Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
  Биздин конок

Тарыхчы ЧОРЧОЕВ:
"Айылдагылар атымдан айтпай "Карамолдонун касапчысы" дешчү..."
Чарбада 40 жыл иштеген Тарыхчы Чорчоев Советтер Союзуна өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер. Эмгек Кызыл Туу орденинин, Кыргыз ССР Жогорку Совет грамотасынын ээси. 70 жашта. 8 баланын атасы, 27 неберенин чоң атасы. "Жол баскан өмүр" аттуу китеби чыккан. Учурда "Атажуртум - алтын бешигим" аттуу китеби жарык көргөнү турат.
- Жарык көрө турган китебиңизге эмнелер камтылды, кыскача токтоло кетсеңиз?
- Китеп жазайын деген оюм жок болчу. Пенсияга чыкканда зеригет экенсиң. Бир күнү үйдө олтурганда жөн олтурбай өзүмдүн өмүр жолумду эрмектеп жаза берейин деген ой келди. Анан китеп жаралды. Биринчи китеп мемуар сыяктуу. Балдарыма, небере-чөбөрөлөрүмө эстелик болуп калсын деген ниетте жазгам. Жарык көрө турган китебиме чогуу аралашып калган улуу инсандардын баскан жолун камтыдым. Көлдүн Корумду деген айылында саяктардын ичинен бизди Олжобай чоң чарык уруусу деп коет. Биздин айылдан Карамолдо Орозов, Чалагыз Иманкулов жана башка дагы аты-жөнү билинбей кеткен чоң залкар комузчулар чыккан.
- Кечиресиз, Буудайбек Сабыр уулу жана Балбай Алагушев комуз күүлөрүн изилдеп-иликтеп жазышып китеп чыгарышпады беле. Сиздин китебиңиз ички мазмуну жагынан алардыкына окшошуп калбайбы?
- Ырас, Буудайбек, Балбай комуз күүлөрүн изилдеп-иликтеп, китеп кылып жазышкан. Бирок менин китебим алардын башка жагын камтыйт. Тагыраак айтканда, Ысыккөлдөгү Корумду айылында жашаган Олжобай чоң чарык уруусунун таржымалы, залкар адамдардан тарта карапайым элдердин урунттуу окуялары кеңири баяндалган. Олжобай чарык уруусунан комузчулар көп чыккан. Күүнү чертип келатып жанында угуп олтурган балага "Ме балам, ары жагын сен чертчи" деп комузду берсе, ал бала күүнү кадимкидей эле улантып кете берчү.
Азыр деле ошондой аты чыкпаган, бирок мыкты комузчу балдар көп. Мына ушундай таланттуу балдарды жана бир топ белгилүү кишилердин күлкүлүү окуялары, Карамолдо комузду кимден үйрөнгөндүгү, анын устаты ким болгондугу, ал кандай адам болгону иликтенип жазылган. Карамолдону мен жакшы таанычумун. Ал кишинин коюн союп, этин далай бышыргам. Мага көнүп калгандыктанбы, айтор, сыйлуу коноктор келээрде мени чакырып алып "Сен койду жакшы тандайсың. Ме, семиз койдон алып келчи..." деп колума акча берип, кой алдырчу. Кийин айыл адамдары атымдан айтпай, "Карамолдонун касапчысы" деп калышкан. Ал учурда не деген залкарлар айыл кыдырып ырдап келип калышчу. Мисалы, мен Осмонкул, Ыбырай, Саякбай, Алымкулдун колдоруна суу куюп, алардын батасын алып калдым. Алар жөнүндө айтып олтурса чоң сөз. Ошо чоң сөздү "Атажуртум - алтын бешигим" деген китепке жаздым. Басып чыгарууга тапшырып жатам. Басып өткөн жолубуздагы каада-салтты, залкар инсандарды жаштар биле жүрсө деген гана тилек.
- Сиздин жашыңызда илгерки болгон окуяны эстеп жазыш кыйын эмеспи. Учурунда кагазга түшүрүп калгансызбы же эс тутумуңуз күчтүүбү?
- Ал убакта жазуучулукка жок болчумун. Укканды жакшы көрчүмүн. Азыр деле күү укканды жакшы көрөм. Чалагыз, Ыбырайдын күүлөрү менде толтура.
Негизи менин эс тутумум жакшы. Азыр деле 4 жаштан берки өмүр баянымды эстей алам. Жазганга келгенде өзү эле чубалып чыга берет экен.
Чалагыз аябай сөзмөр киши эле. Аны менен чогуу олтурганда аны угасыңбы, укпайсыңбы сүйлөй берчү. Билген кишилерге керектүү нерселерди көп айтчу. Анын үйүндө жатып окуп, ал кишиден көп сабак алдым. Экөөбүздүн мамилебиз ата-баладай болчу. Кийин иштеп чоң кызматчы болуп калганда үйгө алып келип, элге "Атам келди" деп комуз черттирчүмүн. Жайлоого чейин алып барып малчыларга да күүсүн черттирчүмүн. 1960-жылы Тоголок Молдонун 100 жылдыгы Акталаа жергесинде белгиленди. 100 боз үй тигилди. Ал тойго бир топ жазуучулар барышты. Карамолдого комуз черттиребиз, анын күүсүн угабыз дешип тойго барган жазуучулар, калың эл чогулду. Баш-аягы 1000 киши болду. Боз үйдү жылаңачтап салышты. Карамолдо күн баткандан таң атканча күү чертти. Күн чыкканда "Молдокем чарчады, эс алсын" деп калышты. Ошондогу жабалактаган элдин "Колуңдан айланайын" деп Карамолдонун колунан өөп өтүшкөндөрү алигүнчө көз алдымда турат. Ошондо Москвадан өлүп келген Сатыбалды деген баласынан жаңы эле ажыраган экен. Убагында баласына көңүл айта албай калган айыл активдеринин баары келип "Молдоке, "бата көргөн жерде" дейт. Кайрат кылыңыз" деп молдокеге көңүл айтышты. Ошондо элге "Дүнүйө" деген күүсүн кайра-кайра чертип бергени да ошондон экен. Ошол күүсү эң акыркысы болуп калды окшойт. Себеби, андан көп узабай эле каза болуп калды. Мен анда Тяншанда иштечүмүн, молдокеме топурак сала алган жокмун. Боз топурактын үстүндө Саякбай, Чалагыз буркурап ыйлап турган дешет. Кийин уксам сокур ичеги эле экен. Тоодогу баласына барса, ал жерден ичи катуу ооруп чыгат. Күчөгөнүнөн ат менен айылга келип, анан Бишкекке келгенче жарылып кеткен экен. Чолпонатага эле түшө калса, аман калат беле..?
- Сиз жогоруда молдокем күн баткандан таң атканча тынбай күү чертти дебедиңизби. Болжол менен канча күү чертти эле?
- Санап олтурбагандан кийин так билбейм. Бирок болжол менен, кудай билет, 200 күү го дейм. Ошондо Сүйүнбай Эралиевдер жаш жигиттер эле. Ошолор санап жазып алышса болмок деп ойлоп кетем.
- Карамолдонун комузу кайда экенин билбейсизби? Кимдир бирөөгө эстеликке калтыргандыр?
- Комузун чаап берген кишиге кемерин берип кеткен экен. Алай деген жигит бир комузун алып жүргөн. Бирок молдокемдин берген белегин жакшы сактабай коюшту. Карамолдонун комузу Балбайда болушу мүмкүн.
- Карамолдону нота билбей калганына өкүнөт дешет го?
- Ооба. Молдоке бир аз билим алып, нота билип калганда Бах, Моцарттай болуп дүйнөгө дүң деген талант болот эле го...
Маектешкен Назира СААЛИЕВА




