Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
  Депутат-маек

Мурат Жураев, Жогорку Кеңештин депутаты (КСДП фракциясы):
"Кыргызстанды сактап калыш үчүн бүгүн ушундай кадамга барышыбыз керек"
- Мурат Каттабекович, борборду Ошко көчүрүү демилгесин сиз да көтөрүп жатасыз, бул маселе айтылып гана кала береби...
- Бул демилгени жеке эле мен көтөрүп жаткан жокмун. 1994-96-жылдары эле ошол кездеги Т.Бакир уулу баш болгон депутаттар тобу көтөрүп чыгышкан. Бирок ал убакта бул маселе азыркыдай курч эмес болчу. Негизи Кыргызстанда 1991-98-жылдары жакшы эле өнүгүү болгону менен, 1998-жылдан тартып бул өсүш төмөндөп кеткен. Буга Акаевдик режимдин саясаты күнөөлүү. Мурдагы президент А.Акаев дагы бул демилгени колдоп, бирок эч кандай натыйжалуу иш кылбаптыр. Өлкөнүн борборун Бишкектен Ошко көчүрүү маселеси бүгүнкү күндө абдан маанилүү болуп турат. Албетте, буга бир нече себептер бар. Кыргызстанда 5 млндон ашуун эл болсо, анын 2 млндон ашыгы түштүктүн эли. Расмий да, расмий эмес түрдө да биздин 1 миллионго жакын мекендешибиз Орусияда, Казакстанда иштеп, жан багышууда. Дал ошол мигранттардын да дээрлик көп бөлүгү түштүктөн. Ысыккөл, Нарын, Таластан, Чүйдөн барган эмгек мигранттарын көп учурата албайбыз. Жыл сайын 47-50 миң адам кайра келбей калууда. Натыйжада калктын саны азайып жатпайбы.
- Мүмкүн биз айтып жаткан маселе айрым бирөөлөрдүн гана кызыкчылыгы үчүн эмеспи?
- Мен өзүм түштүктүн кулуну болгондон кийин, ал жактын шартын жакшы билем. Биринчиден, жумуш жок. Жер иштетип, дыйканчылык кылайын десе жер тартыш. Лейлек жакта пахта эгип, бир кезде ошо менен эле оокат кылчу элек. Бирок кийинки учурларда пахтанын баасы түшүп, өзүн-өзү актабай калды. Тамеки эгейин десе, ал да жыргатарлык баа болбойт. Буудай өзүн-өзү бакканга эле кетпесе, үйбүлөгө пайда алып келбейт. Беш жыл чуркап алган дипломдору менен иштейин десе, мамлекеттик иштин айлыгы көңүлгө толбойт. Андыктан кыйын адистердин көбү чет жактарга кетишкен. Баткен, Чаткал, Алай, Карасуу, айтор бардык аймактарда эле кырдаал ушундай. Акчасы жоктор Чүйгө келип, тачка түртүп, эптеп оокат өткөрүшүүдө. Акчасы барлар Орусияга, Казакстанга кетип, иштешүүдө.
- Ушул гана себеп мененби?
- Бул бир себеби. Экинчи себеби - чегара маселеси. Кытай, Казакстан менен жамандыр-жакшыдыр, биз келишип бүттүк. Чегара маселеси түштүк тарапта эң курч кырдаалда турат. Тажикстан менен да маселе бар. Сох анклавынан кыргыздар кыйналып өтүшөт. Өз жерибизден өтө албай калган ахыбалга келдик. Биздин нефтибизди сокур тыйын төлөбөй башка мамлекет пайдаланууда. Бизде Тажикстан менен чегара жок. Чегара жоктугунан ар кандай окуялар болуп кетүүдө. Көчүп кетип аткан элди да кармай албайбыз. Аларды кармайлы десек, мамлекеттик деңгээлде шарт түзүп бере албай жатпайбызбы. Ушул маселелерди эске алып, чегарадагы элдерге 500-600 миң сомго чейин ссуда берели, мал багышсын, врач, мугалимдердин айлыгын көтөрүп, салыктарды азайталы, электр энергиясына жардам берели деп айтып эле келатабыз, мыйзам долбоорун да даярдадык.
