Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
  Шыбыр...шыбыр...шыбыргак

Өзүбүз аз, чет элдиктер көп төлөсүн
Бишкек шаардык Кеңешинде Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мунай азыктарын сатууда төрт пайыз салыкты алып салуу өтүнүчү каралды. Ошол эле учурда чет өлкөлүк атуулдар май куючу жайларды ижарага алып иштеткен учурда акыны көбөйтүү маселеси коюлду. Бул күйүүчү жана майлоочу майлардын баасын бир аз болсо да төмөндөтүүгө болгон аракет.

Мал базар көчүрүлөбү?
Бишкек шаарынын мэри Д.Үсөнов өткөн ишемби күнү "эски түртүшмө базардагы" мал базарды кыдырып, ал жердеги малдан да адам менен машинанын көптүгүн көрүп, эки айдын ичинде мал базарды шаардын сыртына чыгара тургандыгын билдирди. Бул шаарды чоңойтуу жана тартипке келтирүү максатында жасалууда.

Троллейбустар жардам сурайт
Бүгүнкү күндө борбор калаанын троллейбус паркында 100 машина болгон менен, күн сайын алардын 70 гана жолго чыгат. Калганын оңдоо үчүн 10 миллион сом керек. Ошондой эле жаңыларын сатып алуу зарыл. Депутаттар троллейбустардын тагдырын жакын арада чечмекчи.

Өзбек атуулдары айып төлөдү
Кыргызстандык бажычылар 29-март күнү Сузак районундагы Өзбекстан менен чектешкен аймактан кошуналардын 318 ири мүйүздүү малын жана 41 кой-эчкисин мыйзамсыз Чегарадан өтүп жатканда кармашкан. Бирок мал ээлеринин ар бири (40 адам) эки миң сомдон айып төлөгөндөн кийин гана малын кайтарып алышты. Көрсө, алар малын биздин жайытта откозуп, кечинде айдап кетишчү экен.

Энергетиктердин кирешеси көбөйдү
Электр станциялары АК коому өткөн жылы ушул мезгилде 2.5 млн сом чыгым тартышса, быйыл 2.3 млн сом таза киреше табышкан. Бирок бул акча былтыркы зыяндын ордун толтурууга жумшалат. Ошентип быйыл да акционерлер дивиденд албай калышат. Анткени андан тышкары турак-жай имараттарына кеткен 128.2 млн сом да карыз бойдон турат.

Жыргачу жерлердин свети өчүрүлөт
Электр энергиясынын тартыштыгынан өкмөт биринчи кезекте акчасын төлөбөй жүргөндөрдүн жана жыргачу жайлардын жарыгын өчүрүүнү көздөп жатат. Төлөбөй жүргөндөрдүн жарыгын биротоло кыркып салат. Ал эми казина, сауна, түнкү клубдардын жарыгын үнөмдөө графигинин негизинде өчүрөт. Өкмөт жыйынында бул маселе уу-дууну жаратты. Кызуу талкуудан кийин ооруканаларда, абак жайларда, таза суу берип туруучу насостук станцияларда жарык өчүрүлбөйт, ал эми мектептер, өндүрүш объектилери күндүзү өчүрүлбөйт. Кадамжай мектеп-интернатында жарыкты өчүрүп салышып, натыйжада трубалар жарылып кетип, социалдык объект катуу жабыр тарткан.

Саясий партияларды өкмөт багат
Жогорку Кеңеште Саясий партиялар боюнча парламенттик угу болду. Анда саясий партиялар тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Долбоордо парламентке келген саясий партияларды өкмөт каржылары көрсөтүлгөн. Акчанын жарымы уткан партияларга бирдей бөлүнүп, экинчи жарымы алган добушуна жараша бөлүнөт.
Партиянын мүчөлөрүнүн саны 5000ден кем болбой, бардык областтарда өкүлчүлүктөрү болушу керек.
Жашы жете электер партиянын жаштар канатына киргенге укуктуу.
Эгер партия 5 жылда шайлоолорго катышпаса, анын ишмердиги токтотулат.
Буга парламентке өтпөй калган партиялар нааразылык билдиршүүдө.

Салыкчылар 7 жылга камалды
Чүй областынын Панфилов районунда 10-класстын окуучусу Адилетти 52 сом үчүн өлтүрүшкөн 11-классынын окуучулары Шаршенкул уулу Элдияр жана Арслан Ташыбаев 7 жыл эркинен ажыратылды. Алар өздөрү окуган мектептин окуучуларына акчалай салык салып келишкен. Акча таба албагандарды ур-токмокко алышкан. Адилетти өлтүрүп коюшуп, кылмышын моюндарына албай, тууган милициялары аркылуу ишти жапканга аракет кылышкан. Ал өзү тамдан кулап кетти деп танышкан. Президент менен министр көзөмөлдүккө алгандан кийин гана иш жылып, сот чекит койду. 7жылдан тышкары
алардын ата-энелери жабырлануучу тарапка 150 миң сом акчалай компенсация төлөөсү керек.

Мазут ташып чыгууга тыюу
Кыргызстандан тышка мазут ташып чыгууга тыюу салынды. Бул жөнүндө өкмөт жыйынында өнөр жай министри Сапар Балкибеков билдирди. Анын айтымы боюнча азыр өлкөдө, болгону 38.9 миң тонна гана мазут бар. Ал эми 2008-2009-жылдын күз-кыш мезгилдеринде өлкөбүзгө 69.3 миң тонна мазут керек болот. Кыштын камын жазда көр дейт, азыртан аракет кыла бергенибиз жакшы экенин чиновниктер да түшүнүп отурат.

Жогорку Кеңешти ПРООН реформалайбы?
Кыргыз парламенти ПРООНдун Парламенттик долбоору менен кызматташтыкты кеңейтүүгө белсенип жатат. ПРООНду быйылкы конституциялык реформанын негизинде жаңыланган парламенттин иши кызыктырып, алар колдоо көрсөткөнү жатат. Төрага А.Маудмаров аларга парламенттин структурасы, иши тууралуу кенен айтып берди.
Бирок кызыгы кыргыз парламентин реформалоону биз тарап эмес, алар сунуш кылышууда. 2008-жылы "Парламентти реформалоо" долбоорунун иш планын ПРООНдун туруктуу өкүлү Нил Волкер мырза А.Мадумаровго тапшырды.

Кимдер салык төлөбөйт?
Өкмөт жыйынында Бишкек мэри Д.Үсөнов Кыргызстандагы Эларалык ишкердик кеңештин ишмердигин кылдат карап чыгууну сунуш кылды. Кеңешти 40 чет өлкөлүк жаран түзгөн. Алар ай сайын чогулуп, кыргыз өкмөтүнүн, жергиликтүү бийликтердин ишине баа беришет. "Алардын максаты - түзүүчөлүрдүн кызыкчылыгын коргоо экен, - дейт Данияр мырза. - Ал эми анын мүчөлөрү чет өлкөлүк ири ишканалар. Алар салык төлөбөйт жана милдеттемелерин аткарбай, ошондуктан алардын ишин кайра карап чыгуу керек. Алар алгач салык төлөсүн, анан бизге баа берсин".
Кеңештин мүчөлөрү - "Газпром нефть Азия", "Хаятт Риженси", "Кумтөр Оперейтинг Компании", "Кыргыз Петролеум Компании", "Реемтсма - Кргызстан", "Интергласс - Штейнерт Индастрис", "Андаш Майнинг Компании" ж.б.

Пенсионерлердин пенсиясы төмөн, бирок алар ачка калбайт!
Мындай укмуш билдирүүнү эмгек жана социалдык өнүгүү министри Өктөмхан Абдуллаева билдирди. Министрдин билдирүүсүндө 2008-жылдын 1-апрелинен баштап пенсия 2795 сомду түзөт. Тактап айтканда Кыргызстанда жашаган пенсионерлердин 96%зы 1.5 миң сомго чейин пенсия алышат. Тамак-аштын баасы өсүп жатса, ушундай акча менен кантип жашайт" деген суроого министр айым "1000 сомго жашоо, албетте мүмкүн эмес, бирок ушул эле убакта Кыргызстанда ач калган пенсионер жок" деп жооп берди. Себеби, аларга кам көрө турган балдары, туугандары бар экен. Ал эми жалгыз, кароосуз калган пенсионерлер өлкөбүздө 18600 адам.

Кемпирдин машинесин уурдап...
Бишкек шаарында Чүй областынын Аламүдүн районунун Бешкүнгөй айылынын тургуну 38 жаштагы Ж.Рыспаев 65 жаштагы Г.Токомбаевага тиешелүү болгон "Джип-Гранд Чироки" уурдап мине качкан. Машиненин ээсинин айтымында ууру Свердлов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде аны түртө салып, машинесин айдай качып кеткен. Окуя болгон жер Ленин РИИБнин жанында болгондуктан, милиция кызматкерлери ууруну тез эле кармап, машинени ээсине кайтарып беришип, кылмышкерди алып кетишкен.

Казак-кыргыз чегарасы такталабы?
Жогорку Кеңештин эларалык иштер жана парламентер аралык кызматташтык боюнча комитети "Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чегара боюнча келишимди ратификациялоо" мыйзам долбоорун жактырды. Бирок ал жерде эки талаш участок калды. Ал участоктор - Карабуура районундагы Көксай жана Ысыката районундагы Дружба айылына жакын жердеги аймак. "Көксай бизге терең кирип турат жергиликтүү эл аерде иштейт. Ошондуктан биз аны алышыбыз керек. Экинчи участок айланма жолдун боюнда болгондуктан, аерде казактардын 2 заправкасы бар" дейт депутат К.Карабеков.
Өкмөткө бул эки участок боюнча казак тарап менен сүйлөшүү тапшырылды.
Каркыра жайлоосунан казактарга 620 га, бизге 1430 га аймак тиймек болду.
Бирок бул сунуш, балким парламент кабыл албай коюшу да мүмкүн, а балким кабыл алаар дейт депутат мырза.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!