Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
  Жаз - күрөш, күз - жарыш

"Разборка" бүткөнчө - жаз өтөт
Жаз ортолоп айдоо-себүү иштери да аягына чыгып калды. Бийик тоолуу райондордо азыр кызуу жүрүп жаткан кези. Бирок аны күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) жетишсиздиги кызытпай жатат. Жыл башында бөлүнөт деп белгиленген өлчөмдөгү КММ айрым жерлерде бөлүнгөн дарегине дале жете элек.
Азыр Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунда КММ ар кандай баада сатылууда. Колунда барлар жана өкмөттөн түңүлгөндөр эчак эле КММсын да, жер семирткичин да кымбат болсо да камдап алган. "КММ базар баасы менен 25 сомдон сатылып жатат, биз дыйкандарга 20.5 сомдон беребиз, жеткирип алуу акысын кошкондо 21-22 сом болот экен" деп И.Айдаралиев дыйкандарды "тымызын" кубанткан эле.
Өкмөттүн буйругу менен дыйкандарга колдоо көрсөтүү үчүн 10 миң кубометр КММ берилмек.
Бүгүнкү күндө Матрезервге 10 миң тонна КММ алынып келиниптир. Эми дыйкандар менен фермерлер аны төкпөй-чачпай жер-жерлерине жеткирип алышы керек экен.
Өкмөт КММны дыйкандарга 5-апрелге чейин берип бүтөбүз деп убада берген. Бирок КММ алуу боюнча макулдашуу февралда жүрүп, кийин КММ баасы көтөрүлүп кеткендиктен, дагы 2 жума "сүйлөшүү" улантылып, эми гана калган бөлүгү бүт алынып келинди. КММнын кымбаттаганына карабай "Кыргыз-Руснефтехим" деген фирма КММны 20 сом 50 тыйындан берет. Бирок ким канчадан алып кетип жатканын ким билсин? Депутат К.Карабеков КММ жеткирүүдө башаламандык болуп жатканын айтып, "Кыргыз-Руснефтехим" эмне болгон ишкана экенине, аны менен ким келишим түзгөнүнө, эмне үчүн ал фирма КММны толук алып келбегенине таң калды.
Матрезерв чоңу П.Рахмановдун айтымында мунай кризисинин айынан "Кыргыз-Руснефтехим" 100 млн сом чыгым тартыптыр. Бирок жазгы-талаа иштеринде үзгүлтүк болбойт дейт ал.
Министр А.Ногоев Ош, Баткен областтарында айдоо-себүү иштери аяктады деди.
Депутат К.Карабеков, депутат Ж.Жээнбековдун айтымында Ысыккөл, Нарын, Талас, Чүй облустарына бөлүнгөн 5.8 миң кубометр КММ кечигип жатыптыр.
"Бул маселени Матрезерв 3-4 күндүн ичинде чечет" деди айыл чарба министри А.Ногоев. Ал ошондой эле бөлүнгөн каражат айдоо-себүү иштерине аздык кыларын да баса белгиледи.
Мындай билдирүүгө Матрезервчи П.Рахманов эки күн өтпөй жооп берип чыкты. Анын айтымында министр А.Ногоевдин мындай билдирүүсү анын компетенсиздигин билдирет экен. "Ал Бишкек мэри болуп турганда мен Свердлов районунун акими болуп иштегем. Мен анын деңгээлин билем. Президент канча сугат жер бар десе, билбеген министр 10 миң кубометр КММ айдоо-себүү иштерине аз экенин кантип айта алат" деди П.Рахманов.
Ушинтип министр менен төрага кайым айтышып отурса, анан дыйканга кайдагы жардам?
"Чоңдор жеп-ичсе да мейли, бизге КММны кечиктирбей берсе болду эле" дешүүдө түңүлгөн дыйкандар.

Бакыт ЖОЛДОШЕВ




  Жол азабы

Жолкире көтөрүлөт, эми велосипедге өтөбүзбү?
Бишкектик жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке фирмалардын көптөн бери шаар бийлигине коюп келаткан талабы акыры аткарылат окшойт. Алдын ала маалымат боюнча апрель айынын аягында шаар Кеңешинин сессиясына эң негизги маселе катары жолкирени көтөрүү маселеси да коюлары дайын болуп калды. Бул ирет айрым депутаттар ары карап ыйлап, бери карап күлүп, карапайым шайлоочуларын кымбатчылыктын азуусуна салып берүүдөн башка аргасы жок.
Ошентип май айынан тартып үч сомдун ордуна троллейбуска беш, "Бусиктерге" беш сомдун ордуна жети, кечки саат ондон кийин он сомдон төлөйбүз. Бензин менен дизель майынын баасы айлап эмес, күн сайын көтөрүлүп жаткан соң, өзүбүз бир тамчы май өндүрбөгөндөн кийин алакан жайып отуруп калуудан башка арга жок.
Тилекке каршы ошол "бусиктердин" кожоюндары да, шаар бийлиги да "Бул дүйнөлүк тенденция" дегенден башка сөз оозуна кирбей, карапайым калктын ансыз деле тумандай бозоргон маанайын ого бетер караңгылатууда. Айтайын дегеним, бензин менен дизельдин баасы 5-10 пайыз көтөрүлсө, жол кире 30-50, ал тургай 100 пайыз көтөрүлгөнү турат. Ал тургай мындан ары пенсионерлер, мектеп окуучулары да жол кирени толук төлөй башташмакчы. Болгону аларга ай сайын 200 сомдун тегерегинде даректүү накталай акча мэрия тарабынан берилет. Эми ушунча болгон соң, канткен менен бир мамлекеттин башкалаасы эмеспи, айдоочулардын да жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын көтөрүү боюнча чаралар көрүлсө болмок. Мисалы, салондун ичиндеги тазалык, тамеки тартуу, музыканы чаңыртып коюп алуу жана жарышка түшкөндөй жинденип айдаганын айтам.
Менимче жолкире көйгөйүн чечүүнүн бир жолу- велосипедке өтүү. Айтмакчы, бул маселени мындан бир нече жыл мурда Бишкек шаарынын мэри болуп кыска убакыт иштеген маркум Жумабек Ибраимов көтөргөн эле. Анда мурда тынч, жашыл шаар катары бүтүндөй Союзга белгилүү болгон Бишкектин тынчтыгын "иномаркалар" буза баштагандыктан, бул көрүнүштүн арты чоң көйгөйдү алып келерин алдын-ала көрө билген ошондогу мэр Токтогул көчөсүн толугу менен велосипеддер жүрө турган трассага айлантууну шаар активинин бир жыйынында айткан болчу. Бирок Ж.Ибраимов ошондон көп өтпөй башка жумушка которулуп, анын ордуна келген жетекчи бул маселени оозго да алып койгон жок.
Баса, бүгүнкү күндө Кытай, Ветьнам, Индия, ал тургай Англия мамлекеттеринин ири шаарларында адамдар негизинен велосипед менен жүрүшөт. Бул экономикалык да, экологиялык да жактан өтө ыңгайлуу транспорттун түрү. Себеби күн сайын Бишкектин көчөлөрүндө ондогон жол кырсыктары катталып, бейкүнөө адамдар эртең менен үйүнөн алты саны аман чыгып, кечинде кайтпай калууда…
Ал эми велосипедке өтүү менен аз болсо да акчаны үнөмдөп, жол кырсыктарын жок дегенде азайтууга негиз түзүлмөк.
Чындыгында азыр Бишкекти автомашиналар "жей" турган абалга жетип калды. Ошондуктан шаар мэриясы, депутаттар бул маселенин тегерегинде ойлонуп, мурдагы "Кыргызстан" деген велосипедин чыгаруучу азыркы Бишкек машина куруу заводун жандандыруу жана велосипеддерди коючу жайларды куруу керек.

Эмилбек МОМУНОВ




  Өгүз өлбөсүн…

Кашаң өкмөт, кайдыгер министрлер
Премьер-министр И.Чудинов өкмөттүн 9-апрелде өткөрүлгөн жыйынында президенттин указдары менен өкмөттүн токтомдорунун кандай аткарылып жаткандыгынын жыйынтыгын чыгарды. Тилекке каршы 1-апрелге карата бул тапшырмалар 30 пайыз гана аткарылыптыр. Мисалы, 1-апрелге карата президенттин аткаруу бийлигине берген 78 буйругу жана Жогорку Кеңештин 36 токтому жана протоколдук чечими чыккан. Ал эми, өкмөт 112 токтом, 114 буйрук, премьер-министр өзү 172 буйрук, 158 протоколдук чечим чыгарган. Ошол эле учурда Өкмөттүн аппарат жетекчилиги 752 тапшырма берген.
"Албетте сандар өтө көп, бирок бул өлкөдө дале болсо тез арада жана сапаттуу чечүүнү талап кылган көйгөйлүү маселелер көп экендигин билдирип турат", - деди өкмөт башчы. Андан ары И.Чудинов алдын-ала иликтөөлөр эле президент туура белгилегендей, аткаруу бийлигинде берилген тапшырма өз мөөнөтүндө аткарылбай жаткандыгына кейиди.
Өкмөт аппараты тарабынан ар бир министрликтин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун Президенттин, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин тапшырмаларын аткаруусу боюнча анализ жүргүзүлгөн. Бирок жыйынтык көрсөткөндөй, айрым чиновниктер өз милдетине кайдыгер мамиле жасашат. Бул айланып келип бүтүндөй мамлекеттик аппараттын эффективдүү иш жүргүзүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө.
1-апрелге карата Президент Жогорку Кеңеш жана өкмөт тарабынан аткаруу бийлигине 1140 тапшырма берилсе, анын 791нин мөөнөтү өтүп кеткен. Ошол эле учурда 329 тапшырма же 40 пайыздан ашыгы кечигип аткарылган.
Ал тургай өткөн жылы да ушундай көрүнүш кайталанган. И.Чудиновдун баамында бул министрликтер менен ведомстволордо тартип, оперативдүүлүк боюнча талкуу болбойт. Мындан тышкары жооптуу кызматкерлерге тиешелүү жазалоочу чаралар көрүлбөйт.
И.Чудинов он күндүн аралыгында министрликтер менен ведомстволордун ичинде тартип маселесин талкуулоону тапшырды. Ал эми июнь айында бул маселе боюнча өкмөттө дагы чоң жыйын болуп, кайдыгер жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.

А.АКЖОЛОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!