Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
  Депутат не дейт?

Алишер МАМАСАЛИЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты ("Акжол" фракциясы):
"Оппозиция кум саатка окшош, коңторуп койсоң өзгөрбөйт"
- Алишер мырза, кээде айрым принципиалдуу маселелер боюнча, сиздин көз карашыңыз фракциянын көз карашына дал келбей калып жүрөт...
- Менин оюмча "Акжол" партиясынын шайлоочулары негизги максаттарын жаш депутаттарга коюшат, себеби, алар ачык айтып, ишке киришет. Мыйзам кабыл алууда биз аларды талкуулап, өзүбүздүн көз карашыбызды айтуу менен "Акжол" партиясынын келечек потенциалын жогорулатабыз. Менин биринчи максатым - шайлоочуларга берген убадамды аткаруу, мамлекеттик маселелерди чечүү. Мен ошол боюнча иштеймин. Булардын баары "Акжол" партиясынын программасына кирет.
- Саясатта достук жок, кызыкчылыктар гана бар эмеспи. Оппозицияда досторуңуз барбы?
- Чынында саясатта достор аз дешет. Мен өзүм да ошентип айтам. Бирок кесиптештердин арасында да көз караштарыбыз, идеяларыбыз дал келгендери бар. Алар менен ар кандай маселелерде акылдашып, колдогон учурда колдоп жүрөбүз. Ал аркылуу мамиле түзүлөт.
Менин НПОчу, оппозициячы досторум көп. Алар менен да айрым маселелер боюнча талкуулар, талаш-тартыштар болот. Бирок андай көрүнүштөр биздин карым-катышыбызга, адамгерчилигибизге, мамилелерибизге зыян келтирбейт. Саясат саясат бойдон, достук достук бойдон калышы керек.
- Бүгүнкү саясатка кандай баа бересиз? Оппозициядагы досторуңуз саясат кризистик абалда деп жатышат го...
- Бүгүнкү саясий кырдаалды түшүндүрүүгө болот. Ал эми оппозиция оозеки сындан башка эч нерсе кылбайт. Алардын иш-максаттары, долбоорлору, жаңы программалары көрүнбөйт. Муну мен кум саатка окшоштурам, коңторуп койгондо эч нерсе өзгөрбөгөндөй.
- Жаштардын саясатта, дегеле коомдук турмушта активдешүүсү үчүн шарттар барбы? Аларга кандай шарттарды түзүп берүү керек?
- Бүгүнкү күнү жаштарга саясий турмушта өз максаттарын ишке ашыруу үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар. Алар Кыргызстанга көп пайда алып келишет.
Мен азыр жаш муундар менен иштейм. Алардын көбү студенттер жана "Акжол" партиясынын мүчөлөрү. Биз аларга саясий көз караштарды, программаларды, долбоорлорду туура түзүүгө үйрөтөбүз жана ишке ашырууга көмөктөшөбүз.
Азыр жаштар катуу даярданып жатышат. Буюрса, келе жаткан шайлоолорго - Бишкек шаар кеңешине жана Жогорку Кеңешке шайлоого катышышат. Мен аларга колумдан келген бардык жардамды берем.
Маектешкен Бахтияр ШАМАТОВ




