Дилмаек

Кыргыз эл артисти Саламат САДЫКОВА:
"Сүйүүнү чечкиндүү түрдө сахнага алмаштырып коюптурмун"
- Саламат эже, концерт бербегениңизге көп болду окшойт. Бул жылы берсем деген планыңыз жокпу?
- Концерт койбогонума үч жылга аяк басып калыптыр. Жакын арада берсемби деп пландап жатам. Кудай буюрса, июнь айынын ичинде берем го.
- Сизди 50 жашта деп эч ким айтпайт. Жаш көрүнгөнүңүздү ар ким ар кандай айтып жүрөт. "Пластикалык операция жасатыптыр" деген да сөздөр чыгууда...
- Мындан 3-4 жыл мурун Кочкордогу досубуздун атасы каза болуп, Бишкектен жоон топ болуп барып калдык. Ошондо досторум: "Саке (мени Саке дешет) менен кайсы жерге барбагын, зерикпейсиң" деп калышты. "Сөөк чыккан жерде дагы сени ушактаганга үлгүрүштү. Жаныңда жүргөндөй бир аял "Японияга барып баары-жогун кестирип келген экен, көрүнүп эле турбайбы" деп тегерегиндегилерди ишендирип айтып жатты. Бирок, сен аны байкаган жоксуң" деп күйүп-бышып айтып калышты. Анткени "пластикалык операцияга" барбасымды досторум жакшы билишет да. Эми элдин көз кырында жүргөн адамдар, кайсы жерде болбосун, жадакалса, жамандыктын үстүндө да сөз боло берет экенбиз.
- Жаш көрүнүүнүн сыры эмнеде?
- "Жаш көрүнөсүз" деген сөздү комплимент катары кабыл алам. "Чыгармачыл адамды мактап коюш керек" деген ойдо айтып коюшат болуш керек деп ойлойм. Жашыруунун сыры деле жок. Негизи мен ыр, музыка менен жашайм. Ыр канчалык оор болсо, ошого кадимкидей сүңгүп кирип алып, ооруган күндөрүм болот. Эгер ошол ырдын бактылуу бир эле сабына дуушар болуп калсам, ошол көз ирмемди жоготпогонго аракет кылам. Чыгарманын тегерегинде эле бактылуу боло берем. Чыгармачылык деле адамды кандайдыр бир нерседен коргоп, ага аруулук берген сыяктуу деп ойлоп кетем. Жакшы чыгарма адамды мээримге үндөйт, ишенимге түртөт, жакындатат.
Көпкөлөң тартпаган жөнөкөй адаммын. Адамдарга аябай ишенем. Ишенчээктигимден алардан ыза болуп, тызылдап калам. Жандүйнөм таза. Мына ушунун баары биригип келип, кандайдыр бир деңгээлде жашартып жатса керек деп ойлойм.
- "Дүйнөлүк музыка" аттуу америкалык радиодо сиздин ырыңыз жаңырып жатат" деп уктук. Ырыңыздын тандалышына токтолсоңуз...
- 2002-жылы "Голос Кыргызстана" деген аталыш менен Америкадан компакт-диским чыккан. Компакт-дисктин ичиндеги 17 ырды комуз менен ырдагам. "Дүйнөлүк музыка" радиосунун негизги тартиби - дүйнөлүк музыканын мыктыларын кылдаттык менен иргеп, тандап алуу экен. Компакт-дискте жазылгандардан Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр" аттуу ырын жактырышып, комуз менен ырдаган ырым азыр байма-бай кетип жатыптыр. Мындай жакшы маалымат Америкадан, тагыраак айтканда, электрондук почтама кат келип түштү. Түгөлбай Казаков экөөбүздүн атыбыз дүйнөлүк картотекага кирип, кыргыздын атын дагы бир тепкичке көтөрдүк деп сүйүнүп жатам.
- Комузду кимден үйрөнгөнсүз? Устатыңыз барбы?
