Коомдук-саясый гезит
№10, 25.04.08-ж.




◄◄◄
  Денсоолук

Жаз жандүйнөгө маанай, жанга түйшүк алып келиши мүмкүн
Жаз келип, адамдын жандүйнөсүндө жаңылануу болуп жаңы сезимдер, жаңы эргүүлөр башталганы менен адамдын организминде витамин жетишпей, алсыроо башталып, эски оорулар козголуп, адам ооруга тез чалдыгышы мүмкүн. Ушул жагдайды билүү максатында медицина илиминин кандидаты, доцент, врач Таңатар Кашенов менен маектештик.
- Таңатар Кашенович, кыш чыгып, жаз кирип, көктөм болгон убакта адам алсыз болуп, ооруга бат чалдыгат эмеспи. Мунун себеби эмнеде?
- Бул көрүнүштү жаратуучу бир нече факторлор бар. Биринчиси метеорологиялык фактор. Жаз келип, күн жылыйт. Жазында туруп-туруп эле кайрадан суук болуп кетет. Күн менен түндүн температурасынын айырмасы 15-20 Ска жетип кетет. Буга организм чыдай албайт. Адамдын иммундук системасы буга каршы туруп, аябай иштейт. Бул учурда ал алсырай баштайт, ал эми сырттан кирген бактериялар менен вирустар бир топ күчтүүлүк кылып, ооруну ырбатып жиберет.
- А бактериялар бардык эле учурда бирдей таасир этеби же мезгилге жараша башкача болушу мүмкүнбү?
- Бардык учурда бирдей эмес. Анын таасири сырткы жана ички факторлорго байланыштуу болот. Сырткы фактор - температура, тамак-аш, инфекциялык абал, ж.б. Ички фактор иммундук системанын нерв системасынын, ички органдардын абалы. Денеде витаминдердин жетишсиздиги, жоктугу иммундук системаны алсыратып, оорунун ырбашына шарт түзөт.
- Мезгилге байланыштуу кайсы оорулар көбөйөт?
- Эң биринчи аллергиялык оорулар күчөшү мүмкүн. Жаңы ачылган гүлдүн жана жаңы чыккан чөптүн жыты аллергияны пайда кылышы мүмкүн.
Экинчиден, адамдагы витаминдердин запасы түгөнөт. Кышка сакталган мөмө-жемиштерде болсо витаминдер азайып кетет. Ошондуктан адамда витамин жетишсиздиги пайда болот. Бул учурда витаминдин бардык түрү жетишсиз болот.
Витамин жетишсиздиги адамда өзгөчө жаш балдарда, кош бойлуу аялдарда көп ооруларды күчөтөт.
- Ушул витамин жетишсиздигин бүгүнкү жашылча-жемиштерди жеп толтуруп алабызбы?
- Толтура албайбыз. Бирок үзбөй жей бериш керек. Балдарга, кош бойлуу аялдарга витаминдештирилген тамактарды берип туруу керек. Же тамакка витаминдерди кошуп жеш керек.
- Азыр сатылып жаткан теплица жашылчалары толук кандуу витаминдерди бере алабы?
- Алардын даамы супсак болгону менен аларда витаминдер көп.
- Витамин жетишсиздиги кайсыл айга чейин созулат?
- Авитаминоз жазда эле эмес, күркүрөгөн күздө да болушу мүмкүн. Жашылча-жемиштер чыккан кезде авитаминоз таптакыр жок болот, ал эми гиповитаминоз болушу мүмкүн, бирок ал да азая баштайт.
- Авитаминоз, гиповитаминоз учурунда кайсы жашылча-жемиштерди көп жеш керек?
- Мүмкүн болсо баарын жей бериш керек. Сакталгандарга караганда жаңы чыккандарды жеген пайдалуу. Укроп, селдерей дегендерге биз анча маани бербейбиз. Ушуларды көбүрөөк жеш керек.
- Витамин жетишсиздик кайсы ооруларды күчөтөт?
- Бардык ооруларды күчөтүшү мүмкүн. Согуш учурунда өзгөчө, Ленинград блокадасы мезгилинде авитаминоздон көп адамдар өлүп калган. Бир мезгилдерде көп убакыт деңизде жүргөн аскерлер да ооруга чалдыгышкан. Азыр моряктарга витамин көп берилет.
- Витаминдердин көп болуп кетишинин зыяны жокпу?
- Зыяны бар. Бардык нерсенин өзүнүн чеги, керек дозасы бар. Клеткалар витаминдерди кабыл алып, ашыкчаларын "складдарга" сактап коюп, керек учурда алып чыгып иштете берет. Эгер ашыкча болуп кетсе, алар "сыртка" чыгып, кан менен барып мээни, башка органдарды оорутушу мүмкүн. Ошондуктан баары нормасы менен болгону жакшы.
Маектешкен Алтын Казиев




