Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
  Башкасы бүткөнсүп...

Латын алфавитине өтүү экономикалык да, саясий да, тилдик да ыйынчылыктарды жаратат
Коомчулукта бир канча убакыттан бери Кирилл алфавитинен латын алфавитине өтүү керек деген пикирлер айтылып, анын айланасында ар кандай талаш туудурган ойлор жаралып, эки тарап тең өзүнүкүн бербей келет.
Өтүш керек дегендердин айтымында биринчи эле аргумент дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү латын алфавитин колдонот. Экинчиден кирилл алфавитинде кыргыздын бардык тыбыштары камтылган эмес жана анча туура келбейт. Үчүнчүдөн интернетти пайдаланууда жеңил болот.
Ал эми каршы тараптын аргументтери: биринчиден, каражат жок, экинчиден убакыт керек, үчүнчүдөн оңбогондой эмгекти талап кылат.
Эми бул маселенин айрым жактарын карап көрөлү.
Чындыгында көптөгөн өлкөлөр латын алфавитинде. Бирок алар башынан эле латын алфавитинде баштап, биротоло ошону менен жашап келатышат. Биз азыр латын алфавитине өтө турган болсок, анда биринчи кезекте, бардык документацияны, окуу китептерин, илимий адабияттарды латынчага кайрадан бастырып чыгышыбыз керек.
Аны менен катар бардык элди, өзгөчө, мугалимдерди, окутуучуларды, окуучуларды, студенттерди, жумушчуларды, кызматчыларды окута баштоого мажбур болобуз. Бул, албетте, түшкө кирбегендей акча каражатын талап кылат. Муну шыр эмес, акырындык менен өтсө болот дешет. Акырындык менен эле ошончо каражат, андан да көп каражат талап кылынышы мүмкүн. Окуучулар менен студенттерди мамлекет окутат экен. Ал эми улуу муундагыларды, пенсия жашындагыларды да окутабы же тагдырдын сыноосунда калып калышабы??? "Азыр латын алфавитине өтүү элдин өтө көп сабатсыз катмарын жаратат" дейт билим берүү министри Ишенгүл Болжурова.
Макул, акырындык менен жүрүп отуруп 20-30-жылда өттүк дейли. Азыр биздин китепканаларда, архивдерде канчалаган адабияттар бар. Анын баарын кайрадан бастырып чыгууга туура келет. Ага канча каражат керек? Аны кайдан табабыз?
Документтерди кайрадан алмаштырууга туура келет. Паспортту, аскердик билетти, аттестатты, дипломду, сертификатты ж.б. толгон-токой документтерди латынча кайрадан жаңыртып чыгууга мажбур болобуз. Ага каражат кайдан табылат? Ансыз да паспорт көйгөйү көкөйгө тийип, канчалаган кыйынчылыктарды жаратууда.
Улуттук илимдер академиясынын Тил институтунун директору Кадыралы Конкобаевдин айтымында "латын алфавити кыргыз тилинин бардык үндүк нормаларын чагылдырат экен". Кайсы? Мисалы, латын алфавитинде ш,ч, ү, ө, ы тыбыштарын туюндурган тамгалар жок. Ыңгайга карап колдоно беребизби? Же жаңы тамга кабыл алабызбы?
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов 1940-жылга чейин кыргыздар латын алфавитин колдонуп келгендигин айтып, латынчага өтүүнүн жакшы жактарын баса белгилейт. Эгер биз кайрадан латынчага өтө турган болсок, ошол 1940-жылга чейинки эреже нормадабы же бүгүнкү күнгө ылайык жаңы эреже түзүшүбүз керекпи? Ошол 1940-жылга чейин Ташбоо мырза баса белгилеген залкар жазуучулардын мыкты чыгармаларын кирилге өтүп алгандан кийин окуй албай канча кыйналганыбыз эми дагы кайталанабы? "Кыргыздын залкар акын-жазуучулары - Аалы, Түгөлбай, Жусуп, Мукай, Жоомарттар латын алфавитинде мыкты чыгармаларды жаратышкан" дейт Ташбоо мырза. Ооба, анын баары кийин кайра кириллде басылып чыккан. Андан сырткары Ч.Айтматов, А.Осмонов, Т. Касымбеков, Т.Кожомбердиев ж.б. акын-жазуучулар деле эң сонун классикалык чыгармаларын кирилл алфавитинде жазышкан.
