Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
  Концерт алдында...

Опера ырчысы Жеңиш ЫСМАНОВ:
"Италиялыктар кыргыз улутун Болот Миңжылкиев аркылуу таанышат экен"
Тенор үндүү опера ырчысы Ноокат районунун Кулатов айылынан. 23 жашта. Бойдок. Ортазиядагы өткөн конкурстардын баарына катышып, татыктуу орундарды ээлеп, лауреаттыкты алган. Италия өлкөсүндөгү Ла-Скала шаарында өткөн эларалык конкурска 22 -35 курактагы 327 ырчы катышып, 17- орунду ээлеп келген. Эртең, 11-апрелде жеке концертин өткөргөнү турат.
- Жеңиш, эларалык конкурска кандайча катышып калдың эле?
- Италиядагы Ла-Скала шаарында эки жылда бир өтүүчү эларалык конкурска тандоо туру жүрүп жатканын интернеттен окуп калып, документтери жөнөтүп жибердим. Кудай жалгап, эларалык конкурска катышууга чакыруу кагазын алып калдым. Италияга барып келишти "Жусуп Бакиев" атындагы фонд каржылады. Андан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов колдоо көрсөттү. Ла-Скала шаарында 20 күн жүрдүм. Конкурстун тандоо туруна 327 опера ырчысы катышып, финалга 30 ырчы өттү. 30 ырчынын арасында мен дагы бар элем. "30 ырчынын ичинен 15 ырчы тандалат. Жеңүүчүлөр Италияда бекер окуп, стипендия алат. Андан кийинки орундагы 4 ырчы контракт менен окуса болот" деп жобосунда көрсөтүлгөн экен. Финалдык турда 15 ырчынын ичине кирбей калып, 17-орунду ээлеп калдым. Контракт менен окууну сунушташты, суммасы (25.000 евро) аябай чоң болгондуктан, ошол жерден эле баш тарттым.
- Кайсы тилде ырдап катыштың?
- Конкурстагы программа менен таанышканда "өзүңдүн тилиңде ырдоо" деген талабы бар болчу. Өзүмдүн тилимде СССРдин эл артисти, композитор, дирижер Калый Молдобасановдун "Селкиге" деген чыгармасын аткардым. Андан сырткары италян тилинде ырдадым.
- Конкурска келген талапкерлер кыргыз улутун билишет бекен?
- Жок. Кыргыз улутун билбегени менен тарых барактарында аты өчпөс болуп жазылып калган Болот Миңжылкиевди жакшы таанышат экен. Кыргыз улутун дүйнөгө таанытып кеткен Болот байкенин талантына башымды ийип таазим кылам. Ла-Скала шаарында өткөн конкурска кыргыздардан Болот Миңжылкиевден кийин эч ким бара элек экен. Экинчи болуп мен барыптырмын. Менин келечектеги негизги максатым Болот байкедей болуп, дүйнөгө таанылгым келет.
- Башка талапкерлердин ырын укканга мүмкүнчүлүк болдубу?
- Тилекке каршы, мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби, алардын талабы боюнча сахнага концертмейстер менен аткаруучу гана чыга алат.
- Кыргыз операсынын келечеги барбы?
- Бар. Бирок, өлкөдө СССР кездегидей шарт жок да. Анын үстүнө мыкты педагогдордун саны аз. Көбүнүн көзү өтүп кеткен. Башка жакка кетип калгандар бар. Мурдагыдай бизди башка жакка окууга жиберсе, ошончолук тажрыйба алат элек. Бардыгы айланып келип эле каражатка такалат.
- Устатың ким?
- Улукмырза Полотов, Керим Турапов.
- Кимди кумир тутасың?
- Мектепте жүргөндө эстрада ырчысы болгум келчи. Бек Борбиевди кумир тутчумун. Себеби, гитарада жакшы ойночумун.
- Анан кандайча опера ырчысы болуп калдың?
- Бишкекке келип, филармониядагы 2 жылдык студиянын чопо чоор бөлүмүнө тапшырдым. Ал жерден Улукмырза Полотов агайдан сабак алдым. Бир күнү мени ырдатып угуп көрүп: "Сенден опера ырчысы чыгат" кесип тандоого жол көрсөткөн. Туура жолго салган агайыма ыраазымын. Себеби, операнын артынан чет элди, кооз жерлерди көрүп келдим.
- Опера ырчысы болуп калганыңды ата-энең кандай кабыл алды?
- Ата-энем бир дагы баласына кесип тандоо жагынан тыюу салган эмес. Баарыбыз өзүбүз каалаган кесипке ээ болдук.
- Эртең тушоо кесүү концертиң болгону турат. Чыгармачылык максаттабы же коммерциялыкпы?
- Албетте, чыгармачылык максатта. Чыгармачылыктан акча жасайын деген ой жок. Биринчи жолу концерт коюп жатып, концерт коюунун түйшүгү көп экенин түшүндүм. Продюсер да, менеджер да өзүм болуп жатам. Продюсер менен иштешейин десең, бизде профессионалдуу продюсер жок.