  Банктардагы балакет

"Кыргызстанда" соттошмой
Акыркы мезгилдерде демократиянын шарапаты менен (балким кесепети) чечимдерди талашуу, жокко чыгаруу адатка айланып баратат. Директордун, акимдин, губернатордун, мэрдин буйругу, министрдин, виценин, премьердин, төраганын токтому, жарлыгы - айтор жетекчинин чечкен менен кабыл алган чечимин сот аркылуу жокко чыгаруу кыргыздар үчүн эрмек болуп калды.
2006-жылы "Кыргызстан" банкында акционерлердин жалпы чогулушу болуп, чечим кабыл алышкан. Анда ич ара банктык процедуралар жасалып, акция, эмиссиялар алынган. Ошол жылдын июнь айларында жаңы акционерлер кошулуп, алар да эмиссия талап кылышкан.
Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында 2008-жылдын жылдык жалпы чогулушу өткөрүлүп, анда 2007-жылдын финансылык көрсөткүчтөрү каралып, Директорлор кеңешинин жаңы составы шайланган болчу. Жаңы состав өзүнө төрага шайламак. Быйылкы составда 8 киши шайланган. Билгендердин айтымында анын 3 мүчөсү экс-депутат Ө.Бабановдун кишилери, калгандары банктын кожоюнунун кишилери экен. Бул шайлоодо Ү.Бабановдун бир кишиси өтпөй жана жалпы чогулушта алар көтөргөн айрым маселелер да тиешелүү добуш албай калгандыктан алар Биринчимай райсотуна кайрылып, райсот акционерлердин 2008-жылдагы жылдык жалпы чогулушунун чечимин жана 2006-жылдагы жалпы чогулуштун чечимин мыйзамсыз деп тапкан. Буга нааразы берки тарап, бул чечимди жокко чыгарып берүү өтүнүчү менен сотко аппеляциялык арыз берип, азыр териштирүү жүрүп жатат.
Сот бир чечимге келмейинче жаңы шайланган Директорлор кеңеши ишке кирише албайт. Натыйжада эски кеңеш иштеп турушу керек.
Кагаз жүзүндө Ө.Бабановдун банкка эч тиешеси жок. Анын энеси Анипа Бабанова банктын акционери. Байкоочулардын айтымында "Кыргызстан" банкын алам дегендер көп болуп, бул ошонун бир көрүнүшү болушу мүмкүн экен.
Неси болсо да, баары мыйзамдын чегинде, адилет, калыс болсо экен, эң негизгиси банктын кардарлары күйүп калбаса экен. "Промстройбанктын" убактылуу эле жабылып турушу канча түйшүк алып келди, эми кудай сактасын...