Айта берсек, маселе көп. Эми кошуналарды карап көрөлү. Өзбекстан латын алфавитине өткөн. Азыр алардын коомдук жашоосунда эки алфавит колдонулат. Азыр чыгып жаткан гезит-журналдар, китептер жалаң латын алфавитинде. Аны кары-картаңдар окуй албайт же окууда кыйынчылыктар жаралат. Ал эми мектеп окуучулар архивдик адабияттарды окуй албай, латын менен катар Кирилл алфавитин да үйрөнүп жатышат. Айрым теле каналдары кайрадан кирилл алфавитине өтүп алышты. Себеби, аудиториясы, реклама берүүчүлөр жалаң кирилл алфавитин колдонгондор. Азыр элди кош алфавит бир топ кыйнап жатат.
Бул маселени чечүүдөгү дагы бир чоң маселе - орус тили. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы - негизги дүйнөлүк маалыматтарды, жаңылыктарды, илимий-техникалык прогресстин тажрыйбаларын орус тили аркылуу алабыз. Себеби, биз - басымдуу көпчүлүк орус тилин билебиз. Ал эми латын алфавитиндеги англис тилин коомдун тар эле катмары билет. Латын алфавитине өтүү менен биз илим-билимибизге, мигранттардын иш-аракеттерине көп болбосо да, бир топ тоскоолдуктарды жаратабыз.
Латын алфавитине өтсөк эле бизге англисчени үйрөнүүгө оңой болот эле деген болбогон кеп. Маселе алфавитте эмес, тилде. Биз латын алфавитинин англис тили пайдаланган вариантына өтпөйбүз да, биз түрктөр таңуулап жаткан вариантка өтүшүбүз керек болот да кыстай берсе.
Латын алфавитине өтүү жеңилдиктерди, ыңгайлуулуктарды бере турган, пайдалуу болсо, анда неге башка мамлекеттер өтпөйт. Мисалы, Россия, Кытай, арап өлкөлөрү, Япония, Корея, Израиль, Грузия, Греция ж.б.
Ошондуктан азыр бул маселени көтөрүүнөн эч зарылчылыгы жок. Бизге эч ким силер латынчага өтө элек экенсиңер деп кысым көрсөтүп, же бут тосуп жаткан жок. Билим берүү министри И.Болжурова айткандай бул маселе бизде баары оңолуп кыларга иш жок калганда көтөрүлүшү керек.

Алтын КАЗИЕВ




  Айбанчылык

Денени төрткө бөлүп, төрт жерге ыргыткан
Балыкчы шаарынын тургуну, отуз беш жаштагы бойдок, эч жерде эмгектенбестен уурулук менен күн өткөргөн Асылбек Маданбеков буга чейин да эки жолу соттолгон эле. 1994-жылы беш жылга, 1996-жылы тогуз жылга эркинен ажыратылган. Бул жолу ал адам чыдап уккус мыкаачылыкка барды. Кылмыштын башы арактан башталды. Отузунчу май күнү ал өзү жашаган Орозбаев атындагы көчөнүн 42-үйүндөгү 14-квартирасында спирттик ичимдиктерди ичип отурду. Жанында коңшусу, биринчи топтогу тубаса майып Абышев Адилет да бар эле. Арак бар жерде сөз түгөнчү беле, чечекейи чеч болуп отурган Асылбек түн ортосуна чейин ар кайсыдан кеп куруп, Адилетти алаксытып, өзү да жайдары болчу. Экөөнүн эмне кылып, эмнени сүйлөшүп отурганын карап турган адам болбогон соң, ортодогу мамилени чечмелеп айтуу кыйын. Бир маалда, түнкү саат 12 чамасында Асылбек ваннага жуунганы кирген Адилеттин аркасынан басты. Адилет бул учурда эч нерседен капарсыз жуунуп жаткан. Асылбек ваннага жөн кирбей колуна бычак алды. Бир маалда кирип барып майыптын алсыздыгынан пайдаланып ага кол салды. Колундагы ашкана бычагы менен так эле жүрөк тушка сайды, бир эмес кайра-кайра кайталап төрт жолу сайды. Тиги болсо ошол эле жерден жан берди. Анын өлгөнүн көрүп эсине келген Асылбек эми денени жашыруу максатын көздөп аны ваннадан сүйрөп чыгып, үйдүн чоң бөлмөсүнө - залына алып келди.