 "Жаш толкунга" талапкер

Ырчы ОМАР:
"Грузиндер күчтүүлүк кылат экен"
Жыл сайын өтүүчү "Жаш толкун" эларалык сынагына Кыргызстанга атайы Москвадан, Алматыдан шоу-бизнес адамдары келип, бардык ырчылардын сүрөттөрүн, ырларын, видеоклиптерин алып кетишип, жыйынтыгында үч (Ж.Бобкова, М.Атабеков, Омар) ырчыны тандашкан. Чейрек финалдык сынак Алматыда өтүп, ага Ортазия боюнча 40тан ашуун ырчы катышкан. Москвада өтө турган жарым финалга Мирбек менен Омар өткөн. Финалга Омар өтүп, Кыргызстандыктар ага ийгилик каалап турган кези. Ырчынын кесиби - экономист. Спорттун бардык түрүн жакшы көрөт. Англис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Эки бир тууган. Өз аты-жөнү - Өмүрбек Жанышев. "Жаш толкун" эларалык сынагына дал ушул ысмы менен чыкмакчы.
- Омар, өз кесибиң экономист экен. Өз кесибиң "өгөйлөнүп" калбайбы?
- Менин оюмча, эки кесипти бирге алып кетсе болот болуш керек. Андыктан өз кесибим сыртта калбайт.
- Вокал жагынан Талгар Жакшылыковдон сабак алып жаткан турбайсыңбы. Тандоо сынагынан кийин бара баштадыңбы же?
- Алматыда, Москвада өткөн сынактардан кийин бара баштадым. Ыр чөйрөсүнө аралашкан кишиге вокалдык сабак сөзсүз керек.
- Сууда сүзгөндү жакшы көрөт деп уктук. Бассейнге көп барасыңбы?
- Спорттун бардык түрүн жакшы көрөм. Волейбол, баскетбол, сууга сүзүүгө барам. Эртең менен чуркайм. Сынактан келгенден бери спорт менен машыгууга жакшы көңүл буруп жатам. Себеби сахнада ырдап жатып бийлегенде күйүгүп калганымды байкадым. А күйүккөндө үнүң бузула түшөт. Башка мамлекеттен келген жаш таланттар жата калып, тура калып ырдаса дагы үнү бир калыпта турганын баамдадым.
- Үндү калыпка салуудан сырткары да көңүл бурчу жагдайлар болсо керек?
- Албетте. Вокал, сахнадан өзүңдү жакшы алып жүрүү, кыймыл-аракет, аткаруучулук чеберчилик керек экен. Валерий Леонтьев, Дима Билан жана башка ырчылардын деңгээлинде болуу эске алчу көп нерсе бар. Чет өлкөдө өткөн сынактарга катышуунун да чоң пайдасы бар экен. Анткени ал жактан көп нерсени үйрөнөт экенсиң. Чет элдик ырчылардан дос күтүп дегендей... Кыскасы, көп нерседен көз ачылат.
- Москвада өткөн сынакка канча киши катышты жана канчанчы болуп чыктың?
- Сынакка150 адам катышты. Мирбек Атабеков 93-номер, мен 98-номер менен чыктым.
- Сүрдөө, коркуу сезимдери да болгондур?
- Албетте. Калыстар тобунда Орусиянын шоу-бизнесинин дөө-шаалары - И.Крутой, И.Николаев, А.Румянцов, Е.Орлов, М.Фадеев отурса, кантип сүрдөө, коркуу болбой койсун. Аларды көргөндө ыр, бий дегенди унутуп, бир гана "булар мен жөнүндө эмне деп ойлоп жатат болду экен?" деген ой гана ээлеп алды. Алардын кандай, кайсы критерийлер менен аларын билбегендиктен ар нерсени ойлоп бушайман боло берет экенсиң.
- Кайсы тилде ырдадың?
- Англисче, орусча. Биринчи күнү "J iust go" ырын, экинчи күнү "Бишкекская ночь" аттуу ырды ырдадым. Ырдын мүнөзүнө жараша кийиндим. "Jiust go" 80-жылкы ыр эмеспи. Ошондуктан ошол учурдагы кийимди кийип чыктым. Экинчи ырымда эркин форма менен чыктым.
- Кайсы мамлекеттин ырчылары күчтүүлүк кылат экен?
- Бардык мамлекеттен кыйын ырдагандар бар экен. Мисалы, Италия, Америка, Британия. Бирок, чынын айтсам грузиндер күчтүүлүк кылды.
- Ал жерден эмнеге ызаландың?
- Мен ызалангандай көрүнүш илгертен эле ырчыларда болуп келатат болуш керек. Башка жактын ырчыларын вокалисттери, визажисттери, гримерлору, жадакалса сынакты чагылдырган телевизиондук топ жандап жүрдү. Сахнага чыгаарда моралдык колдоого алып кол чаап чыгарып жатышты. Мындай мамиледен кайсы ырчы болбосун, күч-кубат алып, сахнада жакшы ырдайт. Шоу-бизнес жагынан өзгөчө Алматы өнүккөн экен. Алар бир жума жүргөн сынактын жүрүшүн, алардан барган ырчыларын Казакстанга түз эфирден көрсөтүп турду. Ушул маселе боюнча Мелис Эшимкановго кайрылуу кагазын даярдап койдук. Эгер оң жакка чечилип калса, жайында өтө турган чоң сынакты түз эфирден көрө аласыздар.
- Финалга өткөнүңдү кимден уктуң?
- Кыргызстанга мына учабыз деп турган жерден, Москванын аэропортунан уктук. Финалга өткөнүмдү Канат байкеге чалып айтышыптыр. "Бул жеңиш сеники эмес, меники эмес, Кыргызстандыкы" деп Канат байке сүйүнүп мага айтты. Үчөөбүз кучакташып бири-бирибизди куттуктап калдык. Үчөөбүз тең ичпеген кишилерден экенбиз. "Кока-Кола" менен жуудук.
- Официалдуу чакыруу кагазын алдыңарбы?
- Официалдуу кагаз түрүндө ала элекпиз. Себеби, алардын жол-жобосу боюнча сынакка аз калганда гана жиберишет экен.



