аябасын, жакындарыңардын бактысына ылайым бар болгула! Ишиңиздин ийгилиги арта берсин.
Кесиптештери

"Де-факто" гезитинин кабарчысы Алимова Дилбарды 1-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Дилбар, жүзүңдөн күлкү, жүрөгүңдөн махабат кетпесин. Калемиң мокобосун, ой-максатың орундалсын.
Айгүл, Сүйүн, Салима


Бишкек шаарынын тургуну Сарногоева Зинаны 3-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Апа, сыймыгыңызга сыймык, мээнетиңизге дөөлөт уланып, урмат-сый сизди жылоолоп, дагы узак жашаңыз.
Уул-кыздары

В-092. Сокулук районундагы Шалта-3 айылынын тургуну жездем Баялиев Совхозду келе жаткан 9-май майрамы жана туулган күнү менен куттуктайм. Жезде, эр ортону 50 жашыңыз кут болсун! Жүзүңүздөн күлкү, жүрөгүңүздөн сүйүү кетпесин.
Асан

В-093. Бишкек шаарынын тургуну Ибраимова Гүлзатты бүгүнкү туулган күнү менен куттуктайбыз! Ага бардык жакшылыктарды каалайбыз. Бар бол, бай бол!
Рахат, Гүлмира, Назира

В-094. Талас районуна караштуу Ортарык айылынын тургуну Жакып кызы Чынарканды келе жаткан 5-май майрамы менен куттуктайбыз. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз!
Бир туугандары

В-095. Талас районуна караштуу Ханбүргө айылынын тургуну апабыз Кутманалиева Гүлгакыны 1-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Апа, оору сыркоодон алыс болуп, өмүрүңүз узун болсун. Ылайым атам экөөңүздөр уул-кыздарыңыздардын сый-урматын, жакшылыктарын көрүңүздөр.
Уул-кыздары

В-096. Бишкек шаарынын тургуну Боромбаев Майрамбекти туулган күнү менен куттуктайбыз. Майрамбек, Акүйдө иштеп жатасың, иштеген ишиң элге ак жана так болсун. Ылайым ишиң илгерилеп, "зам" болгончо "сам" бол. Ар дайым денсоолукта болуп, балдарыңдын сый-урматын көр.
Классташтары

В-097. Таласта жашап жаткан классташыбыз Садыралиева Канышты 1-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Каныш, турмушта өмүр анан көңүл кымбат экен, өмүрүң узун болсун, көңүлүң эч нерсеге оорубасын.
Таалайкүл, Лариса

В-098. Айдай сулуу досубуз Айгүлдү өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайбыз. Айгүлгө бекем денсоолук, жарык маанай, бакубат жашоо каалайбыз. Айгүл, сен баскан жерде дайыма күлкү болуп, жашооңду жакшы жаңылыктар коштоп жүрсүн. Адамдык сапаттардын бардыгына эгедер болуп жүрүшүңдү тилейбиз.
Достору

В-099. Бишкек шаарынын тургуну Асарканова Назираны, туулган күнү менен куттуктайм. Назира, сага жашоодогу бардык жакшылыктарды, темирдей чың денсоолукту, ишиңе ийгиликтерди каалайм. Май айында махабатка мас болуп, турмуштан өз ордуңду табууңа чын жүрөктөн тилектешмин, билектешмин...
Жазгүл

В-100. 9-май жеңиш күнү менен кыргызстандык бардык мырзаларды куттуктайбыз. Мырзалар, силер мамлекетибиздин таянычысыңар. Ошондуктан дайыма бир принципте туруп, айткан сөзүңөрдү аткаргылачы.
Аделина, Нуржамал

В-101. Талас районундагы Манас айылынын тургуну инибиз Тилектин 29-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз. Тику, сага чың денсоолук, узак өмүр, ошондой эле ата-энеңди сыйлаган кыргыздан ыймандуу жигиттеринен болушуңду каалайбыз.
Бишкектен эжелериң

В-102. Бишкек шаарынын тургундары Акматова Клараны, Акматова Назираны 1-май майрамы менен куттуктайм.
Асан

В-103. "Таатан" соода борборунда иштеген Мусаева Айнураны келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Айнура, Кудай сага бул дүйнөнүн жакшылыктарын дайыма ыроолоп, телегейиңди тегиз кылсын. Жашооңдо жамандык көрбөй, каалаган ой-максаттарың орундалсын. Окууларыңа, иштериңе ийгилик каалайм.
Акыл

В-104. Бишкек шаарынын тургуну досубуз Жетигенова Назгүлдү 30-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз! Назгүл, келечекте уулуң Султандын урматын көрүп, Тараз экөөң бактылуу жашагыла. Дайыма жакшылыктардын үстүндө бири-бириңерди кызганбай жүрүшүңөргө тилектешпиз. Бар болгула, бай болгула!
Досторуңар

Кулактандыруу
"АйкаДем" бийчилер тобуна таланттуу, бийге шыктуу 15 жаштан 25 жашка чейинки улан-кыздарга жарыялаган кастинги аяктай элек. Кастингден өткөн таланттуу, улан-кыздар "АйкаДем" бийчилер тобуна кабыл алынат. Төмөндөгү телефондор менен байланышсаңыздар болот.
Хор-ф 0777 78-35-05
aigerim 91.@ mail.ru

***
Мырзабек Шакен уулунун жатаканага кирүү билети жоголду. Эгер таап алсаңыздар, 0555403549, 0312493180 телефондоруна чалып койсоңуздар. Сүйүнчүсү болот.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!