Коомдук-саясый гезит
№10, 25.04.08-ж.




◄◄◄
  Ар кимге бар ар собол

Жангороз Каниметов, ЖК депутаты
- Бишкекте жол киренин кымбатташы сиздин чөнтөгүңүзгө таасирин тийгизбейби?
- Албетте, таасирин тийгизет. Бала-чакабыз, туугандарыбыз бар дегендей. Балдарым дайыма шаарда коомдук транспортто жүрүшөт, өзүм да маршруткага түшө калам. Негизи жол кире кымбаттабай эле койсо жакшы болот эле. Жөнөкөй элге кыйын болот экен. Экинчи жагынан алып караганда туура болду. Бензин кымбат болсо айдоочулардын деле эмгеги текке кетип жатпайбы…

Роза Абдраимова, ЖК депутаты
- Депутаттыктын терс жагы эмнеде экен?
- Депутаттыктын терс жагы - көп сыноодо болот экенсиң. Депутаттын ар бир баскан кадамы, иши элдин көз кырында, сыноосунда турат. Андан сырткары кандайдыр бир сунуш кийирсең же иш кылсаң чоң саясатчыларга, чиновниктерге жакпай калат, пикирлер дайыма эле туура келе бербейт. Чечим кабыл алганда да элдин сыноосун эстейсиң да көп түйшөлөсүң. Терс жагы мына ушундай экен.

Алым Токтомушев, журналист
- Бүгүнкү Жогорку Кеңеш сизди канааттандырабы?
- Азыркы Жогорку Кеңеш өздөрүн эле канааттандырбаса, эч кимди канааттандырбайт. Жеке мен парламенттин азыркы ишине канааттанбайм, алар тууралуу сүйлөгүм да келбейт. Себеби, учурдагы парламент оюнчук парламент десем жаңылышпайм. Илгерки Коммунисттик партия да мындай болгон эмес.

Бүбүкан Досалиева, журналист
- Ленинди эстейсизби? Кайсыл учурда?
- Ленинди дайым эстейм. Себеби, ал биздин балалык кезибизден эле акыл-эсибизге сиңген. Баарыбыз эле Ленин менен чоңойбодукпу. Мектепте мугалимдер бизге Ленин тууралуу ар дайым айтып беришчү. Бир жолу Лениндин тамак ичкени тууралуу айтып берди. Ал дайыма тамактын түбүн калтырбай иччү экен. Бизден себебин сурачу. Биз ар кимибиз ар түрдүү айтып берсек, мугалимибиз "балдар, бул сарамжалдуулук, үнөмдүүлүк" деп түшүндүргөн. Мен ошону аябай сиңирип калыптырымын. Мен тамакты такыр калтырбай ичем. Мен Ленинди тамак ичкен убакта, башка учурларда да эстейм.

Динара Ошурахунова, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалиция жетекчиси
- Динара айым, сиз үйүңүздө электр энергиясын үнөмдөйсүзбү? Бюжетиңизге караппы же мамлекетке пайда болсун деппи?
- Дайыма үнөмдөйм. Биринчи кезекте, өз бюжетиме карайм. Негизи сарамжалдуу болуш керек. Баарын сарамжалдуу, үнөмдүү пайдалануу керек. Мен айына орточо 130-150 сом төлөйм. Себеби, чырак, кир жуугуч машина жана компьютер иштетем. Телевизорду көп деле көрбөйм. Көбүнчө жумушта, сыртта болом. Балдарыма дайыма бөлмөдөн чыгып баратканда чыракты өчүргүлө деп эскертем. Өзүм дайыма өчүрүп чыгам.
Өткөндө жарыкты 1 сааттка өчүрүү акциясына катыштып, 1 саат өчүрдүк.

Артык Саитов, ырчы
- Такыр ырдабай койсоңуз эмне болот?
- Такыр ырдабай койсом деле болот. Ачка калбайм, Кудайга шүгүр, башка иш деле кылып кете алам. Бирок адам жашоого атайын миссия менен келген соң, аны аткарыш керек да. Менин миссиям - өзүм жазган ырларды сахнада элге жеткирүү. Ал ырлар ырдалбай калбашы керек. Эгерде ушул максаттарымды толук ишке ашырып алсам, ырдабай деле коём. Азыр мага Россиядагы, Алматадагы досторум иш сунуштап чакырып жатышат. Мүмкүн ошол иштерге кетип калам.

Иляз Адамов, продюсер
- Шоу-бизнестин эмнеси жакпайт?
- Шоу-бизнестеги мага жакпаган нерсе - аябай көп эмгекти талап кылганы. Ырдын маанисин, обону, аранжировкасы, ырдоо эле эмес, сахна, костюм, декорация, клип, андан кийин эл кандай кабылышы, анан барып элдин реакциясы, сын-пикирлертууралуу ойлонткону... ушунун баары жүдөтүп жиберет. Аябай "переживат" эттиргени жакпайт. Чынында эле ушул жагы кыйын. Антпесең, анда чыгармачылыгың өнүкпөйт. Өзүңө өзүң катуу сынчы болушуң керек.

Даярдаган Жазгүл Ибраева




  Кейиштүү кабар

Жолкире кымбаттады
Эки кабар айтабыз. Бирөө жаман, бирөөсү ага байланыштуу, бирок бир аз жакшыраак.
Жаманынан баштайлы. Кечээ Бишкек шааркеңеши Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин жолкиресин 8 сомго, коомдук транспорттун акысын 5 сомго көтөрдү. Маселе көптөн бери көтөрүлүп, бирок жүргүнчүлөрдүн багына жараша ошол боюнча калып келаткан. Март-апрелде карайбыз деп отуруп, акыры карашты. Мурда 4 вариант каралып, 7, 8, 9, 10 сом болоору каралып жаткан. Жолкире 8 сом болсун дегенге 36 депутат макул болушту. Төрт депутат каршы чыкты. Алардын бирөө 9 сом болсун деди, калган үчөө 10 сомго чыгаруу керек дешти. Ушул боюнча калсын деген эч ким болбоду.
Июнь айынан баштап чөнтөгүбүз дагы да жукарат.
Эми пенсионерлерге компенсация иретинде айына 200 сомдон берилип турат.
Ал эми жакшы деген кабарыбыз жакшы деле эмес, салыштырмалуу жакшыраак. Шааркеңеш бузук жаткан 42 троллейбусту оңдогонго 50 млн сом бөлдү. Дагы кошумча мэрия күзгө карай 70 млн сомго троллейбус, 30 млн сомго автобус сатып алганы жатат. Жыргатарлык деле кабар эмес, бирок 8 сомго караганда 5 сом арзаныраак.















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!