  Ким? Кайда? Качан?

Айгеримдин диски 8 миңге сатылды
Көпчүлүк жаштардын жүрөгүнөн түнөк тапкан айдай сулуу Айгерим Москва, Ленинградды атасы Расул менен түрө кыдырып келди. Ал тарапка кыргыз диаспорасынын чакыруусу менен барышкан. Ал жактагы жаштар "Айгерим, биз сени мененбиз!" "Айгерим, мы любим тебя" деп транспоранттарга жазып алып, концертине көтөрүп келишкен. Концерттин ортосунда Айгеримдин диски аукционго коюлуп, 8 миңге сатылган экен.

Сапар менен Назми Кытайда
Назми "Бек" тобунан, Сапар "Айчүрөк" тобунан кеткенден бери экөө чогуу иштешип, чет өлкөгө байма-бай каттап турушат. Учурда Кытайдагы кыргыздарды кыдырып, аларга жазгы маанай тартуулап жүрүшөт. Экөө жөнүндө ар кандай сөздөр жүрүп, үйлөнтүп да жиберишти. Кытайдан келгенден кийин экөөнүн мамилесин өздөрүнөн сурап беребиз.

"Манастын сүйүүсү" телесериалы тартылат
Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров "Айыл өкмөтү", "Боз салкын" кинолорун тартып келген. Бул жолу "Манастын сүйүүсү" телесериалын тартууга бел байлады. Манастын ролун аткарууга Азиз Бейшеналиев Москвадан чакырылса, Каныкейдин ролун аткарууга италия актрисасы Моника Беляучиге сунушталып, сүйлөшүү жүрүп жаткан кези. Телесериалдын таржымалы жөнүндө кийинки саныбыздан кенен окуй аласыздар.

Бекчоро эмнеге "таз" болду?
"Бирөө баары үчүн, бардыгы бирөө үчүн" деген девизди туу көтөргөн ырчы жигит Бекчоро клип тарттырыш үчүн чачын шыпыртып салган. "Таз" болушунун себебин кээ бирөөлөр тескери түшүнүп, аны түрмөгө отургузуп ийишкен. Жаңы тартылып жаткан клибинен, сахнадан Бекчорону чачы жок көрөсүздөр, бирок көнөсүздөрбү ким билет?..
Бетти даярдаган Назира СААЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!