Коомдук-саясый гезит
№11, 02.05.08-ж.




◄◄◄
 "Кутман" карылык

Олуянын тукуму осуят калтырды
Баткен областынын Кадамжай районунун Тамаша айылында Ак Эшен деген олуя жашап өткөн. Элдин, анын урпактарынын айтымында ал кургап жаткан коктудан чоң суу чыгарып, агызган. Андан башка да көп касиеттери тууралуу аңыз кептер айтылып жүрөт.
Анын урпактары азыр эл арасында эшендер же максымдар деп аталат жана ыйык, касиеттүү деп саналат. Азыр алар Тамашага жакын Лангар деген айылда турушат. Ак Эшендин небереси Пазыл максым өзү тууралуу буларды айтып берди.
- Мен Ак Эшен атанын уулу Абдыкадыр эшендин баласымын. Тамаша айылында туулгам. Азыр 82-83 жашка келип калдым.
Өзбекстанда, Маргаланда таятамдын колунда чоңойгом. Атамды Совет бийлиги айдап кеткенден кийин, эшендин кайын атасы деп таятамды да айдап кетишкен.
- Бир туугандарыңыз барбы?
- Эки иним мурда эле каза болуп калган. Эжемдин көзү өтүп кетти. Карындашым бар.
- Каерлерде жүрдүңүз?
- Ар кайсы жерде иштедим. Отуз-Адырда жүрдүм. 1942-жылы Тамашага кайтып бардым. Андан кийин 1950-жылы Лангарга көчүп келип, аерде 50 жыл жашадым.
- Өзбекстанда, Отузадырда жашап жүргөндө туугандарыңызды издедиңизби? Байланышып турдуңузбу?
- Биздин атабызды кулакка тартып алып кеткенден кийин биз энебиздин колунда калганбыз. 1948-жылы энемдин көзү өтүп кетип, мен тоголок жетим калгам.
- Союз учурунда эшендин балдары деп милиция текшерип, кысым көрсөткөн жокпу?
- Жок. Мен атамды тааныбасам… эч кысым болгон жок.
- Жогорку билим алдыңызбы?
- 7-классты бүткөм. Болгон билимим ошол.
- Эмне жумушта иштедиңиз?
- Кара жумуштан бери болгон жокмун. Кетменчи болдум.
- Өнөрүңүз барбы?
- Шопурлук кесип алгам.
- Молдолук билимчи?
- Жок.
- Орусча билесизби?
- Орусчаны деле катыра берем.
- Гезит окуйт экенсиз...
- Көзүм курч. Азыр да машина айдай алам. Гезитти үзбөй окуйм. Байболов, Отунбаева, Сариев эмне деп жатышкандарына чейин бүт кабардар болуп турам.
- Аскерге бардыңызбы?
- Армияга согуш бүткөндөн кийин бардым.
- Сүйлөгөнүңүзгө, баскан-турганыңызга караганда жашыңызда тентек болгон окшойсуз ээ. Көп мушташсаңыз керек?..
- Жок. Тескерсинче, мени сабап коюшчу.
- Качан үйлөндүңүз? Канча балалуу болдуңуз?
