Коомдук-саясый гезит
№09, 18.04.08-ж.




◄◄◄
  Сес көрсөтөөрүн го көрсөттүк...

Кожондогу жыйынга Кыргызстан эмнеге катышпады?
Коңшулаш өлкөлөрдүн маалымат булактарында Тажикстандын Кожонунда өткөрүлгөн суу бөлүштүрүү маселелерин кароого арналган сүйлөшүүлөр негизги "суу башы" - Кыргызстандык тарап катышпагандыктан натыйжасын берген жок деген кабар тарады. Төрт коңшулаш республикалар - Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын катышуусу менен өткөрүү пландаштырылган бул сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптын барбай калышын Кыргызстандын айыл чарба министрлиги, суу чарба департаменти эч кандай чакыруу алышпаганын өзүлөрүнүн басма сөз катчылыктары аркылуу расмий түрдө билдиришти. Суу чарба департаментинин гендеректири Б.Кошматовдун айтымында жогорку деңгээлдеги бул жыйынга Кыргызстандык жалгыз өкүл - суу чарба департаментинин Баткен облус боюнча жетекчиси катышып өзүнүн деңгээлиндеги гана маселелерди чечкенге аракет кылган. Айыл чарба министрлиги, суу чарба департаментинин күзүрлөрү минтип биз чакыруу алган жокпуз деп кыжаалаттанып турушкан чакта ахывал алар айткандан таптакыр башкача болуп чыкты. Кыргызстандын өкүлдөрү Кожондон келип жаткан чакырыктарга карабай ал сүйлөшүүлөргө принципиалдуу түрдө катышуудан баш тартканы маалым болду. Кыргыз нефтитрейдерлер ассоциациясынын башчысы Б.Мамбетов мырзанын айтымында буга чейин көп жылдар бою кошуналарга каалагандай өлчөмдө, үзгүлтүксүз берилип келген суу маселеси бүгүн таптакыр башка өңүттөн каралмакчы. Конкреттештирип айтканда, суу башы болгон кыргыз тарап мындан ары кошуналарга карата суу маселесинде ультиматум таңуулай турган бекем позицияны ээлемекчи өңдөнөт. Суу силерге керекпи, өзүңөр келгиле деген таризде Кожон жолугушуусуна ачык кыр көрсөтүп барбай койгон себеп да ушунда жатат. "Биздин шартыбыз - сууну саталы дегендик эмес, кошуналарга агып барып керектелчү суу менен иштелип чыккан энергиянын мындагы акысын алар төлөп бериши керек, кеп ушунда, - дейт Б.Мамбетов мырза. Кыргызстандын энергетика жана отун ресурстарынын министри С.Балкыбековдун ою боюнча электр энергиясына өзүнчө, сууга өзүнчө "товар" деген статус коюп ар бирин өзүнчө сатуу зарыл. Нефтинин жана газдын запастарынын азайып баратканынан улам келечекте гидроэнергетика энергиянын стратегиялык булагына айланаарын, андай болгон күндө гидроэнергетикалык ресурстары боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү орунду ээлеп турган Кыргызстан менен кошуналар эсептешпей кое албай турган учур алыс эмес экенин кыргыз өкмөтү жакшы түшүнөт окшойт. Антпесе карылуу кошуналарга сес көрсөтүү далалатын башка кандайча чечмелейбиз? Неси болсо да боксчулардын тили менен айтканда кошуналар тарапка бир мертебеликке мээлей ыргыттык, сууга келгенде андай эмес, мына мындай чечебиз деп бек айтканы турабыз. Кылым карыткан аксакалдар Н.Назарбаев, А.Каримов эмне дешет, аны да аманчылык болсо угабыз. "Кудайдын суусун сатабыз деп силерди кудай урдубу кыргыз боорлор" дешээри анык дечи, ошондо мокой түшпөй теңата болуп талашсак кана атаңгөрү...
Тарыхта сейрек учураган оор кыштан араң чыктык. Союздун багыбызга куруп берип кеткен Токтогул ГЭСи араң түттү, энергия чыгара берип суусу кургап да бүттү. Эми тийиштүү көлөмдөгү суу чогулмайынча жайы менен жарыкка таңкыс болуп өткөнү калдык. Сууну бууп көбөйтөбүзбү демек, анын кошуналарга кетчү үлүшү да азаят. Кожонго айтыла турган сөздөр ушул эле кошуналар аргасы түгөнгөндө өзүлөрү келип уга турган болуп калды өңдөнөт.