Алтын КАЗИЕВ




  Сойкулук

Бишкектин "секс-бомбалары" качан жарылат?
Турмуштун оордугубу же адамдардын ыйманы бузулуп бараткандыгынын белгисиби, айтор сойкулук республикабыздын башка аймактарын айтпаганда да, борбор калаасы Бишкекте кеңири жайылып кеткен. Демейде, күндүзү шаар турмушу машиналардын күрү-гүүсү менен өз жашоосун жүргүзүп жаткандай көрүнөт. Бирок түнкүсүн аялдамаларда, Цирк, "Достук" мейманканасы, Горький -Алмата көчөлөрүнүн кесилиши, "Учкун" концернинин тегереги өңдүү жайларда денесин саткан кыздардын кадимкидей соодасы башталат. Соодасы дегенибиз, кимдир-бирөөлөр үчүн сойкулук акча табуунун өтө кирешелүү жолу. Башкача айтканда ошол денесин саткан кыздардан тартып, сутенор, ошол тегеректи акмалап, тартипти сактамыш болгон милиция кызматкерлери, ал тургай таксистерге чейин бири амалкөйлүк, бири зомбулук, дагы бири өз эмгеги менен жанын багышат.
Ооба, бул "байыркы кесиптин" ээлери жөнүндө көп эле жазылды, айтылды. Тилекке каршы, маселе оң жагына чечилбей эле, оңкосунан кетүүдө. Бир кезде сойкулуктун өзү болбосо да, көп никелүүлүк маселеси Жогорку Кеңеште каралып, карама-каршы пикирлерден улам бир чечим кабыл алынбай калган. Сойкулук менен кош никелүүлүктүн кандай байланышы бар? Анткени балээнин баары жаш кыздардын өз теңин таппай, өспүрүм курактан балакатка өткөн мезгилде акактай тунук сезими, энергиясы терс багытка бурулуп кетип жатпайбы.
Психологиялык байкоо жүргүзгөндө, сойкулук деле аракечтик сыяктуу оңой менен айыкпас дарт. Демек, мындай терс жолго түшкөн кыздарыбыздын дээрлик көпчүлүгү эне болуу бактысынан ажырап, башкаларга окшоп ак эмгеги менен иштеп жан баккысы келбей калат. Эми бул темада арманды айта берсек сөз түгөнбөйт дечи. Бирок Кыргызстан бүткүл дүйнөгө нашаакорлор менен сойкулардын өлкөсү катары таанылып баратканда намыстанбай койбойт экенсиң.
Анткени жакында республикабызда бир аз убакыт жашап кеткен франциялык Эрин Финнерти аттуу айым өз өлкөсүнөн чыгуучу "Мэри Клер" журналына "Кыргызстан: жибектен героинге" аттуу макала жарыялап, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытты". Анткени бул журнал 24 тилде чыгып, миллиондогон окурмандары бар.
Адатта "Айткандын оозу жаман" деп коебуз, бирок ошол эле учурда нашаакорлук менен сойкулукту жашыра да албайбыз. Сыягы, ошол макаланын таасиринен улам болсо керек, ушул жуманын шаршемби күнү Бишкектеги "Достук" мейманканасында Аялдардын саясий дискуссиялык клубу бир нече коомдук уюмдардын катышуусунда сойкулук темасынын тегерегинде талкуу уюштурду. Аталган клубдун лидери Калича Умуралиева алдын-ала Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуп, сойкулук көйгөйүн парламенттик деңгээлде талкуулоо сунушун айткан. Депутаттар анын пикирине макул болушкан. Мисалы, депутат Г.Куликова сойкулукту чындап эле мыйзамдаштыруу зарылчылыгын билдирген. Галина айымдын ою боюнча сойкуканаларды ачып, өздөрүнүн профсоюз уюмун түзүү жана алардын денсоолугун медициналык текшерүүдөн өткөрүп туруу керек.
Ал эми ИИМ тармагын реформалоо Борборунун жетекчиси А.Зеличенко мындай кадамга баруудан мурда коомчулукту коммерциялык секс кызматкерлерине туура мамиле жасоого тарбиялоо зарыл. Азыр ИИМ Академиясында бул багытта алгачкы кадам жасалып, Кыргызстандагы баңги затын жана сексуалдык кызматты пайдалануучуларга милиция кызматкерлеринин туура мамиле жасоосун үйрөткөн, "Зыяндуулукту азайтуунун философиясы, теориясы жана практикасы" деген курс иштелип чыккан.
Бирок аялдар жана үйбүлө проблемасы боюнча иш жүргүзгөн "Сезим" кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова сойкулукту мыйзамдаштыруунун терс жагы да бар экендигин эскертти. Себеби бир чети аялдар мыйзам түрүндө кандайдыр бир деңгээлде корголгон менен, терс жагы - аялдарга товар катары мамиле жасалып калат. Ошондуктан бул көрүнүштүн натыйжасына эмес, коомдогу алган ордуна да көңүл бурулуш керек. Мындан тышкары талкуу учурунда Кыргызстан бүгүнкү күндө "секс - товарларды" дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө экспорттогон базарга да айланып кеткендиги айтылды. Анткени сойкулук азыр өтө ыңгайлуу бизнеске айланып, айрым мамлекеттердин ИДПнын 10 пайызы дал ушул тармактан түшөт. Ошол эле учурда эң оболу коомдо ыйман, уят-сыйыт, гумандуулук сыяктуу моралдык сапаттар алдыңкы орунда турган Кыргызстан үчүн сойкулукту мыйзамдаштыруу анын кадыр-баркына оңбогондой терс мүнөздөмө жаратат. Анткен менен Кылмыш кодексинде жашы жетпегендерди сойкулукка мажбурлагандарды жазага тартуу боюнча үч статья бар. Андай кылмыш кылгандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ошентип катышуучулар бул маселеге башка ӨЭУларды да тартып, ар кандай иш-чараларды өткөрүү менен сойкулуктун алдын алуу, анын кесепетин жоюу боюнча чечим кабыл алышты.
Кыскасы, Бишкектин "секс-бомбасы" жарылуу чегине жетип калды окшойт.

Э.БЕЛЕКОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!