- 1948-жылы үйлөндүм. Бир уул, бир кыздуу болгом. Бирок турмушубуз жакшы болбой, ажырашып кеткенбиз. Эки бала тең менде калып, аларды кийинки аялым багып чоңойтту. Ал аялымдан төрт кыз, эки уулдуу болгом.
- Балдарыңыз үйлүү-жайлуу болсо керек...
- Баарын үйлөп-жайлап, бөлүп чыгарып койгом. Бирок азыр алар мени карабайт.
- Неге?
- Мен кийинки кемпиримдин көзү өткөндөн кийин ооруп, төшөктө жатып калдым. Балдарым бул өлөт деп карабай коюшту. Кичүү уулум азыр бала-чакасы менен Россияда. Ошол балам атамды карасын деп аял алып берди. Берки балдарым менин үйлөнүшүмө каршы болуп, мени карабай коюшкан.
- Азыр Лангарда жашап жатасызбы?
- Жок. Аердеги үй-жайды кичине балама бергем. Азыр биз ар кай жерде көчүп-конуп күн көрүп жүрөбүз. Азыркы учурда Таштөбө деген айылда бирөөнүн үйүндө жашап жатабыз. Анын баласы ооруп калганда мен бата берип, айыгып кеткен болчу. Ошол адам үйүндө убактылуу жашатып жатат.
- Эмнеге Лангардан кетип калдыңыз?
- Балдар, туугандар ал айылга баткырган жок.
- Балдарыңыз не деп жатышат. Биз карайбыз, биздикинде эле туруңуз дештиби?
- Мен алардыкына барбаймын. Менин көкүрөгүм муздап бүткөн.
- Сизде Ак Эшен атаныкындай касиет барбы?
- Мен касиетимди эч кимге айтпайм.
- Түш жоруй аласызбы?
- Ооба, келгендердин түшүн жоруп бере алам.
- Сизге көп адамдар бата алганы келет турбайбы...
- Көп адамдар келет. И.Масалиевдин туугандары келип, бата алып кетишкен. Депутаттыкка коюп жатканда Баяман келген. Мен ага батамды берип жатканда аян алдым. Анан Баяманга "Балам, сен жолдуу экенсиң, бирок аталаны ысык урттаба, ок жаңылып калышы мүмкүн" деп айттым. Ал көзүнө жаш алып, "менин атам да шейит кеткен экен, биз да маңдайга жазганын көрөбүз" деп кеткен. Андан кийин Нооман Аркабаев келип бата алып кетти.
- Пенсияңыз канча?
- 1000 сом пенсия алам. Азыр аялым эптеп багып жатат.
- Денсоолугуңуз кандай азыр?
- Жакында катуу ооруп калып, зил кусуп, азыр жакшы болуп калдым. Жатсам тура албайм, турсам жата албайм. Кээде отурган боюнча таң атырам. Кемпирим карап жатат, өзү рухий табып.
- Осуят айтам дедиңиз эле...
- Урматтуу азиз инсандар. Мени Охнанын үстүндөгү Күлдүнүн талаасына коюңуздар. Мен Лангарда жатпайм. Аяктан менин көкүрөгүм муздап бүткөн...
Алтын КАЗИЕВ