Бахтияр ШАМАТОВ




  Каржыдагы кабатырлык...

Райфин бөлүмдөр бюджетке кыянаттык кылышууда
Каржы министрлиги 2007-жылдын бюджетинин аткарылышын гана эмес анын кантип түзүүлөрүн да ийне-жибине чейин текшерүүдөн өткөрдү. Угушубузга караганда мындай окуя биздин жаңы тарыхыбызда биринчи жолу болуп жаткан экен. Министр айым Т.Калимбетованын айтымында "текшерүүлөр учурунда олуттуу финансылык тартип бузуулар аныкталган. "Текшерүүлөр жалпы республика боюнча эмес, эки гана областта - Баткенде, Чүйдө жана Ош, Жалалабат шаарларында жүргүзүлгөн. Тартип бузуулардын басымдуу бөлүгү категориялык гранттардын үлүшүнө туура келет. Категориялык гранттар бюджеттин басымдуу бөлүгүн түзүп, жыл сайын өлкө бюджетинен 3 млрд сомдун тегерегиндеги акча каражаттары мугалимдердин жана врачтардын айлык акыларына чегерилип турат. Текшерүүнүн жүрүшү жер-жердеги райфин башкармалыктары аталган мекемелердин айлык боюнча эсеп-чотун өйдөлөткөн баалар менен кабыл алышаарын көрсөттү. Алар 1.5 млн дон 12 млн го чейинки сумманы түзөт. Министр мындай өз билемдикке жол койгон айрым жетекчилерди маселен, Чүй облусунун казначей бөлүмүнүн жана Бишкек шаарынын Ленин райондук казначей бөлүмүнүн начальниктерин кызматтан айдоо боюнча чечим кабылдаганын билдирди.
Текшерүү жүргөн областтардагы билим берүү мекемелеринде штаттагыдан 2 эсе көп кызматкерлер айлык акы алып жүрүшкөнү маалым болду. Маселен, Баткен районунда 55 мекемеде 112 адам артыкбаш болсо, Кадамжайда - 53, Сүлүктүдө - 43, Жайылда - 57, Панфилов районунда - 47 адам ашыкча иштеп жүрүшөт. Эл арасындагы кептерге караганда учурда бул да өзүнчө акча табуунун амалы. Мисалга мектептердин "ишкер" деректирлери штатты жасалма көбөйтүп артыкбаш түшкөн акчалардын эсебинен өзүлөрү баюшууда деген кептердин жүрүшү бекеринен эмес окшойт.
Мындай "жаңылыктын" турмушка киргенине бир топ жылдар болуп калса да, үстү жактан эмдигиче быш этишпей келишкен. Эми министр Калимбетованын каарына кабылган Ош, Сүлүктү, Баткен, Кадамжай жана Панфилов район шаарларынын кичи "минфиндери" көчүккө тебилсе, мындай ачуу тагдыр дагы далайларды акмалап калды окшойт.
Текшерүүнүн жыйынтыгына катуу жаалданган министр айым региондордогу финансы сарбаздарын бирин койбой тегиз аттестациядан өткөрүү зарылдыгын айтып чыкты. Жогорудагыдай чаралар элдин акчасын сүлүктөй соруп көнгөн жер-жерлердеги каржы карышкырларын эсине келтирип, тартип оңолобу - убакыт көрсөтөт.