  Узункулак

Орустар антиПРО түзүшөт
АКШ ПРОдон чыгып кеткенден кийин Орусия менен тымызын тирешип келатат. Минтип АКШнын Польша менен Чехияга база курабыз деген аракети орустар тарабынан сынга алынып, макулдашууга жетише албай жатышат. Кошмо штаттар орустарга базаларында офицерлери келип иштегенге уруксат беребиз дешкен. Орусия тарап аны офицерлер туруктуу иштеп, техникалык мониторинг үзбөй жүргүзүлүп турушун талап кылышууда. Сочидеги жолугушууда да АКШ мындан акырын качып койду эле, РФ министри С.Лавров ПРОго каршы зонтик түзүп коюуга болоорун айтып чыкты. Эгер бул идея ишке аша турган болсо, ал деген убактылуу АнтиПРО болуп калмакчы.

Косово Конституциясын кабыл алды
Атайын түзүлгөн Конституциялык комиссия Конституциянын долбоорун иштеп чыкты. "Бул тоскоолдуктардын эмес, мүмкүнчүлүктөрдүн конституциясы" - дейт вице-премьер Х.Кучи.
60 беттен ашкан Конституциянын негизги тезиси - Косово калкынын көпчүлүгүн албандар түзгөн көп улуттуу республика. Бирок албан жана серб тилдери расмий тил болуп калды. Косоводо улуттук азчылыктарды этникалык белгисине карап басмырлоого жол берилбейт. Косоводо эларалык күчтөрдүн болушу маанилүү делет.
Конституциянын негизги өзөгүн БУУнун Косовону жөнгө салуу боюнча атайын өкүлү Марти Ахтисааринин сунуштары түзөт.
Долбоорду парламент бир добуштан кабыл алды. Эми ал 15-июндан күчүнө кирет.
Биринчилерден болуп АКШ Косово менен дипломатиялык мамиле түздү - АКШнын элчилиги ачылды.

