Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
  Маараке

Ырчы Райхан АБДУВАЛИЕВА:
"Бир ок менен эки коен атканы турам..."
"Периште" тобуна он жыл болду. Он жыл ичинде 40тан ашуун адам иштеп кеткен. Учурда 5 кыз иштейт. Кичүүсү 7-класста окуйт. Топту түптөгөн ырчы 21-апрелде 44 жашка толот. Туулган күнү менен кошо "Периште" тобунун он жылдык тоюн 23-апрелде Токмоктогу "ГАВАИде" өткөрөм деп чамынып турган кези. Той ээси менен азыноолак маектештик.
- Райхан айым, келе жаткан туулган күнүңүз жана он жылдык мааракеңер менен куттуктайбыз. Экөөнү чогуу капчыктуулар өткөргөн жерден өткөргөнү жатыптырсыз. Кыясы байып калсаңыз керек?
- (Каткырат). Бир ок менен эки коен атканы турам. Биринчиден, 21-апрелде мени жарык дүйнөгө алып келген апама ыраазычылык билдиргим келет. Себеби, "Жашында берсин мээнетти, карыганда көрсүн дөөлөттү" дегендей, жаштайынан бери эле балдарына мээнет кылып келатат. "Менин колдоочум да, демөөрчүм да алтындай болгон апам" деп илгертен эле айтып келатам жана айта берчимин. Анткени топтун ачылышына апамдын мээнети күч. Эсимде, алгачкы жолу сахнага кийип чыга турган кийимдеримдин шуруларын кирпик какпай түнү менен бирден тигип чыккан. Апам чет жактарга көп каттады. Кайсы мамлекетке барбасын "сахна кишиси" деп мага кымбат-кымбат кийимдерди алып келип берип жүрдү. Үйдөн үй алып берип, машинадан машинага мингизди. Кийим эле эмес, машина жагынан да модадан калтырган жок. Өмүр бою топту каржылап келаткан апам дагы эле тойдун чыгымынын көбүн көтөрүп жатат. Андан тышкары бир туугандарым колдоп жатышат. Эл катары кийим тигүү цех ачкам. Ошондон түшкөн акчаны кошуп, ГАВАИге өткөргөнү турабыз.
- Чыныңызды айтыңызчы, топ сизге киреше алып келдиби же чыгашабы?
- (Күлөт). Чыгаша... Жаңы топ ачканда албетте бардык эле адам кыйналат. Ошондой эле бизде да кыйынчылыктар болгон. Анткени топтогу ырчы кыздарымдын көбү студенттер болчу, алар жатаканада турчу. Алардын ырларын жаздыруу, тамак-ашы, кийим-кечеси, кыскасы, баскан-турганын баары менин мойнумда болчу. Мен алардын камын, апам менин камымды көрүп жүрүп, кудайдын кулагы сүйүнсүн буттан туруп кеттик.
- Топто жалаң кыздар болгондуктан "Периште" деп атасаңыз керек?
- Жок. Бул идея эки нерседен келип чыккан. Биринчиден, "Периште" аттуу ыр менен жарк этип чыктым. Экинчиден, "Биз дагы сахнада ырдагыбыз келет, бизге жардам кылсаңыз" деп мага келген жаштар көбөйүп кетти. "Периште" кайрымдуулук фондун ачып, ошонунун негизинде топ ачылган. Ошентип, 1997-жылы "Периште" эстрадалык жана фольклордук топ түптөлгөн. Былтыр он жашка чыкканбыз. Белгилеген датабыз парламенттик шайлоого туш келип калып, жазга жылып калган. "Ийгиликтин эрте-кечи жок" дегендей, көктөмдө көрктүү той бергени турабыз.