Мурда да эки жолу соттолуп, түрмөнүн сүрүнөн сестенип калган неме "эми эмне болот, муну көрсө дароо эле камакка алат" деп ойлоду да акыры аны бырчалап кесип, шаардын аркайсы булуң-бурчуна ыргытып, жигин билгизбей жоготууну чечти. Денени ошол эле жерден бычактап бөлүп кирди. Адегенде аны төрткө бөлүп алды. Баш сөөгүн бычактап, оозун кесип майдалап биринчи пакетке салды. Акыры дене мүчөлөрү теңме-тең төрткө бөлүнүп, төрт баштыкка салынган соң аларды босого тушка алып барып койду. "Эми үйдөн алысыраак жерге ыргытып келейин" деди да баштыктын бирин көтөрүп сыртка чыкты. Жүрүп отуруп Чкалов көчөсүнө келди. 201-үйдүн түштүк-батыш тарабындагы бакты көрдү да анын жанына келип, колундагы пакетти таштады. Ал кайра үйүнө келди. Калган баштыктарды алып кайрадан караңгы түнгө сиңип жоголду. Шаардагы Комсомол көчөсүнөн көзүнө эски мечит көрүндү. Мечиттен ары, анын түштүк-батыш тарабындагы дааратканага келди да колундагы пакетти анын жанына таштады. Эми анда төртүнчү пакет калды. Фрунзе-Интернациональная көчөлөрүн көздөй жөнөдү. Кесилишке келип пакетти кудукка таштады.
Эми ал үйүнө келгиси келген жок. Изин жашырып түз эле Бишкекке кетүүнү ойлоду. Бирок жанында бир тыйын акчасы жок болгондуктан кайра эле үйүнө келди да уктап калды.
- Ички органдарын деле пакетке салып, көчөгө таштагам, балким иттер жеп кетсе керек, - деп сүйлөп олтурду ал сот заседаниесинде. - Мени эртеси эле эртең менен уктап атсам милиция кызматкерлери келип кармап кетишти.
- Эмне үчүн адам өмүрүнө кол салдың, же ага өчөштүгүң бар беле? - деген суроого кылмышкер: - Адилет экөөбүз чогуу арак ичип, жакшы эле отурганбыз. Бир маалда ал менин кыжырыма тийип кычык сөз сүйлөй баштады. "Эмнеге иштебейсиң?" дейт. Ошол сөзүнө намыстанып кеттим. Аны канча жолу сайганым эсимде жок.
…Адилеттин энесинен кечирим сурайм.
Соттун жүрүшүндө анын буга чейин да жасаган бир нече уурулук кылмыштарынын жүзү ачылгандыгы айтылды.
- Мен бул жексурду эч качан кечирбеймин! - деди жабырлануучунун энеси А.Кашкатаева. - Менин уулум оозуна арак алчу эмес. Мечитке барып жүрчү, ичкилик ичкен адамдарды жаман көрчү. Чогуу арак ичкенбиз деп бул калп айтып атат.
Ошол түнү уулум үйдө жок, жүрөгүм бир жаманчылыкты сезген. Эртеси эртең менен милиция кызматкерлери топтошуп калышыптыр. Мени чакырышып, өлүктү көрсөтүшкөндө өз уулумду тааныдым. Уулумду өзгөчө ырайымсыздык менен кескилеп өлтүргөн канкорго эч кандай кечирим болбосун, мыйзамдын эң жогорку жазасын колдонуп бергиле!
Акыры Маданбеков Асылбек Садырбаевич Балыкчы шаардык соту тарабынан соттолуп, ага "өмүр бою эркиндигинен ажыратылсын" деген өкүм чыкты. Буга чейин да уурулук, адам өлтүрүү кылмыштары менен соттолуп, соттуулугу али жоюла электе ал кайрадан адам өмүрүн кыйып отурат. Бирок областтык сот Балыкчы шаардык сотунун өкүмүн бузуп, кылмышкердин апелляциялык арызынын негизинде ишти кайрадан карап, аны он төрт жылга эркинен ажыратты. Бул өкүм өтө эле "гумандуу" болуп, жабырлануучу тараптын, жалпы эле элдин кыжырдануусун жаратууда. Ошондуктан шаардык прокуратура кылмышкердин үстүнөн кайрадан иш козгоодо.
Алтынбек КОЖОМКУЛОВ, Балыкчы шаарынын прокурорунун ага жардамчысы,

Көйкөл АЙТБАЕВА, өз кабарчы




Кыргыз Республикасынын президенти К.С. Бакиевге
Бөкөнбаев №184, Турусбеков №5 үйлөрүнүн жашоочуларынан
КАЙРЫЛУУ
"Бизге конпенсация эмес, жерибиздин өзү керек!"
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Биздин маселе кичине көрүнгөнү менен биз үчүн тагдыр чече турган маселе. Буга чейин акимге, мэрге, архитектура жетекчилигине кайрылдык. Эч жыйынтык болбогондон кийин сизге кайрылууга аргасыз болуп отурабыз.
Чатак маселенин маңызы мындай: Биз көрсөтүлгөн даректе 21 жылдан бери жашайбыз. Баарыбыз тең "Фрунзе" заводунда иштеп, алдыңкыларыбыздын 20 жылдык, арткыларыбыздын 10 жылдык эмгек стажы бар. "Фрунзе" заводу күркүрөп иштеп турганда бизге печкасы менен бир бөлмө, аны менен кошо көмүр, отун-суу кое турган сарай салынып берилген. Кышында отун-суубузду коюп, тынч жашап келгенбиз. Азыр эми ошол сарай турган жер участогу талашка түштү. Ж.Сулайманов аттуу бизнесмен келип, "Бул жерди мен Бишкекбашкыархитектуранын уруксаты менен алдым. Бул жерге мен 9 кабат үй салам" деди.
Бишкекбашкыархитектуранын начальнигинин биринчи орун басары К. Абдуразаковдун 2008-жылы 11-марттагы колу коюлган бүтүмдүн негизинде жогорудагы үйлөрдүн пайдалануусундагы, ушул Башкыархитектурадан 2006-жылы 29-сентябрда берилген АПЗде документалдуу чагылдырылган территориянын бир бөлүгү Сулайманов Ж.Д. аттуу адамдын берген арызы боюнча курулуш баштоого берилген. Өз убагында биз Бишкек мэриясына жана Мамкаттоого аталган территорияны менчиктештирүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Мэриянын башкаруу бөлүмүнүн начальниги Токтомамбетовдон 19.07.07 числосу менен чектерин тактоо жана менчиктештирүү тартиптери, анын негизинде менчиктештирүү бүтүмүн алуу үчүн Бишкекбашкыархитектурага, анан Мамкаттоого кайрылуубуз керектиги көрсөтүлгөн жооп алганбыз. Бишкекбашкыархитектурага 2007-жылдын 9-октябрында берген арызыбыздын негизинде биз турган үйлөрдүн колдонуусундагы территорияны менчиктештирүү үчүн Мамкаттоонун бүтүмүн күтүп жатканыбызда (ошол эле биринчи орунбасар К.Абдуразаковдун 2007-жылдын 16-октябрында берген жообу боюнча "Туракжай жанындагы жер участогун жаздыруу иштери" "ПЗУ чектерин тактоо" долбооруна ылайык жүргүзүлөт), аталган территорияны башкага берүү документтери даярдалып жатыптыр. Биз керектүү бүтүм чыгаруу иштери кандай жүрүп жатканын билели десек, "бардык орундоочулар бош эмес, эч кимди дайындай албайбыз" деп узатып коюп жатышты. Качан орундоочу адамды дайындап беришкенде ал же бош эмес же ооруп калган болуп жүрдү. Арызды берген күндөн беш ай өткөндөн кийин бизге бүтүм даяр болгондугун, болгону аны бекитип, кол коюу эле калгандыгын билдиришти. Бирок көрсөтүлгөн датада ПЗУ боюнча иштердин Жогорку Кеңештин кароосунда жаткан Бишкек шаарындагы жер менчигине болгон укук боюнча жаңы мыйзамга ылайык токтотулгандыгын билдиришти. Мындан бизге керек Мамкаттоого берилүүчү бүтүмдү берүү атайын, ага катар жогорудагы чатак жагдайга алып келген документтердин даярдалышы үчүн кармалгандай. А эгер аталган көп кабаттуу үй үчүн документтер мурда эле даярдалган болсо, ага эмне негиз болгон? Бул территорияда биздин үйлөр менен катар долбоорлонгон жана курулган көмүр сактоочу жай жана коомдук даараткана бар. Биздин короо сталиндик курулуш мезгилине туура келет, ага ылайык Борбордук жылытуу, канализация жок. Андан сырткары Башкыархитектура биздин үйлөргө жаздырып берген, 2006-жылда бекитилген ПЗУ бар. Көрсөтүлгөн документтин негизинде бүтүм чыгарууга, аны даярдоого бир жума эле убакыт кетмек. Аталган үйлөрдүн тургундары, Чуйков көчөсүндөгү эки үйдү эсепке албаганда, 40га жакын үйбүлө иштин мындай жүрүшү менен макул эмес жана муну адилетсиздик, укукту бузгандык деп эсептейт.
Урматтуу президент! Биз мыйзамды сыйлайбыз жана мыйзамдын чегинде жүргөн жарандарбыз. Биздин укуктарды чектебестен, ишти караштырып тартипке келтирүүнү көптөн көп суранабыз.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!