  Денсоолук

Эркектердин өмүрү кыскарып баратат
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпитал боюнча башкы урологу, профессор Усупбаев Акылбек Чолпонкулович менен маек.
- Акылбек Чолпонкулович, айтсаңыз азыркы учурда сиздерде кандай көйгөйлүү маселелер бар? Учурда кайсы оорулар көп кездешет?
- Биздеги көйгөйлүү маселелерге токтоло кетсек, урология бөлүмүнүн атайын юридикалык статусу аныктала элек. Биринчи убакта ушул көп кыйынчылыктарды туудуруп жатат.
Урология ооруларынын ичинен бөйрөк-табарсык оорулары басымдуу. Башка ооруларга салыштырганда алар 11%га жакын. Бул бизде чоң көрсөткүч деп эсептелет. Мунун баары эмнеге алып келет? Профилактика иштери аткарылбагандыктан, мындай оорулар көбөйүүдө. Азыр мурдагыдай эмес, райондордо урологиялык бөлүмдөр, орундар жоюлуп кеткен. Оорунун алдын-алганга аймактарда мүмкүнчүлүктөр жок. Ал жерлерде элге кеңеш берчү адистер да жок. Ошол оорулуу адамдар областтарга же Бишкекке жете албай кыйналышат. Кыргызчылык эмеспи, эркектер жыныс оорулары менен жабыркаганын айткандан уялышат. Убагында дарыланышпай күчөтүп жиберишет. ББП (жыныс органдарынын сезгениши) көбөйүп кетет. Мунун себеби, биринчиден, элде акча жок, экинчиден, дарылары кымбат, үчүнчүдөн, айылдарда адистер жок.
Жыныстык органдардын сезгениши простатит, цистит, жумуртка бездеринин сезгениши, бөйрөк-табарсык ооруларына туш кылат. Мындай оорулардын күчөп кетишинен улам, рак оорулары пайда болот. Ушулардын негизинде тукумсуздук көп катталып жатат.
- Бөйрөктөгү таш эмнеден пайда болот?
- Бөйрөктөгү таштын пайда болушунун себептери көп. Биринчиден, организмдеги электралит, туздардын пайда болушунан, экинчиден, богок бездеринин жанындагы бездердин аденома болуп кеткендигинен, үчүнчүдөн, заара түтүктөрүнүн начар иштегендигинен, заара түтүктөрүнүн буулуп калганынан, ошондой эле таза эмес, арыктагы суудан ичкендиктен пайда болот.
Дагы бир себеби, ар дайым бирдей тамактануу, этти көп жегенден улам, ошондой эле ашказан, боор, ичеги, уйку бездердин сезгениши (гастрит, гепатит, холеститит) жана он эки эли ичегинин жараларынын кесепетинен улам келип чыгат.
- Кыргызстандын кайсы аймагында мындай оору менен көп оорушат?
- Кыргызстандын Баткен, Ош, Жалалабат областтарында ооругандар көп. Себеби, ал жакта жаңы аппараттын жоктугу, ошондой эле оорулуулардын бизден алыс болгондугу, адистердин тартыштыгы себеп болот. Ошондой эле бул аймактардын ичинен Баткен обласынан ооруулардын саны басымдуулук кылат. Анткени ал жакта суу түтүктөрү жок, элдер арыктагы сууну ичүүгө аргасыз болушат.
- Башында, юридикалык статусу аныктала электиги көп кедергисин тийгизип жаткан турбайбы анда...
- Ооба, бирок ага карабай Урология борбору түзүлгөндөн бери көп ийгиликтерди жаратып жатат. Бизде азыркы учурда бардык операцияларды жасоого болот. Азыр бизге жаңы келген аппараттардын жардамы чоң болууда. Эндоскопия менен жыныс безинин аденомасын алып коюп жатабыз. Лапороскопиянын жардамы менен бөйрөккө, өткө, аялдардын жыныс органдарындагы киста миомага ж.б. ооруларга операциялар жасалат. ДЛТ аппаратынын жардамы менен аралыктан нур менен заара ташты талкаласа болот. Азыр ДЛТнын жаңы түрүн алдык. Бул аппарат "Контактный литотриптор" деп аталат. Биринчи ДЛТнын күчү жетпесе, ушул аппараттын жардамы менен ташты талкалайбыз. Бул аппарат менен бөйрөктүн, табарсыктын ичинен талкалайт.
- Гинекологдор унчукпайт, а сиздер эркектер жумалыгын өткөрүп жатасыздар...
- Ооба, төрт жылдан бери "Эркектер денсоолугунун жумалыгын" өткөрүп, жер-жерлерге анализдерди тактап, бекер кеңештерди өткөрүп жатабыз. Былтыр Ош, Жалалабат, Баткен областтарына уюштурганбыз. Ал эми быйыл болсо Ысыккөл тарапка уюштуралы деп максат кылып жатабыз. Себеби, кийинки учурда эркектердин денсоолугуна көңүл бурулбай, эркектердин өмүрү кыскарып жаткандыгына байланыштуу. Дарыланганга убакыт таппай же үйдө жатып, ооруусун айтпай жүрө беришип, көпчүлүк эркектер 50-60жаштан эле каза болуп калып жатышат.
- Ушул көтөрүп жаткан демилгеңиздерден кандай натыйжа чыгып жатат?
- Биринчи натыйжа эркектердин менталитети өзгөрүп, денсоолугуна болгон мамилелерине кам көрүлүүдө. Экинчиден, бөйрөк-табарсык, жыныс органдарынын оорууларын алдын ала билип, дарылаганга жетишип калып жатабыз, үчүнчүдөн, колунда жок байкуштарга бекер кеңеш берип, алардын диогнозун аныктап дарыланышына түрткү берүүдөбүз.
Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА




  Эсимде

Фарида Карбосова, ырчы :
"апаман адашып калгам"
- Бир жылы 1-май майрамында парадга апам атам, бир туугандарым аяш аталардын балдары болуп майрамдаганы парадга бардык. Ошондо мен алты же жети жашта болсом керек. Парад Талас районундагы Чатбазар айылында болмок. Мен баары менен чогуу эле келе жаткам. Бирок, бир нерселерге алаксып, жылтыраган нерселерди кармап көрүп, баардык нерсеге любопытный болчумун. Ошентип алаксып калган окшойм. Бир убакта апам экен деп эле, бирөөнү ээрчип кете берип апамдан адашып кеткем. Көрсө ал аялдын көйнөгү апамдын көйнөгүнө окшош экен. Эмне кылаарымды билбей карасам мага тааныш эч ким жок. Бирок мен кичинемде эле өжөр болчумун, алар мени издейт деген ойдо бир чоң эстеликтин алдында ыйлап тура бердим. Аңгыча нары жактан апам чуркап келип, мени урушуп баардык балдарга балмуздак алып беришип, мага алып бербей жазалаган. Ошондо таарынып, ыйлап түшкөн эски сүрөт али күнчө үйдө сакталуу, көргөндө күлүп калабыз.

Рамис Рыскулов, акын:
"чачыма Н.Хрущев суктанган"
- Мен анда Москвадагы Горький атындагы адабият институтунда окуп жүргөн кез эле. Бой десең бой, көрк десең көрк бар, оттой алоолонуп турган жигит элем. Далай улуттун кыздарын артыман чуркаткан мендеги бир артыкчылык - чачым өзгөлөрдүкүнөн башкача боло турган. Ээ-жаа бербей дүркүрөп өскөн, кулпурган калың чачымдан жаан өтөбү, өтпөйбү деп кызыга тарткылап кармалаган көп кыздар биринен сала бирине уламыш кыла жобурап айтып жүрүп, өтө популярдуу болуп кеттим. Атаңгөрү, мен-мен деген нечен сулуулар бир чачыңын аркасынан көзүңдүн ак-карасы менен тең айланып кастарлап турса кандай, оңой эмес да.
Иши кылып чачым мени көп эле көтөрдү, кадыр-баркка жеткирди. Бир жагынан табийгат айткан талантым чачымдан калышпай дүркүрөп тең өсүп, атым угулуп дегендей кошул-ташыл бакытка балкып жүргөн не күндөр өттү баштан.
Бир жолу 1-май майрамында парадга барып калдык. Кызыл аянтка кылкылдаган эл батпай шыкалып, арасында мен да турам парад көрүп. Биз турган жердин арт жагындагы мавзолейдин бийик трибунасында өлкө жетекчилери турушат. Бир убакта жанымдагылар бир трибунаны, бир мени карашып өз ара күбүр-шыбыр боло түшкөнүнөн мен да трибуна жакка көз чаптырдым. Карасам, генсек Н.Хрущевдин өзү парадды карабай эле жанымдагылары менен мен жакты карап кол жаңсап туруптур. Бурулганымды көрдү окшойт, баш бармагын өйдө чычайтып "бала, сенин чачың мыкты экен" дегендей ишара жөнөттү. Падышанын өзү көз кастарын тигип, көңүл буруп атса оңой эмес экен.
Андан бери агылып нечен жылдар өттү, бир кезде элдин баарын тамшандырган ошо чач эми минтип таңкы бубактай агарды, эмне кылабыз, мезгилге айла жок экен.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!