- Борборду көчүрүү, албетте, чоң түйшүк, ушуга мамлекеттин күчү жетеби, каражатты кайдан алабыз? Ансыз да башка маселелер буттан тушап турбайбы...
- Бишкекти түп орду менен дароо эле Ошко алып барып коёлу дегенден алыспыз. Алгач Ошко 5-6 министрлик барса, мисалы, баңги заттарын көзөмөлдөө агенттиги, өзгөчө кырдаалдар министрлиги. 2010-жылы президент К.Бакиевдин кол койгон буйругуна ылайык облустар бүт жоюлат. Облустар жоюлса, Ошто да бир катар имараттар бошоп калат. Ошол бошогон имараттарга президент баш болуп көчүп барса болот. Каражат, албетте, көп жумшалат деңизчи. Бирок Кыргызстанды сактап калыш үчүн биз бүгүн ушундай кадамга барышыбыз керек.
- Мейли борборду көчүрдүк дейли, анда Нарын, Ысыккөл облустарына борборго каттоо кыйын болуп калбайбы, ансыз да Бишкектен алыс го? Үч тоону ашып Ошко кантип барышат?
- Нарындан Ошко келсе болот да. Казармандан Жалалабатка жол жакын. Жолдор да оңолот. Нарын, Ысыккөл эли Бишкекке түштүктөгүлөргө караганда анча келбейт деле, чоңдор эле келбесе. Аларга кыйынчылык деле туулбайт. Эл кайда кыйналып жатса, бийлик ошол жерде болуп, элди сакташ керек. Учурда баш калаабыз Бишкек болгондуктан, бардык шарттар түзүлүп, өнүгүүдө. Ага катарлаш Чүй облусу да өнүгүп жатат. Демек, кырдаал Чүйдө, Бишкекте кудайга шүгүр, демек түштүктү да өнүктүрүү жолу турат. Эң көйгөйлүүсү - түштүктө кыргыз эли азаюуда.
- Ал эми сырттан келген коноктор болот, аларды тосуш керек дегендей, дегеле Ош шаары Кыргызстандын баш калаасы болуу үчүн бардык талаптарга жооп береби?
- Астана деле мурда чакан шаар болгон. Ошого карабай Назарбаев борбор кылган. Мына, 10 жылдын ичинде таанылгыс болуп өзгөрдү.
- Кыргызстан менен Казакстанды салыштырып болбойт да, "казга теңелем деп карганын буту сыныптыр" болбойбузбу?
- Биз да ушундай деңгээлге, буюрса, жете алабыз. Бизде мүмкүнчүлүк бар, бай мамлекетпиз. Болгону байлыгыбызды туура пайдалана билишибиз зарыл. Туура, чет мамлекеттен конок келсе, бир-эки жыл кыйналабыз. Бирок 5-6 жылдан кийин оңолуп кетебиз. Ошто аэропорту, темир жолу бар, жер бар, эл бар. 50-60 жылдан кийин кайра Бишкекке көчүрсө да болот. Ошол аралыкта түштүктү бир топ өнүктүрүп коюп жатпайбызбы.
- Баткенде жер сатылып атат деп күйүп-бышып жүрбөдүңүз беле, ушул маселени чечүүгө жардам бере алдыңызбы?
- Жерлер мыйзамсыз сатылып жатат. Жашыруун деле болбой калды. Биз атайын комиссия түзүп барганда, канчалаган жерлер чегара жоктугунан Тажикстанга өтүп кеткенине, сатылып кеткенине күбө болдук. Бирок бул далилдер азыр да бар, жерди мыйзамсыз түрдө сатуу токтой элек. Ошол эле Баткенде эмес, Чаткалда да, Карасууда ж.б. аймактарда ушундай көрүнүш. Биз азыр баткендик депутаттар бул маселени кабыргасынан коюп алып, чогуу иштөөдөбүз.
Маектешкен Жазгүл ИБРАЕВА




