Коомдук-саясый гезит
№09, 18.04.08-ж.




◄◄◄
  Ырмаек

Ырчы Айчүрөк Султанова:
"Оюмдун баары ырда эмес, микрофондо болгон..."
Жалалабат областынын Сузак районуна караштуу Калмак-Кырчын кыштагында төрөлгөн. Билими жогорку. КМУУнун тарых факультетин бүтүргөн. 11 жылдан бери ыр дүйнөсүнө аралашып жүрөт. Учурда Жогорку Кеңеште иштейт. Үйбүлөлүү. Эки баласы бар.
- Айчүрөк, эмнеге өз кесибиңизди аркалабай калдыңыз?
- Мектепте окуп жүргөндө эле ырдаганга кызыкчумун. Интермедия аткарып, ырдап мектептер арасында өткөн конкурстарга катышчумун. Келечекте актриса болсом деген тилегим бар эле. Бирок, башка кесиптин ээси болдум. Ошентсе да ырчылык өнөр мени арбап алып, 1997-жылдан бери чыныгы ыр дүйнөсүнө аралашып келатам. Ырчылык өнөрдөн жан дүйнөмдөн чыкпай жүргөн ырларды, көптөгөн угармандарды, досторду таптым. Чыгармачылыкка жол көрсөтүп, сахнага чыгышыма жардам берген - Абидин Темиров. Эгерде Абидин агай болбогондо балким ырдабай калмакмын. Музыкалык билим алалбай калганым менен Улукмырза Полотов агайдан жеке билим алгамын. Дагы да болсо агайга барып сабак алсам деген оюм бар. Бирок убакыттын тардыгына байланыштуу баралбай жатам.
- Эң биринчи сахнага чыкканда, ал эмнеси менен эсиңизде калды эле?
- Эң биринчи сахнага Спорт сарайында Алтымыш Кадыровдун жеке концертинде автордун "Ээрчишип коюп жүрөбүз" деген ырын ырдап чыккам. Анда кыш эле. Зал аябай суук, оозумду ачсам буулар чыгып, жука кийимчен чыгып алып, калтырап ырдагам. Сахна деген ыйык нерсе да. Канча деген залкар таланттар чыккан куттуу сахнада турам деп толкунданып, өзүмдү бир топко чейин жоготуп барып оңолгом. Анын үстүнө көк муштум болгон колумдан качан микрофон түшүп кетээр болду экен деп, оюмдун баары ырда эмес, микрофондо болгон.
- Чыгармачылык адам бир жерде турбай гастролдоп, талантын, жүзүн элге таанытыш керек да. Балким, жарк деген жылдыз боло албай жатканыңызга Жогорку Кеңештеги ишиңиздин кедергиси тийип жаткандыр?
- Жок, кайра жардамы тийген. Сахнага ырдап чыгышыма ушул Жогорку Кеңеш түрткү болгон. Ишенесиңерби, он бир жыл ичинде эки жолу гана гастролго чыгыптырмын. Өмүр бою төрт дөңгөлөктүн үстүндө жүргөн адамдарга баа бердим. Анткени чыгармачылыкта ар кандай абал кездешип, кыйынчылыктар көп болот экен. Ошонун баарына кайыл болуп, эл аралап жүргөн кесиптештериме ыраазы болом.
- Көп жылдан бери Жогорку Кеңеште иштеп келатасыз. Айтыңызчы, ырчылык кесип оорбу же иштеген ишиңизби?
- Турмушта жеңил жумуш болбосо керек. Ар бир кесиптин өзүнчө оорчулдугу болот. Ырдагандан мен эч качан чарчабайм. Кайра андан ырахат алып, чарчаганым жеңилдеп, болгон кыйынчылыкты унутуп коем. Ырдамайынча тура албайм. Ал эми мамлекеттин иши болсо ар кандай. Кээде аябай оор күндөр болуп калат. Бирок, "иштесең тиштейсиң" дегендей, иштен чарчабайм. Ушул убакка чейин нааразы боло элекмин.
- Биз билбеген кандай өнөрүңүз бар?
- Бардык жактан өнөрлүүмүн десем мактаныч болбос. Анткени аялзатына тиешелүү бардык нерсе колумдан келет. Керек болсо эркек жасай турган иштерди да жасап келем. Үйбүлөмө күн сайын каалаган тамактарын жасагандан эринбейм. Чогуу эс алып, конокторго барабыз. Балдарыма болгон күч-аракетимди жумшап, аларга жакшы тарбия бергенге аракет жасайм. Балалык кезде мен жетпеген, мен көрбөгөн нерселерди балдарым көрсө дейм.
- Оң, терс сапаттарыңыз болсо керек?
- Албетте. Мисалы, көктүгүм өзүмө жагат. Себеби, алдыга эмне максат койсом ошонун аягына чыгам. Ак көңүлдүгүм дагы бар, анын айынан көп кыйналып калам. Эгер бирөөдөн көңүлүм калса, анда көпкө чейин кечире албайм. Аны кечирген күндө да жүрөгүмдөн чыгышы кыйын.
- Жолдошуңуз дагы чыгармачыл адамбы?
- Жолдошум - Алибек Асилбеков. Ал Кыргыз агрардык университетинде иштейт. Улуу уулубуз Марсел студент. Кичүү уулубуз Марлен №69 орто мектепте 9-класста окуйт. Марлен ырга кызыккандыктан мени менен ырдап жүрөт. Чыгармачылык жактан көптөгөн долбоорлорго катышты. "Балачак" газетасынын диплому менен сыйланды.
- Кайсы ырчылар менен үйбүлөлүк катыштасыз?
- 8 ырчы кыз (Гүлзат Байзакова, Салима Балтаева, Дилшат Кангелдиева, Орозгүл Токторбаева, Жайнагүл Калчаева, Нуриса Абазова жана Гүлбүбү Иманалиева) шерине ойноп, канча жылдан бери кол үзүшпөй, чыгармачылык достукта келе жатабыз.
- Азыр ырчынын баары эле машина минет го. Машинаңыз барбы?
- Бар. Машинаны алганыма бир жарым жыл болуп калды. Концерттен түшкөн акча менен шериненин акчасына алгам.