  Спортмайданда…

"Дордой-Динамо" дүйнөлүк үлгүдөгү клубга айланабы?
Аталган футболдук клубдун генералдык деректири Б.Подкорытов мырзанын айтымында "Дордой-Динамо" футбол клубунун кожоюндары клубду дүйнөлүк үлгүгө жеткирүү ниети бар. Бул максатта алгачкы кадамдар башталды. Клубка "кара континенттин" жана Грузиялык футболчу-легионерлер чакырылып, "Дордой-Динамонун" майкесин кийишти. Аз эмес акчага сатылып алынган легионерлер-дарбазачы, грузин оюнчусу Бачуки Парулава Орусияга ооп кеткен Валерий Кашубаны алмаштырса, талаанын кай өңүтү болбосун, коргонуубу же чабуулдагы мыкты ойной билишкен камерундук Мака Каум, Гана өлкөсүнөн келишкен Дениэль Таго жана Уильям Гьян аттуу жигиттер буга чейин орусиянын лигаларында ойноп келишсе, эми "Дордой-Динамонун" намысына жарап бергени турушат. Команданын башкы машыктыруучусу да футбол күйөрмандарына кеңири таанымал инсан, убагында К.Бесковдун "Спартак" командасынын тарбия-таалим алуучусу Сергей Дворянников. Мыкты оюнчу болот дешкен Дворянников жаракат алгандан соң биротоло оюнду таштап, өз бактысын машыктыруучулуктан сынап келатыр. Германия, Финляндия, Испаниянын атактуу клубдарында стажировкадан өтүп келген мыкты адис С.Дворянников эми "Дордой-Динамону" буюрса мыкты клубка айландырып, кыргыздарды буга чейин түшкө да кирбеген бийиктерге жеткирем деп белсенип турган чагы. Учурда эски пионерлер Үйүнүн аймагында Кыргызстандагы жападан-жалгыз үстү жабык футбол стадиону курулуп бүттү, эми тегере катырабы тийиштүү инфраструктура менен толукталмакчы. Чет элдик легионерлер бош убактыларында кыргыздын өспүрүм боз балдарын боорго тартып, аларга футболдун сырларын үйрөтмөкчү. Буюрса жакынкы жылдарда маркум акын Б.Сарногоев ырында кыялданган кыргыз футболуна эми чындап жеткени калдык окшойт.
Бакыт ЖОЛДОШОВ




  Ленинди ким эстейт?