  Ырмаек

Ырчы Гүлнара КАЛДАРОВА:
"Буйруса, Темир мага жакында күйөө бала болот..."
Ырчы Гүлнара Калдарованын турмушка чыкканына үч жыл болот. Жолдошунун кызматына байланыштуу Ошко кеткенине аз гана убакыт болду. Ал жакта Гүлшайыр Садыбакасова жетектеген филармонияда иштейт. Дагы эле "Кыз Бурак"тобунан кол үзбөй, чоң-чоң концерттерине катышып турат. Ырчы Бишкекке кайненесине конокко келип калган экен, редакцияга чакырып аны менен баарлаштык.
- Гүлнара, келин болуу чыгармачылыкка терс таасирин тийгизбейт бекен?
- Жок. Түшүнүктүү үйбүлөгө туш болдум. Кайненем ырдаганды жактырат. Жакшы ырдайт. Ошондуктан менин ырдаганымды дайыма колдоп келет. Атүгүл, "Гүлнараны ырдатып тур. Эч болбосо "Кыз Бурак" тобунун чоң концерттерине катыштырып тур!" деп жолдошума эскертип турат. Чынында Кыргызстандагы гастролдорго чыга албайм. Себеби, кыздар 10-15 күнгө же бир айга чейин гастролдоп кетишет. Үйбүлөлүү адам анчалык убакытка бара албайт да. Жолдошуңду жумуштан кийин ысык тамак менен тосуп алып, кийим-кечесин жөнгө салып турушуң керек экен. Иштен да үйбүлөнү жогору коерумду түшүнгөн Мырзабек чет жердеги сапарларга жиберип турат. Мисалы, былтыр Самаркандагы болуп өткөн эларалык конкурска "Кыз Бурак" тобу менен барып, ал жерде 10 күн жүрүп, кыздар менен эс алып келдим.
- Ошондогу конкурста кыл кыяк ойнодуң го. Кыл кыякты мурда эле билчү белең же конкурска бараарда үйрөндүңбү?
- Кичинемден эле билчүмүн. 3-класстан баштап музыкалык мектепке катышкам. Кыл кыяк классында 3 жыл окудум. 8-классты бүткөндөн кийин музыкалык окуу жайдын кыл кыяк бөлүмүнө тапшыргам. Кыл кыяк бөлүмүндө 9 жыл окудум.
- Башка инструменттерде ойной алсаң керек?
- Комузда, фортепьянодо, ооз комузда ойнойм.
- Самаркандагы конкурска катышууга демилге кимден болду? Сен жактанбы же жетекчи тараптанбы?
- Гүлшайыр эже жактан болду. "Самарканда боло турган конкурска Кыргызстандан фольклор-эстрада жанрындагы жакшы бир топ жиберсеңер" деген чакыруу кагазы Маданият министрлигине келип түшкөндө министр "Кыз-Бурак" тобун сунуштаган. Менин кыл кыякта ойноорумду Гүлшайыр эже жакшы билчү. Кыздар менен даярданууга Ошко чакырып, репетицияга барып калдым. Мурда манас айтып көрбөгөндүктөн манас айтуудан бир аз кыйналдык. Эки күн кечке убара болдук. Үчүнчү күн дегенде окшоштурдук. Гүлшайыр эже чыгармачылык жактан ушунчалык тажрыйбалуу жетекчи. Манас айткан төрт кызды бирден текшерип, ар бир сапты иштеп чыкты. Көз карашты, ооздун ачылышына чейин карап, баарын өзү үйрөттү. "Кыз Бурак" тобу таланттуу кыздар менен толукталып, аты да, заты да өчпөй келет. Азыр "Кыз Бурак" Малвина деген кыз кирген. Ал алты инструментте эркин ойнойт.
- Үнүң жакшы. Кантип сактайсың?
- Үнүмдү дайыма эле сактай бербейм. Концерт болоордун алдында же ыр жаздыруунун алдында үнүбүздү сактайбыз. Муздак суу ичпей сүт ичип дегендей. Үндүн таза ачылышы үчүн чийки жумурткадан чегип ичебиз.
- "Министрдин кызынын махабаты" тасмасындагы наркоман кыздын ролун аткарган кыз сенин сиңдиң деген сөз болду...
- Ой, жок!.. Муну силерден угуп жатам... Мен ал кинонун 1-2-бөлүмүн көрдүм, 3-бөлүмүн көрө элекмин. Мунара деген сиңдим бар. Бирок ал кебете жагынан да, чыгармачылык жагынан да мага такыр окшошпойт. Анын кесиби да башка. Менин жолдошум менен бажыканада иштейт.
- Бул кинону көрүпсүң, ага кандай баа бердиң?
- Албетте, Союз учурундагы киного салыштырганда начар деп ачык эле айта алам. Себеби, ал фильмдер Алтын казынада калган фильмдер. Анын үстүнө ал тасмалардын ажарын өңдүү-түстүү мыкты, залкар артисттер ачып турган. Башка тилдерге которулуп чет жактарга да көрсөтүлгөн. Тартылган тасмадан да, ажарлуу, таланттуу артисттерибизден да уялбайсың. Азыркыдан чынында уяласың. "Министрдин кызынын махабаты" тарбиялык жактан жакшы тартылгандыр. Моралдык жактан тартылышы начар. Качан эле кыргыз моралдык жагын элге ачык көрсөтүшчү эле..?
- Мунара сиңдиң ырчы Темир Назаровдун кудалашкан кызы турбайбы. Той качан болгон жатат?
- Темир менин сиңдим менен 8-класстан баштап сүйлөшүп жүрүптүр. Бирок мен чынында экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүн турмушка чыкканча билген эмесмин. Мен турмушка чыккандан кийин үйгө кудалар келип Мунарага сөйкө салып кетишкен. План боюнча быйылкы жазда үйлөнүшмөк. Сиңдимдин тандоосуна абдан кубандым. Себеби Темир жакшы бала. Мен аны күйөө бала катары эмес, инимдей жакшы көрөм. Темир менен төркүнүм жагынан коңшу турабыз. Чыгармачылык жактан кандайдыр бир кеңеш керек болуп калса, үйгө кирип-чыгып турат.
- Сахнага Темирди сени алып чыккан деп укканбыз. Темирдин устаты десек болобу?
- Жок, антип айта албайм. Себеби, ал баланын таланты бар. Темир анча-мынча суроолор менен келгенде колдон келген жардамды берчүмүн. Аздыр-көптүр Гүлшайыр эжеден таалим-тарбия алып калды. Эже да колдон келишинче колдоо көрсөттү. Андан кийин Канатта иштеди. Темир аракетчил болгондуктан өз алдынча чыкты десем болот. Жаш ырчылардан жарк этип эң биринчи Темир чыкты. Андан кийин Ильяз Абдыразаков, Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков чыкты. Аты аталган ырчылардын үндөрү мага абдан жагат. Азыр ушунчалык ырчылар көбөйүп кетти. Саны көп болгону менен сапат жагынан өзүн көрсөтө алгандары аз деп ойлойм.
Бетти даярдаган Назира СААЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!