Маектешкен Нази БАЯН кызы




  Ким? Кайда? Качан?

Казак ырчысы Кыргызстанга келет
"Арман" аттуу ыр менен казак ырчысы Кайрат Нуртастын ысмы казактарга эле эмес, кыргыздарга чейин таанымал болгону кашкайган чындык. Бул ырчынын ырын буга чейин компакт-дисктен угуп жүрсөңүз, жакында өзүн сахнадан "живой" көрөсүз. Анткени биздин "Малыш" менен дос экен. Келаткан жумада Ильяз Абдыразаков менен Кайрат Нуртас концерт коет. Ильяз Казакстанга бат-бат гастролдоп барып жүрүп, капысынан Кайрат менен таанышып калган. Ал түгүл, жашаган үйүнө чейин барып, анын апасы менен таанышып, конок болуп кайткан. Эми минтип кыргыз-казак ырчысы биргелешип концерт койгону турат. Анда эмесе, келаткан конокту кош колдоп тосуп алыңыздар ырчы ышкыбооздору.
Кайрат кафеде ырдайт
Бир ыры менен жарк деп чыгып, аттары Кыргызстанга дүң дей түшүп, жаштардын жүрөгүнөн орун алган жылдыздар - Мирбек Атабеков, Азиз Жетигенов жана Ильяз Абдыразаков алгачкы ыр секисин кафеде ырдап башташканы элдин баарына эле маалым. Ал эми ырчы Кайрат Примбердиев ырчылык өнөрдөгү алгачкы кадамын сахнадан баштаган эле. Учурда Бишкектеги кафелердин бирине кечкисин барып, ырдап жатканына 3 айдын жүзү болуп калды. Эл деген эл да. Кайратты кафеден көргөндөрдүн бирөө туура көрсө, бирөө туура көрбөй, ал жөнүндө ар кандай сөздөрдү айтып жаткан кези. Ал эми ырчы болсо "үнүмдү жоготпой, бир калыпта алып жүрүш үчүн, аны такшалдырыш үчүн кафеде ырдап жатам" дейт. Эмнеси болсо да жөнөкөй жигиттин ишине ийгилик каалайлы.

Роза Таласка келин болду
Ырчы Роза Шакирова "Карабачы" деп ырдап жүрүп эле, таластык мырзанын жүрөгүнө чок салып, тойдо бир көрүп эле, өзүнө байлап алган. Эки жаш буга чейин ээрчишип эле жүргөндөрү болбосо, никелерин мыйзамдаштыра элек болчу.
Роза ата-энесинин макулдугун алгандан кийин гана, таластык мырза Кадамжайга кайын-журтуна барып, 1000 доллар, майда жандык кошуп, бодо малдан да алып Розанын калыңын төлөп келди. Баса, алгач таластык мырзанын ата-энеси Розаны келин кылып алууга каршы чыгышканы менен азыр көнүп калышты. Ырчынын жолдошу кычыраган, капчыгы калың чоң бизнесмен дейт.

Табышмактуу тагдырлар
"Күзгү жалбырактар", "Туңгуюк" киносун көрсөңүз, көзүңүзгө жаш алып, аягы эмне болот экен деп калсаңыз керек. Турмуштун ачуу чындыгын көрсөтүп, бейкүнөө тагдырларга туш болгон Алтынайдын андан аркы көргөн күнү не болот деп калганбыз. Кинонун эки бөлүмүн улаган "Табышмактуу тагдырлар" аттуу жаңы бөлүгү тартылды. Башкы ролдо Алтынайдын ролун аткарып жүргөн кыз Гүлнура Асанова. Алтынайдын табышмактуу тагдыры эми чечилмей болду. Кино учурда "Манас" кинотеатрында көрсөтүлүүдө.

Жамбыл Камчиев диск сатып...
Белгилүү куудул, арызчыл Жамбыл Камчиев жаны кыйналып кеткенби, айтор Ош базарында диск сатып, соода кылып жиберди. Жанында өзүнүн тобунда иштеген балдар да бар. Баса, уксаңыз Жамбыл жаш аял алганга да жетишкен. Экинчи жубайы куудулдан көп жашка кичүү. Эки аялды бирдей бага албай, диск сатып чыктыбы же? Көргөндөр "Жамбыл пикет да уюштуруп жиберчү эле, эми соодагер болду, ушу Жамбыл оюна келгенин эле кыла берет" дешүүдө.

Ырчыларга ысым койдурмай модабы?
Кийинки кездерде жаңы төрөлгөн наристелерге жаш ырчылардын ысымдарын коюу модага айланды бейм. Же алар ошол ырчынын ашыкча эле фанаттарыбы? Ырчы - ди-джей Нурзада Жолдошева да, жаңы төрөлгөн наристеге төрөт үйүнөн, өзүнүн ысымын койду. Нурзададан ат коюп берүүсүн наристенин ата-энеси суранган. "Кыргызстан обондору" радиосунун жалпы жамааты да, мындай жакшылыкка кубанып, наристени чогуу барып көрүп келишти.

Мирбек келишимин узартты
Ырчы Мирбек Атабеков "2х2" аталышта продюсери менен коштошуу концертин берген эле. Бири-бирин кыйышпай турганда "чогуу эле иштебейсиңерби?!" деген элдин сөзү аларга майдай жагып, келишимди эки жылга узартышты.

Эски ырлар ырдалат
"Биз силерди сагындык" аттуу концерт эки жылдан бери өтүп келет. Бул жылы да өткөнү турат. Бирок, филармонияда эмес, ресторанда өтөт. Демөөрчүлөр жакшылап колдоп берсе, ретро ырчылардын ырын тамак үстүндө угасыз, угарман.

Валерий келбей калды
Валерий Леонтьевдин 26-апрелге деген концерти болбойт. Ырчынын продюсерлери бул жөнүндө алдын-ала телефон чалып эскертишкен. Себептери айтылбайт.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!