Педофилдер евнух болот
Орусиянын Коомдук палатасы кылмыш кодесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштаганы жатат. Өзгөртүү педофилия менен күрөшүүгө багытталып, химиялык кастрацияга жол бермекчи. "Бирок ал мыйзамдуу белгилүү бир шарттар менен гана ишке ашышы мүмкүн. Жаза адвокаттын жана прокурордун катышуусунда күнөөкүрдөн макулдук алынгандан кийин гана ишке ашырылат" - дейт Коомдук палатанын укук коргоо органдарынын ишмердигин көзөмөлдөө комиссиясы.
Бул азырынча Коомдук парламенттин демилгеси. Ал али канчалык талкууланып, качан кабыл алынат, деги эле кабыл алынабы - эксперттердин айтымында ишке ашпай калышы деле мүмкүн.

Аман калган кыз соттолду
Орусиянын Төмөнкү Тагиль шаарында зордукчулдун колунан араң кутулуп чыккан кыз айыпка тартылды.
Былтыр 1-июлда 25 жаштагы кызды таанышы конокко чакырган. Алар тамак жеп, арак ичип отуруп, тиги аңги кызга тийише баштаган. Кыз каршылык көрсөтсө, аны сабап, муунта баштаганда кыз аны бычак менен сайып жиберет.
Ишти сот карап кызды 6 айга эркинен ажыратты. Соттун аргументи кыз коргонуу нормасын ашырып жиберген - жөн эле жарадар кылып койбой, өлтүрүп салган. Эми кыз жаза мөөнөтүн колония-поселенияда өткөрмөкчү.
Зордукчул буга чейин адам өлтүргөнү үчүн соттолгон экен.

Грецияда дале ызы-чуу
Грецияда пенсиялык реформа башталганы ызы-чуу дале токтой элек. Сыягы өкмөт реформасын токтотмоюнча улана берет го. Реформага байланышкан 3 ири демонстрация уюштурулду. Бул жолку иш таштоого юристтер, журналисттер жана байланыш кызматкерлери да катышышты. Юристтер 9 күн жумушка чыгышпайт, эч кандай сот процесстерине барышпайт. Ал эми байланыш кызматкерлери бир күнгө иш ташташса, журналисттер митингге 5 саатка гана кошулушту. Көп кызыктан калып калат экенбиз дешип, алар кайра дароо иштерине киришишти.
Реформада пенсия жашын узартуу жана социалдык чыгымдарды кыскартуу каралган болчу. "Буга барбасак 15-20 жылдан кийин биз пенсия төлөй албай калабыз" дейт өкмөт.

Тажиктер экстрадация болбойт
Орусиялык журналист И.Шурпаевди өлтүргөндөр Орусияга өткөрүлүп берилбейт. Мындай билдирүүнү Тажикстандык прокуратурасы билдирген эле. И.Шурпаевди Москвада эки тажик жараны өлтүрүп, Тажикстанга качып кетишкен. Бирок алар кармалып, расмий айып тагылды. "Биз аларды бизге өткөрүп беришин сурабайбыз" дешти РФ прокуратурасынан. Алар бардык тиешелүү материалдарды Тажикстанга жиберишет.
Иликтөөлөр боюнча И.Шурпаев эки тажик баланы үйүнө чакырып, жыныстык мамиледе болууну өтүнгөн. Ага арданган тажиктер аны өлтүрүп, болгону акча гана алышып, качып кетишкен.

Гаитиде төңкөрүш болбой калды
Гаити өлкөсүндө азык-түлүк кризиси башталып, эл ал үчүн президент Рене Превалды күнөөлүп жатат. Ал байкуш 2004-жылы революция жолу менен бийликке келген болчу.
Азык-түлүк кризисинде эл аны эч кандай чара көбөй жатат деп айыптап, Президенттик сарайды басып алмакчы болушкан. Бирок БУУнун аскер контингенти башаламандыкка жол берген жок. Көтөрүлгөн эл темир-тезек менен куралданып, имаратты талкалаганга аракет кылышты. Аскерлер менен кагылышууда 5 адам каза таап, эл сүрүлүп таратылды.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!