- Комузду үйрөнгөнүм өзүнчө бир кызык окуя. Ал мындай болгон. Карабуурадагы (мурдагы Киров району) элдик театрда иштегем. Карабуурага келин болуп барып, турмуштун ысыгына-суугуна жуурулушуп, адамдык мектептен өткөм десем болот. Өнөрсүз жашай албайм деп элдик театрга кирип иштегем. Ошондо ал театрда "Жылдыз" ыр-бий ансамбли түзүлгөн эле. Ал ансамбль жетекчилер тарабынан колдоого алынып, натыйжада, эларалык "Күмүш балканы" жеңип алганбыз. "Жылдыз" ыр-бий ансамблинде бийчи да, ырчы да, алып баруучу да өзүм болчумун. "Бардык жагынан талантың бар" деп балетмейстер агайыбыз кубанып калаар эле. Бирок кыргыздын бир аспабында ойной албаганыма өкүнүп, купуя сыр кылып жүрчүмүн.
Профессор, хормейстер Султан Юсупов агайыбыз борбордон барып, биз менен иштешип калды. Илгертен келаткан салт менен үйлөнүү тоюн көрсөтөлү деп даярданып жатканбыз. Жигиттин ролунда Аманкул Бекборбиев (кыргыз аспаптардын баарында мыкты ойночу), кыздын ролунда мен болчумун. Даярдыгыбызды көрүп, "Үйлөнүү тоюн кандайдыр бир сюжет, окуя менен коштоп көрсөтсөк жакшы болмок. Ка-ап, кыз дагы комуз билгенде жакшы болмок, куп жарашып калмак экен" деп атпайбы. Мен бир да аспап билбей жатпаймынбы. Ошол сөз дагы баягы ичимден өкүнүп жүргөн нерсеге шыкак берип койду десем болот. "Колумдан келет" деп элдик театрдын складынан чаң баскан комузду алып чыктым. Складды кармаган кыз себебин сураганынан "комуз үйрөнөм" десем, "Койчу ай, күлкүнү келтирбей, сага кеч болуп калды. Манжаларың катып калды. Кичинекейиңен үйрөнсөң болмок" деди. Өзүмө ишенип тургандыктан ага "көрөсүң го комузду сөзсүз үйрөнөм" деп чечкиндүү жооп бердим. Элдик театрда иштеген, комузду жакшы черткен Салиха Асанова деген эже бар эле. "Кай жерден чертилишин эле көрсөтүп бериңизчи" деп сурансам, көрсөтүп берди. Анан күнү-түнү комузду койгулап олтуруп, 3 айдын ичинде өздөштүрүп чыктым. Анда мен 26 жашта болчумун. "Чарчаганда мен кубат алам, сени гана ойлосом" деген обондуу ыр бар болчу. Биринчи жолу ошол ырды комузга салып ырдагам. Ошондо мен жолдошум менен жаңы эле ажырашкан элем. Ички дүйнөмдөгү жалгыздыкты ырларга чыгарып ырдачумун. Ырлар менен сырдашып, бугумдун баарын ырдан чыгарчумун. Үйрөнүп алгандан кийин сахнага комуздун коштоосунда ырдап чыксам, баары таң калып калышкан. Комузду ушундай өжөрлүк менен үйрөнгөм.
- "Тогуз кайрык" телефестивалы республикага жүзүңүздү таанытты окшойт. Ошондон кийин эле телевидениеден түшпөй калдыңыз...