  Геосаясат

Эл башы болгончо суу башы боло алабызбы?
"Өлбөгөн жанга жаз да келет" дегендей, жаз да жаркырап кирип келди. Быйыл кыштын оор болгондугун эстегенде дале да болсо жүрөгүң титиреп, үшүп кетет. Токтогул суу сактагычыбыздагы суунун көлөмүнүн азайып кеткендигин, андан улам электр жарыгы элге чектөө менен берилип, убак-сааты менен өчүрүлүп турганын эстегенде дагы бир ирет чыйрала түшөсүң. Кошуна өзбектер менен тажиктерге, казак жерине күндүн илеби эбак жаркырап тийип, дыйкандар жер казып, алтургай көк-мөгүн жетилтип, биздин базарларга алып келип сатып да жатышат. Табият бизге бийик тоону, жаратылыш сулуулугун, шаркыраган сууну, түбөлүк мөңгүлөрдү берип койгон менен кыргыз жерине жаз бир аз кечигип келет экен. Түштүктүн жылуу аймактарында дыйканчылык иштери жанданып калган менен, бийик тоолуу Нарын менен Ысыккөлдүн айрым жерлеринде жер айдоо эми башталган жерлери да бар. Ушул жаздын келиши менен Борбор Азия элинин көкөйүн кескен бир проблема да кошо козголуп алат. Ал суу көйгөйү.

Казакстан
Суу маселеси Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда өтө өткүр. Калкты суу менен камсыз кылуу боюнча бул өлкө КМШ мамлекеттеринин ичинен акыркы орунда турат. Аймагы боюнча КМШда 2-орунда турган Казакстанга суу Кытай, Өзбекстан, Орусия жана Кыргызстандан агып барат. Ошондуктан алар бул өлкөлөргө суу боюнча көз карандылык жайы бар. Бирок Казакстан трансчегаралык дарыяларды пайдалануу көйгөйү стратегиялык мааниге ээ экендигин алдын ала байкап, эларалык укуктук актыларга таянып, трансчегаралык суу агымдарын коргоо жана пайдалануу боюнча Конвенция кабыл алып, аны 2000-жылы эле межилиси ратификациялап коюптур. Бирок мындай эларалык келишимге Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан макул болуп кол коё элек.
Быйылкы жылдагы биздин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайып кетиши Өзбекстан менен Казакстандын дагы жаратын бир козгоп алды. 1990-жылга чейин Токтогул суу сактагычы ирригациялык режимде иштеген. Бул кошуналардын айдоо жерлерине суу жеткирүү режиминде дегенди билдирет. Бирок 1990-жылдан баштап экономикага, отун-энергетикалык көйгөйлөргө жана калктын социалдык жашоосуна байланыштуу кышында электр энергиясы көп керектелип, муну камсыз кылуу үчүн суу сактагычтан суу көп агылып чыгып, ал болсо кошуналарды түйшүккө салды. Коё берилген суу Казакстандын Шардара суу сактагычына барып топтолот. Ал эми март, апрель айларында Өзбекстан менен Казакстанда жамгыр болуп, мунун натыйжасында ансыз да сууга карк болуп турган суу сактагыч толуп кетет. Ал эми сакталган сууну талаа жумуштарына иштетүү майдан баштап ишке ашат. Ошондуктан Шардара суу сактагычы жарылып кетчү болсо, бир нече миңдеген жерди, калк жашаган пункттарды суу каптап кетүү коркунучу турат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жанагыл Казакстан парламенти ратификациялап жиберген Конвенцияга таянып дагы бир суу сактагычты Өзбекстандын аймагына куралы, Шардарага таяныч болсун десе, өзбектер болбой жатат. Ушул жерден эки өлкөнүн тышкы саясатында бир аз пикир келишпестик жаралган. Ал эми өзбек туугандар "йок" деген соң, бул маселени чечүүнүн бир эле жолу калат экен. Ал Токтогул суу сактагычын мурдагыдай ирригациялык режимде иштетүү. Ал үчүн Кыргызстандын кышкы энергетикалык керектөөсүн чечип берүү керек дешет туугандар. Токтогул суу сактагычындагы суу кошуналарга карай кышында эмес, жазында агылса, биринчи кезекте Шардара сыяктуу суу сактагычтардагы маселелер жөнгө салынат. Экинчи кезекте Аралга суу толот экен. А биздин кызыкчылык кандай болот?..