22-апрелде Владимир Ильич Лениндин туулгандыгына 138 жыл болду. Кечегисин бүгүн унуткан кийинки муунду айтып не. Кезинде октябрят, пионер, комсомол болгондор гана эстегендей болду окшойт.
Мезгил өз ишин жасап, көп нерсе тарых бүктөмдөрүндө калып келет. Бирок акыркы убактарда Ленинге, дегеле советтик мезгилге байланышкан айрым фактылар ачыкка чыга калып жүрөт. "Социал-демократиялык кыймылдын башкы жандандыруучусу" болгон Плехановдун өмүрүнүн аягында (1918-жылы, 30-майда каза болгон) "Эң чоң жаңылыштык - Ленин болду" деп айтканына эмне себеп болгон? Кышкы Сарайды алуу - жөн гана жасалма иш болгонбу? Октябрь революциясынын чыныгы "атасы" ким болгон? Ленинди Фани Каплан атпаса, ким ок чыгарган? Бул кимге керек болгон? Александр IIIго сегиз жолу кол салуу болгон, кимдер бийликти тынч жол менен өткөрүп алууну, кимдер террордук жолду тандап алган? Суроолор, тактоолор.
Бирок жаманбы, жакшыбы, бул улуу инсан совет элинин, анын ичинде кыргыздын тагдырында чоң бурулушту алып келди. Жаңылыш кадам болсо да, стихиялуу ишке ашса да революция өз ишин жасады. Башта айткандай буга эки жол менен келишкен: курал менен багынтуу же тынч жол менен. Падышаны өлтүрүү менен өзгөртүү киргизебиз деп, бирок максаттары ишке ашпай калгандардын катарында өлүм жазасына тартылган агасы Александрдан кийин Владимир Ульянов "жок, биз башка жол менен кетишибиз керек" деген ишенимге келген. Ульяновдордун үйбүлөсү ар дайым полициянын көзөмөлүндө болгон. 1894-жылы январь айында Петербургга келген Владимир марксчылдардын, социал-демократиялык жолугушуулардын биринде Надежда Крупскаяны кезиктирген.
Надежда Владимирден бир жашка улуу болгон (1869-жыл төрөлгөн), мыкты мектептердин бири - княгина Оболенскаянын гимназиясында окуп, педагогикалык сегиз классты бүтүрүп, үй насаатчысы дипломун алган.. Маркс-Энгельс чыгармачылыгын Ленинден кем эмес билген, социал-демократтар ийриминде политсабак да өткөрүп жүргөн. Надежда Петербургда апасы Елизавета Васильевна менен чогуу турчу. Елизавета Васильевнанын бардык шартты сактап, Кудай алдында баш кошушса деген тилегине каршы боло алышпай (экөө тең атеист болгон), 1898-жылы, 10-июлда Владимир сүргүндө жүргөн Шушенскиде жупуну үйлөнүү тою болуп өткөн. Надежда Владимирдин ишинин маңызын айттырбай түшүнгөн мыкты жардамчыга айланган. Бирок бир гана нерсе алардын жашоосуна көлөкө түшүрүп турган - алар балалуу боло алышкан эмес. Бул ичтен сызган армандарын ачыкка чыгарышкан эмес. Надеждага көп дарыланууга туура келген. Кийин Орусиянын чегинен чыгып кеткен жылдары Надежда чет жерде базедов оорусунан операция болгон. Женева, Финляндия, Франция…
1909-жылы Парижден Ленин кийин анын көңүлдөшү деп чыгышкан Инесса Армандды жолуктурган. Бул француз айым Лениндин турмушунда кандай роль ойнобосун, Надежда Крупская болбосо, Лениндин Ленин болмогу күмөн эле. 1917-жылы Владимир, Надежда Россияга кайтып келишкен. Надежда ара-чолодо убакыт таап Ленинди бардык иш боюнча кабардар кылып турган. Революциялык иштердин абалын Лениндин каттарынан билип турган. 24-октябрда Надежда Константиновна Ленинден "Көтөрүлүштү кечеңдетүү өлүмгө тете" деген кыска жазылган кат алат. Надежда убакыт келгенин түшүнөт. Лениндин жанынан алыстабай, ачуу, азаптуу күндөрдү чогуу өткөрө башташат… Революция (Кышкы сарайдын алынышы да кызык. Керенскийдин Убактылуу өкмөтү революционерлер менен жашыруун сүйлөшүп, бийликти тынч өткөрүп бермек болот. Падышачылык Кышкы сарайды кыздардан турган полк кайтарып турган, аларды тарыхта аты калган революция күнүнүн алдында эле белгисиз атайын топ куралсыздандырып, жолду ачып койгон. Суукта кызыл аскерлерди кармап туруу кыйынчылыкка турган. Компенсация катары - кайтаруусуз калган, эчак багынып берген Кышкы сарайды алардын колу менен алынгандай түр жасоо керек болгон. Революция ишке ашты делгени менен, башчылык талашка түшкөн. Ленинди Смольныйга жолотпой, Троицкий, Каменев… талапкер болгон)… Граждандык согуш… Контрреволюция… Оору азабы… Фани Капландын Ленинге ок атышы (чынында Каплан атпаса керек деген божомолдор айтылууда, бул аялды кармаганда Ленинге ок атылган курал табылган эмес, аны үч күндөн кийин гана бирөөлөр таап келген болот. Бир божомол себеп - Ленин кимдир бирөөгө жолтоо боло баштаган. Жарааты айыкканча да, айыккандан кийин да аны эч жакка чыгарбоо аракети көрүлгөн) … Инесса Арманддын көз жумушу…
Акыры 1924-жылы 21-январда кечки саат 6.50дө 54 жашында В.И.Ленин да көз жумду. Надежда дагы он беш жыл жашады. Партиянын кезектеги сьездинде сөз сүйлөмөй болот, Сталинге байланышкан сөздөрдү айтып чыкмак экен. Бирок ага жетпей кокустан каза болду... 1939-жылы 24-февралда Архангельскиге анын жетимиш жашын куттуктап достору келет. Сталин да торт жөнөткөн болот. Кечки саат жетилерде Надежда өзүн жаман сезип, чакырылган тез жардам үч жарым сааттай кечигип келет. Диагноз - "аппендицит-перитонит-тромбоз". Тез операция керектелген, бирок жасалган эмес. Надежда 27-февралда көз жумган.

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!