- Республикага жүзүмдү тааныткан ошол "Тогуз кайрык" болду. Республикалык деңгээлде жыл сайын өтүп турган фольклордук телеконкурс болчу. Ал конкурска да капысынан туш болуп калгам. Турмушумдун айынан Таластан Баткенге кетип калгам. Ош (ал учурда Жалалабат, Баткен областы деп бөлүнчү эмес) областынын командасына Талас областынан команда келип калды. "Тогуз кайрык" болоордун алдында Республикалык комсомолдук съездге ырдаганы келдим. Эл жакшы кабыл алды. "Тогуз кайрык" конкурсуна күйгөн ырларды ырдаган ырчы уюштуруучулардын купулуна анча толо бербей турган кези экен. Бейшенбек Мамбетакунов, Сатар Жумабаев деген агайлар "Ай кызым, комуз кармайт экенсиң, күйгөн ырды сен ырдап көрчү" деп калышты. Токтосун Тыныбековдун сөзүнө жазылган "Кыздын ыры" деген ырды жакшы билчүмүн. Ырдасам, аябай жактырышып, катышуучулардын баарынын көзүнчө "Издегенибиз табылды. Ушул кыз аткарат" деп койду. Ошентип конкурска капыстан катышып калып, калыстар тарабынан беш деген баа алгам. Калыстар тобунун арасында Чалагыз Исабаев (Самара Токтакунова эженин жолдошу) отурган экен. Демимди жыйып-жыя албай сахнанын артында турсам, Чалагыз агай келип: "Жакшы бир фольклордук ансамбль (көрсө, азыркы "Камбарканды" айтып жатыптыр) уюштуруп жаттым эле. Ошого кыздардан солист таппай жатканбыз. Фольклордук ансамблге солист болуп келесиң. Мага эч шылтоо айтпа!" деп койду. Ошентип "Камбаркан" элдик фольклордук ансамблине да капысынан кирип калгам. Аерде туптуура 20 жыл иштептирмин.
- Саламат эже, кайсы мезгилди жактырасыз?
- Жаз, күз мезгилдерин жактырам. Ушул мезгилде кыялданып жөө басканды жакшы көрөм.
- Ашканада кандай айымсыз?
- Ашканада ортомун. Себеби, тамактын түрүн жасаган мыкты айымдарга кирбейм. Лагмандын камырын колго чоюп жасагандарга суктанам. Ынтаа коюп палоону, күлчөтайды жакшы жасайм. Кыргыз ашканасын жактырам. Кыргыз ашканасына барып тамактанганды, чай ичип олтуруп баарлашканды жакшы көрөм.
- Талас эли камырга жакын эмеспи. Күлчөтайды ошол жактан үйрөнсөңүз керек?
- Жок. Үйдүн ички, тышкы ишине эрте аралаштым. Себеби, атамдан 2 жашымда, энеден 9 жашымда калгам. Ата-энемден эрте ажырап, ак менен каранын ортосунда, ар кимдин колунда жүрүп чоңойгон жалгызмын. Энелеш бир туугандарым бар. Кичирээк кезимде аларды издеп, көп бардым. Ар кимдин өзүнүн үйбүлөсү бар дегендей, азыр тыгыз байланышта эмеспиз. Бирок, адамдык милдетти унутпай, жакшылык-жамандыкта барып турам.
- Кыздарыңыздын атасы менен кандайча таанышып калгансыз?
- Жолдошумдун улуу агасы менен жеңеси Баткенде жашашчу. "Сени үйлөндүрүү милдетин мойнума алайын. Баткенден кыз танда!" деп айткан экен кайнагам. Абысыным экөө тең өтүп кетти. Сонун кишилер болчу. Ошентип жолдошум педагогикалык, медициналык окуу жайлардан кыз караштырат. Кыз тандап 7-ноябрдын тушунда барып калып жатпайбы. Ал убакта майрам шаңдуу өтчү эмес беле. Райондук аянтта шумдук парад өттү. Аянтта чогулган элге эстрада менен шаңкылдап ырдадым. Ошондо мени байкап калыптыр. "Баткендеги маданият үйүндө ырдаган бир кыз бар экен. Мен ошол кызды алам. Болбосо эч кимге үйлөнбөйм" деп жеңеме айтыптыр.
Бир жума бир жигит артымдан акмалап жүрдү. Маданият үйүнө чейин артымдан ээрчип келип, босогодо калып калат. Бир күнү алдымдан тосуп: "Мен таластык болом. Сизди жактырып калдым. Агам менен жеңем бул жерде жашайт. Эгер макул болсоңуз, ошол жерге барып жоолук салдырып, андан ары Таласка алып кетейин. Макул болбосоңуз, кыргыздын салты менен ала качып кетем" деп чечкиндүү айтты. Макулдугумду берип кете бердим.
- Дароо эле макулдугуңузду бергениңизге караганда сиз деле бир көрүп жактырсаңыз керек...