Өзбекстан
Суу маселеси Өзбекстанда да курч. Айрыкча пахта сууну көп талап кылат. Кыргызстандагы кургакчылык, кышында кардын, жазында жамгырдын аз болушу буларга да кедергисин тийгизбей койбойт. Агын суу жагынан бизге көз каранды болгон менен тышкы саясатын, биз менен болгон аласа-бересесин мыкты жүргүзүп, сыр алдырбай келет. Ал эми кыш келгенде газдын баасын дүйнөлүк баага теңеймин деп биздин атка минерлерди Ташкенге бир нече ирет чаптыртып, газга болгон карызыңарды төлөп бүткүлө деп кырданып да алышат. Бир ирет расмий Ташкент газдын бурамасын бурап койгондо, биздин аткаминерлер суу маселесин козгоп чыгышкан. Ислам Каримовдон болсо "Кошунага суу бербей коюу кыянаттык, керек болсо Куранда да жазылган" деген таризде кат келген. Ошол эле замат Өзбек өкмөтүнүн чоң-чоң папке көтөргөн министрлери Бишкекке учуп келип, маселе бат эле жөнгө салынган. Бирок эки өлкөнүн эсеп-кысабына, өз ара эсептешүүсүнүн ыгына булар деле көндү белем, бирок суу пайдалануу боюнча өлкөнүн түштүк аймактарына чектеш жайгашкан жерлерде трансчегаралык дарыяларды пайдаланууда маселе дале болсо курч. Бирок өз ара келишимдер, алака, дипломатиялык мамилелерде болсо азырынча бирдиктүү система жок.

Тажикстан
26-мартта Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен жерине кызык окуя болду. Исфара районунун хокими алдына 150дөй кишини салып алып, курал кармаган милиция кызматкерлеринин коштоосунда, Кыргызстандын аймагына 500 метрдей кирип келип, суу сактагычты бузуп, суу байлап кетүү аракетин жасашкан. Чегара кызматкерлери бул ишке кийлигишкен убакта, тигил тарап чыр чыгарып, асманга ок атылып, келгиндер чегарадан 500 метрге чегинип, артка кетүүсү талап кылынат. Көрсө, суу бөлүштүрүүчү дамба ремонттолуп, анын оңдоо иштерин Бишкекте жайгашкан бир ишкана жасамак экен. Ал эми тигил туугандарга убагында маалымат берилбей, натыйжада маселе ушундай мааниде курчуган. Маселенин чоо-жайы белгилүү болгон соң, хокими баш болгон тажик тарап артка кетишет. Эртеси "Дамба оңдой албай кыйналып жатсаңар жардам берели, ашар жолу менен эле жумушуңарды бүтүрүп берели" деп кечөөкүдөн да көп киши чегарага келип алыптыр. Биздикилер дамбаны оңдочулар оңдойт, ашарыңардын кереги жок деген жоопту берип узатып коюшту.
Бул Тажикстандын бир четиндеги кырдаал. Быйылкы кыш Тажикстан үчүн кандай оор болду. Суу жетишпей, тиешелүү өлчөмдө энергия өндүрүлбөй, энергетикалык кризис каптады. Бизге чектеш жайгашкан райондору суу жагынан бизге көз каранды. Бирок алар өз талаптарын кое билет...

Кыргызстан
"Суу башы" болгон менен Кыргызстандын ичинде да суу маселеси курч. Маселен, Аскар Акаев сууну пайдалануу боюнча ойлонбой туруп эле бир-эки эларалык документтерге кол коюп жиберген. Анын ичинде Аралды кургап кетүүдөн сактоо боюнча документтер да бар. Ал эми ушул эле документтерге Өзбекстан президенти "ойлонуп көрөлү" деп кол койбой койгон. Баткен облусун алсак, агын суулардын 75 пайызы кошуналарга агып кетип, 25 пайызын кыргызстандыктар пайдаланып жатат. Союздун учурунда эле сууну ушундай пайдалануу боюнча документтер болгондугу жөнүндө маалыматтар бар. Бир гана Баткен эмес, суу чыкпаган кайрак жерлер башка облустарда деле көп.
Суу маселеси саясий эрктүүлүктүү, чечкиндүүлүктү, кылдаттыкты талап кылган өзүнчө бир чоң саясат. Суу саясатын аныктоо өлкөнүн кошуналардын ортосунда болгон ордун аныктоо. Ал бирдиктүү, стратегиялык максатта түзүлүшү керек. А бизде болсо бул жөнүндө ойлонгон киши азырынча аз. С.Балкибеков болсо "Кошуналардан көмүр, отун сурап, сууну экономдоп, аны менен бирге электр жарыгын экономдоп кризистен чыксак болот" деген пикирин айтат. Айыл чарба министри А.Ногоевден президент "Канча гектр суулуу жер бар?" деп сураса, "Менде андай маалымат жок" деп башын жерге салат. "Эл башы болгончо суу башы бол" деп куру кыйкырып жүрө беребизби, туугандар?

Расул БАЗАРБАЕВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!