Бахтияр ШАМАТОВ




  Авточуу

Шоопурлар шойкому
Бишкек шаарында бир канча убакыттан бери микроавтобустардын - маршруткалардын жол кире акысын көтөрүү маселеси каралып, ал шоопурлардын кызыкчылыгына эмес, жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгына калып келет. Былтыр күйүүчү майды арзандаткыла деп маршруткачылар иш таштоого чыгып, элди бүлүккө салып, анча-мынча чуукечтер кармалып, кайра баары ордуна келген эле.
Быйыл февраль айында бул маселе карап, шаар башы Д.Үсөновго чоңдор, депутаттар телефон чалып (болгондо да өкмөттүк байланыш - "тройка" менен), жол кирени кымбаттатып берүүнү сунушташкан. Маселе марттын ортосунда карала турган болуп, бирок каралбай, эми 24-каралат деп турат.
Жакында жол кирени 10 сомго чыгарасыңар, болбосо... деп шоопурлар жумушка чыкпай коюп, караламан элди аксатты. Маршруткасын ижарага алып иштетип жаткандар иш таштаган жок. Иш таштоого мажбурлаган, тополоң чыгарган деп 3-4 адам кармалып, сот жообуна тартылды. 15 суткага абакта жатышат. Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, чуукечтер өздөрү эле иш таштабастан, башкаларды да үндөп-үгүттөп, аларга карабай чыга бергендердин терезелерин сындырып, дөңгөлөктөрүн тешип салышыптыр.
Шоопурлардын талабы - 5 сом өтө аз. Тапкан акча эч нерсеге жетпейт. 10 сом кылып берсе, киреше эки эсеге көбөйүп, акча баскан-турганга жетип калат экен.
Маселенин дагы бир жагы бар. Ар бир каттамда машинанын саны өтө эле көп, "час пик" убагында эле эл толтура болгону болбосо, башка учурларда бусиктер бош эле катташат. Мисалы, 114-каттамда 100дөй, ошол эле багытта жүргөн 214-каттамда 60тай бусик бар экен. Бир линияда бири бири менен жарышып бараткан бусиктер айрым учурларда бирден, экиден жүргүнчү салып жүрүшөт. Анан алар кантип көп акча тапсын?! "Эгер көп акча табабыз дешсе, анда бусиктердин санын кыскартуу керек. Ошондо бир күндө тапкан акчасы кенен-кесир жетип калат. Эми тыгылышып батып жүргөн биз, бусик азайса деле тыгылып бата беребиз" дешет жүргүнчүлөр.
Чын эле ансыз да транспорт каптаган шаарда айрым учурда жолдо жүрүүнүн эрежесин бузууга түрткү болуп жаткан маршруткалардын санын бир аз кыскартса, анын ордуна жакында алынып келинип, бир кызарып көрүнүп, жок болуп кеткен, 14-каттамда гана жүргөн кызыл автобустарды көбөйтсө, балким, жүргүнчүлөргө да, шоопурларга да, МАИ кызматкерлерине да, автоунаачыларга да жеңил болоор беле...
Ушинтип отурсак дагы бир шоопурлар чуусу чыкты. Бул жолу Ош-Эркечтам жолунда жүк ташуучу КамАЗдардын шоопурлары "жолду бууйбуз, себеби Кытайдан кирген жүк ташуучу машиналар биздин ишибизди алып коюп жатышат" деп чыгышты. Алар мындай маселени мурда да көтөрүп, Кытайдан чыккан машиналар жүктү чегарага чейин жеткирип беришсин, калганын биз ташыйбыз дешкен эле. Бирок ал маселе ошол бойдон калган болчу. Бул жолу алар "жок дегенде коммерциялык жүктөрдү биз ташыйлы, мамлекеттик жүктөрдү кытайлыктар ташый берсин" деп чыгышты. Алар губернаторго кайрылуу жолдошуп, маселени чечип берүүнү талап кылышты.
Областтык жетекчилик азыр шоопурлар, министрлик, МАИ менен биргеликте бул маселенин үстүндө иштөөдө. "Биздин эларалык милдеттемелерибиз бар, ошондуктан биз жолду жаппашыбыз керек" деп жолду тостурган жок. Азыр сүйлөшүп жатышат. Сөз эмне менен бүтөт - белгисиз.

Алтын КАЗИЕВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!