- Ичимден жактырганымды жашырбайм. Себеби, жолдошум абдан жылдыздуу болчу. Анын үстүнө Талас деген жерди шумдук ойлочумун. Анткени ал кезде карагайдын устундарында радиолор тагылып, Эстебес Турсуналевдин ырлары байма-бай берилип турчу. Эстебес агай: "Жаныбек деген жигит Таластын токоюнда кыз издеп баратса, алдынан шакектери жалтылдап, үкүлөрү үлпүлдөп Гүлбайра деген сулуу чыгат" деп айтканы кулагымда калып, Талас жергесин цивилизациянын чордону сыяктуу элестетип алгам. Таласка келин болуп баратканда Жаныбек менен Гүлбайра жүргөн токойду көрөт экем деп сүйүнүп, Голливудга бараткандай сезгем.
- Анан Талас жергеси элестеткениңиздей болуп чыктыбы? Эмнеси жагып, эмнеси жакпай калды эле?
- Жери да, эли да мен ойлогондой болуп чыкты. Кайнатам, кайненем да абдан жакшы кишилер болчу. Кайненем мени өз кызындай көрчү, катып койгонун баарын мага берчү. Жолдошум менен ажырашып кеткен учурда да кайненем менен кол үзгөн эмесмин. Япон жоолугумду көтөрүп алып барып турчумун... Бир гана мага Таластын аба ырайы жаккан эмес. Баткенде, ысык жерде өскөм. Суукту көтөрө албай, тоңуп-үшүп калган күндөрүм болгон.
- Сиздин дагы бир жакшы жериңиз - кыздарыңыздын фамилиясын өзгөрткөн жоксуз. Кыздарыңыз атасы менен катташып турабы?
- Жолдошум армиядан келгенден кийин, 25 жашында үйлөндү.18 жашымда турмуш туткасын кармадым. Азыр ойлосом, экөөбүз тең жаштык кылыппыз. Экөөбүз ажырашканда да айла жок, кыйынчылык менен ажыраштык. Ал мезгилдеги жаш жубайлар сот аркылуу ажырашышчу. "Сотко арызды сен жаз, мен жаз" болуп отуруп, сотко кагазы жок киргенбиз. "Кана арызыңар?" деп сот сураса, "Биз мындай эле ажырашабыз" деп жатпайбызбы. Ошентип бири-бирибизди кыйбай жүрүп, акыры ажыраштык. Ажырашуу оңойго турган жок. Экөөбүз эки жакта ойлуу калдык. Кыздарым экөөбүздүн ортобузда чайналып калбасын деп кыздарыма атасы менен жолугушууну чектебей, "Атаңар келсе кучак жайып тосуп алгыла. Кабагыңарды салбагыла" деп кичинесинен эле дайыма айтып, жакшы багыт берчүмүн. Ошондон бери кыздарым атасы менен азыркыга чейин катышат. Улуу кызым Кундуздун үйүнө келип турат.
- Сиз менен баарлашып олтуруп, кыздарыңыздын атасын жакшы көргөнүңүздү баамдадым. Ал киши деле кийин "Жаңылдым, жаздым, жарашалы" деп артыңыздан барган учурлары болсо керек. Жарашып алууга такыр болбойт беле?
- Чынын айтыш керек, антип көп келди. Эки жыл артымдан жүрдү. Акырында "Алып кетейин десем, болбодуң. Мага үйлөнүүгө уруксат бер" деп менден уруксат сурап анан үйлөндү. Ал аялын көргөн жокмун, тез эле каза болуп калды. Анан "жарашалы" деп кайра келе баштады. Жолдошумдун кемчилиги - "ырчылык өнөрүңдү ташта" дей берчү. Ал дагы сөзүнөн кайтпайт, мен дагы "сахнаны таштай албайм" деп өжөрлөнөм. Эки башка көз карашта тургандыктан жарашууга болбойт болчу. Жарашкан менен, бир күнү дагы ырдайм деп басып кетеримди билип, жолдошумдун башын оорутуп, аны менен мышык-чычкан ойнобоюн деп сүйүүнү чечкиндүү түрдө сахнага алмаштырып коюптурмун...
- Бул чечимиңизге өкүнбөйсүз да...
- Өкүнбөйм. Тескерисинче, бактылуумун. Себеби, көздөгөн максатымдын чокусуна жеттим.
- Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА